ОКУРМАНЫММ📖📚
6.56K subscribers
763 photos
237 videos
255 files
90 links
Ассаламу алейкум! Амансызбы, окурманым😊
Сиз:
🔸Диний
🔸мотивациялык
🔸руханий
Китептерди 📚 жана ошондой эле китептин аудио жана пдф форматын табасыз.
Download Telegram
Убакыт эмес бошко өтүп жаткан. Балким өмүрүң өтүп жатат...
Адамзат бүгін адам, ертең топырақ. Бүгінгі өмір жарқылдап алдар бірақ

Абай Құнанбайұлы
Адам өмүрү ченелүү.
Ченелүү өмүр-өзүнүн жетишкендиктери менен баалуу.
Ченелүү өмүр-башкага берген таасири менен күчтүү.
Ченелүү өмүр-аркасында калтырган изи менен баалуу.
Биз азыр эмненин баасы кымбаттап,эмненин баасы арзандап кеткенине маани бербей калдык.
Өмүр Жараткандын бизге берген кымбат белеги.Ал белекти кайтара турган күн келет.Кымбат баалуу өмүрүңүздүн сандыгын Жаратканга жаккан,кымбат баалуу,өзүңүз менен кошо кете турган амалдар менен толтуруңуз.Өмүрдүн баалуулугу көп жашоодо эмес,аз болсо да Жаратканды,жакындарыңды ыраазы кылып,ыраазы болуп,артыңа из калтырып жашоодо.
О,Жараткан Аллах,биздин сырткы көрүнүшүбүздү эмес,ичибизди баалуу кыл!
Бул дүйнөнүн убактылуу кооздугу үчүн эмес,акыреттин түбөлүк кооздугу үчүн жашат!
Бул дүйнөнүн баалуулугуна кызыгып,акыреттин баалуулуктарынан куру калчулардан кылба!

-Насиба Абдуллаева💛
-Эртең дебе китебинен
Сүйлөп атканда этият болуш керек,
Кулак менен эмес, жүрөк менен уккандар дагы бар.... ❤️‍🩹
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сүйгөнүнө жеткендер- эң бактылуу адамдар❤️‍🩹
Ашыктык ырын жазып жалындаган,
Адам барбы өмүрдө жаңылбаган?
Мени сүйгөн ашыгым болсо экен,
Кандай болсом ошондой кабылдаган.
Табытынды досторуң көтөргөнү менен,Бейишке муслима аялың жетелейт...❤️🕊
Үйлөнгөнүңдү жактыр,
Же жактырганыңа үйлөн!.

Шейх Чубак ажы Жалилов🤍
Ар бир адамдын мүнөзүн түшүнүү - кыйын.
Кыйын болсо дагы ал адамдын мүнөзүнөн ырахат таба ала турган адам издеңиз.🤍
АДАМ АЛЕЙХИССАЛАМДЫН ЖАРАЛЫШЫ:

Аллах Таала жараткан биринчи адам – Адам алейхиссалам. Аллах Таала Адамды (а.с.) жаратууну каалаганда, Азраилди (а.с.) жер бетине жиберип, жети башка климаттан топурак алып келдирди. Андан кийин, Жабраил алейхиссаламды жиберип, 40 күн топуракты камырдай жуурушун буйурду. Андан кийин Аллах Таала ага эң кооз келбет берип, рух берип тирилтип, аны өз урпактарына пайгамбар кылды.
Аллах Таала Азирети Адамды бейишке жайгаштырып, бейиш кийимин кийгизип, ага көптөгөн ниматтар берген. Ага ар бир ниматты берип жатып: "Ушул ниматка каниет кыласыңбы?" – деп сураган. Ал болсо, "Каани эмесмин, Йа Рабби" деп айткан. Аллах таала Адам алейхиссаламдын сол кабыргасынан Обо энебизди жаратканда, Адам (а.с) көзүн ачып караса, жанында өзүгө окшош сүйкүмдүү адам отурганын көрөт. Ошентип, аны менен сүйлөшүп ортосунда ынактык пайда болгондо; Аллах Таала дагы бир жолу ага кайрылып: "Эй, Адам, бул ниматтар менен кандайсың?" дегенде, ал: “Йа Рабби! Сан жеткис ниматтар деңизине чөмүлдүм. Бул ниматыңды баарынан улуу деп таптым жана ушуну менен каниет кылдым ». – деп айткан.
Андан кийин Аллах Таала аларга: "Менин бейишимде болгула, бардык ниматтарымдан пайдалангыла, бирок ушул даракка жакындабагыла, андан жеп, мага каршы чыкпагыла!" деп буйрук берген. Алар да Аллахтын бул буйругун угушуп, толук миң жыл Бейиште жашашкан. Бирок, ушул мезгилден кийин, Адам ата менен Обо эне, шайтандын азгырыгына баш ийип, тыюу салынган дарактан жешкенде, өкүнүп тообо кылышкан. Алардын тооболору кабыл болгон, бирок экөө тең бейиштен жерге түшүрүлгөн.
Адам (а.с.) Индиядагы бийик тоого түшкөн. Эки жүз жыл ошол тоодо ыйлап, тобо кылуу менен алек болгон. Кийинчерээк, Арафат тоосунда, Обо энебиз менен жолугушкан. Аз. Адам жана Аз. Обо энебиз Дамаск тарапка барып, ал жерде беш жүз жыл жашашкан. Абыл менен Кабыл төрөлгөндөн кийин, алар кайрадан Индияга кетишкен. Миң жыл жашашканда Адам (а.с.) Сарандип аралында (Сриланка) көз жумган. Андан 40 жыл өткөндөн кийин, Обо энебиз Жиддада көз жумган.
МЕН АЙТКАН ДУБАЛАР…
“О,Аллахым!Абу Бакрдын (ага Аллах ыраазы болсун)ыйманындай ыйман бергин.Сага шек-күмөнсүз ишенип,үзүлбөгөн үмүт байлап,Сага гана таянып,Сенден гана жардам сурап,Сенден гана жакшылык күтүп,түбөлүк бакыттын жолуна сапар алайын!”

“О,Аллахым!Умардын(ага Аллах ыраазы болсун)жүрөгүндөй Сенден корккон жүрөк бер.Ар бир кадамымда,ар бир ойлогон иш максаттарымда,Сени ойлоп,жүрөгүмдү Сага болгон махабатка бөлөйүн!Акты ак,караны кара,арамды арам,адалды адал деп адилеттүү чечим чыгарган,акыйкат менен чындыктын артынан чуркагандардын катарында болоюн”.

“О,Аллахым!Усмандын (ага Аллах ыраазы болсун) адеп-ахлагындай адеп,периштелер уялгандай уяттуулук,жумшак мүнөзүндөй мүнөз,жөнөкөйлүгүндөй жөнөкөйлүк бергин.Башкаларды жакшылыкка чакырып,сүйлөгөн сөзүмө амалым,парз деп кийген кийимиме адебим дал келсин.Мусулман деген атым,затым менен сыймыктана турган болоюн,Аллах алдында жүзүм жарык,жүрөгүм таза болсун”.

“О,Аллахым!Алинин (ага Аллах ыраазы болсун)тайманбастыгынан,эр жүрөктүүлүгүнөн даанышмандыгынан,пайгамбарыма болгон таптаза сүйүүсүнөн бергин!Кандай кырдаал болбосун жашоомдо диним менен жашап,кандай бут тосуулар,сыноолор болбосун Сага гана таянып,тобокел кылып жашайын!Мени жашоо-турмушум,жүрүм турумум жана сүйлөгөн сөзүм аркылуу Сени жана Исламды эң жакшы түшүндүргөн адамдардан кылгын”.

“О,Аллахым! Ибн Масуъддун ( ага Аллах ыраазы болсун ) илиминдей илим бергин!Алган илимиме амал кылып,окуган,үйрөнгөн Кураным жүрөгүмдө түбөлүк жат болуп,тозоктон алыс болуума себеп болсун.Сага жана пайгамбарыма үй-бүлөм менен толук моюн сунуучулардын катарына кошкун!Алган илимимди жөнөкөйлүк менен көгөртүп,пайгамбарыбыздын көрсөткөн жолун жолдоп,улуу аалым,устаздарыбыздын артында жүрүп өтүүнү насип кылгын”.
Сыноо дүйнөсүнүн сырты түйшүк менен курчалса,ичиндеги бакытка жетүүнүн сыры сабырдуулукта.Сабыр жакшылыктын ачкычы.Шүгүр—бүткүл берекенин ачкычы.🕊️
Өмүрдүн эртеңине шаша берип,
Өкүнүч,муңдан башка эмне таптык?

-Элмирбек Иманалиев
"Убакыт агымы".
Убакыт-бул ден соолук,жаштык,күч-кубат сыяктуу эле Кудайдын берген улуу ырыскысы.Алтынды, күмүштү,акчаны бүгүн сактап коюп,эртең колдонсоң болот,а бирок убакытты анте албайсың.
Аллахым дубаларыбыздагы инсанды тагдырыбызга жазсын!🫀
Жашоо бул?
-Жашоодон күтүлбөгөн белектерди күтпөстөн,аны өзүңөр үчүн өзүңөр жасагыла.”Сүйүү бул-Жараткандын баа жеткис белеги”.

-Жашоо бул-ийгиликке жетүү үчүн нечендеген күрөшүүнү талап кылган керемет саякат.

-Жашоо эптеп күн өткөрүү,жан багуу үчүн эмес,ар бир күнүңдөн ырахат алуу үчүн берилген.

-Жашоо-өткөн күндөр эмес,эсте калган көз ирмемдер менен бааланат.

-Бакыт-ден соолук сыяктуу,ал сенде бар кезде кадырын билбегендей эле.

-Дайым алдыга карай умтулуунун өзү-жашоодогу чоң бакыт.

-Жакшы нерселер жөнүндө ойлон,жылуу сөздөрдү гана сүйлө,алгылыктуу иштерди жаса!
Аппак динге өмүрдү курсак экен,
Акыйкатка көңүлдү бурсак экен.
Акыретте Аллахым тирилткенде,
Пайгамбарыбыздын жанында турсак экен.
Сүйүү менен өткөн күндөр гана жашоо,
Ал эми калганы жөн эле күндөр...