Forwarded from Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀
КАЛЫГУЛ ОЛУЯНЫН АЙТКАНДАРЫ.
Узун чөбүн оруп алаар,
Кыска чөбүн коруп алаар.
Караңгы болуп мурункулар
Атадан бала кыйын чыгаар.
Жеген-ичкен башчың болоор
Акыры барып качкын болоор.
Аял билген заман болоор,
Эр жигитке жаман болоор.
Никесиз бала төрөлөөр,
Көбөйөр күкүк энелер.
Ачуу суу суудай ичилээр,
Жинди болоор кишилер.
Базарга туруп каз-катар
Көчмөн кыргыз ак сатаар.
Төө уурдаган кутулаар.
Тоок уурдаган тутулаар.
Жети үйдүн бири молдо болоор,
Ар бир үйдө темир жорго болоор.
Үйүңдүн сырты дубал болоор,
Жолоочу кирбей убал болоор.
Оозуңдан түтүн буркураар,
Жабыркап өпкө тумчугаар.
Кичинекей куту чыгаар,
Сүйлөп берээр чукусаңар.
Маскөөдө жүрсө уулуңар
Үйүңдөн сөзү угулаар.
Темир минип учаарсың,
Куштай болуп сызаарсың.
Уулуңдун чачы узун болоор,
Кыска чачтуу кызың болоор.
Эл ташыган унаасын зымга байлаар
Чайың дагы, тамагың дагы зымга кайнаар.
Чубалып узун сүйрөлгөн
Сапарың болоор үйлөрдөн.
Сакалы жок атаң болоор,
Аны баласы сакал коёр.
Заман болоор ушундай
Көрөөрсүң кийин балдарым.
Караңгы тартып көздөрүм,
Көрбөй койду ар жагын.
Калыгул олуя (1785-1855)ж.ж.
Узун чөбүн оруп алаар,
Кыска чөбүн коруп алаар.
Караңгы болуп мурункулар
Атадан бала кыйын чыгаар.
Жеген-ичкен башчың болоор
Акыры барып качкын болоор.
Аял билген заман болоор,
Эр жигитке жаман болоор.
Никесиз бала төрөлөөр,
Көбөйөр күкүк энелер.
Ачуу суу суудай ичилээр,
Жинди болоор кишилер.
Базарга туруп каз-катар
Көчмөн кыргыз ак сатаар.
Төө уурдаган кутулаар.
Тоок уурдаган тутулаар.
Жети үйдүн бири молдо болоор,
Ар бир үйдө темир жорго болоор.
Үйүңдүн сырты дубал болоор,
Жолоочу кирбей убал болоор.
Оозуңдан түтүн буркураар,
Жабыркап өпкө тумчугаар.
Кичинекей куту чыгаар,
Сүйлөп берээр чукусаңар.
Маскөөдө жүрсө уулуңар
Үйүңдөн сөзү угулаар.
Темир минип учаарсың,
Куштай болуп сызаарсың.
Уулуңдун чачы узун болоор,
Кыска чачтуу кызың болоор.
Эл ташыган унаасын зымга байлаар
Чайың дагы, тамагың дагы зымга кайнаар.
Чубалып узун сүйрөлгөн
Сапарың болоор үйлөрдөн.
Сакалы жок атаң болоор,
Аны баласы сакал коёр.
Заман болоор ушундай
Көрөөрсүң кийин балдарым.
Караңгы тартып көздөрүм,
Көрбөй койду ар жагын.
Калыгул олуя (1785-1855)ж.ж.