Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Экспертизанын жыйынтыгы эки ача бойдон калды
Маалым болгондой, мындан мурда айыпталуучунун аффект абалында болуп-болбогонун аныктоо үчүн экспертиза жасалып, ал боюнча эки жыйынтык чыккан. Биринде ал аффект абалында болгон деп жазылса, экинчисинде айыпталуучу аффект абалында болгон эмес деген тыянак чыгарылган. Ага байланыштуу, тактоо киргизүү үчүн кайра экспертиза дайындалган.
Бирок материалдар экспертизага жөнөтүлгөндө, жабырлануучу тарап кайра экспертиза өткөрүүгө макул болбой, арыз жазган. Мындан улам материалдар артка кайтарылган.
Эске салсак, окуя былтыр 1-июлда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.
Толугу менен 👉 Reporter.kg

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте унаа сүзүп качып кеткен айдоочу колго түштү. Окуя, бүгүн 17:30дар чамасында “Супара” кафеси жакта болгон. Ал айдоочу мас абалында болушу мүмкүн. Бишкек ШИИБнин маалыматына караганда, кошумча иликтөө үчүн тиешелүү кызматкерлерге иш өткөрүлүп берилген.
PWL-4: Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт
Беттеш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында өтөт.
Эскерте кетсек, PWL-4 мелдешинин алкагында Махмудовдон тышкары дагы 3 кыргызстандык спортчу күрөшөт. Жоламан Шаршенбеков Динислам Бамматов (60 кг), Үзүр Жусупбеков Артур Саргсян (97 кг), ошондой эле, эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу Абасгаджи Магомедов (61 кг) менен таймашка чыгат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат. Ал эми Махмудов менен Власовдун кармашы болжол менен саат 23:00до болот.
Reporter.kg

🇰🇬🇹🇷Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын куткаруучуларына сыйлык тапшырды
Эрдоган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын "Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн" жогорку даражадагы мамлекеттик медалын, ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.
Сыйлоо аземине министр Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам бир нече мектептин окуучулары эвакуацияланды
Шаардык милициядан билдиришкендей, бомба тууралуу маалыматка байланыштуу №63, 50, 4, 90, 33, 51, 17, 62, “Оксфорд”, “Рефал” мектептеринин мугалим жана окуучулары эвакуацияланып, мектептин айланасы курчоого алынган.
Учурда жеринде тиешелүү органдар иш алып барууда.

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровго сот өкүмү чыкты
Иш Биринчи май райондук сотунда каралып, 25-апрелде өкүм чыгарылды. Ага ылайык, Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин 1-2-бөлүктөрү (Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар) боюнча акталды.
Ал эми, 332-берененин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда, сот Бекназаровду абактагы жазадан бошотуп, бир жылга пробациялык көзөмөл белгиледи.
Толугу менен 👉 Reporter.kg
Иш Биринчи май райондук сотунда каралып, 25-апрелде өкүм чыгарылды. Ага ылайык, Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин 1-2-бөлүктөрү (Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар) боюнча акталды.
Ал эми, 332-берененин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда, сот Бекназаровду абактагы жазадан бошотуп, бир жылга пробациялык көзөмөл белгиледи.
Толугу менен 👉 Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бүгүн Бишкекте маркум ишкер Кадыр Бузурманкуловдун туугандары жана тарапташтары митингге чыгышты
Алар митингге эки максат менен чыккан. Биринчиси, алар Ялкун Абдуллаев аттуу адам маркум Бузурманкуловдон ири суммада акча алганын, бул факт боюнча козголгон ишти укук коргоо органдары созуп келе жатканын билдиришүүдө.
Экинчиси, алар Абдуллаев Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган деп айыптап, укук коргоо органдарын буга чара көрүүсүн талап кылууда.
Маркум ишкердин иниси Нурлан Бузурманкулов бул ишти укук коргоо органдарын калыс тергеп, аягына чыгарбай жаткандыктан, президент менен башкы прокурорго кайрылууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Reporter.kg_kyrgyzcha
PWL-4: Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт Беттеш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында өтөт. Эскерте кетсек, PWL-4 мелдешинин алкагында Махмудовдон тышкары дагы 3 кыргызстандык спортчу күрөшөт. Жоламан Шаршенбеков…
PWL-4: Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешин wrestlingtv.ru сайтынан көрө аласыз
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталды. Ал эми Махмудов менен Власовдун кармашы болжол менен саат 23:00до болот.

wrestlingtv.ru
[KYR] Poddubny Wrestling League - PWL-4 World Series. Roman VLASOV vs Akzhol
MAKHMUDOV
MAKHMUDOV
PPV: international Poddubny Wrestling League with its general partner «OLIMPBET» betting company are proud to announce that the fourth edition of PWL will take place in the end of April. Over 10 bouts are scheduled for the PWL-4 fightcard that will feature…
ТИМ: Кытай Кыргызстандын эгемендигине эч качан шек келтирген эмес
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шайдын постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендиги тууралуу билдирүүсү боюнча Reporter.kg’ге комментарий берди.
Элчи Лу Шай 21-апрелде Франциянын телеканалдарынын бириндеги маегинде, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген билдирүү жасаган. Ал журналисттин Крым тууралуу суроосуна жооп берип жатып «мурда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн эгемен өлкө деген макамын так көрсөткөн эл аралык макулдашуу болбогондуктан, азыркы эл аралык укукта макамы жок» деп айткан.

Президент Садыр Жапаров электр энергиянын тарифи тууралуу үн катты
«Азыр башымды оорутуп эмне кылам, менден кийин эмне болсо ошол болсун деп тарифтерди көтөрбөстөн, мурдагыдай иштей берсем деле болот. Менин президенттик мөөнөтүм жапжакшынакай эле өтүп кетет. Бирок анда 10-15 жылдан кийин энергетика системабыз таптакыр өлөт. Дизель генераторлор менен олтуруп калабыз...
Эгер кимдир бирөөлөр 23 тыйын үчүн көтөрүлөбүз деген болсо, анда аларды келечекте энергетика системасы талкаланып жок болуп кетсин деген адамдар деп билебиз. Башкача айтууга мүмкүн эмес.
Тарифтерди 23 тыйынга көтөргөнүбүз эле болбосо баары мурдагыдай калды. Тоолуу райондордо чектөө жок. Аз камсыз болгон 112 миң үй-бүлөгө 50 тыйын бойдон калды. 50 тыйын айырманы өкмөт көтөрөбүз», — дейт ал.
Эскерте кетсек, 1-майдан тарта 1 кВт/саат электр энергиянын баасы 1 сомду түзөт (700 кВт/саатка чейин).

Бизге жеңүүчүнүн психологиясы абдан керек. Депутат балбанды куттуктады
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков балбан Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады.
Reporter.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков балбан Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктады.
Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Үйүндө телевизор болсо, жөлөк пул берилбейби? Депутат нааразы болду
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пул маселесин көтөрдү.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштады
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Министрлер кабинетинин отставкасы боюнча чечимди Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитетке тапшырды.

ЖК комитети Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын чечимин канааттандырды.

Сот "Азаттыкты" ММК катары ишин токтотуу чечимин чыгарды
"Азаттыкты" жабуу тууралуу чечимди Ленин райондук соту бүгүн, 27-апрелде кабыл алды. Сотко тиешелүү өтүнүч менен Маданият министрлиги кайрылган.
"Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары иши токтотулду. Соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Чечимге апелляциялык тартипте 30 күн ичинде арызданууга болот", — деп билдиришти Бишкек шаардык соттон.