Өмүрлөшүмө
Күлүп турсам чогуу кубанып,
Күйүт чалса бирге муңайып.
Эриш-аркак, арка-бел болуп,
Өмүрүбүз барат уланып.
Турмуш куруп бирге бараткан,
Түгөйүмсүң жөлөп-таяшкан.
Ак никелүү, алган жубайым,
Арнап берген сени Жаракан.
Кайырма
Тең бөлүшүп, бүтүнүн да жарымын,
Терең жайып үй бүлөнүн тамырын.
Жаныбызда балдарыбыз эркелеп,
Жанымда бол, жароокерим, жарыгым.
Жаркыраган перзент төрөдүң,
Жашообузду шаңга бөлөдүң.
Ийгилигим баары сен менен,
Ийиниме башың жөлөгүң.
Балдарыма чачып жарык шам,
Бирге жашап кылым карытсам.
Сенден бөлөк ким түшүнөт мендейди,
Кечирип кой, кокус таарынтсам.
Көркү чыгып өзүң менен бүлөөнүн.
Көңүл сенден кирдебесин билемин.
Жалындаган сүйүү өчпөй ортодо,
Жанымда бол жаркылдаган түгөйүм.
Күлүп турсам чогуу кубанып,
Күйүт чалса бирге муңайып.
Эриш-аркак, арка-бел болуп,
Өмүрүбүз барат уланып.
Турмуш куруп бирге бараткан,
Түгөйүмсүң жөлөп-таяшкан.
Ак никелүү, алган жубайым,
Арнап берген сени Жаракан.
Кайырма
Тең бөлүшүп, бүтүнүн да жарымын,
Терең жайып үй бүлөнүн тамырын.
Жаныбызда балдарыбыз эркелеп,
Жанымда бол, жароокерим, жарыгым.
Жаркыраган перзент төрөдүң,
Жашообузду шаңга бөлөдүң.
Ийгилигим баары сен менен,
Ийиниме башың жөлөгүң.
Балдарыма чачып жарык шам,
Бирге жашап кылым карытсам.
Сенден бөлөк ким түшүнөт мендейди,
Кечирип кой, кокус таарынтсам.
Көркү чыгып өзүң менен бүлөөнүн.
Көңүл сенден кирдебесин билемин.
Жалындаган сүйүү өчпөй ортодо,
Жанымда бол жаркылдаган түгөйүм.
🔥1
Forwarded from Турат Жумаев
Орозо
Оо Аллахым! кандай аруу ыйыксың.
Кечиримдүү, боорукерсиң сылыксың.
Кудай сөзү Куран түшкөндүгү үчүн,
Орозо айы кандай гана ыйыксың.
Баардык момун сени күтүп зарыгат.
Жан дүйнөнү жасантасың жаңылап.
Басып туруп зикир кылып Алланы,
Бар күнөөнү азайтасың дарылап.
Кечиришип бүт айлана шаңданат
Жин шайтандар бүтүн торго байланат.
Кайда барсаң зикир, аят баяндар,
Бүтүн дүйнө бир мечитке айланат.
Дүйнө мечит Мекке болсо миңбары.
Таш карылар имамдары бүт баары.
Пайдасы да касиети ушунда,
Пайгамбарым өзү окуйт хутбаны.
Кудай таануу пенделердин максаты.
Орозо бул кулчулуктун нактасы.
Ар мусулман АрРаянга киргидей
Толсо экен сооптор менен кампасы.
Канча сооп бар аны АЛЛАХ эсептейт
Кулчулукту куран менен жетектейт
Ооз ачыруу, битир берүү жакшы иштер,
Отуз күндүк Рамазанды шөкөттөйт.
Тозок отун токтоттуруп жашырган,
Урматына баардык бейиш ачылган.
70 жыл ибадатын толуктаар,
Айтып бүткүс кадыр кече катылган
Кереметтүү куран түшкөн бул түнү,
Ыйык китеп ыймандуунун түркүгү.
Канча кылым канча доорлор карыды,
Бирок жапжаш сүрөөлөрдүн сүйкүмү!
Арууланып ар бир ирмем мүнөттөр.
Дарыланып тазаланып жүрөктөр.
Каалаганды пендесине бүт берет
Кабыл болот ар бир дуба тилектер.
Оо жараткан орозодо касиет.
Жаннатыңды жалпыбызга ачып өт.
Ар бир үммөт так атткарып парзыңды,
Ар Раянды жалпыбызга насип эт!
Оо Аллахым! кандай аруу ыйыксың.
Кечиримдүү, боорукерсиң сылыксың.
Кудай сөзү Куран түшкөндүгү үчүн,
Орозо айы кандай гана ыйыксың.
Баардык момун сени күтүп зарыгат.
Жан дүйнөнү жасантасың жаңылап.
Басып туруп зикир кылып Алланы,
Бар күнөөнү азайтасың дарылап.
Кечиришип бүт айлана шаңданат
Жин шайтандар бүтүн торго байланат.
Кайда барсаң зикир, аят баяндар,
Бүтүн дүйнө бир мечитке айланат.
Дүйнө мечит Мекке болсо миңбары.
Таш карылар имамдары бүт баары.
Пайдасы да касиети ушунда,
Пайгамбарым өзү окуйт хутбаны.
Кудай таануу пенделердин максаты.
Орозо бул кулчулуктун нактасы.
Ар мусулман АрРаянга киргидей
Толсо экен сооптор менен кампасы.
Канча сооп бар аны АЛЛАХ эсептейт
Кулчулукту куран менен жетектейт
Ооз ачыруу, битир берүү жакшы иштер,
Отуз күндүк Рамазанды шөкөттөйт.
Тозок отун токтоттуруп жашырган,
Урматына баардык бейиш ачылган.
70 жыл ибадатын толуктаар,
Айтып бүткүс кадыр кече катылган
Кереметтүү куран түшкөн бул түнү,
Ыйык китеп ыймандуунун түркүгү.
Канча кылым канча доорлор карыды,
Бирок жапжаш сүрөөлөрдүн сүйкүмү!
Арууланып ар бир ирмем мүнөттөр.
Дарыланып тазаланып жүрөктөр.
Каалаганды пендесине бүт берет
Кабыл болот ар бир дуба тилектер.
Оо жараткан орозодо касиет.
Жаннатыңды жалпыбызга ачып өт.
Ар бир үммөт так атткарып парзыңды,
Ар Раянды жалпыбызга насип эт!
❤1
Сүйүү таптым
Сүйүү таптым мурда болуп көрбөгөн.
Тунук сүйүү кезиктир деп дегдегем.
Жашап жүрөм жалыныңа оролуп
Жан дүйнөмдү жалындатып сен менен.
Көрбөй туруп көөдөй түндө кабылып
Көкүрөгүм көрктөнүүдө жаңырып.
Жаш айлантып карегимен кылгыртып,
Жашай берем кездешкенче сагынып.
Сүйүп жүрдүм буга чейин канчаны?
Сүйгөн сайын жерге таптап таштады.
Эңсейм азыр жамалыңды көрсөм деп,
Эми сүйбөйм бир өзүңдөн башканы.
Сен бүткөнсүң жаралгансың башка жан.
Сен улуксуң сен башкасың башкадан.
Түшүп алып сенден бүткөн деңизге,
Мээримиңди жуткан сайын чаңкагам.
Сага жоктой адамзатта теңдешиң.
Деп айта албайм жалгыз гана мендесиң!
Асылдыгың акыйкатың тамшантып,
Аруулугуң арбап алган жер бетин.
Сабак алып ар бир айткан кебиңен.
Сезимимди жарыялайм ээлирем
Эр ыйлабайт деген сөзгө кошулбайм
Ыйлап сүйөм жыргап сүйөм эми мен.
Кечте таңда жолдоп сага ак салам.
Кезиктир деп периштеден кат салам.
Шапаатыңдан буюра көр асыл зат,
Саллаллаху алейхи ва саллам.
Сүйүү таптым мурда болуп көрбөгөн.
Тунук сүйүү кезиктир деп дегдегем.
Жашап жүрөм жалыныңа оролуп
Жан дүйнөмдү жалындатып сен менен.
Көрбөй туруп көөдөй түндө кабылып
Көкүрөгүм көрктөнүүдө жаңырып.
Жаш айлантып карегимен кылгыртып,
Жашай берем кездешкенче сагынып.
Сүйүп жүрдүм буга чейин канчаны?
Сүйгөн сайын жерге таптап таштады.
Эңсейм азыр жамалыңды көрсөм деп,
Эми сүйбөйм бир өзүңдөн башканы.
Сен бүткөнсүң жаралгансың башка жан.
Сен улуксуң сен башкасың башкадан.
Түшүп алып сенден бүткөн деңизге,
Мээримиңди жуткан сайын чаңкагам.
Сага жоктой адамзатта теңдешиң.
Деп айта албайм жалгыз гана мендесиң!
Асылдыгың акыйкатың тамшантып,
Аруулугуң арбап алган жер бетин.
Сабак алып ар бир айткан кебиңен.
Сезимимди жарыялайм ээлирем
Эр ыйлабайт деген сөзгө кошулбайм
Ыйлап сүйөм жыргап сүйөм эми мен.
Кечте таңда жолдоп сага ак салам.
Кезиктир деп периштеден кат салам.
Шапаатыңдан буюра көр асыл зат,
Саллаллаху алейхи ва саллам.
❤5