Сүйүү саптары. Поэзия.
7.92K subscribers
11 photos
33 videos
11 links
"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@erkinbek_kyzy_meerim
@Dal_oshol_bakaj жазыңыз
Download Telegram
БИЙКЕЧИМ

Салам бийкеч,сени ойлоп ыр жазам,
Өзүң менен ырларымда сырдашам.
Таң каламын кээ кездерде өзүмө,
Нур жүзүндү элестетип
ырдасам.

Ашык болдум карагаттай көзүңө,
Байлап алдың, бүт эркимди өзүңө.
Ашыктыктан акын болдум сыягы,
Көңүл буруп кулак салчы сөзүмө.

Ушунчалык ийкемдүүсүн татынам,
Аны неге байкабагам башынан.
Чынын айтсам көптөрүнөн өзүңдү,
Кызганамын аны кантип жашырам.

Калп болобу, сен сулуусуң чынында,
Сен окусаң жандангансыйт ырымда.
Ашык болуп бирибизге сен экөөбүз,
Даңктайлычы махабатты кылымга.

Күлкүң менен менин жашоом нурданат,
А башкасы нур жүзүңдөн кур калат,
Болгон кайгы маселемди сен гана,
Коёсуң да бир сөз менен бурмалап.

Карасанчы тагдыр буйруп койгонун,
Сени карап деги такыр тойбодум.

Автор:Нуртилек Айтбеков 3.02.24
КҮТҮҮДӨМҮН

Жазды эмес мен сени күтүүдөмүн,
Келсен боло, сен жок мен үшүүдөмүн.
Алыс болуп бул жашоодо баардыгынан,
Жалгыздыктын отуна күйүүдөмүн.

Жаныма бир адамды жолотподум,
Жакын көрүп, убакыт коротподум.
Сени келет-деп жүрүп билесиңби?
Жада калса мисс кызды тоготподум!

Келсин-деймин белгисиз жакынымды,
Издесенчи, сыздатпай акынынды.
Жазды самап жүрөт-деп ойлосонор,
Күтүүдөмүн, жаз эмес ашыгымды!

Жазды эмес бир жанды күтүүдөмүн,
Сенсиздиктен негедир үшүүдөмүн!!!

Автор: Нуртилек Айтбеков."Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
28.02.24
Сүйүүм үчүн сокур болом
Карабаган бир өзүңдөн башкага,
Бактым үчүн дүлөй болом
Бөтөн пери жылуу сүйлөп жатса да,
Дудук болом жадагалса
Жылуу кебим айта албаган өзгөгө,
Ишен, түшүн, көгүчкөнүм!
Сенин дүйнөң мээрим кени, өзгөчө!

Автор : Ысаков Шергазы
"Поэзия Ордосу" көркөм адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Сиз мага …

Сиз мага көңүл болуп келгенсидиңиз…
Кайгыдан карып болгон
Карайлап арып болгон
Күлкүсү кайып болгон
Үмүтү майып болгон
Кетилген көңүлүмдү дарылап бергенсидиңиз .

Сиз мага күлкү болуп келгенсидиңиз …
Эрдимде уугуп турган
Эргибей буулуп турган
Умсуна улутунган
Ууртумда унутулган
Эскирген күлкүлөрүм жаңылап бергенсидиңиз .

Сиз мага өмүр болуп келгенсидиңиз…
Өлүмдү жолуктурган
Өксүүдөн ооруп турган
Өкүнүп коюп улам
Өзөгү соолуп турган
Кеч кирген өмүрүмдү аруулап бергенсидиңиз .

Сиз мага тагдыр болуп келгенсидиңиз …
Таалайым тайый түшкөн
Көз жашка байый түшкөм
Бүк түшүп тайып күчтөн
Көп жылга карый түшкөм
Билесизби ? Тагдырымды таттуулап бергенсидиңиз …

Гульзат Ормонбекова .
Көздөрүң ов ,тереңи - иримдейим
Карадым да карегиң ,дирилдедим
Жылуу толкун жүгүртүп кан-жаныма
Жүрөгүңдүн нуруна кирингенмин .

Таттуу кылган чайымды набатымдай
Күүлөп туруп учурган канатымдай
Күлүшүңдү ууртуңдан сүйдүм дагы
Күүгө салдым бүтпөгөн санатымдай .

Гүлдөн соруп чогулткан балым белең
Гүлдөй соолуп оорусам дарым белең
Талыктырбай иштеткен жүрөгүмдү
Тамырымда айланган каным белең .

Тоо чокуда таптаза мөңгүдөйүм
Тилегинен жакшылык өнгүдөйүм
Жүзүңдү эмес жүрөгүң өбүш үчүн
Жоктугуңа өзүмдү көндүрөйүн .

Табышмагым ,табалбас жандырмагын
Табыштадым өзүңө жан -жыргалым
Жакшы көрдүм жашоону сени менен
Жарык кылып дүйнөмдү жандырганым .

Дилдирегим десең ов дилдирегим
Дилимди ачып сезимим билдиремин
Илебиңдин ысыгы дегенсиди
“ Бул жашоону кайрадан сүйдүрөмүн “.
Илебиңди жүрөгүм сүйдү менин …

Гульзат Ормонбекова
Капкарам...

Кандайсың ай кагылайын Капкарам?
Кайдасың?- деп далай издеп какшагам.
Сүйүү биздин түбөлүктүү болот деп,
Сүрөтүңдү жүрөгүмө чаптагам.

Амансыңбы айланайын Капкарам?
Аалам кезип, сендей жанды таппагам.
Аппактардан мээрим табам деп жүрүп,
Тоок сүйүүмдү эчак арнап таштагам.

Жакшысыңбы мага окшогон капкарам?
Менин аруу сезимимди какпаган.
Селт этип көп качып кеткен сулуулар,
Сен ганасың, менден такыр качпаган.

Эсенсиңби эркем менин, капкарам?
Эркелеген талабың бүт аткарам.
Макул болсоң сага гана баш ийип,
Өмүр бою сени гана башкарам.

Жакшылык Бабаев
Сары өңүң күн шооласын таратат,
Сары гүлдү сунсам сага жарашат,
Саргыл чачың салкын желге ыргалып,
Сары көйнөк кийсең баары карашат.

🖋️:@sher_med1a
Ысаков Шергазы
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү.
МЕН СИЗДИ ЖАКТЫРАТ ЭКЕМ.

Таарынып өткөн нерсеге,
Тагдырга багынып жүрөм.
Көңүлсүз кездер келсе да,
Мен сизди сагынып жүрөм.

Көңүлдө канча жан болсо,
Көптөрдү туйбай жүрөмүн.
Мен сизди билсеңиз эгер,
Башкага кыйбай жүрөмүн.

Сезимди билдирсем эгер,
Сүйүү гүл ачылат бекен?
Өзүм да байкабай калдым,
Мен сизди жактырат экем.

Жакшылык Бабаев
***
Ай, курган ай, ак сүйүүнүн өктөмү...
Ал ансайын убакыт да өтпөдү.
Сенден башка ким баса алат мендеги,
Сагынычты, кусалыкты көксөөнү?..
Саат санап күчөгөнү күчөгөн,
Сезимдерим көктөгөндөн көктөдү.

Учак менен сен кеттиң алыстарга,
Алыстарда болсоң да алыстаба!..
Көрүү үчүн жашаймын көздөрүңдү,
Көңүлүмө нур төккөн жарыкзаада.

Улам эңсеп ундан аппак бейнеңи,
Уучтап алды убайымдын чеңгели.
Кумга айланып кетер беле быркырап,
Кусалыкты ташка берсе мендеги.

Жүрөгүм да, чүрөгүм да ыраакта,
Жүрөм жашап күтүү деген сынакта.
Адамдар эй, түтөсөң да, күйсөң да,
Ак сүйүүнү түбөлүкө ызаатта!..


Темирбек Матыбаев.
Кусалыкпы?
Мага нени тиледиң?
Капа тартып бузулууда иреңим.
Калгандырсың чындап менден түңүлүп,
Азыр мени ойлобойсуң.
(билемин)

Ойгоо жатып,
түндүн санайм узунун,
Адат бойдон калып кетти; ушунум.
Күйүтүмдү дагы кантип басмакмын,
Кечир мени!
(бүгүн бир а-аз кызуумун)
Барган сайын бара жатат жоголуп,
Сенсиздиктен, бул дүйнөгө кызыгуум.

* * *
Айта берсем арманымды кайталап,
Жек көрүүңдүн чырагына май тамат.
Сен болгону карегимен байкап кой,
Карек гана сага баарын айта алат.

— Бектурсун Адиев
Сен бар күнү сезим дүркүрөп,
Санаа болбойт, жаным, эркеңде.
Жетелешип келер бекен деп,
Бизди күтүп жүрөт эртеңдер.

Ооба, чындап өмүр жолунда,
Бак таппайбыз балким күндө биз.
Бирок, баарын жеңүүгө болот,
Биригишсе эгер дүйнөбүз.

Эч кимде жок жылуулук сунуп,
Жүрөгүңдү сүйдүм Күн жүргөн.
Сезимимди асырап алсаң,
Сага гана таандык гүлмүн мен.

Эрке дүйнөм, эселек дүйнөм,
Башын ийип берди, тереңим.
Бушайманды алыс кылуучу,
Бейпилдигиң болсом дегемин.

ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ
Жүрөгүмө жаз чакырып Күн демиң,
Сени ойлоп өтүп жатат күндөрүм.
Ар бир сөзүң жан дүйнөмдү байырлап,
Өстүрүүдө махабаттын гүлдөрүн.

Сенин атың себеп болуп ар ырга,
Жашап жүрөм жалбырттаган жалында.
Бир тилегим, ак жарыгым, кубантып,
Жүрсөм дегем китебиңдей жаныңда.

Жүзүң нурлуу жайдары да жаркыган,
Ал ансайын арбалам да, тартылам.
Көздөрүңдө көлкүлдөгөн сыйкыр бар,
А ал тунук акылыңдын артынан.

Таза дүйнөм, көк деңизим, асманым,
Жаман сөзү тийбесе экен башканын.
Издеп жүрүп жер жүзүнөн акыры,
Асыл чөйрө– "бабкдан" тапканым


Сени эстесем бүт жоголуп ойдо муң,
Жарык шамга оролгонсуйт жолдорум.
Жараткандан тилеп жүрөм, аруу кыз,
Менин үйүм китепканаң болгонун.

Сезимимди арнап сендей жакшыга,
Жашасам дейм бийиктикке талпына.
Кандай дейсиң, жүрөгүмдү түнөктөп,
Себеп болсоң эки өмүрлүк бактыма.
БҮГҮН МЕН

Кайсыл жолдон калдым экен жаңылып,
Үндөр келет ар тараптан жаңырып.
Тийбейм сизге деген сөздөр угулуп,
Түндөр айтат шыбыр-шыбыр жаңылык.

Мен батпадым "Ааламга" да жерге да,
Чөкпөй койдум деңизине көлгө да.
Сүйүү деген? Өлбөйт өчпөйт түбөлүк,
Чыдайт экен сахара чөлгө да.

Кыйкырдым да жашыдым да ыйладым,
Жүрөгүмдөн чыгарууга кыйбадым.
Өзүмө өзүм суроо берип ансайын,
Неге мынча жан дүйнөмдү кыйнадым.

Сүйүү, сүйүү жана сүйүү кайталап,
Бастым далай көчөлөрүн кайкалап.
Колумда ыр дептеримди көтөрүп,
Тытып жүрдүм ылам сайын майдалап.

Бекзат Мурадил уулу
СҮЙӨСҮҢБҮ

Карабай аралыктын узагына,
Куш болуп сен тарапка сызамын А!
Көп жылы аярланып жүрүп анан,
Байкабай түштүм сүйүү тузагына.

Сезимдин борборуна кирип бардың,
Сени деп жалындадым, күйүп-жандым.
Сак болуп жүрдүм эле, билбейм айтор,
Садагам сени кантип сүйүп калдым.

Сүйүү бар кааласак да, каалабасак,
Келет ал, самасак да, самабасак.
Сүйүүнүн баркын билген, барктай алат,
Билбестер жүрөгүңдү жаралашат.

А сенчи, сүйүү баркын билесиңби?
Билгендер арасына киресиңби?
Же жаным сезимимди ойноп-ойноп,
Үстүмдөн мерездерче күлөсүңбү?

Сездиңби жүрөгүмдүн туйлаганын,
Жан дүйнөм буулукканын, ыйлаганын.
Сүйүүмдү кабыл ала албас болсоң,
Үмүткөр кылып мени кыйнабагын.

Көңүлүң бар болсо эгер, мага дагы,
Бир белги берип койчу кара жаным.
Сүйүүмдү, мээримимди, убактымды,
Жашоомду арнап өтөм сага дайым.

Автор: Дамир Кадыр уулу.
26.06.2024ж.
ЖАРКЫЛДАК

Менин сүйүүм, сенсиң аруу жаркылдак,
Издеп жүрүп тапканмын мен сан-жылдап.
Жылмаясың, ошонунду жактырам,
Турасың ээ кабак бүркпөй жаркылдап.

Жүрөккө нур, көңүлгө шам жагасың,
Ооруп калсам, жаркылдагым дабасың.
Көмүртекке толуп жатса бул аалам,
А сен менин кислородум,абамсың.

Жанымда бол, таштап кетпе жаркыным,
Сенсиздиктен жок боломун алтыным.
А мен сени таштай албайм билип кой,
Бир себеби махабатка балкыдым.

Сенин көзүң жылмаят бир башкача,
Мага жагат башкаларга жакпаса.
Ошол үчүн сени сүйөм билип кой,
Сага деген сүйүүм чексиз,таптаза.

Бакытыма, күлкүмө да себепсиң,
Бул дүйнөдө мага келген белексиң.
Эң башкысы согуп турган жүрөккө,
Вена менен артериядай керексиң.

Махабатым сенсиң сулуу жаркылдак,
Күлүп эле жүрө берчи жаркылдап!

Автор: Нуртилек Айтбеков 9.07.24
ЭКӨӨБҮЗ...

Тоо башына түшүп келип,
маңдайымды күн өптү...
Чачымды улам чача берип,
жылуу шамаал жүдөттү.

Ошонусу жакты мага,
күн да шамаал күлгөндө,
ушул аалам кандай сулуу,
сен жанымда жүргөндө...

Буудай аңыз... Бир кулак суу...
Ойдолоду... Шоктонду...
Жалт деп карап... Жылт деп кулап...
Кылт деп жылып жок болду...

Чегирткелер кубангандан,
куурайлардан жылмышты...
Алдыбызга өзүлөрүн,
гүл ордуна ыргытты...

Сайдагы суу шаркыраган,
ырдап турду ... Тынган жок...
Экөөбүздү жактыргандан,
бир ордунан жылган жок.

Экөөбүздү тоолор сүйөт...
Шамаал сүйөт... Күн сүйөт ...
Экөөбүздүн дем алуучу,
абабыз да бир жүрөт...

Жыгылгамын... Түзөлгөмүн...
Мүдүрүлгөм... Жаңылгам...
Сенин жаның менин жаным,
бөлө албаймын жанымдан...

Ушул жашоо чалды-куйду,
тагдырлар көп адашкан...
Экөөбүздүн таалай үчүн,
экөөбүздү жараткан...


БАЗАРБҮ МЕДЕТОВА
*  *  *
— Күнүм! – дедиң, күнүм батып турганда
— Айым! – дедиң, көк асманым сынганда.
— Күлүп жүрчү, күлгөн сага жарашат! –
Деп жылмайттың, көзгө жашым тунганда.

— Аруум! – дедиң, кирдеткенде башкалар
Жан дүйнөсү жакшы сөзгө ачка, зар...
Кирдетүүдөн мени өздөрү уугуп
Өз уусуна ууланышып жатса алар…

Сүйүп турдуң… сүйүп турдум бактылуу
Эх, тирүүлүк! Кандай сезим таттуу бул?
Сүйүү деген бийик сүйө алганга
Бул сезимдин баалуулугун арттыруу!

Сүйүп турдуң… сүйүп турдум бактылуу
Кандай сонун балкыткан бул жактырууң!
Актануудан алчу атактан кечтим мен
Менин сенде! Сенде жашайт актыгым!
Сүйүп турдуң… сүйүп турдум бактылуу…


Гүлзат Ормонбекова
СЕН ДЕҢИЗСИҢ…

Сезген элем  жети катар туюмдан, Сени мага  тагдыр өзү буйурган. Апрелдин ошол күнкү  жамгыры Арзуу болуп төбөбүздөн куюлган.

Ошол көктөм төлгөсүндөй тагдырдын, Мен сүйүүгө акылымды алдырдым. Көкүрөккө толуп кеткен көз жашым Күүсү болуп агып турду жамгырдын.

Алты кабат айлампалуу жолдомун, Айтып болбос бул тагдырдын болжолун. Билесиңби, сага келген ушул жол Кандай татаал, кандай азап болгонун?

Сен деңизсиң толкундары түрүлгөн, Мен желаргы сени көздөй жүгүргөн. Билбейм бизди кайда алпарат бул тагдыр Биротоло келдим сага бугүн мен.

Элмира Ажыканова
#Ырысгүл_ИЗАТОВА

ТҮЙШӨЛҮҮ

Терезеден тийип бетке күн нуру,
Таттуу уйкумдан жаңы гана ойгондум.
"Аткан таңды кандай тосуп алды?.." - деп,
Ачып көздү, дароо сизди ойлондум.

Болоор-болбос көйгөйлөргө түйшөлүп,
Билбейм, балким кабагыңыз чыгаар суз.
Бүтпөй калган ишиңизге шашылып,
Бүгүн дагы эрте турган чыгаарсыз...

Күчөп улам сагынычым сиз деген,
Көөдөнүмө жыйылууда толуп муң.
Койсо эгер тагдыр менин эркиме,
Келээр эле азыр сизге жолуккум.

Кездешүүнүн бир айласын таба албай,
Күн-түн дебей ичтен сызып, толгонуу.
Жашоо токтоп калмайынча иш бүтпөйт,
"Жолугалы?"- деп койсоңуз болгону.
Ыр жаздым бүгүн түнү сен жөнүндө,
Таптаза өзүңө окшош баракты алып.
Сен менен сырдашкандай болдум бир аз,
Өзүмдү өзүм алдап, канааттанып…
Жалгызым билесиңби?
Билбейсиң ээ?
Арманымды ичиме катып келем.
Сен менен коштошкон соң, коштошкомун,
Шаң — күлкү, шайыр — шатман бакыт менен.
Кашайды кайран үмүт карап жолду,
кабар жок алигиче сен тараптан.
Жаан болуп сага балким төгүлдүбү,
жамгырдай куса жашым менден аккан?
Саптары жарабаган барак болдум;
Самсалап сапырылып жерде жаткан…
Мыжыгат мени күндө, мени түндө,
мынча арман, мынча куса батпайт мага.
Сезимтал жан дүйнөмдүн үрөйү учуп,
Сенсиздик….
Билесиң го жакпайт мага.
Сен үчүн — менде жүрөк өрттөнүүдө…
(Мен үчүн — сендик жүрөк тартпайт санаа…)

Бектурсун Адиев