Kloop кыргызча
856 subscribers
13.4K photos
734 videos
8 files
19.8K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Жогорку Кеңеш өлкөдө электрондук чылымга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

26-июнда парламент депутаттары өлкөгө электрондук тамеки ташып келгендерге, сатканарга жана аны колдонгондорго айып салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ага ылайык, белгиленген жерден тышкары электрондук чылым жана вейп чеккендер 10 миң сом айыпка жыгылат. Бир нече депутат коррупциялык тобокелдиктер бар экенин айтып, айыптын өлчөмүн азайтууну сунушташты. Бирок сунушу колдоо тапкан жок.

Ошондой эле электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган. Электрондук чылым ташып келгендерге 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Долбоорду демилгелегендер мыйзамдын максаты жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо экенин айтышууда.

#кабарлар
Балыкчыда 24,7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Балыкчыдагы айланма жолдун жанындагы 2,7 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Ошондуктан прокуратура сотко доо арыз менен кайрылган.

Жыйынтыгында жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Анын базар баасы 24 миллион 750 миң сомго бааланууда.

#кабарлар
ӨКМ: Тик учактын ижарага акысына 157 миң сомдон ашык төлөнгөн, баары мыйзамдуу

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өлкө башчы Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын «колун сураган» видеодогу тик учак мыйзамдуу түрдө ижарага берилгенин билдиришти.

«Алдын ала жеке жак менен ушул жылы 21-июнда бир саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 миң 662 сом төлөгөн», — деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле, жеке жактарга ижарага берилген тик учактан түшкөн каражат мамлекеттин эсебине түшүп, жаңы тик учактарды сатып алууга же башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолорун кошумчалашты.

Буга чейин президенттин карындашы Лаззат Нургожоева «болочок жолдошу тик учак менен келип колун сураган» видеону жарыялаган. Бул үчүн ӨКМдин тик учагы ижарага алынып, аларды тоого алып чыгышкан.

Видео жарыяланган күндүн эртеси Жапаров карындашынын шаан-шөкөтү үчүн кечирим сураган.
Боорукер автократ. Жапаров кемпир-абадчыларга күтүүсүз ырайым кылганы боюнча эксперттер эмне дейт

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары Кыргызстанда жарандык эркиндиктерди туш-туштан муунту болуп атканда сот тарабынан акталганы жалпы трендге карама-каршы келип калып атканы менен таң калыштуу болууда. Себеби Кемпир-Абадды коргоп чыккандар ТИЗОдо отурган бир жарым жылдан ашык убакытта журналист, активист, саясатчы жана акындар темир торго түшүп атты.

«Клооп» мындай күтүүсүз ырайымдыктын себептери эмнеде экенин эксперттерден сурады.

🔴 https://bit.ly/45ETnJM
(бул күзгү версияга шилтеме, бөгөткө карабастан ачылат)
Аталар күнү болбойт, бирок ата-энелер күнүн белгилейбиз — парламент мыйзам долбоорун жактырды

26-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызстанда ата-энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Депутаттар 15-мартты ата-энелер күнү катары белгилөөнү чечти. Бирок бул күн эс алуу күнү болбойт.

Мыйзам долбоорун 81 депутат бир добуштан колдоду.

Парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Венера Раимбачаеванын айтымында, мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө ата менен эненин ролун жана кошкон салымын тааныйт. Ошондой эле ал үй-бүлөнү чыңдоого жана ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Ал эми май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнү кадимкидей эле белгиленет.
Ош: «Алтын» кафесинде өрт чыкты, жабыркагандар жок

ӨКМден билдиришкендей, 26-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» кафесинде өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 17:20ларда ӨКМдин жергиликтүү бөлүмдөрү тартылган. Жалпы аянты 1100 чарчы метрди түзгөн өрт саат 19:04дө чектөөгө алынган. Жабыркагандар жок.

#кабарлар
ЖК кыргыз тилин В1ден төмөн эмес деңгээлде билгендер гана судья боло алат деген мыйзам долбоорун жактырды

Парламент депутаттары 27-июндагы жыйында мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул мыйзам долбоорун депутат Шайырбек Ташиев демилгеледи. Анын айтымында, ал мамлекеттик тилдин укуктук негиздерин бекемдөө, сактоо, кыргыз тилин колдонуу жана бардык категориядагы жарандар үчүн сот адилеттигине бирдей жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында иштелип чыккан. Өзгөртүүлөр шайланган же азыр иштеп аткан судьяларга эмес, судьялык кызматка талапкерлерге гана жайылтылышы керек.

Ошондой эле, документке ылайык, жакын туугандары кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болгон же оор кылмыштар үчүн соттолгон туугандары бар адамдар судья боло албайт.

#кабарлар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө макулдашуу ратификациядан өттү

Тийиштүү мыйзам долбооруна 27-июнда президент Садыр Жапаров кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 19-июнда дароо үч окуудан кабыл алган.

Бул мыйзамдын максаты — Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөтттөрүнүн ортосундагы Темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. [...] Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат, — деп белгиледи президенттин басма сөз кызматы.

Буга чейин Кытай темир жолдун курулушуна 2 млрд 350 млн доллар өлчөмүндө насыя берери белгилүү болгон. Үч өлкө Кыргызстандын аймагында темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн Биргелешкен долбоордук компания (БДК) түзүшөт. Бул комнияда үлүштүн 51%ы «Кытай темир жолдору» алат, ал эми «Кыргыз темир жолу» жана «Өзбекстан темир жолдоруна» 24,5%дан үлүш тиет.

Президенттин айтымында, салынган каражаттар акталганда, эки тарап долбоордон чыгып, 100% Кыргызстанда калат.

#кабарлар
ЖК саясий репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июндагы жыйында 1918-1953-жылдары саясий жана диний көз караштары үчүн репрессиядан жабыркаган жарандарды реабилитациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.

Парламентарийлер документти РСФСРдин 1961-жылга чейин Кыргызстандын аймагында колдонулган 1922 жана 1326-жылдагы Жазык кодексинин айрым беренелери боюнча соттолгон жарандар реабилитацияланууга тийиш деген берене менен толуктоону сунуштап жатышат.

Саясий репрессиянын белгилери катары бийликтин «Кызыл террор жөнүндөгү» токтомунун негизинде кабыл алынган чечимдери, басмачылыкка каршы күрөшүү боюнча көрсөтмөлөрү, мамлекеттик кылмыштар жөнүндөгү жоболор, байлыкка, манаптыкка жана кулактарга каршы күрөш боюнча токтомдор саналаары белгиленген.

Мыйзамда реабилитация боюнча комиссия түзүү да каралган, анын чечими боюнча адам саясий репрессиянын курмандыгы деп таанылат. Анын курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, Мамлекеттик архивдин, Акыйкатчы институтунун, прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери кириши ыктымал.

Идеянын авторлору мыйзам долбоору сталиндик репрессиянын себептерин жана масштабын аныктоого, ошондой эле «тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө» мүмкүндүк берерин баса белгилешти.

Айрым маалыматтарга ылайык, бөтөнчө 1937-1938-жылдары күчөгөн репрессия учурунда Кыргызстанда 20 миңден 40 миңге чейин адам атууга кеткен.

#кабарлар
Бастрыкин Орусия бийлиги мигранттарды кармап алып, Украинага окоп казганга жөнөтүп жатканын билдирди

Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин алар Орусиянын паспортун алган жарандарды Украинага согушка жөнөтүп жатышканын билдирди. Ал муну мигранттардын санын кыскартуу боюнча «фишка» деп атады.

«Биз билесиңерби, мигранттар Орусиядан акырындап кете баштаганына алып келген фишканы таптык. [...] Биз андай аскердик каттоого тургусу келбеген, бирок жарандык алгандардын 30 миңден ашыгын кармадык. Алардын ичинен 10 миңдейи Атайын аскердик операция аймагына жөнөтүлдү», — деп билдирди Бастрыкин.

Анын айтымында, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жарандык алгандар аскердик каттоого турганга милдеттүү жана керек болсо согушка катышышы керек.

Ал Орусияга эмне үчүн андай мигранттар керек деген өзүнүн суроосуна күлүп, окоп казганга жана бекемдөө курулуштарын курганга жумушчу колдор керек деп жооп берди.

Ошондой эле ал 2024-жылы төрт айдын ичинде Москва, Москва облусуна жана Санкт-Петербургга дээрлик үч млн мигрант келгенин кошумчалады.

Бастрыкин буга чейин да Украинага согушка мигранттарды жөнөтүү жана миграциялык көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып келген. Ошол эле кезде Борбор Азиянын бийликтери өз жарандарынын согушка катышуусу жалданмачылык беренеси боюнча кылмышка баруу катары бааланарын бир эмес, бир нече жолу айтып келишет.

#кабарлар
Президент уран казууга тыюу салган мыйзамдын күчүн жоготкон мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 27-июнда 2019-жылы Кызыл-Омпол уран кенин казууга каршы наарызылыктардын шартында кабыл алынган «КР уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамынын күчүн жоготту деп тааныган мыйзамга кол койду.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин Минкаб сатуу үчүн сейрек кездешкен металлдар казып алынат деп ишендирген. Алсак, бийлик титаномагнетит сатууну көздөйт, металлдын басымдуу бөлүгү Кызыл-Омпол кенинде жайгашкан. Бул кенди бийлик өзү иштетүүнү көздөп жатат.

Президент буга чейин Кызыл-Омполдогу уран жана металлдардын баары казып алынгандан кийин жер «тазаланып» каларын билдирген. Ал Кызыл-Омполду «экинчи Кумтөр» деп атап, кенди иштетүү миңден ашык жумуш ордун түзөрүн, ал эми кирешенин 100%ы өлкөнүн бюджетине түшөрүн билдирген.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz
ТИМ: Алматыда көп кабатуу үйдөн кулап каза болгон кыздын сөөгү мекенине алып келинет

Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Алматы шаарында көп кабатуу үйдүн терезесинен кулап каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык кыздын өлүмү тууралуу комментарий берди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-июнда Алматыдагы Сейфуллин №31/50 көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Маркум 7-кабатынын терезесинен кулап түшүп, алган оор жаракатынан каза болгон. Ал Алматыга ушул жылдын 21-майында барган.

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу маркумдун сөөгүн мекенине алып чыгып кетүүгө уруксат алган. Азыркы учурда «жүк 200» аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүрүүдө.

#кабарлар
Ош: Кылмыштуу топтун отузга жакын лидер жана мүчөлөрү кармалды

Ош шаарында Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун отузга жакын лидерлери жана активдүү мүчөлөрү жашыруун жыйын өткөрүп жаткан учурунда кармалды.

Бул тууралуу 27-июнда шаардык милициядан билдиришти.

Окуя боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда диний-экстремисттик уюмга таандык китеп, баракча жана электрондук жабдыктар табылып, мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дарылар алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 16 шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, анын ичинен 14үнүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди. Тергөө иштери уланууда.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Кара-Суу: Журналисттер аким аларды коркутканын айтышты, окуя териштирилүүдө

Ош облустук милициясы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында «журналисттер коркутууга кабылганы» тууралуу соцтармактарда тараган маалыматты териштирүүдө.

«Бул факт 26-июнда Кара-Суу РИИБге каттоого алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган окуяга тиешеси бар атуулдардын өздүгү такталып, тергөө кызматына камсыз болууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — деп билдиришти облустук милициядан.

24-июнда «Ош ТВ» телеканалынын эки кызматкери материал даярдоо үчүн Кожокелең айылында баратып, «ажы той» өтүп жаткан жерде унаа тыгынына кабылган. Унаалардын арасынан Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык номур тагылган Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевге таандык унааны байкашканын айтышат. Медиа кызматкерлери акимдин иш убактысында тойдо жүргөнүнө кызыгып суроо беришкенде, ал тургундар менен жолугушууга келгенин айткан.

Журналисттердин маалыматында, ал айланасындагы кишилер менен бирге алардын телефон жана камераларын күч менен тартып алып, видеону өчүртүшкөн. Абыкеев «Кактус медиага» берген комментарийинде айтылгандардын баарын четке кагып, айыл тургундары менен жолугушуу өткөргөнүн айткан.

Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп өткөн жылы декабрда дайындалган. Ага чейин Чоң-Алай районун жетектеп келген. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.
U-23: Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы жети медаль жеңди

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбандар биринчи күнү эки алтын, бир күмүш жана төрт коло байге утушту.

Аманат Самат уулу (67 кг) менен Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алтын, ал эми Аркыт Орозбеков (130 кг) күмүш алса, Акыл Сулайманов (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) коло медалга ээ болушту.

Мелдеш 30-июнга чейин уланат. Буга чейин Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы өспүрүмдөр арасындагы (U-17) Азия чемпионатында 10 медаль утуп, командалык эсепте 2-орунду ээлеген.

Сүрөттө Нурманбет Раймалы уулу.
Ош: Ишкерден он миллион сом опузалоого шектелген эки тургун кармалды

Оштун Чоң-Алай районунда ишкерден он миллион сом опузалап, 44 миң 400 доллар алып жаткан жеринен эки жергиликтүү тургун кармалды.

ИИМдин маалыматын ылайык, ишкер милицияга арыз менен 18-июнда кайрылган. Ал Чоң-Алайдын Карамык айылында көмүр каза баштаганда аны бирөөлөр коркутуп, 10 млн сом опузалаганын айткан.

Бул боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 59 жана 54 жаштагы эки тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иши уланууда.
«Падышадай жашап келген». ТИМ Пакистандагы элчинин кызматтан кетишинин себебин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров 27-июнда «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяевди кызматтан алды.

Тотуяевдин өзү буга макул эмес. Кызматтан кеткенден кийин ал «Азаттыкка» интервью берип, чечимди «бир тараптуу» деп атады. Тотуяев тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын орун басары Авазбек Атахановдун президентке жазган катынан кийин кызматтан алынганын билдирди.

«Тотуяев кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген. Ошол эле учурда ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар кайтарган резиденцияда «падышалык» шарттарда жашап келген. Элчиликке төрт унаа бөлүнсө, экөөсүн уятсыздык менен өзү жана жубайы үчүн пайдаланып келген. Ал эми калган кызматтык унааларды кызматкерлер кезектешип пайдаланууга аргасыз болгон», — деп билдиришти ТИМден.

«Тотуяев интервью берип жатканда этикага сыйбаган маалыматтарды айтып койгонун, анын иш-аракетине тиешелүү компетенттүү органдар дагы тартылуусу мүмкүн экенин» кошумчалашты мекемеден. Анткени ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгон.
‼️Ноокатта селден каза тапкандардын саны 5ке жеткени айтылды, издөө уланууда

Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, 5 адамдын сөөгү табылганы айтылды. Издөө иштери уланып жатат.

ӨКМдин маалыматына караганда, 28-июнь саат 16:10 чамасында Абшыр-Ата айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.

Сел суулары бир нече айылдагы социалдык объекттерди жана бир катар турак үйлөрдү каптаган.

Ал эми Алашан айылынын Найман сайына түшкөн сел Ош — Раззаков жолундагы Найман көпүрөсүн басып калган. Мындан улам айдоочуларга жолго чыкпай туруу сунушталды.

Учурда жеринде тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү иш алып барышууда, ӨКМ кошумча маалымат берүүнү убадалады.

#кабарлар
Үч округдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун баштапкы жыйынтыгы

30-июлда Ысык-Көл, Ноокат жана Свердлов бир мандаттуу окуругдары боюнча мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өттү.

Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдөн Айжигит Тыналиев, Ноокаттан Бакытбек Марипов, Бишкектин Свердлов окуругунан Жумабек Салымбеков алдыда келе жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катышкандардын саны аз болду. Ал эми добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгы кол санактан кийин чыгарылат.

#кабарлар