Kloop кыргызча
933 subscribers
14K photos
802 videos
8 files
20.1K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында мекеменин башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өтүп жатат.

Буга Нойгойбаевдин сексуалдык зомбулукка кабылган жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барат, мындан улам «жагымсыз окуялар» болуп жатат деп айтканы себеп болду.

«Клооп» митингден түз эфир берип жатат: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/videos/945217736492862
Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев үчүн зордуктоо деген эмне экенин түшүндүргөн плакаттарды көтөрүп келишкен.
«Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнаш — зордуктоо деп аталат» деп жазылган укук коргоочу Назгүл Турдубекованын плакатында. Ал жана дагы 15 чакты адам Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылып жатышат. Ногойбаев бир нече күн мурда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барып жатат деп билдирген болчу.

Сүрөт жана видео: «Клооп»
Сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюуну 1-июлга чейин узартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту шаардын борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюуну 2023-жылдын 1-июлуна чейин узартты.

Соттун маалыматында Бишкек мэриянын Биринчи май райондук акимиатынын 31-марттагы тынч чогулуштарды өткөрүү жайларын чектөө тууралуу чечимин мыйзамдуу деп табуу боюнча арызы канааттандырылганы белгиленет.

https://bit.ly/3ZBUy88
Kloop кыргызча
Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында мекеменин башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өтүп жатат. Буга Нойгойбаевдин сексуалдык зомбулукка кабылган жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери митингчилерди Азамат Ногойбаев жыйындар залына чакырганын билдиришти. Бирок алар «Ногойбаев өзү чыксын, кабинетине отуруп алып жарандарына чыккандан коркуп жатат, ал коркок» депшип, жыйындар залына кирүүдөн баш тартышты.

Видео «Клооп».
Kloop кыргызча
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери митингчилерди Азамат Ногойбаев жыйындар залына чакырганын билдиришти. Бирок алар «Ногойбаев өзү чыксын, кабинетине отуруп алып жарандарына чыккандан коркуп жатат, ал коркок» депшип, жыйындар залына кирүүдөн баш тартышты. Видео…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкек ШИИБдин алдына митингге чогулгандар Азамат Ногойбаев менен жолугуп чыгышты

Жолугушууга кирип чыккан укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Бишкек ШИИБдин башчысы катасын мойнуна алганын айтып берди.

«Ал [Азамат Ногойбаев] [кыздар] “өздөрү” деп айтып жаңылганын билдирип, кечирим сурады. Жеке жолугушууну сунуштады. [...] Жалпылап кечирим сурады, андан соң мен ага «[муну менен кылмышкерлерге] “жол ачып бергениңизди, биз жетекчиликке алып жүргөн “зыян тийгизбе” деген принципти бузганыңызды түшүнүп турасызбы" десем [...] айтканыма макул болуп, ката кетиргенин мойнуна алды», — деди Абдирасулова.
Караколдогу зоопаркка белгисиз адамдар арстандын эки баласын таштап кетишти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы зоопаркка белгисиз адамдар арстандын эки баласын таштап кетишти. Жаныбарлардын ден соолуктарында көптөгөн көйгөйлөр бар.

https://bit.ly/3K7Dod5
Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өттү

Бишкекте 3-апрелде калаа милициясынын алдында Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өттү, буга Ногойбаевдин зомблуктан жабыркаган кыздар жөнүндө айткан сөзү себеп болду.

Ногойбаев 31-мартта жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын билдирген.

https://bit.ly/3nHSBKt
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизат табылды

Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 килограммга жакын өлчөмдө баңгизат табылып, жүгүртүүдөн алынды. Кылмышка шектелип 53 жаштагы шектүү киши кармалды.

https://bit.ly/3KseeHf
«Журналисттер туура эмес чечмелешкен». Ногойбаев өспүрүм кыздар тууралуу сөзү үчүн кечирим сурады

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 3-апрелде анын отставкасын талап кылган митингди чагылдырууга барган журналисттердин алдында билдирүү жасады.

«Эгер менин сөзүмдө катачылык кеткен болсо, мени кечирип коюңуздар», — деди ал.

https://bit.ly/3m489aE
Башпрокуратура «Кадастрдын» Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жетекчисин коррупцияга шектеп кармады

Башкы прокуратурадан «Кадастр» мамлекетик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы, жер мунапысы боюнча коммиссиянын мүчөсү коррупцияга шектелип кармалганын билдиришти.

Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекетке тиешелүү 66,8 гектар айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлери жер мунапысына киргизилип, калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которулганы боюнча иш козголгон.

https://bit.ly/3Gzxr7V
Видео: Депутат айыл чарба министринин орун басарына эки деген баа коюп, күндөлүк тапшырды

Депутат Акбөкөн Таштанбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовду сындап, кийинкиде «ата-энең менен кел» деп ага эки деген баа койду.

Таштанбеков чиновникке эки деген бааны эл өкүлүнүн суроосуна жооп бере албагы үчүн койду.

https://bit.ly/40T09bw