Reporter.kg_kyrgyzcha
1.43K subscribers
3.69K photos
2.85K videos
3 files
4.68K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.у.К. жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. коррупциялык иштерге шектелип кармалды, - УКМК

Reporter.kg
Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам кармалды

Белгилүү болгондой, 25-майда соцтармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) богооздонуп, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакта болгон.

Учурда шектүү катары 32 жаштагы Б.Р. аттуу жаран кармалып, райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилген.

Иликтөө иштери уланууда.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам каза болгонун милиция тастыктады.

Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары болушат. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болгон (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.
Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо жыйынтыкталды

Учурда автоматтык эсептөө кутуларынын 100%ы эсептелип, алдын ала маалымат боюнча, шайлоону 6 миң 242 добуш менен Дамира Ниязалиева жеңүүдө.

Экинчи орунда 2 миң 70 добуш менен Улан Сариев жана үчүнчү орунда 1 миң 317 добуш менен Эртай Искаков турат.

Ленин району боюнча жалпы 124 миң 908 шайлоочу болгон. Алардын ичинен 17 миң 423 (13,95%) адам шайлоого катышты.

Reporter.kg
"Мурас" турниринде “Ден-Соолук” командасы жеңишке жетти

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн футзал боюнча кезектеги "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды.

Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган "Ден-Соолук" командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду. Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты "Президенттин командасы" командасы, төртүнчү орунду жана 100 миң сомду "Коопсуздук" командасы жеңип алды.

Reporter.kg
Садыр Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем»,
— дейт ал.

Reporter.kg
Ысык-Көл районунда аялын көчөдөн аёсуз сабап өлтүрүүгө шектелген адам эркиндикке чыгарылды.

Иш 26-май күнү Ысык-Көл райондук сотунда каралып, 44 жаштагы аялын мыкаачылык менен уруп өлтүргөн деп айыпталган К.Ш. аттуу жаран сот залынан бошотулган.

Мамлекеттик айыптоочу К.Ш.га 10 жыл жаза мөөнөтүн чектегенине карабай, сот эки-үч ирет өткөрүлгөн соттук-психолого-психиатриялык экспертизалардын жыйынтыгына таянып, аны сот залынан бошотуу чечимин кабыл алган.

Reporter.kg
Манасбек Сыдыгалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Reporter.kg
Президент Садыр Жапаров мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ошто "Казак" каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Милициядан билдиришкендей, ал жана анын шериги былтыр Жалал-Абад шаарында Бишкектин тургунунун Toyota Camry унаасын тартып алып, башка бирөөгө сатып жиберишкен.

Кармалгандар мурда бир нече ирет соттолушкан.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эркекче сүйлөшөлү. Парламентте депутаттар талаша кетти

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров аталган комитеттин төрагасынын ишин сынга алды.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды, - УКМК

Reporter.kg
Бишкекте сууга чөгүп бараткан эки баланы куткарып калган мектеп окуучусу сыйланды.

Мэриядан билдиришкендей, Даниил жана анын апасы Ирина Петровна менен Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жана жолугушту.

Окуучуга өзгөчө кырдаалда көрсөткөн эрдиги үчүн район башчысы чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациянын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ал эми ушундай камкор уулду тарбиялаганы үчүн апасына муниципалдык администрациянын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Reporter.kg