Reporter.kg_kyrgyzcha
1.5K subscribers
3.8K photos
3.07K videos
3 files
4.9K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Депутат чиновниктин логикалык ой жүгүртүүсүн текшерди

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку республикалык тестирлөөдө камтылган суроолор боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, мектепте мыкты окуган окуучулар ЖРТдан жогорку балл ала албай калып жатышат.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Баткенде "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттеринин 4 чек ара кызматкери кармалды

УКМКдан билдиришкендей, аталган кызматкерлер кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн жарандардан мажбурлап 50 сомдон 1 миң сомго чейин акча алып турушкан.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Блогер Улукбек Карыбек уулу айыпка жыгылды

Ага унаасы менен карама-каршы тилкеге чыкканы жана коопсуздук курун тагынбаганы үчүн жалпы 16 миң сом айып пул салынды.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

Белгилүү болгондой, 18-майга караган түнү шаар тургунунун Honda Fit унаасы уурдалган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, милиция шектүү катары 19 жана 20 жаштагы эки жаш жигитти кармады.

Уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте маршруттук унаа кырсыктап, жүргүнчүлөр терезеден ыргып кетти

Милициянын кайгуул кызматы билдиригендей, жол кырсык Тыналев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40та болгон. №135 каттамдын (Mercedes-Benz Sprinter) унаасы Масалиев көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, солго кайрылып жатканда, аны Hyundai Sonata унаасы сүзгөн. Анын айынан кичи автобуста келе жаткан үч жүргүнчү жана Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жабыркаган.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, эки унаа кагылышканда Mercedes-Benz Sprinter унаасында келе жаткан үч жүргүнчү терезеден сыртка ыргып кеткен.
Депутат мал-жандыкка салык киргизүү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды

Аны депутат Жеңишбек Токторбаев иштеп чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, 40 кой (эчки), 3 бодо мал жана 2 жылкыдан көп мал кармаган жарандар мал-жандык үчүн салык төлөйт. Алар жылына бир жолу 1 кой (эчки) үчүн 100 сом, 1 бодо мал (уй-бука, топоз) үчүн 250 жана 1 баш жылкы үчүн да 250 сом төлөй турганы каралган.

Мал-жандыкка салык төлөгөндөр жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

Reporter.kg
Бишкекте бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Мэриядан билдиришкедей, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт,  мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Мурда соттолгон адамдар депутат, мамлекеттик кызматкер боло албайт

Коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар мамлекеттик кызматтарда иштебеши керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутаттардын бири Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, сунушталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Reporter.kg
Кыргызстандык алты балбан алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиону болушту

Өзбекстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар алыш күрөшүнөн (классикалык түрү) 6 алтын жана 1 коло байге уткан.

Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмакта Айжан Анарбекова алтын тагынган. Ал эми, 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медаль алган.

Эркектер арасында Роман Сапаров (60 кг), Марлен Абдурасулов (70 кг), Элдияр Сексенбаев (80 кг) жана Нурсултан Бочонов (90 кг) 1-орунга татып, Азия чемпиону аталышкан.

Бүгүн килемде алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өтүүдө.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жалал-Абад облусунун эки тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты.

Reporter.kg
Депутат Жеңишбек Токторбаев дагы бир мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Депутат дыйкандар үчүн жер салыгын көтөрүүнү сунуштоодо.

Мисалы, мыйзам долбооруна ылайык, Сокулукта сугат жердин 1 гектары үчүн салык 407 сомдун ордуна 3 миң 230 сомду түзөт.

Мыйзам кабыл алынып калса, ал 2026-жылы күчүнө кирет.

Буга чейин Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Reporter.kg
Карагулов Мирлан Кынатбекович Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал буга чейин Тогуз-Торонун акими болуп иштеп келген.

Rerporter.kg
Садыр Жапаровду Москва шаарына коштоп кеткен делегациянын курамы

Президент II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

▪️Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

▪️Муратбек Азымбакиев - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

▪️Самат Гуьлнара-Клара – Кыргызстандын Россиядагы элчиси;

▪️Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

▪️Аяз Баетов - юстиция министри;

▪️Асеин Исаев - тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

▪️Самат Кулмамбетов - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;

▪️Назарбек Малаев - экономика жана коммерция министринин орун басары.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ысык-Көлдөгү балдар эс алуучу жерлер аткана болуп калыптыр, - депутат

Ысык-Көл облусунда балдар эс алуучу 100гө жакын жерлер сатылып кетиптир. Бул тууралуу 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Reporter.kg