Reporter.kg_kyrgyzcha
1.56K subscribers
3.7K photos
2.89K videos
3 files
4.72K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Чүйдө тургун эки унаанын ортосунда калып, көз жумду

Маалыматка караганда, жол кырсык 11-июнда таңкы саат 06:30 чамасында Садовое айылында болгон. "Хонда Степвагон" жолдун четинде токтоп турган "Мерседес Бенц Спринтер" унаасын жана ага жүк салып жаткан адамды сүзгөн. Анын кесепетинен 37 жаштагы жаран окуя жеринде каза болгон. Ошондой эле "Спринтер" унаасы алдыда турган "Форд Транзит" унаасын сүзүп алган.

Андан тышкары "Хонда Степвагон" унаасында келе жаткан 25 жаштагы Г.К. аттуу жүргүнчү оорукана түшкөн.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте жылаңачтанган чет элдик жолдо бараткан унааларга асылган

Соцтармактарга чыккан маалыматка ылайык, окуя 1-июнга караган түнү Тоголок Молдо менен Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Колуна бычак кармаган чет элдик жаран жолдо бараткан унааларды тосуп чыгып, аларга асылган. Андан буйтап качабыз деген 5 унаа жабыркаган.

Милиция аталган окуя болгонун ырастап, видеодогу адам 23 жаштагы чет өлкөнүн жараны экенин билдирди. Милиция аны тез жардам кызматына өткөрүп берип, андан кийин алар чет элдикти психикалык ооруканага жеткирген. Анын психикалык оорусу бар экени аныкталган.

Милиция бул окуя боюнча териштирүү уланып жатканын билдирди.
Президент Курман айт намазына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты.

Мамлекет башчы майрамдык айт намазды мечитке келгендер менен бирге окуду.
Түркияда Курман айттын биринчи күнүндө 16 миңге жакын адам курмандык чалып жатып жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Түркиялык басылмалар жазгандай, айрым адамдар мал союп жатып колун, бутун кесип алса, башкалары касапчынын колундагы бычактан жараат алган. Жаракат алгандардын арасында үйрөнчүктөр да жана көп жылдан бери мал союп жүргөндөр да бар.

https://reporter.kg/tyrkiyada-16-mindej-adam-kurmandyk-chalyp-zhatyp-zharakat-aldy/
Ысык-Көлдө соттор үчүн 90 млн сомго пансионат куруу пландалууда

Министрлер кабинети соттор үчүн ден соолукту чыңдоочу борбор салууну сунуштоодо. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн тиешелүү буйругу Жогорку Кеңеште каралат. Аталган борборду салуу үчүн 90 млн сом каралган. Бул каражат — укук коргоо органдары мамлекеттин эсебине кайтарган акчалар.

Соттор үчүн ден соолукту чыңдоочу борбор Ысык-Көлдө курулушу мүмкүн.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"Ал элдин байлыгы". Камчыбек Ташиев убагында арзан акчага жана коррупциялык жол менен менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу улантыларын айтты.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🇰🇬🇰🇿 Кыргыз-казак бир тууган