Убакыттын өтүшү менен биз кандай адамдар менен мамиле кылып жүргөнүбүздү баамдай баштайбыз. Башында баары өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтпөй мышык сопу болуп,ич-койнуңа кирип кетет. Бирок анын арам оюну бизди колдонуп баштаганда гана сезебиз.
❤10🌚4🥰3
Менин окурмандарыма сунуштай турган китебим К.Сактановдун "Маркумдар үнү" романы.
Бул чыгарма канча жыл мурун жазылса да эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет
Чыгарманы сырттан карап о дүйнөгө узап кеткен адамдар тууралуу деп ойлойбуз. Бирок, ичин ачып окуй баштаганбызда гана мекен үчүн жан үрөп,чындыкты чыркыратып,эл биримдиги үчүн күрөшүп өткөн кыргызымдын кыраандары тууралуу экенин жон терибиз менен билебиз.
1937-жылдагы кыргызымдын каймактарын аёосуз жазалап,ак жеринен каралап,жан чыдагыс кыйноого алган мезгилдер....
Бөрк ал десе баш алган кездер, кошаматка кой союп, өз биримдигибизди аксатып, өзүбүздүн мыктыларыбызды коргой албай,карышкырга жем таштагандай таштап берди. Анысы аз келгенсип, сабатсыз кедейдин колуна бийлик келип жазуучу-акындарыбыз да ушул жылдары көптөгөн азап-тозокту баштан өткөрдү. Сталиндин "баарын жакшыртууга аракет кылам",-деген мыйзамы таш-талканы чыкты. Себеби Сталин кыйын инсан болсо да ортодогу чагымчыл,көрө албастардын курмандыгы болуп, өзү да, карапайым калк да азабын тартты.
Ооба,биз бул жакта окуп канча жек көрүп, жемелесек да, мыктыларыбызды кайрадан кайтара албайбыз! Биз, болгону ушул күндү көрүшүбүзгө себеп болгон инсандарды унутпай, байыркынын учугун улап, келечек муунга жакшы тапшырып берүү, эркин келечек үчүн канын, жанын берген ата-бабаларыбыздын канын жерде калтырбай мыкты инсан, акылдуу коом, биримдиктүү эл болуу.
Биздин милдетибиз ушундай чыгармаларды жоготпой, жапа тырмак болуп окуп, бизге чейин кандай кыйын мезгилдер өткөнүн көрбөсөк да ,чыгарма аркылуу ошол кездин тагдырын сезип көрүп, бүгүнкү күнүбүзгө шүгүр келтирип жашообуз керек!
Оор турмушту көргөн адам, жыргал жашоо жаратат!

❤20👍2🕊1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
К.Баялиновдун "Ажар" повести.
Video by:nurseit
Video by:nurseit
❤18🕊4🔥2
Түйшүк тартып жүргөнүмдө темселеп,
Түшүнөм деп колдогонуң дем берет.🫀🍃
Түшүнөм деп колдогонуң дем берет.🫀🍃
❤22💔4👍1
Сагыныч жөн гана көргүң келүү эмес;ал адамдын жытын,үнүн, жадагалса анын сени кандай атаганын сагынуу 💔❤️🩹
💔21❤11👍2
Бүтүндөй дүйнө үчүн сен жөн гана катардагы бир адамсың, бирок, жалгыз бир адам үчүн бүтүндөй дүйнө болушуң мүмкүн.
(Г. Маркес)
(Г. Маркес)
❤27👍2
Кээде адамдар эч нерсе түшүнбөй себепсиз чарчайт.Өмүрдөн, адамдардан жада калса өзүнөн дагы. Бул алсыздык эмес,адамдык.Өзүңө өзүң түңүлүп кетсең убактылуу гана жеңилдик келет, бирок ичтеги нерсе баары бир адамды жей берет.
💔24❤8👍1
4 жыл окуунун азабына чыдаган,40жыл эс алат ! Окуунун эрте-кечи жок!🌱
❤29👍10💯6
Билгендерге бул дүйнө-
Күндөн күнгө үйрөнүү,
Билбегенге бул дүйнө -
Көрдөн көргө сүйрөлүү.
(Э. Иманалиев)
Күндөн күнгө үйрөнүү,
Билбегенге бул дүйнө -
Көрдөн көргө сүйрөлүү.
(Э. Иманалиев)
❤24👍5🕊4
Адам башкаларга сүйүү көрсөткөндө жана алардын сүйүүсүн сезгенде бактылуу болот.
❤20🕊6👍1
Адам жаратылышынан эле алсыз,чыдамсыз назик жак. Анын алсыздыгы ушунчалык көп нерселерден коркунуч күтөт.Дагы бир жагынан ал чарасыз.Кайгы капаларыда керт башына жетерлик.Анан калса муктаждыктарыда жетип артылат.Алар аз келгенсип ээринчек,жалкоо ал эми жашоо болсо тескерисинче катаал.Кимди бирөөнү жакшы көрсө акыры андан ажырап сүйүүлөрү жоопсуз калат,ал эми бул адам баласынын жүрөгүнө катуу тийет.
Мына ушул абалда адам бир гана Аллаха ишенип,дуба тилеги менен,намазы аркылуу өтүнүчүн билдирет.Аллах өзүн эстетүү үчүн кыйынчылыктарды жараткан.Аз гана кулчулук чоң бакытка жеткизери талашпас чындык📿🤍

❤20
”Узак жол „
Чыгармада 11 жашар Мукайдын кайгылуу-кубанычтуу окуялары,1916-жылдагы Орус өкмөтү, кыргыздардын бир көзүнөн кан,бир көзүнөн жаш агызып, азаптаган жылдары да камтылган. Тарыхый чыгарма болбосо да, каармандардын тагдыры,жашоо-турмушу, бардык калктын өтмүшүн таасын сүрөттөп турат.
Мына ушундай кыйын жашоодо, бешиктен бели чыга элек баланын турмуштун катуу соккусуна,ажалга, адилетсиздикке сынбай,келечекке болгон үмүтүн үзбөй, алыста калган ата-мекенин медер тутуп,жакшылыктан үмүт үзбөй,акыры бир күн жакшы жашоо болооруна ишенип, өзүнө-өзү дем-күч бергени, окурманды өзүнө тартпай койбос.
XX кылымдын башындагы кыргыз элинин трагедиялуу тагдырын ушул чыгарма аркылуу көрсөтүп берген. Мына ушунусу менен «Узак жол»– ар бир кийинки жаш муунга Үркүндүн улуу сабагын жеткире турган баалуу көркөм мурас болуп калды.🕊

💔8❤7😢5
Техникалык кыйынчылыктардын себеби менен каналды кайрадан түзүү керек болду. Келечекте ушундай маселелерди кайталанбаш үчүн эми каналдын актуалдуу шилтемесин гана биздин бот аркылуу ала аласыз. Эски канал эми иштебей калды жана жок кылынышы мүмкүн.
👍3
ОКУРМАНЫММ📖📚 pinned «Техникалык кыйынчылыктардын себеби менен каналды кайрадан түзүү керек болду. Келечекте ушундай маселелерди кайталанбаш үчүн эми каналдын актуалдуу шилтемесин гана биздин бот аркылуу ала аласыз. Эски канал эми иштебей калды жана жок кылынышы мүмкүн.»