Reporter.kg_kyrgyzcha
1.42K subscribers
3.67K photos
2.81K videos
3 files
4.64K links
Download Telegram
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” кафесинин ээси менен жолукту. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматтын жетекчиси мекеменин ээси менен сүйлөшкөндөн кийин кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын берген.

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
"Батуми" кафесинин түрттүрүлүшү боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди. Reporter.kg
Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылбаганын билдирди

"Суракка чакырылган жокмун. Эч жакка барган жокмун. Жумушта отурам", - деди ал Reporter.kg'ге.
Эверестти багындырган Кадыр Сайдилкан Кыргызстанга кайтып келди

Бүгүн, 26-майда дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган ишкер жана альпинист Кадыр Сайдилкан Кыргызстанга келди.

Кадыр Сайдилканды аэропорттон Кыргызстандын альпинизм федерациясынан өкүлдөр жана туугандары, достору, кесиптештери тосуп алышты.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сузакта мал уурдоого шектүүлөр кармалды

Маалым болгондой, быйыл апрель-май айында эки айыл аймактын 4 тургунунун жылкы жана уйлары уурдалган.

Милиция шектүү катары 4 адамды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Белгилүү болгондой, алар 2 жылкыны уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберишкен. Милиция Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, жылкыларды ээлерине кайтарган.

Reporter.kg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Базар-Коргондун Кызыл-Октябрь айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына жаңы үй куруп беришти.

🎥 7-канал
Кыргызстан коррупциялашкан 40 өлкөнүн катарына кирди

Эл аралык Transparency International эл аралык уюму тарабынан түзүлгөн коррупцияга каршы туруу боюнча глобалдык рейтингде Кыргызстан 140-орунду ээледи.

Кыргызстан мурдагы жылкыдай 100 баллдан 27 упай топтоп, 2022-жылга карата бул жолу Россия, Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен катарлаш турду.

Reporter.kg
"Батуми" кафесин бузуу. Вице-мэр Орунтаев кафенин ээлерине келтирилген зыянды төлөп бермей болду

УКМКдан билдиришкендей, “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесин буздуруунун мыйзамдуулугу жана мэриянын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган.

Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жалал-Абадда көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кармалды

УКМКдан билдиршкендей, ал кол алдында иштегендерден ар кандай шылтоо менен акча алып турган. Орточо 20 миң сом маяна алган мугалимдер айлыгынын 5 миң сомун директорго берип турууга аргасыз болушкан. 24-майда директор 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган директор ашпозчуну "мыйзам бузуу үчүн жумуштан кетирем" деп 17 миң сом алган.

Reporter.kg
⚽️ Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук турнири старт алды

Турнир 27-28-май күндөрү өтөт, ага 16 команда катышууда.

Садыр Жапаров бул турнирге кызыгуу барган сайын өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү курамда Курултайдын делегаттарынан турган жаңы команда бар.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.у.К. жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. коррупциялык иштерге шектелип кармалды, - УКМК

Reporter.kg
Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам кармалды

Белгилүү болгондой, 25-майда соцтармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) богооздонуп, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакта болгон.

Учурда шектүү катары 32 жаштагы Б.Р. аттуу жаран кармалып, райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилген.

Иликтөө иштери уланууда.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам каза болгонун милиция тастыктады.

Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары болушат. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болгон (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.
Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.