Kloop кыргызча
931 subscribers
14K photos
802 videos
8 files
20.1K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Ош: Мэриянын алдына борбордук базардын соодагерлери митингге чыгышты

22-июлда Ош шаардык мэриясынын имаратынын алдына беш жүздөн ашык соодагер нааразычылык акциясына чыкты. Алар шаардагы борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы.

«Биз бул базардын жылышына нааразыбыз. Себеби, базар башынан кылымдарды өткөргөн, тарыхый базар, кербен сарайы, Жибек Жолу өткөн. Бул базарыбызды тескерисинче реконструкциялап, Ак-Буура жакты бийик кылып тосуп, элге шарт түзүп бериши керек. Бул жерде кагаз жүзүндө 9 жүз ишкер бар дегени менен бул жердеги ишкерлердин саны 3 миң үй-бүлөдөн ашат. Ошончо үй-бүлөнүн тиричилигин, түйшүгүн ким ойлоп жатат? Эч ким ойлогон жок», — деди соодагерлердин бири.

Алардын айтымында жаңы базарга көчүп, бир-эки жыл ичинде иш жүрүшүп кеткиче ишкерлер артка кетип калат.

«Өздөрүнүн үй-бүлөсүн каржылай албай калышат. Мисалы, банктан бизге эч качан жеңилдик бербейт. Ар бир ишкер башында киреше киргизебиз деп банктан акча алышкан. Азыр 100-200 миң менен оборот болбойт. Ар бир адамдын башында кеминде бир миллиондон карызы бар. Эгер биздин жерге мамлекет ушунчалык кызыкдар болсо, ар бир ишкердин жерине барып, контейнерлерин жана товарларын нак акчага сатып алсын, анан жыл деп айтсын. Эч ким бекер отурган жок ал жерде», — деди ал.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Оштун борбордук базарынын соодагерлери менен жолукканда базарга кепилдик жок экенин айтып, аны башка жакка жылдырып берүүнү убадалаган.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы базар эки айда көчүрүлөт деп маалымдаган.

#кабарлар
22-июлда Ош шаардык мэриясынын алдына борбордук базарынын 500дөн ашык соодагери митингге чыкты.
Алар шаардагы базардын көчүрүлүшүнө нааразы.

Видео: Kloop
Ош: Ак-Бууранын жээгин тактоо боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия түзүлдү.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн топ ишти тактап, мониторинг жүргүзгөндөн соң, жыйынтыгынын негизинде сунуш беришет.

14-июлда нөшөрлүү жамгырдан кийин Ак-Буура дарыясы нугунан чыгып, Ош шаарынын борбордук базарын каптаган. Сел сууларынан калктуу аймактар дагы жабыркап, 800гө жакын турак үй, унаа жолдору, электр чубалгылары жарактан чыккан. Коммуналдык авариялар катталган.

ӨКМден сел беш кишинин өмүрүн алганын билдиришкен. Натыйжада, төрт кишиден турган үй-бүлө каза болду: 6, 10 жана 19 жаштагы үч кызы менен 44 жаштагы аял. Аларды «Мөл-Булак» эс алуу жайындагы сел алып кеткен. Каза болгон бешинчи киши — 39 жаштагы аял. Аны сел Оштун борбордук базарынан алып кеткен.

#кабарлар
Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти үч жактоочу акысыз алып барат

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти жактоочулар Атыр Абдрахматова, Эсения Рамазанова жана Назира Абдумуминова акысыз алып барышат. Бул тууралуу «Клоопко» Атыр Абдрахматова тастыктады.

Маалыматка ылайык, келишимге 20-июлда кол коюлду.

Reporter.kg басылмасы кудасы Наркул Абдуллаев адвокат болгондуктан Айтурган Маматкулованын үй-бүлөсү менен иштешүүгө бир да жактоочу макул болбой жатканын жазган.

Буга чейин Акыйкатчы институтунан 25 жаштагы аялдын өлүмү боюнча ишти акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алганын билдиришкен. 17-июлда Башкы прокуратурадан аялга карата «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, иш алардын көзөмөлүндө экенин белгилешкен.

Айтурган Маматкулова 7-июлга караган түнү Бишкектеги №4 ооруканада көз жумган. Маркумдун кайын журту ал «дары ичип алып, ооруканага түшкөнүн» айткан.

Ал эми Айтургандын энеси «кызым киши колдуу болгон, күйөө балам талуу жерге уруп койгон» деген пикирин билдирген. Жеңеси болсо Айтурган мурда да «күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып келгенин» айткан.

#кабарлар
Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кызынын кармалышы боюнча үн катты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «7-каналга» курган кезектеги маегинде парламенттин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кыздарына карата ачылган кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча кылмыш ишине комментарий берди. Буга чейин Айдай Турсунбекова ТИЗОдо экени, дагы бир кызы Бегимай үй камагында экени белгилүү болгон.

Журналист Ташиевден бул иш жеке менчикке кол салуу болуп калбайбы деп сурады.

«Мен так кесе айтып коёюн, биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт», — деп жооп берди Ташиев.
Анын айтымында, 2010-жылы «Акылинвестбанк» рейдерлик жол менен Максим Бакиевден Турсунбековдорго өтүп, «Капитал банк» деп өзгөртүлгөн. Мындан тышкары, Ташиев Чыныбековдор илгерки Бишкек арак заводунун 1,5 гектарга жакын жерин жана Ысык-Көлдөгү 18 га жерди мыйзамсыз менчиктештирип алышканын билдирди.

«Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып аткан жокмун. Мамлекетке кайтартып атам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев алар Чыныбай Турсунбековдун кыздарынан акча алышкан делген маалымат чындыкка коошпогонун билдирди. Анын айтымында, ишкерлерди өздөрүнүн эле юристи Ташиев ишти 5 млн долларга жаап берет деп айтып алдап кеткен. УКМКнын башчысы юрист жана анын күйөөсү кармалды.

«Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Андан калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз, мисалы ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү ж.б. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн — элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз», — деп жыйынтыктады сөзүн Ташиев.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары жана алардын адвокаттары УКМКнын башчысынын билдирүүсүнө азырынча комментарий берише элек.

Capital Bank мурда «АкылИнвестБанк» деген ат менен белгилүү болчу. Бул банкты 2008-жылы Максим Бакиевдин айланасындагы адам сатып алып, 2010-жылдагы революциядан кийин капиталдаштыра албай калган. 2012-жылы болсо банкты Турсунбеков сатып алып, атын өзгөрткөн.

#кабарлар
Ош: Жаңы базар «Мегаполис» соода борборунун жанына курулат

Оштун мэри Бакыт Жетигенов жаңы базар Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода борборунун маңдайындагы 7 гектар жерге куруларын билдирди.

Маалыматка ылайык, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин август-сентябрь айларында азыркы базар иштеп турат.

Анткен менен 22-июлда шаардык мэриянын алдына митингге чыккан соодагерлер Ак-Буурадагы көпүрөлөр бузулуп, базарга дээрлик адам каттабай калганын айтышууда.

Буга чейин Жетигенов борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген. Бирок, базардын ал жакка көчүрүлүүсүнө соодагерлер нааразы болушкан эле.

#кабарлар
23-26-июль күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Туруксуз аба-ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сел коопсуздук эрежелерин сактоону кошумчалады.

«Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз. Үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз. Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз. Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз», — деп билдиришти ӨКМден.

#кабарлар
Ош: Нааразычылык акциясына чыккандардын арасынан төрт кишини милиция алып кетти

Ош ШИИБден милицияга массалык башаламандыктарга үндөп, провакацияга алдырган адамдар байкалып жатат деген маалымат келип түшкөнүн билдиришти.

«Шектүүлөр учурда тергөөдө. Тергөө аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет», — дешти милициядан.

Андан тышкары, Ошто болсо тынчтык жүрүштөрүн өткөрүүгө тыюу салынганы белгилүү болду.

«Сот 27-июндан декабрга чейин Ош шаарында Ататүрк паркынан тышкары тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салуу чечимин чыгарды», — деп жазды «Интербилим» Ош филиалынын аймактык менеджери Гүлгакы Мамасалиева.

Буга чейин Ош шаардык мэриясынын имаратынын алдына борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон 500дөн ашык соодагер нааразычылык акциясына чыккан.

Сүрөт: «Азаттык»

#кабарлар
Математика боюнча эл аралык олимпиада: Кыргызстандык окуучулар бир алтын, үч күмүш медаль утту

Кыргызстандын математика боюнча курама командасы Эл аралык математикалык олимпиадада биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, аталган олимпиадада Кыргызстандык окуучулар бир алтын, үч күмүш медаль жана эки грамотага ээ болушту.

Биринчи орунду 29 упай менен Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев ээлесе, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус, Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искендеров жана Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев күмүш медаль жеңди.

Ал эми «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов жана №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу Султан Мусахожаев ардак грамота алышты.

Олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.

#кабарлар
Ош шаарында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Ош шаардык сотунан «Клоопко» билдиришкендей, чечимди сот 28-июнда шаар мэриясынын кайрылуусу боюнча чыгарган.

Соттун чечимине ылайык, 2024-жылдын 27-июнунан 31-декабрга чейин мэриянын алдында жана калаанын борбордук аянтында митинг өткөрүүгө болбойт. Митингдерди К. Ататүрк атындагы паркта өткөрүүгө болот.

Митингдерге тыюу салынганы кечээ Оштун борбордук базарында иштеген соодагерлер базарды көчүрүүгө каршы чыкканда белгилүү болду. Бул митингде милиция төрт кишини кармаган.

Митингдерге тыюу Бишкекте дагы бар. Калаа борборунда эки жылдан ашык убактан бери митинг өткөрүүгө болбойт. Акыркы сот чечимине ылайык, тыюу 2024-жылдын 30-сентябрына чейин күчүндө болот.

Бишкекте митинг өткөрүүгө биринчи жолу 2022-жылдын март айында, Орусиянын элчилигинин жанында Украинага колдоо көрсөтүү максатында өткөн согушка каршы бир нече акциядан кийин тыюу салынган. Ошол учурдан бери сот тыюуну үч ай сайын узартып келет.

#кабарлар
Москвада 22 жаштагы кыргызстандык киши өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип кармалды

Москванын Тергөө комитетинин Телеграм-каналы «Киши өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси менен 22 жаштагы кыргызстандык кармалганын билдирди.

Ведомство шектүүнүн кыз кишиге кол салып жатканынын видеосун жарыялады.

«Ал көчөдөн өтүп бараткандар меджардамга кайрылышкандыктан кылмыштуу ниетин аягына чыгара алган эмес, жабырлануучу тез арада шаардык ооруканага жаткырылды», — деп билдирди Тергөө комитети.

Кылмыш 22-июлда Москва шаарынын түштүк-батышындагы соода борбордун жанында жасалган. Ал кызга кеминде үч жолу бычак сайган. Kaktus.media жабырлануучу анын жубайы экенин жазды.

#кабарлар
Ош — Ноокат жолунда кырсыктан жубайлар каза тапты, үч адам ооруканага түштү

Ош — Ноокат унаа жолунда эки унаа кагышып жубайлар каза тапты, үч киши ооруканага түштү. Маалыматты «Клоопко» 23-июлда Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 21-июлда саат 17:20 чамасында Ош-Ноокат жолундагы Жапалак айылында болгон. Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесинде келе жаткан Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Гулистан айыл аймагынын тургундары — Toyota Avensis унаасынын 70 жаштагы айдоочусу жана анын жубайы окуя болгон жерде каза тапкан.

Ал эми үч жүргүнчү денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алар бир үй бүлө мүчөсү болушкан.

#кабарлар
Президент ишкерлер менен инвесторлорду коргоону күчөткөн мыйзамга кол койду

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Документке ылайык, Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердик ишмердүүлүккө тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене менен толукталды.

Ошону менен бирге ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени кароодо соттор биринчи кезекте электрондук билериктерди (электрондук байкоо жүргүзүү), күрөө же үй камагын колдонууну кароого милдеттүү болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

#кабарлар
УКМК «Айчүрөк (ЦУМ)» соода борборунун ээси Анвар Маметовго карата кылмыш ишин токтотту

Мамкомитеттен Маметов (Габбазов) 16-июлда Кыргызстанга келип, анын «активдүү катышуусу менен тергөө органдары бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөнүн» билдиришти.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, А. Маметовго мурда коюлган айыптар анын УКТнын ишмердүүлүгүнө жана каржылоого тиешеси жок болгондуктан алынып, ага карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду», — деп белгилешти УКМКдан.

2023-жылдын ноябрында УКМК Маметовду эл аралык издөөгө жарыялаган. Ошол учурда УКМК Маметов «Камчы Колбаевдин УКТ мүчөлөрүн каржылаган жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу менен алектенген» деп маалымдашкан. Ага карата «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Баткен: Мас абалында унаа башкарган айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулду

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Сардарбек Темирбаев кызматынан бошотулду. Райондун акими кол койгон жарлыкта ал «ишенимди жоготкону үчүн» кызматтан алынган.

5-июнда Темирбаев мас абалда унаа башкарганы үчүн протокол түзүлгөн. Материалдар Лейлек райондук сотуна өткөрүлүп, 14-июнда айыл башчы укук бузганын мойнуна алган.

Сот аны 3 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

#кабарлар
Бишкек: Мэрия автоунааларды көчөгө кезек менен чыгарууну сунуштады

Мэрия тиешелүү мыйзам долбоорун 22-июлда коомдук талкууга койду. Ага ылайык, эгерде унаанын мамлекеттик номуру төмөндөгү сандар менен аяктаса, аталган күндөрү унааны башкарууга тыюу салынат:

🔹1 жана 2 - дүйшөмбү күндөрү;
🔹3 жана 4 - шейшемби күндөрү;
🔹5 жана 6 - шаршемби күндөрү;
🔹7 жана 8 - бейшемби күндөрү;
🔹9 жана 0 - жума күндөрү.

Эрежени бузган жеке тараптарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

Чектөөлөр ишемби, жекшемби жана жумуш эмес майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 7:00дөн 21:00гө чейин иш күндөрү күчүндө болот. Тыюу атайын, нөөмөт жана коомдук унааларга жайылтылбайт.

Мэрия аталган чараларды көрүү Бишкек жана Ош шаарларынын унаа жолдорун күн сайын болжол менен 20%га жеңилдетүүгө алып келет деп эсептейт.

Мэриянын 1-июнга карата маалыматы боюнча, Бишкекте 600 миңден ашык унаа жүрөт. Алардын ичинен 150 миңи чет элдик унаалар. Ошол эле учурда шаар жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миңге жакын.

Мэрия ошондой эле изилдөө жүргүзгөнүн, ага ылайык, айдоочулардын 52%дан ашыгы автоунаада жалгыз, 33%ы бир жүргүнчү менен, ал эми Бишкек шаарынын тургундарынын 3,2%ы гана үч же андан көп жүргүнчүсү менен жүргөнүн билдирди.

#кабарлар
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
‼️Кара-Суу районунун акими УКМК тарабынан кармалганы айтылды

Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев УКМК тарабынан кармалганын анын орун басары Улан Батыров «Клоопко» тастыктады. Атайын кызмат азырынча бул боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, Абыкеев УКМКга Ынтымак айыл аймагындагы жерлердин сатылышы боюнча суракка чакырылганын жазган.

Ал эми 19-июлда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Оштогу селдин кесепеттери боюнча жыйында Кара-Суунун Жаңы-Арык айыл аймагында 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, эгер акимдин тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан.

Темирболот Абыкеев Кара-Суунун акими болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин Оштун Чоң-Алай районунун акими болуп иштеген.

#кабарлар