Reporter.kg_kyrgyzcha
1.5K subscribers
3.8K photos
3.07K videos
3 files
4.9K links
Download Telegram
Жакында Нарын облусунда электр мотоциклдерин чогултуучу завод ачылат

Нарындагы өкүлчүлүк кытайлык компания менен Ат-Башыда эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогулткан ишкананы ачууну макулдашкан.

Завод июндун аягында ишке кирет деп пландалууда.
Баткенде эки жашар кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

Белгилүү болгондой, 7-июнда милицияга облустук ооруканадан аларга эс-учун жоготкон 2 жаштагы кыз түшүп, ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул окуя боюнча апасы менен өгөй атасы кичинекей кыз шал оорусу менен төрөлгөнүн, аны чыгырыкка (ходунокко) отургузуп, бастырууга аракет кылганда жыгылып түшкөнүн айтышкан.

Алгач бул окуя милицияда «кокустук» катары каттоого алынган. Бирок 11-июнда аталган факт боюнча ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кыздын туугандары кайра суракка алынган. Ошондо кыздын таенеси милицияга кызды өгөй атасы сабаганын айтып берген. Ага байланыштуу «уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кыздын 40 жаштагы өгөй атасы Ж.Т. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте "Дордой Дыйкан" жана "Ош" базарынын сатуучуларынын митингги өтүп жатат
Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду

Мыйзам долбооруна 70 депутат макул, 8 эл өкүлү каршы деген добуш берди. Эми аталган документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Чүйдө тургун эки унаанын ортосунда калып, көз жумду

Маалыматка караганда, жол кырсык 11-июнда таңкы саат 06:30 чамасында Садовое айылында болгон. "Хонда Степвагон" жолдун четинде токтоп турган "Мерседес Бенц Спринтер" унаасын жана ага жүк салып жаткан адамды сүзгөн. Анын кесепетинен 37 жаштагы жаран окуя жеринде каза болгон. Ошондой эле "Спринтер" унаасы алдыда турган "Форд Транзит" унаасын сүзүп алган.

Андан тышкары "Хонда Степвагон" унаасында келе жаткан 25 жаштагы Г.К. аттуу жүргүнчү оорукана түшкөн.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте жылаңачтанган чет элдик жолдо бараткан унааларга асылган

Соцтармактарга чыккан маалыматка ылайык, окуя 1-июнга караган түнү Тоголок Молдо менен Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Колуна бычак кармаган чет элдик жаран жолдо бараткан унааларды тосуп чыгып, аларга асылган. Андан буйтап качабыз деген 5 унаа жабыркаган.

Милиция аталган окуя болгонун ырастап, видеодогу адам 23 жаштагы чет өлкөнүн жараны экенин билдирди. Милиция аны тез жардам кызматына өткөрүп берип, андан кийин алар чет элдикти психикалык ооруканага жеткирген. Анын психикалык оорусу бар экени аныкталган.

Милиция бул окуя боюнча териштирүү уланып жатканын билдирди.
Президент Курман айт намазына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты.

Мамлекет башчы майрамдык айт намазды мечитке келгендер менен бирге окуду.