Reporter.kg_kyrgyzcha
1.5K subscribers
3.77K photos
3.05K videos
3 files
4.87K links
Download Telegram
Чүйдө 13 жашар баласын сабаган ата кармалды

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 16-мартта милицияга 6-класстын окуучусу, 2010-жылы туулган Д.К. аттуу өспүрүм бала өз атасы тарабынан ур-токмокко алынгандыгын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда өспүрүмдүн өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы, буга чейин да мындай фактылар болуп келгендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган Д.З. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизишти.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кемпир-Абад иши: Активист Атай Бейшенбектин апасы Роза Калиева улуу жана башка күнөөсүздөрдү үй камагына чыгарууну суранды
Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Аксы, Апрель окуяларын эскерди

Президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик бийлик бутактарынын башка жетекчилери Аксы, Апрель окуяларын эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл койду.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"Караван-2" соода борборунун токтотулган курулушу уланууда, - тургун

Бишкектеги Сыдыков 131 дареги боюнча жайгашкан турак үйүнүн жашоочулары "Караван-2" соода борборунун курулушу уланып жатканын билдирип, нааразычылыгын билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган соода борбору көп кабаттуу турак үйгө өтө жакын курулуп, анын чуңкуру казылганда, турак үйдүн пайдубалы көрүнүп калган. Андан кийин казылган чуңкурдун айынан жанаша турган үйдүн бышкан кыштан тургузулган тосмосу кулап калган.

17-мартта Reporter.kg’ге аталган үйдүн жашоочулары кайрылып, курулуш токтобой уланып жатканын билдиришти.

"Курулуш тиешелүү нормалар сакталбай жүрүп жатат. Мэр (Эмилбек Абдыкадыров – ред.) курулуш болгон жерге келип, аны токтоткон. Комиссия түзүп, бардык документацияны текшерүүнү тапшырган. Бирок курулуш уланып жатат", - деп билдиришти алар.

Бул боюнча мэрия маалыматты тактап берерин билдирди.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Караколдо мектептин жанында дрифт кылган айдоочу кармалды

16-март күнү социалдык тармактарда «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу №11 мектептин жанында дрифт кылып, кетип калганы тууралуу видео тараган.

Бул окуядан кийин айдоочу табылып, ага 15 миң айып пул салынган.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте Кытайдан келген жаңы автобус жол кырсыгына кабылды

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бажыдагы коррупциялык схема боюнча шектүү катары кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бар. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ошондой эле, ал "УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилеринин ортосунда тиреш жүрүп жатат" деген сөздөрдү төгүндөдү.

Reporter.kg
Reporter.kg_kyrgyzcha
Бажыдагы коррупциялык схема боюнча шектүү катары кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бар. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Ошондой эле, ал "УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилеринин ортосунда…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Камчыбек Ташиев өзүнүн жана Садыр Жапаровдун жакындарынын арасынан кимдер кармалганы тууралуу айтып берди

Ал башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисинин кармалышы боюнча айтып жатып, чоң кызматта отурган адамдардын жакындары кармалган учурлар болуп жатканын, бирок ал көп учурда ачыкталбай турганын билдирди.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"Тамчы" аэропортунун дубалын шамал алды
Reporter.kg_kyrgyzcha
"Тамчы" аэропортунун дубалын шамал алды
Тамчы аэропортунун кулаган дубалын подрядчы фирма калыбына келтирет

Ысык-Көл облусундагы аэропорттун кулап калган тосмо дубалын подрядчы фирма калыбына келтирет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкектеги үрөй учурган жол кырсык

Бишкек шаарында 50 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жабырлануучунун баласы билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аталган видеодон кийин коопсуздук курун тагынбай унаа айдаган ИИМдин кызматкерине айып пул салынды

Маалым болгондой, видеодогу кызматкер ИИМдин Күзөт кызматында иштейт. Ага миң сом айып пул салынган.

ЖКККББ мыйзам баары үчүн бирдей экенин белгилейт.

Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
19-мартта Казакстанда өткөн шайлоодон көз ирмемдер

Шайлоого 6 млн 521,8 миң адам (54,19%) катышкан.

Эскерте кетсек, жекшемби күнү Казакстанда Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) жана маслихаттарга (аймактык парламент) шайлоо болуп өттү.
Жети миллионунчу Жакшылыкка беш ай толду. Атасы менен маек

Былтыр 19-октябрда Кыргызстанда өлкөнүн жети миллионунчу жараны жарык дүйнөгө келген. Ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон.

19-мартта Жакшылык беш айга толду.

Reporter.kg Жакшылыктын атасы Валижан Абдурасулов менен чакан маек курду.

Толугу менен Reporter.kg
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кайгуул кызматы МАИчи бөбөктөргө белек берди

Маалым болгондой, балдардын улуусу Алымбек жети, анан иниси Адилет беш жашта. Ал эми, кошунасы Байхан алты жашта.

Кайгуул кызматкерлери жеткинчектердин ата-энесине жолдо унаа тосуп ойноо балдардын өмүрүнө өмүрүнө коркунуч жаратарын түшүндүрүшкөн.

Reporter.kg
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Берлинде Нооруз майрамы белгиленди
Нооруз майрамына карата Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды.

«Дасмия» этнокомплексинде сүмөлөк кайнатуу аземи өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, жалпысынан 1 тонна 200 литр сүмөлөк даярдалды. Нооруз күнү таттуулар кыргызстандыктарга жана балдар үйлөрүнө бекер таратылат

Reporter.kg