Kloop кыргызча
930 subscribers
14.3K photos
839 videos
8 files
20.5K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитети 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун карап чыгып, жактырды. Бул отурум күн тартибинде а түгүл болгон да эмес.

http://bit.ly/3bTrHFF
2-мартта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. «Баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө жөнүндө кол катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти Бишкек шаардык сотунан.

http://bit.ly/3sFnxbh
Whatssap мессенджеринде Араван районундагы аймактык милиционер Эйваз Исмаиловдун Avatarify тиркемеси аркылуу жасалган видеосу тараган. Анда Исмаилов Modern Talking тобунун You my heart you my soul аттуу ырынан үзүндү аткарып жатканын көрүүгө болот. Тасманы тараткан тургун табылып, ал кечирим сурады. Ош ОИИБи эми видеону жасаган кишини издеп жатат.

https://bit.ly/3sGbASz
Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы 1971-жылы курулган Омор уулу Кожоке атындагы мектеп 2017-жылы «кооптуу» деп табылган. Бир жылдан кийин тендер өткөрүлүп, аталган айылга жаңы мектептин пайдубалы түптөлгөн. Бирок каражаттын жоктугунан улам курулуш ошол боюнча токтоп турат.

https://youtu.be/V-xzWuXnKyQ
11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ошол эле күнү, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өтөрүн бийликтегилер четке каккан жок. Биз бул шайлоо мүмкүн болушунча ачык жана калыс өтүшүн каалайбыз.

23-февралда байкоочулар топтолуп жатканы тууралуу жарыя берилгенден кийин катарыбызга 2000дей киши кошулду. Биз буга абдан кубанып турабыз! Бирок, өлкөдөгү ар бир шайлоо участогун байкоого ала билүү үчүн, бизге дагы 1000дей киши керек болуп жатат.

Ошондуктан, байкоочуларды кабыл алуу дагы бир жумага узартылды.

http://bit.ly/385e9G6
Kloop кыргызча pinned «11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ошол эле күнү, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өтөрүн бийликтегилер четке каккан жок. Биз бул шайлоо мүмкүн болушунча ачык жана калыс өтүшүн каалайбыз. 23-февралда байкоочулар топтолуп…»
Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк банктан бөлүнгөн акча каражатына лопинавир, ритонавир препараттарын сатып алмак. Бирок кийин Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан ал дарылар тизмеден чыгарылган. Министрлик ага карабай дарылар сатылып алынган.

https://bit.ly/3b99Efu
Кара-Суу районунун Маданият айылындагы №42 мектебинен өрт чыгып, эки класс жана коридор толугу менен күйүп кетти. Мектептин директору кырсыктан эч ким жабыркабаганын билдирип, өрт өчүрүүчүлөр дээрлик жарым саатка кеч келгенин айтты.

https://bit.ly/3sH5DVC
Жогорку соттун соттук коллегиясы 2-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция ишин карап, адвокаттардын ишти жандандыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку сотко ишти жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Токтакуновдун айтымында, мамлекетке зыяндын кандай түрү келтирилгени так көрсөтүлгөн эмес.

http://bit.ly/2NPwIY2
Алмаз Үсөнов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында эки сааттан ашык сурак берген. Андан сырткары ал Сегизбаев президенттик шайлоо алдында штабын жетектеген.

https://bit.ly/2MF4wq0
«Аллаху акбар» деген кыйкырык менен видео тарткан балдардын өздүгү аныкталды. Алар Өзгөн районунун тургундары болуп чыкты. Милициядан билдиришкендей, ок атуучу куралды көзөмөлсүз балдарына берип койгондугу үчүн ата-энелерге айып салынат.

https://bit.ly/3uOWkot
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-мартта Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Президенттин басма сөз кызматы Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын «канааттандырарлык» деп баалаганын билдирди.

https://bit.ly/3sMkluG
Кыргызстандан мунайды жана мунай заттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

http://bit.ly/3kDaBjv
Рыскелди Момбеков референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин арасында каза болгон Алмазбек Акматов жана абактагы Кубанычбек Жумалиев болгонуна таң калды.

«Коштоочу документ илинип турат, 1-мартта киргизилиптир. Анан 1-мартта кирген документте 65 депутаттын колу турат, айтып коюңуздарчы: Акматов Алмазды кечээ жерге бердик го. Ал кантип кол койду? Өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар? [...] Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатып кантип кол койду?» — деп суроо узатты Момбеков.

https://bit.ly/2NVq2Yh
УКМК «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которушканын маалымдады — кримтөбөл «кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга» шектелип, жалпысынан 250 млн сомдон ашуун зыян келтиргенин айтылууда. Калган 200 млн сомго чукул каражатты Көлбаев апрелдин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек.

https://bit.ly/3b8rj7c
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 2-мартта «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын эки кызматкери жана Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Турускул» салмак көлөмдүк көзөмөл пунктунун эки инспектору кармалды.

https://bit.ly/2PpYD0V
9-марттан баштап Бишкектеги муниципалдык бала бакчалар өз ишин жандандырат, ал эми бардык мектептерде башталгыч класстын окуучуларын офлайн-окутууга уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

https://bit.ly/3sLlHFK