Kloop кыргызча
930 subscribers
14K photos
802 videos
8 files
20.1K links
Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.

Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz
Download Telegram
«30 жылда мындай болгон эмес». Икрамов Азиза Абдирасулованын кармалышына нааразы болду

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышын сынга алды.

«Биз негизи Конституцияга каршы ишти алып барып жатабыз. 39-беренеде жарандар өз нааразычылыктарын айтканга укуктуу деп турат. Бирок ошого карабастан жаш-кары, аялдарга карабастан [кармоолорго] ушул нерсеге барып жатабыз [...]Отуз жылда мындай болгон эмес», — деди ал.

https://bit.ly/3txiigf
Балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк UWW рейтингинде экинчи орунду ээледи

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде экинчи орунду ээледи.

Махмудов экинчи орунду 77 кг салмакка чейинки категорияда ээледи. Биринчи орунду түркиялык спортчу Юнус Эмре Басар, ал эми үчүнчүнү — венгриялык Золтан Леваи камсыздады.

https://bit.ly/3AjPJqB
Айдарбеков: Кыргызстандын Кемпир-Абад суу сактагычын пайдалануу укугу кыйла чектелген

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети 16-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды.

Документтерди талкуулоо учурунда депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын суу сактагычты пайдаланууда укугу «кыйла чектелип калганын» айтты.

https://bit.ly/3Aji9Ri
Академик Алтай Бөрүбаевдин «илимий ачылышы» эмнеге күмөн жаратат?

Жакында эле «Клооп» жана өлкөдөгү бир катар ЖМК Билим берүү министрлиги менен Илимдер академиясынын пресс-релизине таянып, академик Алтай Бөрүбаев математика жаатында илимий ачылыш жасаганы тууралуу жаңылыктарды чыгарышкан эле.

Бирок, бул «илимий ачылышты» таанып, «XXI кылымдын улуу окумуштууларынын» реестрин түзүүчү уюмдарды изилдеп чыгып, биз дал келбестиктерди жана күмөндүү фактыларды таптык. Алар тууралуу кеңенирээк айтып беребиз.

https://bit.ly/3AlxosZ
Өлкөдө өспүрүм кыздарды папилломага каршы эмдөө башталды. Бул эмне үчүн маанилүү?

Өлкөдө өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы вакцинациялоо башталды. Учурда мектептерде ата-энелерге жана мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектептердеги ден соолукту чыңдоочу борборлордо эмдөө акысыз жүрүп жатат. Папиллома вирусу деген эмне жана эмдөөдөн өтүү эмне үчүн маанилүү экенин макаладан окуңуз.

https://bit.ly/3Gknn37
«Кворум жок». Мадумаров Кемпир-Абад боюнча комитет жыйынында мыйзам бузулганын айтты

16-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 15-ноябрдагы жыйынында мыйзам бузулганын айтты. Анда депутаттар Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун мыйзам долбоорун үч окууда жактырышкан болчу.

https://bit.ly/3EyUKhs
Айдарбеков: Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу боюнча документке дагы үч суу ресурсу кошулган

Депутат Чыңгыз Айдарбеков 16-ноябрда парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга Кемпир-Абаддан тышкары дагы үч суу ресурсу, Орто-Токой суу сактагычы, Гавасай дайрасы жана Чечме булагы кошулганын билдирди.

https://bit.ly/3UHPq0C
Factcheck.kg: Бийлик өкүлү «ЖМК жөнүндө» мыйзамды талкуулап жатып Гитлердин сөздөрүн келтирди

Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушев «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулап жатып Адольф Гитлердин айткан сөзүнөн мисал келтиргенин жазды Factcheck.kg басылмасы.

Ал келтирген цитатаны Геббелс айткан деп 30-сентябрда Украинанын аймагындагы аннексия тууралуу сүйлөп жатып Орусиянын президенти Владимир Путин да колдонгон.

https://bit.ly/3twOLDq
Эртең президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

17-ноябрдагы парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланат. Ошондой эле, министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берет.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Отурум УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардан, ошондой эле соцтүйүндөгү барактардан түз эфирде көрсөтүлөт.
Кадамжай: Чечменин тургундары булактын маселеси кандай чечилгенине кызыгууда

«Президент чек ара чечилди деп жатат. Эгер чек ара чечилген болсо биздин Чечме булагыбыз кандай болуп чечилди? Биз силерден расмий жооп күтөбүз. Бул жерге келип бизге жооп бериңиздер, эсептешип кетиңиздер. Ал жакта отуруп алып 100%га чечилди дегенге биз ишенбей калдык», — деди тургундардын бири.

https://bit.ly/3ge4Hav
Бишкектеги кинофестиваль: Беларустагы шайлоо, Украинадагы согуш тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салынды

Адам укуктары тууралуу жыл сайын өтүүчү «Бир Дүйнө — Кыргызстан» даректүү тасмалардын эл аралык кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды.

Фестивалдын уюштуруучуларынын бири, «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова көрүүчүлөр кинотеатрдын залына чогулуп калган кезде, механик эки тасманы көрсөтүүдөн баш тартканын айтты.

https://bit.ly/3OazOAo
Чек ара кызматкери Феликс Уланбеков самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери Феликс Уланбеков самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу 16-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

https://bit.ly/3X7lUTJ
Бекешев: Кемпир-Абад боюнча келишимде талаштуу маселелерди чечүүнүн механизмдери жок

Парламент депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкаруу жөнүндө келишимде талаштуу маселелерди чечүүнүн механизмдери жок экенин жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында, эгер келечекте тараптар бир пикирге келе албай калса, суу сактагычты пайдалануу боюнча тигил же бул маселелер кандай чечилери түшүнүксүз.

https://bit.ly/3g7PPdQ
Жогорку Кеңеш «Азаттыктын» журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту

Жогорку Кеңештин ЖМКны аккредиттөө комиссиясы «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине аккредитациялык ырастамаларды берүүнү токтотту.

Мекмеден мындай чечим Маданият министрлиги басылманын сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу экенин айтышкан.

https://bit.ly/3UIS06P
Жээнбеков Атамбаевди контрабанда жана Дача-СУ окуясы менен байланыштыргысы келген — Шыкмаматов

Коомдук комиссия Дача-СУдагы каргашаны иликтөөсүн аяктап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн авиакырсык үчүн күнөөлөрү жок деген тыянак чыгарды.

Анын айтымында, комиссиянын жарым жылдык иштин отчёту жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынына киргизилет.

https://bit.ly/3GtNk02
Сексуалдык ыдыкка кабылган балдар зөөкүр менен «элдеше» алабы? Психолог менен бирге түшүндүрөбүз

Бишкекте 17 жаштагы балага карата күч колдонуп, андан соң жыныстык талабын кандыруу үчүн оралдык катнашка мажбурлаган 39 жаштагы кишиге кылмыш иши козголуп, кийинчерээк тараптар өз ара «элдешти» деген жүйөө менен иш токтотулган.

Психологдун айтымында, айыпталуучу менен жабырлануучунун элдешүү тажрыйбасы «өтө эле эски», бул бүгүнкү күндө «керексиз түшүнүк».

https://bit.ly/3AkEv4R
Жогорку Кеңештин жыйыны башталды. Ага президент да катышып жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди» жана «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну» талкуулайт.

Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып жатат. Учурда Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант беришүүдө.

Сүрөт: Kloop.
Укук коргоочуну күчтөп кармап кеткен полковник Тюкебаевдин уулу камактан бошотулду

Пара алууга шектелип кармалган Каракол РИИБдин тергөөчүсү Баатырбек Тюкебаев, шаардык милицинын башчысынны орун басары Тилек Тюкебаевдин уулу — үй камагына чыгарылды. Баатырбек Тюкебаев 2022-жылдын февралында пара опузалоого шектелип кармалган.

Анын атасы — Тилек Тюкебаев 15-ноябрда Ак үйдүн алдынан укук коргоочу Азиза Абдирасулованы күч колдонуп кармап кеткени менен белгилүү.

https://bit.ly/3GmVKq4
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев макулдашуу боюнча маалымат берүүдө

Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын 302,29 километри эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын денгээлинде жазылып бүткөнүн айтты. Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1472,82 км аралыкты түзөт. Анын 1170,53 км тилкеси 2017-жылы чечилген.

Сүрөт: Клооп
Президент депутаттардан кыргыз-өзбек чек ара маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек ара келишими боюнча «эң туура кадам жасап, туура чечим кабыл алып жатабыз» деген пикирин билдирди.

«Популисттик кылып, же “элдер кыйкырып жатпайбы” деп элге шылтап, добуш бербей, кворум кылбай, отурумдан чыгып кетип жаткан депутаттар жок эмес. Мамлекеттин тагдыры чечилип жатканда андай кылбаңыздар. Бийликке оппозиция болбоңуздар, сураныч», — деп белгиледи ал.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Жапаров: Суу астында жаткан жерди 100 жылдан кийин болсо да алмашып алабыз

Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча акция уюштуруп жаткандарга кайрылып, суу сактагычтын алдындагы 4 127 гектар жер 1965-жылы Өзбекстан менен алмашып кеткенин айтты.

«Ага карабастан, “кокус Кемпир-Абад кургап кетсе, суу астындагы жер Өзгөндө калсын” деп кыйкырып жатасыңар. Биринчиден, суу кургабайт, дагы кылымдары бою суу агат. [...] Экинчинден, макул суу түгөнүп суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңме-тең ошол замат башка жерден жер берип алмашып алсак болот. Аларга суу баскан таш, кум баскан жердин кереги жок», — деди ал.

Бирок буга чейинки комитет жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад боюнча «тарыхый документтерде жер алмашуу жөнүндө сөз болгон эмес» деп билдирген. Ал суу сактагыч курулган «кыргыздын эң жемиштүү жеринин ордуна Өзбекстан башка аймактан жер бөлгөнүн, бирок ал жер алмашууга жатпай турганын» айткан.