Reporter.kg_kyrgyzcha
1.55K subscribers
3.72K photos
2.97K videos
3 files
4.79K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Польшадагы мелдеште алтын утту

Финалда ал германиялык Луиза Ниемеш менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңди.

Ошондой эле 59 кг салмакта Калмира Билимбекова күмүш байгенин ээси болду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды
Талантаалы Бакчиев “Манас” улуттук академиясынын президенти кызматынан бошотулду.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Түптүн айрым айылдарында сел жүрдү

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Токтоян, Тасма, Көөчү айылдарында 10дон ашык үйдүн короосун суу каптаган.

Сел сууларынын кесепеттерин жоюга 100дөн ашык адам тартылган.
Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Сапар 24-26-июнь күндөргө белгиленген. Анын алкагында, 25-июнда Жапаров Бельгиянын королу Филипп, ошондой эле Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кызыл-Кыяда уурулукка шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Милициянын маалыматы боюнча, белгилсиз жаран түн ката шаардагы телефон саткан дүкөнгө чатырын тешип кирип, PS 5 оюн жабдыгын жана iPhone үлгүсүндөгү бир нече телефонду уурдап кеткен. Натыйжада дүкөн ээсине 400 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Бул ишке 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Ал эми уурдалган буюмдар ээсине кайтарылды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эркин күрөш боюнча балбан Нурсадык Нурдинов 17 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпиону болду

Финалда ал атаандашын тушеге басып жеңди.

Видео: Тахир Гафуров
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды

Окуя 21-июнда болгон. 14 жаштагы өспүрүм Каракол шаардык пляжында сууга түшүп жатып, бир убакта чөгө баштаган. Ошол учурда пляж жакта кайгуулда жүргөн улук лейтенант Ринат Токоев чөгүп жаткан баланы көрүп калып, дароо жардамга чуркаган. Ал баланын жанына сүзүп барып, аны суудан алып чыгып, куткарып калган.

Учурда баланын абалы жакшы.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Карши университетинде студент кызга 8 жолу бычак сайылган
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандык эгиз бир тууган заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатынын финалына өттү

Бишкекте 22-23-июнда Fusion Concept qualifier Kyrgyzstan – заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатына тандоо таймаштары өттү. Иш-чара Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде болуп, бийчилердин өнөрүн көрүүгө бий сүйүүчүлөрү келди.

Иш-чаранын алкагында Freestyle (эркин стиль) боюнча 2х2 форматында экиге эки чыккан бийчилердин, Hip-hop pro жана Popping багыттары боюнча жеке бийчилердин жарыштары болду.

Жеке бийчилердин жарышында алдыңкы орундарды алгандарга акчалай сыйлык тапшырылды.

Ал эми экиге эки жарышынын жеңүүчүлөрүнө заманбап бий боюнча Францияда өтө турган дүйнө чемпионатынын финалына жолдомо берилди. Жолдомону кыргызстандык эгиз бир тууган Oma менен EMA жеңип алды.
Жогорку Кеңеш электрондук тамекилерди өлкөгө ташып келүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салган мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Мыйзамга ылайык, өлкөгө электрондук тамекилерди алып келген юридикалык жактарга 200 миң сом, жарандарга 150 миң сом айыппул каралган же 1 жылдан 2 жылга абакка кесилет.

Аталган тамекилерди саткан жарандар 50 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылат.

Ошондой эле электрондук тамекилерди колдонгон жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айыппул каралган.

Демилгечилердин бири депутат Шаирбек Ташиев билдиргендей, мыйзамга кол коюлган соң ал бир жылдан кийин күчүнө кирет.

Эми аталган мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.