ОКУРМАНЫММ📖📚
6.54K subscribers
765 photos
240 videos
255 files
90 links
Ассаламу алейкум! Амансызбы, окурманым😊
Сиз:
🔸Диний
🔸мотивациялык
🔸руханий
Китептерди 📚 жана ошондой эле китептин аудио жана пдф форматын табасыз.
Download Telegram
Сүйүү менен өткөн күндөр гана жашоо,
Ал эми калганы жөн эле күндөр...
Көп ырас кылган кесир ишим,
Көрбөй тагдыр-турмуш кесилишин.
Жайып алаканды дуба кылам,
Жаш төгүп Кудайдын кечиришин.🤲🏻❤️‍🩹
Жүрөктөрдүн тынч жана бейпил болуусу,Алла Тааланы эстөө менен болот.❤️‍🩹
Кербендердей кетип жатат чубашып,келбес жакка мезгил ,өмүр,убакыт.🌓
📍Бул жашоо-биз жетпей калган “балкимдерден”, башыбыздан өткөн “аттиңдерден”, жана келечектеги “буюрсалардан” турат.
🤍Сен гүл болуп айланага жыпар чачууга убада бер. Топурак болуп сени үстүнө көтөрүп жүрө турган адам табылат.
Жаштык кез өтөт бат эле,
Карылык деген аз эле.
Из калтыр келген өмүргө,
Өмүрлөр өтөт бат эле.
Келгендер сенден жол тапсын,
Барактап тарых беттерден.
Бактылуу көз ирмемдердеги убакытты токтотуп коё албайбыз.Болгону, ар учурдан чындап бактылуу боло алууну билсек жетиштүү.❤️
Күнү бүтсө саргаят го арча да,
Кудай билет, күндөр жетет канчага?
Ким издесе табат дешет акыры,
Туура жолду издегенден чарчаба.🤗
Адамдын 4 нерсеси,
4 нерсе менен толук болот:

1. Билими акылы менен.
2. Ниети амалы менен.
3. Неъматы шүгүр менен.
4. Дини ибадат менен.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жаман чөйрөнүн терс таасири бат жугат.
Телефонубуз бир аз эле чаң болуп калса,дароо тазалап,аарчып турабыз.А бирок өкүнүчтүүсү үйдө Аллахтын сөзү болгон нурдуу Куран китебибиз ачылбай,окулбай,үйдүн бир бурчунда чаң басып жатат.😢
Кыяматта телефонуң сага шапаатчы болуп келбейт,окуган Кураның шапаатчы боло алат.
Бул дүйнөнүн азабы азап эмес,
Тозок отунун жанында.

Бул дүйнөнүн жыргалы жыргал эмес,Бейиш багынын алдында.
Мен ар дайым мончого (баняга) киргенде,парга отурганымда тозок отуну эстеп катуу кайгырып кетем.Анткени пардын ысыгына араң зорго чыдайм,ал эми тозокко түшүп калсам эгер,тозок отуна кантип чыдайм деп ыйлагым келип кетет.🥹😭
Биз бир келген бул 5 күндүк өмүрдө заңгыратып,катар-катар үйлөрдү салып жарышабыз,а бирок өкүнүчтүүсү бейиштеги касырларды,үйлөрдү салууга амал менен аракет кылбай,бул дүйнөдө түбөлүккө кала тургансып бейкапар жүрөбүз.
Жүрөгүм ыймандуу адамга суусап турат,ыймандуу адам менен чогуу Куран окуп,акырет жөнүндө,бейиш жөнүндө сүйлөшүп,Бейиш бактарында,дарыяларында кол кармашып,чогуу сейилдеп жүргөндөрүбүздү кыялдануу менен айтып берип,аны кубандырып,жылмайтып отургум келет.