Texnopoz | Санарип муун
131 subscribers
18 photos
5 videos
9 links
Санариптик, интернет тренддери жана жаңы муун маркетинги ошондой эле маалыматтык технология кабарлары.
Download Telegram
Инстаграм алгоритмдери толугу менен өзгөрдү, эми Instagram кантип иштейт?

Өзгөрүш "рекомендация" бөлүмүндө, анда сиз жазылбаган контент ээлеринин постун көрөсүз. 
Эми инстаграм баарына бул бөлүмгө кирүүгө (эски метод тили менен айтканда "топко чыгууга") мүмкүнчүлүк берет!  Эми бул жерде болуу үчүн миң же миллион жазылуучунун кереги жок!

Адатта, пост жарыяланганда, инстаграм аны башында катталуучуларга көрсөтүп, алардын реакциясынын негизинде (пост "кызыктуу" болсо гана) чоочун аудиторияга көрсөтчү!  Башкача айтканда, пост популярдуу болобу же жокпу, "жазылуучулар" чечмек!

Эми ар бир колдонуучу посттору "рекомендация"га чыгуусу мүмкүнчүлүгү бар! инстаграм постторду бейтааныш адамдарга, башкача айтканда, сизге жазылбаган адамдарга көрсөтөт.  Бул деген, баракчага максаттуу жазылуучуларды бат эле чогулткан га мүмкүнчүлүк берет!

Бул тууралуу Инстаграм баш директору Адам Моссери өз баракчасында жарыялангандан көп өтпөй, Телеграм негиздөөчүсү Павел Дуров жеке каналында;

"Telegram, башка колдонмолордон айырмаланып, колдонуучуларга туш келди мазмунду ыргытпайт — адамдар алар кошулган каналдардан жаңылыктарды гана алышат жана алар каалаган убакта жазылууну токтото алышат. Бул архитектура бизге эч кандай баянды жайылтпаган көз карандысыз платформа бойдон калууга жардам берет жана анын ордуна адамдарга өздөрүнүн түрмөгүндө эмнени көргүсү келгенин тандоого толук ыйгарым укук берет" деген пост пайда болгон.

Сиз да өз реакцияңызды билдире кетиңиз 🙂
@texnopoz
12👍2
Поддержите этот канал 💫

Нравится контент? Поддержите автора донатом! Спасибо за поддержку!
Алдыдагы iOS 18 де ChatGPT чатботу кошулары күтүлүүдө.

Apple, OpenAI менен келишимдин шарттарын макулдашуу процессин аяктады, деп билдирди Bloomberg аты аталбаган булактарга таянып.

Ошондой эле Bloomberg, компания Google менен Gemini колдонуу боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады

https://t.me/+jUOikX3diBhiNDky
2
Blue Origin эки жылдан бери биринчи жолу саясатчыларды космоско учурду

Миллиардер Джефф Безостун компаниясы 2022-жылдын сентябрында болгон кырсыктан бери иштей элек болчу.

Жаңы рейске алты адам катышты. Алардын арасында 90 жаштагы Эдвард Дуайт да болгон. АКШнын аба күчтөрүнүн мурдагы капитаны космоско учкан эң кары адам болуп калды.

Космостук кеме Техастагы Корн Ранчтан учурулган. Капсула деңиз деңгээлинен 100 км бийиктикте Карман линиясына жеткен. Суборбиталдык учуу болжол менен 11 мүнөткө созулуп, саякатчылар эң бийик жерде үч мүнөттөй болушкан. Конуу учурунда мүчүлүштүктөр болгон — кеменин үч парашютунун бири ачылбай калган. Бирок, бул Нью Шепардын ийгиликтүү конуусуна тоскоол болгон жок.

https://t.me/+jUOikX3diBhiNDky
👍2
РСК банкы Элдик банк (Народный банк) болуп өзгөртүлдү.

Маалым болгондой, 5-июнда КР Улуттук банкы «РСК Банк» ААКнын толук корпоративдик аталышы жана кыскартылган корпоративдик аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «РСК Банк» ачык акционердик коомунун лицензиясын алмаштырды.

Мамлекеттик тилде толук аталышы: “Элдик Банк” ачык акционердик коому.

https://t.me/+jUOikX3diBhiNDky
👍3
ВК жана ВШЭ «Информатика, физика жана технология» мектебин ачты. Анда AI тармагында иштеп чыгуучуларды жана адистерди даярдоо үчүн эки бакалавр жана магистрдик программалар болот.

Студенттик кабыл алуу 2025-жылы ачылат.

@texnopoz
OpenAI ChatGPTге колдонуучунун атынан компьютерди башкарууга мүмкүндүк берген Operator деп аталган AI агентин иштеп чыкты. Ал 2025-жылдын биринчи кварталында чыгарылат, деди компаниянын продукт директору Кевин Вайл.

Маалыматта Оператор ушул аптада көрсөтүлүшү мүмкүн деп жазат

@texnopoz
👍1
OpenAI интернетте колдонуучулар үчүн тапшырмаларды аткара алган AI агенти Оператор*дун сыноо версиясын жарыялады.

Оператор АКШдагы ChatGPT Pro абоненттери үчүн өзүнчө веб-сайтта жеткиликтүү. Компания башка тарифтер үчүн кирүү качан ачылаарын жана агент ChatGPT менен интеграцияланарын тактаган жок.

@texnopoz
Электромобильдер кымбаттайт, криптовалюталар жеткиликтүү болот, аба ырайынын божомолдору так болуп, AI бардык жерде болот. Бул тууралуу 2025-жылы жашоого таасир эте турган технологиялардын тизмесин түзгөн WSJ басылмасы болжолдойт.

@texnopoz
LinkedIn’дин негиздөөчүлөрүнүн бири Рид Хоффман жана Колумбия университетинен Сиддхарта Мукерджи Manas AIди ишке киргизди. Ал жасалма интелект аркылуу рак оорусун дарылоо үчүн дарыларды изилдөө жана жасоо менен алектенет.

Manas AI буга чейин биринчи инвестиция – 24,6 миллион долларды тарткан

@texnopoz
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук алты секунддук видеону бир гана сөз айкашы менен жайгаштырды: "There's something in the air" жана ага: "Ушул жумада" деп жазды.

Компания, кыязы, MacBook Airди тартуулоого даярданып жатат

@texnopoz
👍1
Asus иондук аба тазалагычы орнотулган мониторлор сериясын чыгарды. Компания “бул мониторлор кошумча филтерлер орнотпой эле, чаң жана аллергендерди 90% га чейин тазалай алат" дейт.

Жалпысынан үч модел көрсөтүлдү: 23,8, 27 жана 34 дюйм. Баалар 130 доллардан башталат

@texnopoz
Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук, Жон Джаннандреа компаниянын AI бөлүмүн жана Siriди жетектей алат деген ишенимин жоготту, деп маалымдайт Bloomberg. Мунун баары AI функцияларын чыгаруудагы кечигүүлөргө байланыштуу.

Анын ордун Vision Pro гарнитурасын чыгарууга жооптуу болгон Майк Роквелл ээлеши мүмкүн

@texnopoz
iOS 19 бул iPhone түзмөктөрүнө келет

@texnopoz
Түндүк Корея өзүнүн биринчи компьютердик клубун ачууга даярданып жатат. Процесс мамлекет башчысы Ким Чен Ын тарабынан «жетекчиликте» жатат.

Мекеме 300 орунга ылайыкталган, бирок качан ишке кирери белгисиз - азырынча анда компьютерлер жок.

@texnopoz
👍1😁1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Google Gemini'нин AI кеңештерин Sheets'ке кошуп, Agent Development Kit'ти чыгарды.

Кошумчалай кетсек: компания, музыка жаратуу моделин ишке киргизди жана Gemini 2.5 Flash'ты жарыялады.

@texnopoz
YouTube колдонуучуларга Shorts көрүү убактысын чектөөгө мүмкүндүк берген жаңы функций үстүндө иштеп жатат. Белгиленген чекке жеткенде, автоматтык түрдө сыдыруу тындырылат.

Функция азырынча ачык сынала элек, бирок компания "мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатат".

@texnopoz
Apple 2025-жыл iPhone 17 сериясында 4 моделди сунушташы мүмкүн,
iPhone 17, iPhone 17 Air, iPhone 17 Pro жана iPhone 17 Pro Max

Ушактарга караганда, iPhone 17 Air модели учурдагы iPhone 16 Plus'тун ордун алмаштырышы мүмкүн жана iPhone 17 сериясы адаттагыдай эле сентябрь айында тартууланат деп күтүлүүдө.

@texnopoz