Kloop кыргызча
913 subscribers
13.8K photos
782 videos
8 files
20K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Ош: Аялды унаа менен коюп кетип, кырсык болгон жерден из жашырган киши кармалды

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде бараткан 32 жаштагы аялды унаа менен коюп, кийин качып кеткен тургун кармалды.

Милиция айдоочу Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 56 жаштагы тургуну экенин аныктады. Учурда шектүү Ош шаарына алып келинип, унаа айып короого киргизилди. Тергөө иштери башталды.

https://tinyurl.com/bp6zu35x
Кайгуул милициясы: Мындан ары такси айдагандар автобекеттен гана жолго чыгат

Өлкөдөгү такси айдагандар мындан ары автобекеттерден кезек-кезеги менен каттамга чыга турган болду. Кайгуул милициясынан мындан ары алыс жолго чыккан айдоочулардын унаалары техникалык жактан текшерилип, көзөмөлдөнөрүн кошумчалашты.

https://tinyurl.com/bdhc38m9
«Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын уулдары Бишкекке Испаниянын футбол жылдыздарын чакырып, Жалал-Абадда мамлекеттин жерине курулган «Барселона» футбол академиясын ачканы турат.

Тойдун чыгымын ким көтөрөрү түшүнүктүү болбойт турат, бирок бул долбоордо Ташиевдердин үй-бүлөсүнүнө «бакиевчилер» жана Кыргызстанда көмүр казган Росатомдун компаньондору өнөктөш болууда.

https://tinyurl.com/yszvbn5j
Казак-кыргыз чек арасында кезекте турган оор жүк унаалардын саны 600гө жетти

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө бекетинин алдында кезекте 493 унаа, ал эми «Кең-Булуң-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында 146 унаа турат.

«Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан. Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат», — деп Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

https://tinyurl.com/2p8mpxdu
Ошто 10 мугалимге турак жай куруу үчүн жер берилди

23-августта Ош облусунда 10 мугалимге турак жай куруу үчүн жер тилке алууга сертификат тапшырылды.

Маалыматка ылайык, жер тилкелери Өзгөн районунан беш, Кара-Суу районунан төрт жана Араван районун бир мугалимге берилди.

https://tinyurl.com/bddesuzw
Аскар Акаев Путин күзүндө Кыргызстанга келиши мүмкүндүгүн айтты

Биринчи бозгун президент Аскар Акаев Орусиянын RT телеканалына маек курду. Интервьюда Акаев быйыл күзүндө Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин барып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

Ошондой эле ал 2000-жылы Путин экөөнүн ортосунда «түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк» жөнүндөгү келишимге кол коюлганын айтып берди.

https://tinyurl.com/fbu56xks
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
❗️Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунда жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды

Жолдун 239-чакырымында жүргөн 4 миң куб метрден ашык жер көчкү 23-август күнү саат 09:00 чамасында жүргөн.

Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине 4 атайын техника тартылды, бирок жер көчкү уланып жатканына байланыштуу жумуштар көчкү толук токтогондо башталат.

Жолдун бир тарабы кечки саат 18:00 чамасында ачылышы күтүлүүдө.

🎥Видео: Транспорт министрлиги
Кыргыз спортчулары самбо боюнча Дүйнө кубогунда жети медаль жеңди

Кыргыз спортчулары Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнүндө жети медаль жеңди.

Бекболот Токтогонов алтын, эми Мираида Медетбек кызы күмүш медаль тагынды. Кайрат Жусуп уулу, Темирлан Уланбек уулу, Фарух Мамажанов, Артур Сансызбеков жана Сыймык Жапаровдор кол байгеге татыды.

https://tinyurl.com/25nh9t2r
Жаза аткаруу кызматынан Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, ТИЗО-1де камакта жаткан алты киши 22-августтан тарта ачкачылык жарыялаганын кабарлашты.

Ачкачылык жарыялагандар:


🔹Жеңиш Молдокматов;
🔹Марат Баязов;
🔹Айданбек Акматов;
🔹Айбек Бузурманкулов;
🔹Кеңешбек Дүйшөбаев;
🔹Азимбек Бекназаров.

«Айыпталуучулар ачкачылык жарыялоонун себеби соттук териштирүүгө байланыштуу экенин белгилешти. Тергөө абагындагы шарттар боюнча Жаза аткаруу кызматына эч кандай дооматтары жок. Алардын ден соолугу канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө», — дешти аталган мекемеден.
‼️Жазуучу Олжобай Шакир УКМКда суракта экени айтылууда

Жазуучу жана жарандык активист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суралып жатканы айтылууда.

Жазуучунун жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу түшкө маал үйдө жалгыз болгонун, кийинчерээк келгенде үйдүн эшиги ачык, ал эми жолдошунун дайыны чыкпай калганын айтып берди.

Учурда Шакирдин тилектештери Жибек Жолу — Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги УКМКнын башкы имаратынын алдына топтолуп жатышканы кабарланууда. Атайын кызмат азырынча расмий билдирүү тарата элек.

https://tinyurl.com/yckkwc3a
Kloop кыргызча
‼️Жазуучу Олжобай Шакир УКМКда суракта экени айтылууда Жазуучу жана жарандык активист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде суралып жатканы айтылууда. Жазуучунун жубайы Назгүл Бодбаева жолдошу түшкө маал үйдө жалгыз болгонун, кийинчерээк…
⚡️Жазуучу Олжобай Шакир «массалык башаламандыкка чакырууга» шектелип кармалды

Жазуучу жана жарандык активист Олжобай Шакир УКМК тарабынан «массалык башаламандыкка чакырык таштоого» шектелип, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камакка алынды.

Анын жактоочусунун айтымында, Шакир мындан тышкары «бийликти күч менен басып алууга» шектелүүдө.

Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 24-август күнү түштөн кийин Биринчи май райондук сотунда каралат.

👉🏻https://tinyurl.com/yckkwc3a
Ош: Милиция кош бойлуу аялына бычак сайган кишини кармады

Ош милициясы 33 жаштагы кош бойлуу аялына бычак сайган кишини кармады.

Ош шаардык ИИБдин маалыматына ылайык, жабырлануучу ооруканага 23-август күнү саат 23:30да оор абалда түшкөн. Ага 40 жаштагы күйөөсү бычак урган. Бирок дарыгерлер аялдын курсагындагы баланы сактап кала алышкан эмес.

https://tinyurl.com/266s3szm
Айыл чарба министрлиги: Казакстан тараптын суу маселеси боюнча бизге дооматы жок

Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев суу маселеси боюнча Казакстандын Кыргызстанга эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

«Кечээ күнү [22-августа] казакстандык кесиптештер менен сүйлөштүм. Алар “эч маселе жок, силерге биздин нааразычылык жок, өзүбүз сүйлөшкөнбүз, берген сууга ыраазыбыз” деп айтып жатышат.

https://tinyurl.com/cnnjtscx
Бостери: 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиционер кармалды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында каза болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды.

Маалыматка ылайык, ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 22-августта кармалган. Аларга да «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

https://tinyurl.com/b84wwbvy
Баткенде 7 көчөгө чек ара чырында каза тапкандардын ысымы ыйгарылды

Баткен шаарындагы 7 көчөгө 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек ара жаңажалында курман болгондордун ысымы ыйгарылды.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш мындай токтомду чек ара чырында көз жумган маркумдардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында кабыл алган.

https://tinyurl.com/2hzy3spw
Сокулук: Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендер кыйноо болгонун айтып даттанышты

Чүй облусунун Сокулук районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендер милиция аларды «кыйноого алганын» айтып даттанышты. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Ал эми Чүй ОИИБи «Клоопко» 24-августта аталган маалыматты кескин төгүндөдү. Билдирүүгө караганда, кармалгандар 33 жаштагы айылдашын өлтүрүп, сөөгүн айылдын четиндеги таштандыга жашырууга шектелип кармалышкан. Окуя болгон жерден кынтыксыз далил буюмдар табылган.

https://tinyurl.com/5n99fnv5
Кыргызстанда 10 миң гектарга жакын жаңгак токоюнун аянты зыянкечтерге каршы дарылоодон өттү

Кыргызстанда 9 миң 691 гектар жаңгак токой аянтына зыянкечтерге каршы дарылоо жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, дарылоо жаңгак-мөмөлүү токойлордун абалын жакшыртуу, зыянкечтерге болгон туруктуулугун арттыруу, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.

https://tinyurl.com/5fhd3kmm
Орусияда «Вагнердин» түзүүчүсү Пригожиндин учагы кыйроого учурады. Азыркы тапта эмне белгилүү?

23-августтун кечинде Орусиянын Тверь облусунда ЧВК Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышы бар делген учак кулады. Бул авиакырсык Пригожиндин максатына жетпей калган төңкөрүшүнөн туура эки ай өткөн соң болуп отурат.

Росавиация каза болгон он адамдын тизмексин жарыялады. Арасында Пригожин жана «Вагнердин» жалданма аскерлеринин командири Дмитрий Уткиндин аты-жөнү бар. Азырынча Кремль алардын каза болгонун тастыктай элек, ал эми ЖМК Пригожиндин түгөйлөрү бар деп жазууда.

https://tinyurl.com/bdhfzj4w