Сүйүү саптары. Поэзия.
7.92K subscribers
11 photos
33 videos
12 links
"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@erkinbek_kyzy_meerim
@Dal_oshol_bakaj жазыңыз
Download Telegram
#Анасбек_ЖУМАЛИЕВ

КӨҢҮЛДҮҮ КАЙРЫК

Кызыл көйнөк кийинип,
Кымча бели ийилип,
Кыздар жүрөт окууда
Кыйгач кашы чийилип.

Жашыл көйнөк кийинип,
Жаш чыбыктай ийилип,
Жазган күндөлүгүндө
Жаштык сырлар чийилип,

Кыялданып күн кечке
Кызык өтөт турмушу.
Түндө таттуу түйшөлүп,
Түштөр кирет кырмызы.

Кош алмасы төшүндө,
Кош карагат көзүндө,
Коймолжуса капырай
Коога салат сезимге!

...Көз карегин талытып,
Көп тиктейсиң жолдошум.
Көйнөгү кооз талаш жок,
Көөдөнү бош болбосун…

Кыл чокунун башына
кызгылт “шайы” оролуп,
кызгылт тартат ойлорум
кыял жибек оронуп.

Өрттөй түсүн жашырып,
Өтүп кетет азыр кеч.
Кеч түспөлдүү албырган
Кетпейт ойдон АСЫЛКЕЧ!
#Мирлан_МАЙРАМБЕКОВ

БАКЫТ, ТААЛАЙ
 
Бир жыл өттү.
Толкун жээкке жүгүрөт.
Жалгыз турам.
Жатам ичтен күбүрөп.
Кандай бакыт
Жакшы ишти жасаган.
Сени менен
Бир калаада жашаган.
Жылдар өтөт
Толкун деле түрүлөт,
Аргымактай
Толкун деле жүгүрөт.
Ээлик кылып
Жүрөктү да башкарат.
Кокус чалса
Махабаттан ач калат.
Куштай учуп
Кетет биздин сүйүүлөр.
Ошондо да
Жүрөк минтип күбүрөөр.
Кандай бакыт
Аппак болгон сүйүүлөр.
УНУТ ДЕДИҢ

Белек бердиң унутулгус,
Сыймык менен сыйландым.
Унут дедиң белегимди
Уу жуткандай кыйналдым.

Аккан сууга белек берсең,
Агып кетер, унутар…
Дени салкын, жүрөгү муз,
Ал мен эмес уу жутар.

Көрдүң бекен толкундарды
Чачың менен чапкылап?..
Жансыз сууга тамга түшпөйт
Кордосоң да аткылап.

Ак жүзүңдү жуугандырсың
Түркүн тунук сууларга.
Бири дагы эсиңде жок,
Же калдыбы сууларда?

Мен суу эмес, сызган тамга,
Дайым калам кетилбей.
Белегимди унут десең–
Жүрөк ыйлайт жетимдей.

Неге бердиң белегиңди
Жүрөгүмө сүйдүрүп.
Таңкы түштөй бир көрүнүп
Кетмек белең күйдүрүп.

Унут дедиң белегимди,
Унутпаймын ар качан.
Унутпа деп айткызармын,
Чым жамынып калбасам!


Аалы Токомбаев
Арасында өзүң болчу элдердин,
Арбап алдың, махабатка дем бердиң.
Көрбөгөндөр көрбөй калсын а бирок,
Көркүңүздү өткөн күнү мен көрдүм.

Келбетиңиз бой тумардай кыналып,
Керемет го, аккан чачын чубалып.
Көндүрчүдөй көп эркекти ажарың,
Келе жатсаң бардык мүчөң чыгарып.

Өткөн күнү чыга калсаң үстүмдөн,
Өзүмчө көп, өрнөк боло түштүм мен.
Кудай сага сулуулукту чендебей,
Куюп кана ийген окшойт үстүңдөн.

Сулуулукту бергенби же, сага шык,
Жыртык калат кийсең дагы жарашып.
Жүдө тартпай эй кара көз баарибир,
Суктанышып эркектердин баары ашык.

Жунушалиев Калыбек.
#Манас_АЛЫМБАЕВ

УЗАКТАГЫ АЙААРЫМА...

Ушунча жыл жокпу дешсе аялы,
Ушул жарам кайра ырбайт аялуу.
Укурукту келмек салыш... Жүрөктүн
болбогондо узакта бир айаары...

Сан жылдыздар силер үчүн закымдай,
Мага алар бир таман.., жок, такымдай.
Мен жетпеген үчүн келем жашырып,
Мага узак жок айаарымдын атындай.

Чарк айланып жерди айланат учактар,
Чабалакей коном десе бутак бар.
Жерди бир күн кучактаймын билемин,
Билбейм күндү айаарымды кучактаар.

Өмүр ээрчийт, мени ээрчиген ушактай,
Өлүм ээрчийт, жалгыздыкка тузактай.
Мен жетпесе мейли, айаарым сен жаша,
Сен кетпегин мени биринчи узатпай...

...Жашагын да, айт акыры билишсин,
Сагынычы сен белең деп күлүшсүн.
Жетпегенге биздин балдар жетишип,
Биздин балдар биздей таза сүйүшсүн...
***
Сен экөөбүз олтурганда жанашып,
Суктанышты, айрым жандар карашып.
Бир заматта кыбыр--шыбыр сөз кетти,
Бул экөөсү “Жаш жубай”деп адашып.

Башты чайкап күлүп койдук жай гана,
Ошол кезде сахна болчу айлана.
Миң толгонуп, миң аракет кылдым мен,
Кароо үчүн жамалыңды байлана.

Сулуулугуң келечекти саматкан,
Көргөн жанды көпкө чейин караткан.
Көлдө сүзгөн Ак-Куу сымал сулуу кыз,
Кирип келдиң, айтчы кайсыл тараптан.

Мөлтүрөгөн карагаттай көздөрүң,
Эсте турат соңку айткан сөздөрүң.
Эт жүрөктү жулуп сага берсемда,
Аттиң, арман сүйгөнүсүң өзгөнүн.

Автор Кенже Султанов
МАХАБАТКА ШАРТЫМ БАР

Үнүн уксам зарлап жаткан торгойдун,
"Издеп жүрөт түгөйүн"- деп, болжоймун.
Ал анткени алар сүйүү символу,
А мен акын, сүйүү наамын коргоймун.
Өзүмө-өзүм мындан ары сөз берип,
Махабатты "Туу тутам"- деп, кол койдум!

Бир булбулдун муукам үнүн эшиттим,
Оо махабат неге мынча кечиктиң?
Мен эле эмес, куштар жүрөт зар какшап,
Жан дүйнөсүн жанчып, тилип, тешипсин.
"Сүйүү татаал"- деген чечим чыгарып,
"Даярмын"- деп, чечимимди бекиттим!

Даярдадым, өзүмдү-өзүм түздөдүм,
Кезегиңдин карап койчу тизмегин.
Кечиксең да күтүүдөн мен чарчабай,
Дале болсо үмүтүмдү үзбөдүм.
Буга чейин сени издеп чарчадым,
Болду эми өзүң мени издегин!

Махабатсыз сезбей аалам кеңдигин,
Жалгыздыктан жүдөп турам мен бүгүн.
Мен эле эмес айткылачы адамдар,
Жалгыздыктын азабыны жеңди ким?
Оо махабат бирок сага шартым бар,
Азап эмес, бактым болуп келгиниң.
Түбөлүктүү бакыт болуп келгиниң!!!

Автор: Дамир Кадыр уулу
16.07.2024
Алыстанбы ? Айданбы ? Же көктөнбү ?
Айтчы кайдан? Азап салып кеч келдиң,
Сени менен жарым дүйнөм бүтөлүп ,
Сени сүйүп бүт ааламым өзгөрдү .

Жолукканда жомок кылып дүйнөмдү
Жоготуудан корком сен бар күндөрдү
Жакындасаң жарым дүйнөм бүтөлүп
Алыстасаң сагынынууну үйрөндүм

Бирок тагдыр жазмышында экөөбүз ,
Бир күн келсе , бийлик сымал өчөбүз .
Башкаларды кылыш үчүн бактылуу
Бакыттардан биз эңсеген кечебиз ...

Экөөбүз.
Жамгырчиева Элиана
Атыңызды сурай албай алаңдап,
Билип алып токтоно албай далаңдап.
Телефонун сураганга шашылдым,
Эгер ал кыз макул болсо чалам деп.

Алдым сурап байланыш сан номурун,
Сүйүү ээледи жүрөгүмдө чоң орун .
Жоопсуз болсо ал сулуу кыз тараптан,
Сезип турдум жүрөк муздай тоңоорун.

Жооп берди ватсаптагы катыма,
Кандай сулуу, кандай назик,татына.
Таанышуума түрткү болдү досторум,
Же болбосо албайт элем батына .

Жүрөгүмдү элжиретти карашы,
Жарашыктуу кийингенин карачы.
Тигилгенде көздөрүнө көздөрүм,
Жаркырайт го карегинин карасы.

Эстен кетпейт ал сулуунун элеси,
Түн уйкумду урдап алды баарысын.
Айыктырчы мени ушул оорудан,
Сен билесиң ал оорунун дарысын.

Автор: Муратбек уулу Калыс
Көөдөнүмдө бир жылдыз пайда болуп,
көпөлөгү көңүлдүн Айга конуп…
Мен сүйүнүүн үйүнө кайтып келдим,
Токтоп калган жүрөгүм кайра согуп.

Соорото албай мендеги дүрбөлөңдү,
Ыр жаза албай жакшына бир көлөмдүү…
Бардыгынан түңүлүп байкуш жүрөк,
байкуш жүрөк сүйүү издеп жүргөн өңдүү.

Улуулугун жолуңдун даңазалап,
койгонум жок, оо тагдыр , сага талап.
Сен жолуктур, жолукчу адамдарга,
Сезимдерди ойнобой тамашалап!

— Адиев
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА

СОКУР КЫЯКЧЫ

"Жылдар бөлдү, жылдар бөлдү араны",
Деп ырдады, мен кылчайып карадым.

"Күйүт тарткам, күндө самап эстегем",
Деп ырдады, турдум тыңшап көпкө мен.

"Сагынгамын, саргайгамын, самагам",
Деп ырдады, тийди эски жарага.

"Жылдар өттү, жылдар өттү, өчпөдүм",
Деп ырдады, жыл өткөнүн сезбедим.

Ырдап жатты, ырдап жатты ал дале:
"О жарыгым, кайра жанбас жан белең?"

Кеттим узап, кеттим элсиз көчөгө.
"Кездешкен күн - эң керемет кез эле",

Деп ырдады, ырдап жатты ал дале:
"Карлыгачым, кайрылбачу жан белең?"
“Сүйөм!” де,
Жаркын кезим өтө электе,
Көрөр күнүм чексиздикке көчө электе.
“Жалгызым!” де,
Бүт өмүрлүк белек болсун,
Каректе жарык учкун өчө электе!

“Сүйөм!” де,
Мен бооруңа жакын кезде,
Кайтала жагаарымды бачым... кечте.
Махабат жыттуу ырлар жыпар төксүн,
“Жаным!” де...
Мен кыялда акын кезде...

“Сүйөм!” де,
Жүрөгүңдө жалын барда,
Күнүм де аптабы күч жайың барда.
"Мендиксиң!" деп бой көтөр дүйнөм ээлеп,
Жүрөктө ар - намысың, алың барда!

“Сүйөм!” де,
Көздөрүмдү күн түнөгөн,
Тойбойм де эриниңе күлкү бөлгөн.
Уйкулуу аймалайм де адатыңча,
Уячаң ууртуңда бүлкүлдөгөн...

“Сүйөм!” де,
Элден башка кылыгыңды,
Баалайм де аян түшүң, ырымыңды.
Жаныңа жаным жолдош кыламын де,
Жылдарга жөлөп жарты кылымымды.

“Сүйөм!” де...
А болбосо оруп калам,
Онтолойм, алоолоном, оттой жанам.
Сенсиздик кыйсапырын салып кетип,
Жүрөгүм сен жок кезде сокпой калат…

Сагындым…


Санира
#Какен_АЛМАЗБЕКОВ

ЧАГЫЛГАН

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай,
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы-дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылат го туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Махабат_КАСЕЙИНОВА

ЖОЛДО

Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн,
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн изиңди бир көрүүгө,
Жолго келдим далай жолу биз өткөн.

Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек,
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир,
Жүргөнүмдүү сезбей алар сени издеп.

Куштай болуп жаралуу да, аялуу,
Кээде кыштай бороон чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан,
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.
Күтөм сени күндө карап жолуңду,
Келчүдөй азыр гана жарк этип.
Жароокерим көрүнүп кой бир жолу,
Жалын жаштык өчө электе жалп этип.

Баягы эле санаа, баягы эле кусалык,
Кусалыгым барат улам күч алып.
Жарыгым--аай өчүп барат жарыгым,
Бир кездерде сен деп күйгөн тутанып.

Сени күтүп менде нечен күн өттү,
Сагынычтар кусалыктар жүдөттү.
Сан кылымды жашагандай өңдөнөм,
Сенсиз өткөн саат тургай мүнөттү.

Кайгы, куса, сагынычка түтөмүн,
Келбешиңди билем бирок күтөмүн,

Бексултан Анарбеков
Ашыктык ай, далай соону мас кылган,
Канча ирет бийик башты пас кылган.
Айрылышпас жандарды да ирмемде,
Кайраштырып, акыр түбү кас кылган.

Ашыктык ай, кээ бирөөнү таарынткан,
А, башкасын жылдар бою сагынткан.
Күлмүңдөгөн көздөр жүрчү кечээ эле,
Күйүп турат, эч ким жоктой басылткан.

Ашыктык ай, кимдергедир чак болду,
Ачып гүлүн жүрөктөргө бак конду.
Айыгышпас душмандардын достугу,
Ал себептүү урмат-сыйга нак толду.

Мына ушундай ашыктыктын так жүзү,
Болот экен ар бир жолдун таш, түзү.
Бирок, өмүр ушул менен таттуудур,
Окшобостур болсо жалаң ак түсү.

Сражидин уулу Абдурашит.
Эй сулуу, сен экөөбүз, ооба сен, кел экөөбүз,
Бириксин, бир жарыкта көлөкөбүз.
"Бизди эми бириктирсең , бөлбөгүн" деп!
Экөөбүз, тагдырга кат жөнөтөбүз...

Анан биз, сүйүү болуп, бакыт болуп,
Ортодо баардык нерсе ачык болуп!
Мен сага сүйүү берем, сен дагы бер!
Мен сага, а сен мага ашык болуп...

Көрбөйбүз, сен жок күндү, мен жок күндү!
Ансыз да, сен жок болуп, мен көп жүрдүм...
Мен түндө, асманыңа жылдыз чачам,
Сен күндө, асманыма ойгот күндү!

Күзүндө үшүбөйбүз, кучак барда,
Экөөлөп от жагабыз кучактарга!
Мен сени күн тоскону тоого алып барам,
Сураныч, ошол күнү уктап калба!

Мен эми, гүл базардан, гүл алалам,
Көп болгон, гүлдүн баасын сурабагам.
Сен мага, күндү айтып кой биз жолукчу,
Мен эртең, гүлдүн баасын сурап алам...

03.09.2024
НУРСУЛТАН АБДИКАРИМОВ
Мына, гүлүм, жакындаштык үйүңө,
Аба салкын, батыраак кир ичкери.
Ансыз деле, кызганамын аябай,
Азыр сени үшүтсө эгер күз жели.

Сулуум, шашпа, бир карачы өзүмө,
Жымыңдаган көздөрүңдү жайнатып.
Сагынычым дароо күчөп баратат,
Жылып жатсаң дарбазаңа жай басып.

Күлүп койчу, көрүп дагы алайын,
Кайтаарымда артым карап күүгүмдө.
Жылуулугун мен жамынган боюнча,
Жууркансыз уктайынчы үйүмдө.

06.09.2024.
Абдурашит.
“Сүйгөн жанмын”
Сезимдерим толуп-ташып кыяндай,
Билбейм неге турам сени кыялбай,
Балким сага ашык болуп калганмын,
Бал сезилип бакыт мага кыямдай.

Чар тараптан түрдүү сезим жетелеп,
Сага болгон сансыз ойлор кете элек.
Көздөрүндө жанган жаштык, жалын от,
Мен болгону сүйгөн жанмын секелек.

Арзуум болсо батпай ичке эселеп,
Мүмкүн мени жаш кыз дейсиң эселек.
Менин туйган туюмумдун чекесин,
Сендик жүрөк али дагы сезе элек.

Көкүрөктө араң соккон жүрөктү,
Кимдир бирөө назар салбай жүдөттү.
Баёо сезим менде билсең дале жаш,
Түгөнбөгөн терең кыял, түрмөктүү

✍🏻:Рабига Рысбекова
Жаратуучу угат бардык каалоону,
Жаратылган чын ниеттен кайрылса.
Тилегеним, жарым болор адамым,
Апам сымал кыш күнүмдү жай кылса.

Сражидин уулу Абдурашит.