MӨLTYR DYINӨ| POEZIA
31 subscribers
6 photos
1 link
Download Telegram
КААЛАБАСАҢ

Өтүмдү ал, көзүмдү да оюп сал,
Өпкөмдү үзүп, баштан ары коюп кал!
Бүгүн бөлөк пери менен кезиктим,
Күчүң жетсе мына турам, союп сал!

Өзүңдөн көр чакырганда келбеген,
Өчпөй жүрөк согуп турса дембе-дем.
Дагы далай перилерге жолугам,
Дат басууга келипминби эмне мен?!

Сен мылтыксың, мен бутамын. Бутаны ат!
Сен түтөсөң ал жалбырттап тутанат.
Билесиңби сен көгөртө чымчыган
Булчуңумду ал кыз койду укалап.

Каршы эмесмин атаандашсаң бар, жөнө!
Кайып болот жаз келгенде кар деле.
Эрин өптүм балдан дагы таптаттуу,
Эрдиң сенин эмне эле? Бал беле.?

Көпкө турдук алакандар жалбырттап,
Көрсөң болмок жылмайганын ал кыз, ка-ап.
Экөөбүздүн ант беришкен бакчада,
Элестет, биз жеп олтурдук балмуздак.

“Сүйүп калдым сизди”, – деген кеп уктум,
Сүйүнгөндөн сен тарапка келипмин.
– Деген сөздү каалабасаң эгерде,
Көп назданбай чакырганда кезиккин.


Каниет Орозбеков.
ЖАКСАМ ЭКЕН

Заман сонун телефон чалышканга,
Заматта эле жетесиң алыстарга.
Айдай болгон кечээки кыз экөөбүз,
Айланганбыз капкачан тааныштарга.

Чектеп турат эмеспи тоону кыры,
Чектеп биз да тартынып корунууну.
Экчеп атып алчы-таа чүкөбүздү,
Эптеп алдык акыры жолугууну.

Өпкөндү кой, сунулуп колум араң,
Өкмөт жактан болупмун кобураган.
Бизге кандай бар дейм да тиешеси,
Билбейм, мынча тантырап, оо уялам.

Үнүн уксаң кадимки булбулдуку,
Карга үнүндөй а үнүм, кургурдуку.
Жүрөгүмдүн туягы өпкө астында,
Жүрүштөгү бараткан дулдулдуку.

Күлкүсү анын өлтүрүп-тирилтчүдөй,
Кайра мүрөк суусуна киринтчүдөй.
Көзү чала жумулуп күлөт чиркин,
Көзүн ачып күлсө эгер күн үркчүдөй.

Жаштыгымдын жакасын байырлап нур,
Жатакана тараптан шайыр бастым.
“ЖАКСА ЭКЕН” деп келсем кезигүүгө,
“ЖАКСАМ ЭКЕН” деп тилеп кайырлаштым.


Каниет Орозбеков.
2👏1
ӨКСҮК

Жабыркап дүйнөм, эзилип денем,
Жан шерик таппай кечигип келем.
Өксүтсө тагдыр көөдөнүм боздойт,

Өтөбү өмүр өкүнүч менен.
Ашыгын издеп алдастайт жүрөк,
Ак сүйүүм сыздайт табалбай түнөк.
Бош калып көөдөн аңгырап турса,
Боздогон аны аттиң, ким билет!

Өбүлбөй сүйүүм эриндер кургайт,
Өмүрдү өткөн мезгилим уурдайт.
Түбөлүк бирге болуучу жан жок,
Түгөйсүз калган жүрөгүм туйлайт.

Сыздады жүрөк, сырт салса бирөө,
Сыйрыган өңдүү картымды түрө.
Туш болбойм неге өртүңө сүйүү?
Турмушка бирок коё албам күнөө!


Эрлан Жумагазиев.
2🔥1
#Атахан_КОЖОГУЛОВ

*   *   *

Бул жарыктын ыр чайпалган бурчумун,
тагдыр чалма салаарында булкудум.
Жоготобуз деген сайын бек туруп,
мокотобуз деген сайын курчудум.

Жыгылаарда өзүмдү өзүм сүйөдүм,
кулаарымда ырларымды тиредим.
Кароолонуп ушул жолдун алысы,
алоолонуп оттой күйдү жүрөгүм.

Тайкүлүгүм тагдырыма эңилди,
жаратканым көрдү артык, кемимди.
Катарымда бараткандар бөлүндү,
сапарымда жамгыр тынбай төгүлдү.

Бул дүйнөнүн бир ажайып бурчумун,
тагдыр байлап, тушаарында булкудум.
Жоготобуз деген сайын бек туруп,
мокотобуз деген сайын курчудум.
🔥1👏1
#Шербет_КЕЛДИБЕКОВА

АКЫН ЖАНА ЖАЗ

Жаздар келет...
Жаз келгенин күкүктөр эскеришет,
Жаз келатат...
А күкүктөр «кү-кү» деп жаз чакырат.
Табигаттын бузулбас салты ушул,
Дайыма мезгилдер алмашылат.

Акындар да күкүктөй учуп чыгат,
Акындар да күкүктөй таңшып чыгат.
Өз доорунун алдыңкы катарында,
Жашап туруп акындар, келе жаткан -
Доорлордун добушун чалып турат.

Акындардын алдында ыйык милдет,
Өз доорунун багытын сезе билмек.
Келечекке кыраакы көз жиберип,
Келечекти кабарлап ырдай жүрмөк.

Жашоодогу бактысы акындардын,
Жаңылыкка бүт элди баштап баруу.
Адамдарды суктанткан, таң калтырган,
Сезимдерди эң алгач кабыл алуу.

Чыныгы акын төрөлөт ырдоо үчүн,
Жүрөгүндө туруктуу кайгы болбойт,
Жүрөгүндө туруктуу кубанч болбойт.
Ырга айланат сезими толкуп-ташып,
Акындардын кайгысын, кубанычын,
Эли-журту бөлүшмөк, көтөрүшмөк.
Акын болсо ааламдай жүрөгүнө,
Элдин жүгүн сиңирип алып жүрөт.

Көрктүү жаздар дайыма кайталанат,
Жаз алдында күкүктөр кайта келет.
Бактылуу доорго уланат,
Доорлорду акындар ырдап турат.
👏1
#Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ

*   *   *

Такылдайт кошунамдын дарбазасы,
Ким келди экен?
Тереземдин тушунда шакылдайт сук сагызган
Бул эмнеси?
Көкүрөктө –
күндүр-түндүр күңгүрөнүп
коңгуроодой кагылган бир коога бар.
Корко берем,
алда неден, ким бирөөлөрдөн.
Коркомун достордон да,
Ким билет, ойлорунда эмне балээ!??

Өз ичинде бөтөн,
бөтөндөр арасында чоочунмун мен...
Беймаал эч ким үйүмө келбесе экен,
Түн жармында телефон чалбаса экен.
Жүрөгүм үшүп болду...
Корко берем,
Көлөкөдөй бул сезим кетпей койду.
Элеңдеп эки жагым карайм тынбай,
Артымда жокпу, барбы аңдыгандар…

Коркуп жашайм,
Жадагалса коркомун ойлорумдан...
Тишиме тилим катып,
Жашырам эч кимге айтпай,
Кыйкырам тоого барып, ташка барып...
Кокусунан кимдир бирөө билип калса,
Колума кишен чалып,
Тилимди суурур бекен!??

Коркомун
Актардан, каралардан,
Кызылдардан.
Анан да саткандардан,
саткындардан…

Аткандар эмес,
Саткандар коркунучтуу…

Уурданып бири-бирин сүйүшкөндөр,
Көңүлдөштөр
Коркушпай кантип күндө жолугушат?

Такылдайт өз үйүмдүн дарбазасы,
Шакылдайт сук сагызган...
Сакта, Кудай!!!
👏1
#Махабат_КАСЕЙИНОВА

* * *
Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени?
Билбейм не деп айтат экен эл мени?
Периштедей деле жашай алмакмын,
Пенделикке түртүп кеттиң сен мени.

Карап коюп күндүн чыгып, батканын,
Карап коюп булут чалган асманын,
Келем жашап мен да сендей күнөөлүү,
Бул турмуштун кечип чаңын, баткагын.

Улам барат күндөр чачтай суюлуп,
Улам жашоо мага кызык туюлуп.
Жамгыр менен бир ыйладым, тазардым,
Жамгыр болду жашым менин куюлуп.

Тазарса дейм, ой-тилектер мендеги,
Тазарса дейм бүт адамзат жердеги.
Периштедей келет жашоо кечиргим,
Пенделикке түртпө кайра сен мени.
👏1
#Анарбек_АБАЗБЕКОВ

*   *   *

Тийбе мага, кармалаба, жакындаба суранам,
Ишенсең сен, мындай иштен эмнегедир уялам.
Андан көрө аваз салып, шуулдачы, угайын,
Үнүңдү угуп, эргүү алам, мен ошого кубанам! -
Деп үн салды үлбүрөгөн жалбырактар жалооруп,
Тентек желге тегеренген, бир орунга турбаган…
#Кыял_ТАЖИЕВА

АВТОПОРТРЕТ

Мен жөн гана жашаганды туу тутуп,
Келе жатам бал да жутуп, уу жутуп.
Калчай алат эле акылым көп нерсе,
Коймок элем сууну деле уютуп.

Кимдигимдин кимге десең кереги,
Оюм дайым жыпжылаңач денелүү.
Ак жоолугум аңга түшөт ар күнү
А жоругум дайыма ата-энелүү.

Жашаш керек эле адамдар ушундай,
Көңүлүнө конгон кутту учурбай.
Мени уга албай калды көптөрү
Жашаш кыйын, жашаш кыйын бузулбай…

Бийлигиң да, байлыгың да мага эмес,
Менин көөнүм оо анчалык жара эмес.
Мен убара, мен мунара, мен аба
Мен дүйнөлүк бар эмес да, жок эмес.
#Мырзабек_САМАТОВ

КАЙНАТАМДЫН КЫЗЫНА

Эске түштүң ээлеп алып эркимди,
эрке сулуу эпсиз ыйга теңсиңби?
Эрме чөлдүн эңсөөсүнө кабылып,
эсим кетти эптей албай энчимди.

Оролосуң ойлорумда онтотуп,
ооруларым айыктырчы токтотуп.
Ортосунда сүйүүдөгү бульвардын,
олтурамын оомат күтүп жол тосуп.

Көкүрөгүм кабылбасын арманга,
кумар көзүм келе койчу жардамга.
Кезиксем деп күйүт менен күн санап,
күтүп сени олтурамын ар танда.

Аптыксам да сени сүйүп ченебей,
азгырасың ашыктыгым кенебей.
Аян күтөм кудайымдан ар күнү,
арзууң болсо айтчы мага кенедей?

Жүрчү элем төштү кагып мардайып,
жаным сыздап жабыркадым ал тайып.
Жете албай кайнатамдын кызына,
жүрөгүм да бараткансыйт картайып.
#Таңчолпон_Маматали

Шашып түштүм шаардын торуна,
Шар турмушуң койбойт оюма,
Сыйыртмагын сыйрып ыргытып,
Сиңип кетсем... тоонун койнуна.

Жакшы ырларым аздап баратса,
Жан дүйнөмдү салбай азапка,
Жүрөгүмдү кучактап алып
Мен жүгүрөм, тоолор тарапка...

Тыгын каптап шаардын жолдорун,
Тұшалганда бутум, колдорум.
Бардыгынан чыгып бошонуп,
Сага карап учaт ойлорум

Көп далаалат кылып өсүүгө ...
Көкүрөк бош, өмүр өтүүдө
Көөдөнүмө толгон муңумду
Төгөм,тоолор, барып өзүңө...
1
Live stream started
#ЖОЛОН_МАМЫТОВ.

МАХАББАТ ДАБАСЫ

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!

Мен сени тоодон өскөн шамал деймин,
Кыдырган бул ааламды куунап, эркин.
Сен ошол сапарыңдан аман келгин
Жашоомду жагалданткан, кымбат селким!

Аз күнгө көрбөй калсам илдет чалды,
Сүйүүңө байланышкан айыкмайым.
Мен үчүн андан ашкан милдет барбы
Термелген толкундагы кайыктайым!

Өзүңсүз бул өмүрдүн жок кызыгы,
Билсем да алда сонун жылдар барын.
Жүрөктө сагынычтан чок кызыды,
Гүл болуп маңдайыма ыргалганым!

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!
#ТАБЫЛДЫ_МУКАНОВ

ЫРЛАР

Ырларым менин дүбүрттөйт
жүрөгүмдү мекендешип жайыттай,
чаңкап келип
шылдыр каккан чайыттай
кандарымдан кылкылдатып шимирип,
азынашат бири-бирин кажышып,
о алардын меникинен миң бир эсе каны ысык.
Такасынан таңдар аткан
эркин ырлар,
жал, куйругу сапырылып ааламга,
санат жеткис туяктары согуп «буң» —
дүңгүрөтөт көөдөнүмдү талаасындай казактын,
шуулдатат сезимимди токоюндай орустун...
Мезгил урган чалманы
чарт үзүү үчүн жаралгандай атайы,
кароолдорго илинбей,
ыргышташып ырлар өкүм нурлардан,
ырлар каардуу, жапайы!
келечеги алардын — шаң, салтанат,
жуушап жаткан ырларым,
шаа майтарып үрккөн күнү
жүрөгүм,
даңкандарга айланын —
ай-ааламда даң салат...
21. 12. 1968.
Оо, менин ашыгым!
Мен сага - ашыкчамын.
Ушунум - айрыкча муң!..
Көкүрөктө кубаныч барактарын,
жалмоодо…
кусалыктан бүркүп чыккан -
ысык жалын!..
Кыйноодо мени чыны - сүйүүгө таңкыстыгым.
Кыйноодо мени абдан - жакырлык, жалгыздыгым!..

Жокчулук жондон тилип турган кезде,
жолуккан сүйүү азап экендиги,
эң туура - жалгыз бүтүм.
Бар үчүн көкүрөктө,
сүйүү деп атап алган адамдар,
улуу сезим -
азаптын кампасы мол,
бактынын жолу шыдыр.
Барбы сөзүң?..

Булбулум…
Ак пейил, ак билегим…
Көзүңдүн агы жана карасынан,
бакытым, азабым да өрүлгөнүн…
бир билгеним - сен билбедиң…

Мен сени ысык көрдүм -
төбөмдө кайнап турган Күндөн дагы.
Мен сени таза көрдүм -
наристеден дүйнөгө келген жаңы.
Көрдүм мен көздөрүңдөн -
аруу, ак сезимимдин булак башын.
Көргүн сен көздөрүмдөн -
“Сүйөм”-деп, калп айтпашым.
Каалагам тагдырымдын -
сүйүүмө сук артпашын, ок атпашын…
Атты ал,
уратып салды мени сөзүң менен.
Урандылар алдында кала берди,
ууз сүйүү, аруулук өзүң берген!..
Тагдыр - мерген…
Тагдыр - мерген…
Бирок эркем…
Сага менин сүйүүм барда Күн сыңар,
тагдыр парда тосуп келсе сүйүүмө,
төгө берем… төгө берем…
нурумду тек сен жашаган үйүңө…

Асылбеков Бектемир
Түндүгү бир махабаты ар башка,
түгөйлөр көп бала менен байланган.
Сүйүүсү жок киргизүүчү жан ташка,
канча тагдыр таш айкелге айланган!

Тура качса тынчтык сенин бүлөңдөн,
дүйнөнүн бул тынчтыгы да бир тыйын!
Тынчтык, сүйүү киндиги бир төрөлгөн,
бир-биринен бөлүп салсаң: - оо, кыйын!

Алаканга салган сыңар ак дүйнөң,
алкы бузук шул дүйнөгө жатпы дейм…
Алаканга көтөрөмүн, бапестеп,
аманатым, сенин барың бакты дейм!

Ташка алып турса тагдыр сүйүүнү,
мүгдүрөбөй, керек буга сүйүнүү!
Мүмкүн биздин чоң сыноолор азыркы,
эртең бизге болуп берет сүйүнчү!

Мүмкүн биздин чоң сыноолор азыркы,
эртең бизге болуп берет сүйүнчү!

Бектемир Асылбеков
02.07.25
23:06
Channel photo updated
Биздин каналдын жүзү "логотип".😁
👍1👏1