ОКУРМАНЫММ📖📚
6.54K subscribers
765 photos
237 videos
255 files
90 links
Ассаламу алейкум! Амансызбы, окурманым😊
Сиз:
🔸Диний
🔸мотивациялык
🔸руханий
Китептерди 📚 жана ошондой эле китептин аудио жана пдф форматын табасыз.
Download Telegram
Сыноо дүйнөсүнүн сырты түйшүк менен курчалса,ичиндеги бакытка жетүүнүн сыры сабырдуулукта.Сабыр жакшылыктын ачкычы.Шүгүр—бүткүл берекенин ачкычы.🕊️
Өмүрдүн эртеңине шаша берип,
Өкүнүч,муңдан башка эмне таптык?

-Элмирбек Иманалиев
"Убакыт агымы".
Убакыт-бул ден соолук,жаштык,күч-кубат сыяктуу эле Кудайдын берген улуу ырыскысы.Алтынды, күмүштү,акчаны бүгүн сактап коюп,эртең колдонсоң болот,а бирок убакытты анте албайсың.
Аллахым дубаларыбыздагы инсанды тагдырыбызга жазсын!🫀
Жашоо бул?
-Жашоодон күтүлбөгөн белектерди күтпөстөн,аны өзүңөр үчүн өзүңөр жасагыла.”Сүйүү бул-Жараткандын баа жеткис белеги”.

-Жашоо бул-ийгиликке жетүү үчүн нечендеген күрөшүүнү талап кылган керемет саякат.

-Жашоо эптеп күн өткөрүү,жан багуу үчүн эмес,ар бир күнүңдөн ырахат алуу үчүн берилген.

-Жашоо-өткөн күндөр эмес,эсте калган көз ирмемдер менен бааланат.

-Бакыт-ден соолук сыяктуу,ал сенде бар кезде кадырын билбегендей эле.

-Дайым алдыга карай умтулуунун өзү-жашоодогу чоң бакыт.

-Жакшы нерселер жөнүндө ойлон,жылуу сөздөрдү гана сүйлө,алгылыктуу иштерди жаса!
Аппак динге өмүрдү курсак экен,
Акыйкатка көңүлдү бурсак экен.
Акыретте Аллахым тирилткенде,
Пайгамбарыбыздын жанында турсак экен.
Сүйүү менен өткөн күндөр гана жашоо,
Ал эми калганы жөн эле күндөр...
Көп ырас кылган кесир ишим,
Көрбөй тагдыр-турмуш кесилишин.
Жайып алаканды дуба кылам,
Жаш төгүп Кудайдын кечиришин.🤲🏻❤️‍🩹
Жүрөктөрдүн тынч жана бейпил болуусу,Алла Тааланы эстөө менен болот.❤️‍🩹
Кербендердей кетип жатат чубашып,келбес жакка мезгил ,өмүр,убакыт.🌓
📍Бул жашоо-биз жетпей калган “балкимдерден”, башыбыздан өткөн “аттиңдерден”, жана келечектеги “буюрсалардан” турат.
🤍Сен гүл болуп айланага жыпар чачууга убада бер. Топурак болуп сени үстүнө көтөрүп жүрө турган адам табылат.
Жаштык кез өтөт бат эле,
Карылык деген аз эле.
Из калтыр келген өмүргө,
Өмүрлөр өтөт бат эле.
Келгендер сенден жол тапсын,
Барактап тарых беттерден.
Бактылуу көз ирмемдердеги убакытты токтотуп коё албайбыз.Болгону, ар учурдан чындап бактылуу боло алууну билсек жетиштүү.❤️
Күнү бүтсө саргаят го арча да,
Кудай билет, күндөр жетет канчага?
Ким издесе табат дешет акыры,
Туура жолду издегенден чарчаба.🤗
Адамдын 4 нерсеси,
4 нерсе менен толук болот:

1. Билими акылы менен.
2. Ниети амалы менен.
3. Неъматы шүгүр менен.
4. Дини ибадат менен.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жаман чөйрөнүн терс таасири бат жугат.
Телефонубуз бир аз эле чаң болуп калса,дароо тазалап,аарчып турабыз.А бирок өкүнүчтүүсү үйдө Аллахтын сөзү болгон нурдуу Куран китебибиз ачылбай,окулбай,үйдүн бир бурчунда чаң басып жатат.😢
Кыяматта телефонуң сага шапаатчы болуп келбейт,окуган Кураның шапаатчы боло алат.
Бул дүйнөнүн азабы азап эмес,
Тозок отунун жанында.

Бул дүйнөнүн жыргалы жыргал эмес,Бейиш багынын алдында.