Оштогу жана Ош облусундагы базарлардын ижара акысы 20-50%га төмөндөтүлдү
УКМК «тиешелүү түшүндүрүү иштеринин» жыйынтыгында, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы базарлардын ээлери ижара акысын 20%дан 50%га чейин төмөндөтүшкөнүн билдирди.
Ош шаары боюнча ижара бааларын «ТД Арча», «Фрунзенский» базарлары — 20%; «Кудайберди», «Ош-Акташ», «Орозбү», «Бексултан» базарлары — 25%; «Келечек», «Бостон» — 30%, ал эми «Момун Ата Базары» 50%га төмөндөттү.
Аны менен катар, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван райондору боюнча 18 базардагы ижара акылары 20%дан 50%га чейин төмөндөтүлдү.
Буга чейин УКМК менен болгон «сүйлөшүүлөрдөн» кийин соодагерлер үчүн ижара акысын арзандатууга Бишкектеги, Чүйдөгү, Нарындагы жана Караколдогу базарлардын администрациялары макул болушкан.

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
УКМК: Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн сегиз чек ара кызматкери кармалды
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткез жүктөрдү өткөрүүгө көмөктөшүүгө шектелип 8 Чек ара кызматкери жана 5 жөнөкөй жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, 18-декабрга караган түнү «Баймак-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары жумуштан тышкаркы убакта мыйзамсыз жүк алып өтүүгө көмөктөшүп жатканда кармалган. Териштирүүдө аталган иш-аракеттер системалуу мүнөздөгү туруктуу аткезчилик каналы экени аныкталды.
https://bit.ly/4auzkje
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/3vcwOOq

Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» борбору мамлекеттин карамагына өттү
УКМК борбор маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин акчаларынын изин жашырууга байланышкан иш боюнча кайтарылганын билдирди. 21-ноябрда күч кызматкерлери С.А.Б. аттуу жаранды кармашып, ал 18-декабрда «Рух Ордону» мамлекетке өткөрүп берген.
Ошондой эле аталган иш боюнча ал республикалык бюджетке 537 млн сом кайтарылган. УКМК Көлбаевге таандык мүлктөрдү издөө уланып жатканын кошумчалады.

Парламенттин тармактык комитети тууну өзгөртүү демилгесин дароо эки окууда колдоду
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.
https://bit.ly/41r3L63

❗️Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы Бектур Асановдун абалы оор экени айтылды
Мурдагы оппозициячыл саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж. Бул тууралуу 19-декабрда Кемпир-Абадды коргоо комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кеткен. Учурда ооруну басаңдатуучу дарыларды колдонуп жатат.
Асановдун жубайы аны «МРТга тарттырышканын, бирок ооруканага качан жаткырылары белгисиз болуп жатканын» айтты. Жакындары анын баспай калуу коркунучу бар экенине тынчсызданып жатышат.
«Бүгүн ТИЗОго Бектур Асановдун акыбалын нейротравмотолог да көрүп чыгып, тез арада моюн омурткасынын эки жеринен операция жасалышы керектигин айтты. Бирок дагы деле ооруканага которбой жатышат. Аны жок дегенде үй камагына чыгарып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

«Түбөлүк отурбайм, чыгам». Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү абактан коркутуп жатат
Мыкаачылык менен бычакталган Асел Ногойбаевага мурдагы күйөөсү тергөө абагында отуруп алып да коркутууларды жөнөтүп жатат. Бул тууралуу жабырлануучунун сиңдиси Диана Елкен билдирди.
Катта айыпталуучу «түбөлүк отурбасын», жакында эркиндикке чыгарын жазып эскерткен. Ошондой эле намаз окуй баштаганын жана «бул жашоодо да, аркы дүйнөдө да» бирге болушарын жазган.
https://bit.ly/41tsB53
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/3TsMNSD

Кара-Сууда жасалма документтер менен үйлөрдү сатууга шектелип эки тургун кармалды
ИИМ кылмышка шектелген 42 жана 43 жаштагы эки бир туугандардын жабырлануучуларга келтирген жалпы чыгымы 32 млн 489 миң сомду түзөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл май айында Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда эки бир тууган «“Кара-Суу районунда 600 чарчы метрлик жер тилкеде үй бар” деп, бөтөн адамдын үйүнө жасалма документ менен келишимин түзүшкөнүн» билдирген.
Жабырлануучу жерди алып, жалпы баасы 21 млн 189 миң сомдук зер буюмдарын жана акча каражатын берген соң шектүүлөр изин жашырып кеткенин айтып даттанган.
Мындан тышкары Ош шаарынын 58 жаштагы тургуну да милицияга кайрылып, үй алам деп ошол эле шектүүлөрдөн 11 млн 300 миң сомго алданып калганын айткан.
Бул фактылар боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Учурда кылмышка тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары аныкталып, тергөө иштери уланууда.

Финансы министри: Кийинки жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом жумшалат
Финансы министри Алмаз Бакетаев 2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 66 млрд сом жумшаларын билдирди. Ал 19-декабрдагы маалымат жыйынында карызды убагында төлөөгө мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин айтты.
«Эң негизгиси, келерки жылдан баштап эч жактан карыз албай, өзүбүздүн киреше булагыбыздан мамлекеттин карызын төлөөгө каражат жумшап жатабыз», — деди ал.
https://bit.ly/41xOznM
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/3v0hiVQ

УКМК: Жалал-Абадда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
«Женго» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылган шектүү жеке ишкерлерди физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, акча каражаттарын тартып алып жүргөн.
Ал 15-декабрда «Алдамчылык» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызматтан шектүү 2017-жылы «Каракчылык», «Зордуктоо» жана «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренелеринин негизинде оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылганын белгилешти.
Ошондой шектүү өткөн жылы сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулганы маалымдалды. Аталган чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенүүдө.

Kloop кыргызча
Парламенттин тармактык комитети тууну өзгөртүү демилгесин дароо эки окууда колдоду Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам…
Жогорку Кеңеш бүгүн экинчи окууда тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карайт
Демилге Жогорку Кеңештин жыйынын күн тартибинин долбооруна 19-октябрда киргизилген. Мурдараак мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде дароо эки окууда колдоо тапкан.
Демилге Жогорку Кеңештин жыйынын күн тартибинин долбооруна 19-октябрда киргизилген. Мурдараак мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде дароо эки окууда колдоо тапкан.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Эми мыйзамга президент кол коюшу керек.
Спикер Нурланбек Шакиев кесиптештерин «туунун өзгөртүлүшү менен» куттуктады. Ал «бул чакырылыш мурда тууну кабыл алган чакырылыштай эле легендарлуу болуп каларын» билдирди.

Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Эми мыйзамга президент кол коюшу керек. Спикер Нурланбек Шакиев кесиптештерин «туунун өзгөртүлүшү менен» куттуктады. Ал «бул чакырылыш мурда тууну кабыл алган…
🇰🇬«Батып» бараткан кыргыз байрагы
Сүрөтчү Элнур Исаков өлкөнүн толкундуу күн нурлары бар туусу бийик тоолордун артында батып баратканын чагылдырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары тууну өзгөртүү демилгесин дароо эки окууда колдоду
Жогорку Кеңештин депутаттары 20-декабрдагы жыйында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Эми мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.
Желекти өзгөртүү демилгесин 59 депутат колдоп, беш эл өкүлү: Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, Медер Алиев жана Сеидбек Атамбаев каршы болду. Дагы 15 депутат жыйынга катышып, бирок добуш берген жок.
https://bit.ly/479fEif
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/47n7yCR

Күрөш дүйнөсүндө Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан айым деп табылды
Бириккен күрөш дүйнөсү дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапты.
Маалыматка ылайык, быйыл Тыныбекова 95 575 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыккан.
https://bit.ly/486uWFD
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/3tsJaBO

Алкоголдук ичимдиктерге «Манас» эпосундагы каармандардын аттарын коюуга тыюу салуу сунушталды
Өлкө аймагында өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктерге жана тамекинин аталыштарына «Манас» эпосундагы каармандардын, атап айтканда Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын колдонууга тыюу салуу сунушталды.
Маалымкат-негиздемеде мыйзам долбоору «сатып алуучулардын аң-сезимине моралдык жактан абийирсиз таасир этүүнү жоюу максатында» сунушталганы айтылат. Эреже бузган жеке жактарга — 100 миң сом, ал эми юридикалык жактарга — 1 млн сом айып салуу каралган.
https://bit.ly/48qGLq4
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/481Tj7B

❗️Үч адамдын өлүмүнө шектелген УКМКнын мурдагы кызматкери Бишкек шаардык сотуна даттанды Соттук отурум 20-декабарь саат 09:30га белгиленди. Айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимине нааразычылык билдирип, анын жактоочусу кайрылды.…
Үч адамды өлтүрүү иши. Процесс 10-январга чейин жылды
Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиевдин өз өкүмүнө даттанганына байланыштуу биринчи сот отуруму өтмөк. Бирок процесс адвокат келбей койгондуктан 10-январга чейин жылдырылды.
Буга чейин Аширалиев үч адамды өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип экс-депутаттын уулу кармалды
УКМК 20-декабрда маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектүү катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кармалганын билдирди.
Ошондой эле шектүү Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгонун, анын спорттук жана башка иш-чараларын каржылаганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө «шектүүнүн Дубайдын элиталык райондорунун биринде 4,5 млн долларга бааланган 24 батири аныкталганын» белгилешти.
https://bit.ly/3NvAVM8
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/48mgbOL

Кустуруу саясаты. Төрт жылда мамлекетке зыяндын ордун толтуруу катары 15,5 млрд сом түштү
2020-2023-жылдар аларылыгында мамлекеттик органдар менен Каржы министрлигинин депозиттик эсептерине «мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндө» 15,5 млрд сом келип түшкөн.
Алсак, 2020-жылы депозиттик эсептерге 2,7 млрд сом, 2021-жылы Финансы министрлигинин эсептерине 1,9 млрд сом которулган, 2022-жылы — 4,1 млрд сом жана 2023-жылы дагы 6,7 млрд сом келип түшкөн. Натыйжада өлкөнүн казынасы 15,5 млрд сомго толукталган.
https://bit.ly/3RrXxOJ
(бул күзгүгө шилтеме, ал бөгөткө карабастан иштейт)
Түп нуска материалга шилтеме бул:
https://bit.ly/3tsS960

Билим берүү министрлиги Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу графигин бекитти
Маалыматка ылайык, абитуриенттерди ЖРТнын негизинде кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт. Биринчи тур 25-декабрда башталып, 30-декабрга чейин уланат.
Экинчи тур 2024-жылы 8-13-январда, ал эми үчүнчү тур 15-20-январда, акыркы тур 22-январда башталып, 27-январда аяктайт.
Ошондой эле министрликтен ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн ЖРТга жалпы 902 киши катышып, алардын 554ү 110 баллдан өткөнүн билдиришти.
Анын ичинен тестти 436 абитуриент — кыргыз тилинде, 466сы — орус тилинде тапшырды. Тестирлөөдө орточо балл 120,3 болуп, эң жогорку балл — 214, ал эми эң төмөнкү балл — 38 болду.
Кыргызстанда биринчи жолку кышкы жалпы республикалык тестирлөө 2022-жылы өткөн.

❗️Ошто жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен 62 млн сомдук жер тилкеси аныкталды
20-декабрда ИИМ Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан 700 чарчы метр муниципалдык жер быйыл күзүндө жеке адамга аукцион жана конкурс өткөрүлбөй акысыз берилип кеткенин билдирди. Жер тилкенин жалпы баасы 62 млн 300 миң сомду түзөт.
Ош шаарынын тургуну аталган тилкени унаа токтотуучу жай катары пайдаланып келген. Кылмышка «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары шектелип жатат.
Бул факт боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Териштирүү уланып жатат.