Reporter.kg_kyrgyzcha
1.45K subscribers
3.69K photos
2.86K videos
3 files
4.69K links
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сузакта мал уурдоого шектүүлөр кармалды

Маалым болгондой, быйыл апрель-май айында эки айыл аймактын 4 тургунунун жылкы жана уйлары уурдалган.

Милиция шектүү катары 4 адамды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Белгилүү болгондой, алар 2 жылкыны уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберишкен. Милиция Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, жылкыларды ээлерине кайтарган.

Reporter.kg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Базар-Коргондун Кызыл-Октябрь айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына жаңы үй куруп беришти.

🎥 7-канал
Кыргызстан коррупциялашкан 40 өлкөнүн катарына кирди

Эл аралык Transparency International эл аралык уюму тарабынан түзүлгөн коррупцияга каршы туруу боюнча глобалдык рейтингде Кыргызстан 140-орунду ээледи.

Кыргызстан мурдагы жылкыдай 100 баллдан 27 упай топтоп, 2022-жылга карата бул жолу Россия, Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен катарлаш турду.

Reporter.kg
"Батуми" кафесин бузуу. Вице-мэр Орунтаев кафенин ээлерине келтирилген зыянды төлөп бермей болду

УКМКдан билдиришкендей, “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесин буздуруунун мыйзамдуулугу жана мэриянын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган.

Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жалал-Абадда көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кармалды

УКМКдан билдиршкендей, ал кол алдында иштегендерден ар кандай шылтоо менен акча алып турган. Орточо 20 миң сом маяна алган мугалимдер айлыгынын 5 миң сомун директорго берип турууга аргасыз болушкан. 24-майда директор 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган директор ашпозчуну "мыйзам бузуу үчүн жумуштан кетирем" деп 17 миң сом алган.

Reporter.kg
⚽️ Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук турнири старт алды

Турнир 27-28-май күндөрү өтөт, ага 16 команда катышууда.

Садыр Жапаров бул турнирге кызыгуу барган сайын өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү курамда Курултайдын делегаттарынан турган жаңы команда бар.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аламүдүн районундагы Октябрь айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.у.К. жана жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты М.Ж. коррупциялык иштерге шектелип кармалды, - УКМК

Reporter.kg
Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам кармалды

Белгилүү болгондой, 25-майда соцтармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) богооздонуп, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакта болгон.

Учурда шектүү катары 32 жаштагы Б.Р. аттуу жаран кармалып, райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилген.

Иликтөө иштери уланууда.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам каза болгонун милиция тастыктады.

Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары болушат. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болгон (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.
Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди.

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо жыйынтыкталды

Учурда автоматтык эсептөө кутуларынын 100%ы эсептелип, алдын ала маалымат боюнча, шайлоону 6 миң 242 добуш менен Дамира Ниязалиева жеңүүдө.

Экинчи орунда 2 миң 70 добуш менен Улан Сариев жана үчүнчү орунда 1 миң 317 добуш менен Эртай Искаков турат.

Ленин району боюнча жалпы 124 миң 908 шайлоочу болгон. Алардын ичинен 17 миң 423 (13,95%) адам шайлоого катышты.

Reporter.kg
"Мурас" турниринде “Ден-Соолук” командасы жеңишке жетти

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн футзал боюнча кезектеги "Мурас" достук мелдеши жыйынтыкталды.

Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган "Ден-Соолук" командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду. Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты "Президенттин командасы" командасы, төртүнчү орунду жана 100 миң сомду "Коопсуздук" командасы жеңип алды.

Reporter.kg
Садыр Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем»,
— дейт ал.

Reporter.kg
Ысык-Көл районунда аялын көчөдөн аёсуз сабап өлтүрүүгө шектелген адам эркиндикке чыгарылды.

Иш 26-май күнү Ысык-Көл райондук сотунда каралып, 44 жаштагы аялын мыкаачылык менен уруп өлтүргөн деп айыпталган К.Ш. аттуу жаран сот залынан бошотулган.

Мамлекеттик айыптоочу К.Ш.га 10 жыл жаза мөөнөтүн чектегенине карабай, сот эки-үч ирет өткөрүлгөн соттук-психолого-психиатриялык экспертизалардын жыйынтыгына таянып, аны сот залынан бошотуу чечимин кабыл алган.

Reporter.kg
Манасбек Сыдыгалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Reporter.kg