OSHO
2.3K subscribers
556 photos
227 videos
1 file
1.23K links
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Download Telegram
Бишкекте өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө 25-30 миңдей киши катышты

Бишкекте эртең менен Түштүк магистралдагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан борбор калаанын борборундагы Жеңиш аянтына чейин салтка айланган “Өлбөс полк” жөө жүрүшү менен башталды.

Жолдо чогулгандар согуш жылдарындагы ырларды ырдап, сүрөткө түшүп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды көтөрүштү.


Аларды Жеңиш аянтында башка шаар тургундары жана борбордун коноктору күтүп турушту. Анда ардагерлер, борбор калаанын мэри жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Өчпөс отко гүл коюшту. Андан соң конокторго аскердик техниканын көргөзмөсү жана салттуу жоокер боткосу тартууланды.


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы иш-чараларга жалпысынан 25-30 миң адам катышты.





@kgosho Билип жаша!
Бишкекте “Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштагы ролу” аттуу көргөзмө ачылды

8-майда Бишкектин борборунда, Маданият министрлигинин алдында “Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштагы ролу” аттуу ачык асман алдындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Аны “Гармония” маданий борбору уюштурган.


Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен алынган сүрөттөр коюлган. Анда:

Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык жоокерлери;

тылда иштегендер;

жана ардагерлердин согуштан кийинки сүрөттөрү бар.

Уюштуруучулар көргөзмөдө оруктагылардын Жеңишке кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулган. Анткени, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстан — ал кездеги Кыргыз ССРи — коргонуу өнөр жайынын кубаттуу борборуна айланган.


Көргөзмөнү бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору 11-май, жекшембиге чейин көрө алышат. Андан соң көргөзмө борбордогу жана өлкөнүн аймактарындагы ЖОЖдор менен мектептерди кыдырат.




@kgosho Билип жаша!
көргөзмөдөн сүрөттөр




@kgosho Билип жаша!
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин үй музейи ачылды



Борбор калаада Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин музейи ачылды.

Аянты 486 чарчы метрди түзгөн имарат Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салынган. Аталган музейдин курулушун мэрия каржылаган.

Анын ичинде Түлөбердиевге Советтер Союзунун баатыры наамын ыйгаруу боюнча чыгарылган чечимдин көчүрмөсү, анын жеке буюмдары коюлган.

Каалоочулар үчүн музейдин эишиги ачык деп айтылат маалыматты.




@kgosho Билип жаша!
Айыл чарба министри дыйкандарды сууну үнөмдөөгө чакырды



Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды сугат сууну үнөмдүү колдонууга чакырды.

Ал жерди сугарып бүткөн соң сууну дароо кезекте турган кийинки фермерге берүүнү айтып, суунун ашыкчасы топурака да, өсүмдүкө да зыян келтирерин эскерткен. Ошону менен катар эле дыйкандарды жамгырлатып, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы технологияларга өтүүгө чакырган.

Өлкөнүн башкы баба дыйканы арыктарды тазалоону эскертүүнү да унуткан эмес.





@kgosho Билип жаша!
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Актилек Орозбеков 25-июнга чейин үй камагына бошотулду. Мындай чечимди сот чыгарган.

Чечимге ылайык, блоггер камакка алынган учурда социалдык тармактарга билдирүү жазууга тыюу салынган.

Эске салсак, укук коргоо кызматкерлери тарабынан 30 жаштагы А.О. улуттар аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилерин камтыган материалдар YouTube каналы аркылуу таратылып жаткандыгы аныкталган. Анда "Актилек Орозбеков" деген каналдын видеотасмалары экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган YouTube каналынын материалдарында улуттар аралык кастыкты пропагандалоонун белгилери бар экени аныкталган.

Блогер тил боюнча патрулдарды уюштуруп, YouTube каналында кафелерди жана тамак-аш сатуучу жайларды кыдырып, бардык жазууларды жана менюларды кыргыз тилинде жазууну талап кылган видеолорду жарыялоосу менен белгилүү.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жаран А.О. 50дөн ашык мекеменин ишмердүүлүгүн өзүм билемдик менен текшерип, бир жактуу корутундуларды чыгарып, улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери менен иш-аракеттерди жүргүзгөн. Ал буга чейин массалык башаламандыктар үчүн жоопко тартылганы да тастыкталды.

Албетте, ал мунун барын өз демилгеси менен эле ишке ашыра бербегени баарыбызга түшүнүктүү болуп калды. Батыштан алган гонорарларын акташ үчүн кыска жолду тандаган блогерди учурунда "Азаттык" радиосунун колдоосу да бекер эмес.

Мыйзам барыбызга бирдей. Биз өлкөбүздүн мыйзамдарын сыйлашыбыз керек. Ал эми Орозбеков сыяктуу блогерлер мөөнөтүн өтөп бүткөн соң кайра эле эски адатына түшүп, элди бөлүп жарган иш-аракеттерин улантышына жол берилбеши кажет.




@kgosho Билип жаша!