Reporter.kg_kyrgyzcha
1.51K subscribers
3.76K photos
3.04K videos
3 files
4.86K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Азия оюндары: Тыныбекова биринчи атаандашын 14 секундда жеңди

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты.

Ал бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде ал таиланддык Салини Шрисомбат менен кез келип, 14 секундда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эми ал чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобундагы Таласты "караган" адам кармалды

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адам "Тайсон" каймана аты бар С.М.Ж. аттуу жаран болуп саналат. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарын караган адам (смотрящий) болгон.

Шектүү (С.М.Ж,) айдоочулукка окуткан мектептин мугалимин ага карата компроматтык маалыматтары бар экенин, аны укук коргоо органдарына берем деп коркутуп, 70 миң сом опузалаган.

Ал 30 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Анын жанынан 20 грамм баңгизат табылып алынган (кара куурай).
Reporter.kg_kyrgyzcha
Азия оюндары: Тыныбекова биринчи атаандашын 14 секундда жеңди Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Ал бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде…
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын чейрек финалында япониялык Нонока Озакиге жеңилди. Беттеш 1:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми япониялык спортчу финалга чыкса, Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алат. Көңүл жубатуучу кармашты уткан балбан коло үчүн күрөшөт.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нурзат Нуртаева (62 кг) Азия оюндарынын финалына чыкты

Жарым финалда ал монголиялык балбан кызды 10:8 эсебинде жеңди.

Финалда Нуртаева кытайлык Фең Жоу менен беттешет.
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын алтыны үчүн күрөшөт

Финалдык беттеште ал казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.

Reporter.kg
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгесин утту

Коло байге үчүн кармашта Тыныбекова казакстандык спортчу Ирина Кузнецова менен беттешип, аны 2:1 эсебинде утту.

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Нурзат Нуртаева (62 кг) Азия оюндарынын финалына чыкты Жарым финалда ал монголиялык балбан кызды 10:8 эсебинде жеңди. Финалда Нуртаева кытайлык Фең Жоу менен беттешет.
Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева (68 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын күмүш байгесин тагынды

Алтын үчүн беттеште Нуртаева кытайлык Фең Жоу менен беттешип, 2:13 эсебинде атаандашына жеңилди. Муну менен Нуртаева Азия оюндарынын күмүш байгесин утту.
Reporter.kg_kyrgyzcha
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын алтыны үчүн күрөшөт Финалдык беттеште ал казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат. Reporter.kg
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын алтын байгесин утту

Финалдык беттеште ал казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөшүп, аны 7:4 эсебинде утту.

Бул жеңиши менен Айпери Медет кызы алгач ирет Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду. Буга чейин ал 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло байге тагынган.
Reporter.kg_kyrgyzcha
Жалал-Абадда түнкү клубдун алдында жаш жигит 35 жаштагы жаранга бир нече жолу бычак сайып, ал ооруканага түштү Маалыматка караганда, окуя 7-сентябрга караган түнү болгон. Милиция кылмышка шектүү катары 19 жаштагы жаранды (Б.Б) кармаган. Ал убактылуу кармоочу…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жалал-Абадда 7-сентябрда 35 жаштагы тургунга 8 жолу бычак сайган жаран үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу бычактан жараат алган жаран билдирип, президентке кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ал учурда балдак менен басып жүрөт. Шаардык сот ага бычак сайган шектүүнү жана шектүүнүн жанындагы балдарды үй камагына чыгарып койгон. 

Эскерте кетсек, буга чейин милиция кабарлагандай, 7-сентябрга караган түнү Жалал-Абаддагы ресто-бардын алдында 35 жаштагы жаранга белгисиз жаш жигит бир нече жолу бычак сайып, анын айынан жабыркаган адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кылмышка шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 19 жаштагы Б.Б. аттуу тургунун кармаган.
Камчыбек Ташиев кримчөйрөгө жана аларга "салык" төлөгөн ишкерлерге эскертүү берди
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте Ленин райондук милициясы "Селсаяк" аттуу алдын алуу иш-чарасын өткөрдү

Рейд учурунда район аймагында селсаяктык кылган 35 адам аныкталган.

"Өздүгүн тастыктаган документтери жок жарандар сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, каттоого тургузулду. Алардын ар бири менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин байлыгы тууралуу айтты

УКМКнын маалыматы боюнча, Көлбаев 2008-жылы “мыйзамдагы ууру” аталгандан тарта өзүнүн “кылмыштуу империясын” түзө баштаган. Жылдан-жылга анын таасиринин артышы менен байлыгы да көбөйгөн. Ал ишкерлерден акча опузалооо, рейдерчилик жолу менен көптөгөн мүлккө ээ болгон.

Алдын ала эсеп боюнча, ал ээлик кылган активдердин наркы 1 млрд долларга жетет. Азыр ал активдер камакка алынган. Ага жана жакындарына таандык 850 кыймылсыз мүлк (коттедж, үй, унаа, пансионат, ресторан ж.б.) бар. Маселен курулуп жаткан эки объектте эле анын 700 батири бар болгон. Учурда ал батирлер мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү жатат.

УКМК билдиргендей, Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан байлыгы (анын ичинде мурда мамлекеттин карамагында болгон мүлк) мамлекеттин эсебине жана бизнесин, мүлкүн тарттырып жиберген адамдарга кайтарылат.

Учурда УКМК Көлбаевдин тобуна кирген 40тан ашык адамды кармады.
30 жаштагы Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болду

Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Нурсултан Усубалиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Ал – коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу.

Reporter.kg
Кыргызстандыктар ноябрь айында 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлгөн.

Белгилүү болгондой, 4-5-ноябрь дем алыш күндөргө туура келет. 7-8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күндөрү болуп саналат. Ал эми 6-ноябрдагы иш күнү 11-ноябрдагы дем алыш күнү жылдырылгандыктан, кыргызстандыктар 4-8-ноябрда 5 күн катары менен эс алат.

Reporter.kg
Акылбек Жапаров Кытайда өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлактарды тапшырды.

Reporter.kg