Kloop кыргызча
931 subscribers
14K photos
802 videos
8 files
20.1K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Баткен: Сел үч бодо малды жана 14 майда жандыкты агызып кетти

Баткен облусунун райондук администрациясынан 23-июнда Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөнүн билдиришти.

Маалыматка ылайык, табигый кырсык адам өмүрүнө зыяк келтирген жок. Бирок, сел 16 үйдүн короосуна, үч турак жайдын жер төлөсүнө, эки сарайга кирип, үч бодо, 14 майда жандыкты агызып кетти.

Мындан сырткары 19 миң 340 метр чарбалык жолго, 1 миң 100 метр унаа жолуна, 6 миң метр ички чарбалык алыштарга, 4 миң метр сай жээгине, 50 сотых эгин талаасына зыянын тийгизген.

Учурда жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүп, тазалоо иштери уланууда.

#кабарлар
Kloop кыргызча
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Врачтар буту эскалатордо «чайналып калган» үч жашар кызга операция жасашты

Наристеге кыймылсыз сынык, булчуң жана тарамыштары чайналып калган деген диагноз коюлган.

«Баланын кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калган. Мындан улам кызга операция жасоого туура келген. Учурда анын абалы туруктуу. Ооруканада тиешелүү дарыланууда», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Бишкекте 23-июнда «Караван» соода борборунда үч жашар кыз буту менен эскалаторго кыпчылып калган. Жерине куткаруучулар келип, баланы врачтарга өткөрүп беришкен.

#кабарлар
Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматынан кетти

Улуттук банктын басма сөз кызматы Бөкөнтаев башка ишке өтүп жатканына байланыштуу отставкага кеткенин билдирди.

Бөкөнтаев банктын төрагалык кызматына 2021-жылы келген. Ага чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы болуп иштеген.

Эми, конституциялык мыйзамга ылайык, президент Садыр Жапаров бир айдын ичинде Жогорку Кеңешке Улуттук банктын төрагалык кызматына өз талапкерлерин сунушташы керек.

#кабарлар
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 56 млн доллар бөлөт

Бөлүнүп аткан каражаттын 25 млн доллары — жеңилдетилген насыя, калган 31 млн доллары — грант. Банктан билдиришкендей, акча саркынды сууларды башкарууну жакшыртууга жана Ысык-Көл облусунда туруктуу жана инклюзивдик туризмди бекемдөөгө жумшалат.

Алсак, бөлүнүүчү акчага тазалоочу курулмалар жана насостук станцияларды куруу, ошондой эле Чолпон-Атанын канализация инфраструктурасын жаңыртуу пландалып жатат. Ошондой эле музей жана туристтик маалыматтык борбор, көл жээктей велосипед жана жөө жүргүнчүлөр баскан жолдорду куруу пландалууда. Мындан тышкары, каражаттын бир бөлүгү жергиликтүү маданий мурастардын объектилерин сактоо жана жакшыртууга жумшалат.

#кабарлар
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Дагестанда куралдуу кол салуудан кийин 15 адам каза тапты. Республикада үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

23-июнда Дагестан Республикасынын Дербент жана Махачкала шаарларында эки православ чиркөөсүнө, синагога жана полиция постуна белгисисз куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Республиканын башчысы Сергей Меликов 15тен ашык полиция кызматкери жана бир нече жаран каза тапканын билдирди.

Ошондой эле Дербентте чиркөө кызматкери жана Махачкалада чиркөө кайтарган адам өлтүрүлгөнү айтылууда. Кол салуудан кийин синагогада өрт чыккан.

Орусия Федерациясынын Терроризмге каршы улуттук комитети куралчандардын беши жок кылынганын билдирүүдө. Анткен менен Меликов буга чейин 6 согушкер жок кылынганЫн билдирген.

Орусиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Республикада үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Президент Садыр Жапаров президент Владимир Путинге көңүл айтты.
Президент эки өлкө 120 млн доллар тышкы карызды кечүүнү убадалаганын билдирди

Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабарга» курган маегинде айтты. Өлкө башчысы тышкы карызды кечтирип, аны жашыл экономиканын инвестициясына алмаштыруу боюнча бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

«Эки өлкө 120 млн доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Кудай буюрса, жылдын аягына чейин 120 млн доллар сырткы карызыбыздан кутулабыз. Албетте, бул акчаны "Жашыл экономикага" өтүүгө колдонобуз. Өлкөбүздү жашыл өлкөгө айлантабыз», — деди ал.

Буга чейин ал Кыргызстан мурда алган карыздарын 2035-жылга барып толук төлөп кутуларын айткан. Ошол эле учурда Жапаров бийлик мындан ары өзүн актабаган долбоорлорго насыя албастыгын белгилеген.

Каржы министрлиги өлкөнүн тышкы карызы 2023-жылдын октябрында 6 млрд доллардан ашканын билдирген. Анын ичинен ички карыз 1,5 млрд долларды, ал эми тышкы карыз 4,4 млрд долларды түзгөн. Тышкы карызды төлөөнүн жогорку мезгили 2025-2026-жылдарга туура келет.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Ош: Украинадагы согушка катышты делген Аравандын тургуну беш жылга кесилди

Ош облусунун Араван райондук сотунун 10-майдагы өкүмүнө ылайык, Украинадагы согушка катышууга шектелген киши беш жылга соттолду.

Ал «Кыргызстандын жаранынын чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалга же согуштук аракеттерге катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфисациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган.

Бирок Конституциянын 30, ал эми Адам укуктарынын декларациясынын 75 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жазасынын өтөлө элек бөлүгүнүн үчтөн бири кыскартылды.

Ал сот өкүмү күчүнө киргенге чейин тергөө абагында болот, кийин жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Айыпталуучу райондук соттун өкүмүнө каршы облустук сотко доо арыз берип, учурда иш соттук кароодо экени айтылды.

#кабарлар
Кадамжай: Селден 5 жашар бала каза тапты, 1000ге жакын тургун эвакуацияланды

24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, 5 жашар баланы агызып кетти. 1000ге жакын тургун эвакуацияланды.

ӨКМден билдиришкендей, сел Ак-Турпак, Молдо-Нияз, Исхак-Полотхан айылдарында жүрүп, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жер төлөсүн, Жеңиш айыл аймактык ооруканасынын жана балдар бакчасынын, мектептин короосун каптаган.

ӨКМдин куткаруучулары сел суулары кирген турак жайлардан 3 жашы жете элек баланы жана 2 тургунду куткарышты. Жеңиш айылынан болжол менен 1000ге жакын жашоочу, Ак-Татыр айыл аймагынын аэропорт тилкесинен 7 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлдү.

#кабарлар
Нарын: Украинадагы согушка катышкан деп соттолгон тургун эркиндикке чыкты

«Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн катарында Украинадагы согушка катышууга шектелип беш жылга соттолгон тургун ырайым менен эркиндикке чыкты.

Нарын облустук сотунан президенттин 31-январдагы «Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндөгү» жарлыгына ылайык, айыпталуучунун беш жылдык жаза мөөтөнү төрт жыл эки айга кыскартылганын белгилешти.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, айыптулуучунун аты-жөнү — Бекназар Бөрүгул уулу. Ал былтыр октябрда «Кыргызстандын жаранынын чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалга же согуштук аракеттерге катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси менен беш жылга кесилген.

Украинадагы согушка катышкан делип буга чейин бир нече кыргызстандык соттолгон. Жакында эле Араван районунун тургуну беш жылга кесилип, мунапыс менен жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылганы кабарланды.
Прокурор акын Аскат Жетигенди сегиз жылга кесүүнү сурады

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакыруу иши боюнча акын Аскат Жетинге өкүм чыгарылат.

Прокурор Жетигенди 8 жылга эркинен ажыратууну сурады. Анын айтымында, акын сөгүнүп президентти сындаган, бул «соцтүйүндөрдө резонанс жана талкууларды жараткан, өз кезегинде бул элдик толкундоолорду козутуп жана КР калкынын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон».

Аскат Жетиген 20-мартта президент Садыр Жапаровду сындаган видео жарыялагандан кийин камакка алынган. Ошондон бери ал тергөө абагында.

Мурдараак акын аны УКМКнын Бишкектеги бөлүмүндө бир саат бою ток менен кыйнашканын билдирген. Атайын кызмат Жетигендин билдирүүсүнө комментарий берген эмес.

#кабарлар
Ош: Мэрдин мурдагы жардамчысы 30-июлга чейин абакта калтырылды

20-июнда Ош облустук соту Оштун мэринин мурдагы жардамчысынын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун аны 30-июлга чейин камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 25-июнда Ош облустук соттон тастыкташты.

«Ош шаардык сотунун үстүбүздөгү жылдын 1-июндагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан келтирилген өтүнүч канааттандырылган. Айыпталуучуга “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча айып тагылып, бөгөт коюу чарасынын 30-июлга чейин камак түрү тандалган. Ош облустук сотунун 20-июндагы аныктамасынын негизинде шаардык соттун токтому күчүндө калтырылды», — деп билдиришти облустук соттон.

13-июнда УКМКдан Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы ишкерлерден акча алып жүрүүгө шектелип кармалганын кабарлашкан. Айыпталуучуга «Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

Атайын кызмат берген «А.К.С.» деген инициал Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбековдун аты-жөнүнө туура келет.

#кабарлар
Райымбек Матраимов дагы эки айга камакта калтырылды

24-июнда Бишкектин Биринчи май райондун сотунда бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылды. Бул чечим менен судья УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнмөсүн канааттандырды.

Матраимов жана анын үч бир тууганын УКМК 26-мартта кармаган. Экс-бажычы Бишкекке Азербайжандан алып келинген. Ал эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу иши боюнча камакка алынган.УКМК Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «тыгыз байланышта» болгон деп билдирүүдө.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов мамоекетке дагы 200 млн доллар төлөп бериши керектигин билдирген.
Талас: 50 гектар эгин талаасы мөндүр аралаш жамгырда калды

24-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунда мөндүр аралаш жамгыр жаап, Күмүштак айыл аймагандагы Кыргызстан, Жон-Коргон, 1-Май айылдарындагы болжол менен 50 гектар эгин талаасы зыянга учурады.

Облустук администрациядан азыркы тапта келтирилген чыгымдын өлчөмү эсептелип, кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Мындан тышкары Боо-Терек айылында каттуу шамал болжол менен 15 үйдүн чатырын учуруп кеткени кабарланды.

24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда селден беш жашар бала каза таап, миңге жакын тургун эвакуацияланган.

ӨКМден катуу жамгырга байланыштуу тоолуу аймактарда дагы эле сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертишти.
Кыргызстандан өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 45 чет өлкөлүк жаран депортацияланат

УКМКдан билдиришкендей, Чүй облусундагы тоок фермаларындын биринде визаларынын мөөнөтү өтүп кеткенине карабай иштеп жүргөн Пакистандын 12 жана Бангладештин 33 жараны аныкталган. Алар административдик жоопкерчиликке тартуу жана андан ары депортациялоо үчүн УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүлгөн.

#кабарлар
«Клооптун» мобилография боюнча акысыз курсуна жазылыңыз — 15-июлда каттоо жабылат

Соцтүйүндөгү барагыңызды тыкан алып барып, коомдогу көйгөй же кызыктуу окуя тууралуу айтып бергиңиз келеби? Балким журналист болууну каалайсыз. Анда мобилография боюнча акысыз онлайн курсубузга жазылыңыз.

Курс кыргыз тилинде жана каалаган адам өзүнө ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу жерден окуй алат. Катышуучулардын жаш-курагы боюнча чектөө жок.

Сабактар атайын колдонмого жүктөлгөн. Эгер телефонуңуз Android болсо Play Market, эгер iPhone болсо App Store’дон Okutool колдонмосун көчүрөсүз. Ал эми компьютерден окуганды кааласаңыз веб-версияны пайдалансаңыз болот. Курс тууралуу толук маалымат алуу үчүн биздин телеграм каналга кошулуңуз.

📌 https://bit.ly/3VHAHVp (сайттын бөгөткө карабай ачылчу күзгүсүнө шилтеме)
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз балбандары өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 10 медаль жеңди

Иорданияда өткөн күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары командалык эсепте 2-орунга ээ болуп, 10 медаль багындырды.

Үч алтын, эки күмүш, беш коло. Садыр Кайыпбеков, Өмүрбек Асан уулу жана Нурсадык Нурдинов алтын, Нуртилек Замирбеков жана Курсантбек Исаков күмүш медаль утту.

Самидулло Алимжанов, Ислам Темирбеков , Элдар Мурзакулов жана күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөлөрү Асема Төрөгелдиева менен Асел Жапарова коло байгеге татыды.

#кабарлар