🎓 Өкмөт 2030-жылга чейин ЖОЖдорду реформалоону пландоодо, концепция коомдук талкууга чыгарылды
Кыргызстандын Министрлер кабинети 2030-жылга чейин жогорку билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. 📄
Документте жогорку окуу жайлар системасын реформалоонун негизги багыттары аныкталып, билим берүүнүн заманбап, ийкемдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү моделин түзүү максаты коюлган. 🏛
Концепциядагы артыкчылыктуу багыттардын катарына:
* адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;
* университеттердин эмгек рыногу менен байланышын чыңдоо;
* илим менен инновацияны өнүктүрүү;
* эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү кирет. 🌍
Долбоордо азыркы система бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатканы белгиленген. Алардын ичинде:
🔹 студенттердин практикалык даярдыгынын начардыгы;
🔹 иш берүүчүлөрдүн жетишсиз катышуусу;
🔹 каржылоонун чектелүү болушу;
🔹 илим менен билим берүүнүн интеграциясынын төмөн деңгээли бар. ⚠️
Мындан тышкары, ЖОЖдорду санариптештирүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, кош дипломдуу программаларды киргизүү жана чет тилдеринде окутууну кеңейтүү пландалууда. 💻📚
Концепцияны ишке ашыруу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлөт. Министрлик реформалардын жүрүшү тууралуу жыл сайын отчет берип турат. 📊
Бул документ кабыл алынса, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулап, университеттердин өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы күчөйт деп күтүлүүдө. 📈
📌 Токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша!

Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
👍2❤🔥1❤1🔥1😁1
🏢 Май майрамдарында Кыргызстандагы Калкты тейлөө борборлору эс алуусуз иштейт
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборлору (КТБ) май майрамдары учурунда да адаттагы режимде ишин улантат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 📢
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо, борборлор күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин ачык болот. 🕘
Мекемеден белгилешкендей, мындай иш тартиби калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында киргизилди. ✅
Жарандарга КТБга барар алдында бекитилген графикти эске алуу, ошондой эле мүмкүнчүлүк болсо онлайн кызматтарды пайдалануу сунушталат. 💻
@kgosho Билип жаша!
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборлору (КТБ) май майрамдары учурунда да адаттагы режимде ишин улантат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 📢
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо, борборлор күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин ачык болот. 🕘
Мекемеден белгилешкендей, мындай иш тартиби калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында киргизилди. ✅
Жарандарга КТБга барар алдында бекитилген графикти эске алуу, ошондой эле мүмкүнчүлүк болсо онлайн кызматтарды пайдалануу сунушталат. 💻
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
👍2👏2❤1❤🔥1🔥1
📚 Кыргызстанда «Жеңиш диктанты» өтөт
🗓 24-апрелде дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да эл аралык «Жеңиш диктанты» акциясы өтөт. Ага тарыхка кызыккан бардык каалоочулар катыша алышат. 🌍
❓ «Жеңиш диктанты» деген эмне?
Бул — Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы боюнча билимди текшерген тест. Анда негизги салгылашуулар, баатырлардын ысымдары, согуш тууралуу адабий чыгармалар, ырлар, тасмалар жана тарыхый эстелик жайлар боюнча 25 суроо камтылган.
Мындан тышкары, суроолордун өзүнчө бөлүгү кыргызстандыктардын Жеңишке кошкон салымына арналат. 🇰🇬
✍️ 2026-жылы бул акция сегизинчи жолу өткөрүлөт. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына, ошондой эле Советтер Союзунун маршалы Георгий Константинович Жуковдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналат. ⭐️
🏛 Уюштуруучулар бардык каалоочуларды быйыл бул ири иш-чаранын бир бөлүгү болуп, Русский домдун борбордук аянтчасында диктант жазууга чакырышат.
🕒 Акция саат 15:00дө башталат. Катышуучуларга 14:30га чейин алдын ала келип алуу сунушталат.
📝 Диктантка катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл.

👏3❤🔥1🔥1🥰1
🕯 Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайтты
21-апрелде Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Дмитриевич Пухарев 103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. 😔
Василий Пухарев 1924-жылдын 1-январында Кемеров облусунун Кузедеев районуна караштуу Силен айылында төрөлгөн. 📍
1942-жылы аскер кызматына чакырылып, алгач аткычтар полкунун курсанты катары даярдыктан өткөн. Кийин пулемёттук дивизияда кызмат өтөп, 1943-жылы зениттик-артиллериялык полкко которулган. ⚔️
Ал Маньчжуриядагы согуштук аракеттерге катышып, Япония менен болгон согуш маалында аскердик машинаны башкарган. 🚘
Согуштан кийин Василий Дмитриевич 1950-жылга чейин токой чарбасында токойчу болуп эмгектенген. Андан соң геология тармагында бургулоо иштери боюнча нөөмөттүк мастер болуп иштеген. 🌲
1960-жылы Алтай крайына, андан соң Усть-Каменогорск облусуна которулуп, Титан-магний заводунда электромонтёр болуп эмгектенген. Ал эми 1984-жылдан 1990-жылга чейин Ленин атындагы заводдо иштеген. 🏭
Ардагер бир катар сыйлыктар менен сыйланган.
🕊 Василий Пухаревдин өмүр жолу — эрдиктин, эмгектин жана Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болуп калды.

😢4🕊3🙏1😭1
🗑 ЖК таштанды ыргытуу үчүн жарандардын жоопкерчилигин күчөтүүчү мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңеште көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы жана таштандыны белгиленбеген жерлерге ыргытканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Тиешелүү чечим бүгүн «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо маалында кабыл алынды. ⚖️
Долбоордун демилгечиси — депутат Дастан Бекешев. Анын айтымында, мыйзам долбоору:
* көрктөндүрүү эрежелерин бузууга;
* таштандыны уруксат берилбеген жерлерге ыргытуу, топтоо жана өрттөөгө;
* ошондой эле суу чарба курулмаларын бузууга каршы жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөйт. 🚯
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда айып пулга альтернатива катары коомдук иштерге тартуу чарасын киргизүү сунушталууда. 🧹
Талкуу учурунда депутаттар таштандыны туура эмес жерге ыргыткандарды ким жана кандай тартипте көзөмөлдөй турганы азырынча так эмес экенин белгилешти.
Айрым эл өкүлдөрү болсо мындай мыйзам долбоорунда жөн гана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү жетиштүү болмок деген пикирлерин айтышты. 📌

👍3😁2❤1🔥1👌1
🇰🇬📢 “Кыз бозуса энесин коркутат” же Европа Кыргызстанга эмнеге “таарынды”
Кыргызстан 🇰🇬 расмий түрдө Европа Биримдиги тарабынан санкцияларды айланып өтүүгө каршы инструмент колдонулган биринчи өлкө болду. Бул тууралуу Reuters жана башка дүйнөлүк ЖМКлар билдирди.
📦 Эмне тыюу салынды?
Европа Биримдиги 22-апрелде кабыл алган 20-пакет санкциялардын алкагында Кыргызстанга төмөнкү товарларды экспорттоого түз тыюу салды:
🔧 Металл иштетүүчү станоктор
— ЧПУ (сандык башкаруу) менен иштеген жабдуулар
— Жогорку тактыктагы кесүү жана металл формалоо технологиялары
📡 Коммуникациялык жабдуулар
— Модемдер, роутерлер
— Радиостанциялар жана маалымат берүүчү башка түзмөктөр
🚫 Ошондой эле айрым кыргызстандык логистикалык компанияларга Европа порттору жана транспорттук тармактар жабылды.
📊 Эмне себеп болду?
Еврокомиссиянын маалыматы боюнча:
📈 2025-жылы Европадан Кыргызстанга электроника экспорту 800% га өскөн
📈 Кыргызстан аркылуу Россияга жабдуулар жеткирүү 1200% га көбөйгөн
Европа бул өсүштү “шектүү” деп эсептеп, Бишкек жетиштүү чара көргөн жок деп жыйынтык чыгарган.
💼 Бизнеске таасири кандай болот?
⚖️ Эми Европа компаниялары үчүн “күнөөлүүлүк презумпциясы” режими кирди:
— Ар бир компания товар Россияга кетпей турганын далилдеши керек

🤣2👍1🤔1🤬1🤡1💊1
📅 1945-жылдын 23-апрели: Гитлер артка чегинген аскерлерине жамгырдай ок жаадырып...
1-Беларусь фронтунун аскерлери Берлиндин чыгыш тарабында чабуулга өтүп, немец аскерлеринин бекемделген коргонуу тилкесин жарып өтүшкөн. Натыйжада алар 60тан 100 чакырымга чейин алдыга жылышкан. ⚔️
Ошол эле учурда 1-Украина фронтунун бөлүктөрү Нейсе дарыясынын боюндагы душмандын терең эшелондоштурулган коргонуу чебин бузуп, 80ден 160 чакырымга чейин илгерилешкен. Бир катар ири шаарларды ээлеген советтик аскерлер түштүк тараптан Германиянын борбору — Берлинге кирип барышкан. 🚩
📌 1945-жылдын 23-апрелиндеги башка маанилүү окуялар:
Германияда:
Гитлердин буйругу менен рейхсмаршал Герман Геринг бардык наамдарынан ажыратылып, камакка алынган. Анын колунда Гитлер согушту башкара албай калса, башкы командачылыкты өз колуна алуусу жазылган эски буйрук болгон. Ал 23-апрелде Гитлер согушту башкара албай калган болсо буйрук боюнча өз колуна алууга даярдыгын айткан. Анын мындай сунушу Гитлерди ачууланткан.
Ошондой эле немец артиллериялык бөлүктөрүнө радио аркылуу артка чегинип жаткан өз жөө аскерлерине ок атуу жөнүндө буйрук берген. 😨
🚤 Шпрее дарыясындагы эрдик:
Днепр аскердик флотилиясынын жарым глиссери менен старшина Дудников Шпрее дарыясынан өтүүдө 5 жолу каттап, Кызыл Армиянын жоокерлерин батыш жээкке жеткирген. Фаустпатрондун түз соккусунан кайыгы өрттөнгөнүнө карабай, жарадар командир аны максаттуу жерине чейин айдап барган.
Берлинди штурмалоодогу эрдиги жана каармандыгы үчүн Георгий Георгиевич Дудниковго өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. ⭐️
Москва:
Бул күнү СССРдин Мамлекеттик коргоо комитети «Комсомольск — Ванино булуңу» темир жол линиясын жана Амур дарыясы аркылуу паром өткөөлүн курууну камсыз кылуу чаралары жөнүндө токтом кабыл алган. Үч айдан кийин эле Ванино булуңуна алгачкы поезд каттамы жүрө баштаган. 🚆
🕊 1945-жылдын 23-апрели. Улуу Жеңишке туура 16 күн калган эле...
АТАЛАРГА ТААЗИМ! Эч ким, эч нерсе унутулбайт🫡!

❤3🔥2👍1🕊1
Парламент баатыр энелердин балдарына окуу үчүн жеңилдик берүүнү жактырды 👏🎓
Эми «Баатыр эне» ордени бар энелердин балдары Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдордо биринчи жогорку билим алууда контракттык окууга 50% арзандатуу ала алышат 📚💸
Депутаттардын айтымында:
🔹 жеңилдик биринчи жогорку билимге гана берилет
🔹 өкмөт тиешелүү тартипти иштеп чыгат
🔹 Билим берүү тармагындагы мекемелер жеңилдик алуучуларды каттайт
Каржы министрлиги бул үчүн бюджетте каражат каралганын билдирди 💰
Ошондой эле депутаттар «Баатыр эне» макамын алуу үчүн документ топтоо жол-жобосун жеңилдетүү керектигин айтышты 📝
Азыр өлкөдө баатыр энелерден төрөлгөн 569 студент ЖОЖдордо окуйт экен. Бул чечим көп жаштарга билим алууга жол ачат деп белгиленди 🌟
@kgosho Билип жаша!
Эми «Баатыр эне» ордени бар энелердин балдары Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдордо биринчи жогорку билим алууда контракттык окууга 50% арзандатуу ала алышат 📚💸
Депутаттардын айтымында:
🔹 жеңилдик биринчи жогорку билимге гана берилет
🔹 өкмөт тиешелүү тартипти иштеп чыгат
🔹 Билим берүү тармагындагы мекемелер жеңилдик алуучуларды каттайт
Каржы министрлиги бул үчүн бюджетте каражат каралганын билдирди 💰
Ошондой эле депутаттар «Баатыр эне» макамын алуу үчүн документ топтоо жол-жобосун жеңилдетүү керектигин айтышты 📝
Азыр өлкөдө баатыр энелерден төрөлгөн 569 студент ЖОЖдордо окуйт экен. Бул чечим көп жаштарга билим алууга жол ачат деп белгиленди 🌟
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
❤2👍2🔥1
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун берүү тартиби өзгөрдү 👨👩👧👦📌
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө берилчү ай сайынкы «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун механизми кайра каралды.
Жаңы өзгөрүүлөр:
🔹 2026-жылдын 10-апрелинде Министрлер кабинетинин №242 токтому кабыл алынды
🔹 жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылды 🚗
🔹 жеке менчикте 1 турак жайы бар аз камсыз болгон үй-бүлө жөлөкпул ала алат 🏠
🔹 2 же андан көп турак жайы барлар бул жөлөкпулду ала албайт ❌
🔹 кепилденген минималдуу киреше 1000 сомдон 1500 сомго көтөрүлдү 💰
Бул өзгөрүүлөр 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет 📅
Эгер жаран райондук коэффициент каралган аймакта жашаса, жөлөкпул ошол коэффициентти эске алуу менен төлөнөт 📍

🤔3👍2❤1👏1👌1
Кыргызстанда түндүк — түштүк альтернативдүү жолу сезондук негизде иштейт 🚗🏔
Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаевдин айтымында, бул унаа жолу толук кандуу 2028-жылы иштей баштайт.
Азырынча:
🔹 2026-жылы жол жай мезгилинде гана ачылат ☀️
🔹 кышкысын коопсуздук маселелерине байланыштуу жабылып турат ❄️
🔹 негизги коркунучтар — таш кулоо, кар көчкү жана башка табигый тобокелдиктер ⚠️
Министрдин айтымында, коопсуздук маселелери чечилгенден кийин жол эң көп дегенде эки жыл ичинде толук ачылат ✅
@kgosho Билип жаша!
Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаевдин айтымында, бул унаа жолу толук кандуу 2028-жылы иштей баштайт.
Азырынча:
🔹 2026-жылы жол жай мезгилинде гана ачылат ☀️
🔹 кышкысын коопсуздук маселелерине байланыштуу жабылып турат ❄️
🔹 негизги коркунучтар — таш кулоо, кар көчкү жана башка табигый тобокелдиктер ⚠️
Министрдин айтымында, коопсуздук маселелери чечилгенден кийин жол эң көп дегенде эки жыл ичинде толук ачылат ✅
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
👍4❤1🔥1
🎭 Бишкеке Санкт-Петербургдун "Балтийский дом" театры келет
Бишкектин тарыхында алгачкы жолу Санкт-Петербургдагы атактуу «Балтийский дом» театрынын ири гастролдору өтөт 🌟
Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры билдирди.
📅 12-июндан 14-июнга чейин
Санкт-Петербургдан келген өнөрпоздор борбор калаадагы театр сахнасында көрүүчүлөргө тандалган үч мыкты спектаклин тартуулашат.
Көрүүчүлөрдү төмөнкү оюндар күтөт:
✨ «Таня» (Алексей Арбузов)
Бул спектакль 2024-жылы Санкт-Петербургдун жогорку театралдык «Алтын софит» сыйлыгына татыган 🏆
Адамдын ички дүйнөсүн терең ачып, түбөлүктүү баалуулуктар тууралуу ойго салган таасирдүү драма.
🎭 «Попрыгунья»
А.П. Чеховдун белгилүү чыгармасынын негизинде сахналаштырылган трагикомедия.
Көрүүчүлөрдү назик юмор, курч драмалык бурулуштар жана адамдык мамилелердин кылдат өңүттөрү күтөт.
🎬 «Үч эркек жана бир шедевр»
Рон Хатчинсондун пьесасынын негизинде коюлган бул комедия Голливуддун көшөгө артындагы жашоосун кызыктуу, тамашалуу жана акылдуу формада ачып берет 😄👏
Жакшы маанай тартуулай турган өзгөчө спектакль!
🎟 Билеттерди театрдын кассасынан жана Ticket.kg сайтынан сатып алууга болот.
📍Театр сүйүүчүлөрү үчүн бул — өткөрүп жиберүүгө болбой турган өзгөчө маданий окуя!

👍2❤1👏1🎉1🤩1
Кыргызстан 2026-жылдын башынан бери дээрлик 26 миң автоунаа импорттоду 🚗📈
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь — февраль айларында Кыргызстанга 25 миң 892 жеңил унаа алып келинген. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 39% көп.
Негизги көрсөткүчтөр:
🔹 импорттун жалпы көлөмү — 17 млрд 776,3 млн сом
🔹 эң көп унаа Кытайдан келген — 12 687 даана 🇨🇳
🔹 Түштүк Кореядан — 8 799 даана 🇰🇷
🔹 АКШдан — 1 329 даана 🇺🇸
🔹 Япониядан — 715 даана 🇯🇵
Мындан тышкары:
🔹 3 936 жүк ташуучу унаа импорттолгон 🚛
🔹 473 атайын багыттагы автоунаа алып келинген
Экспорт жагы кыйла аз болгон:
🔹 сыртка 623 жеңил автоунаа чыгарылган
🔹 анын 524ү Россияга жөнөтүлгөн 🇷🇺
🔹 жүк ташуучу унаалардан болгону 12 даана экспорттолгон
Автозапчасть рыногунда да активдүүлүк жогору:
🔹 Кыргызстан 6 миң тоннага жакын тетик импорттогон
🔹 алардын көбү Кытайдан келген
🔹 экспорттолгон тетиктердин дээрлик баары Россияга кеткен
Жыйынтыгында, өлкөдө автоунаа импорту кескин өсүп, негизги агым Азиядан келсе, экспорттун негизги багыты Россия болуп жатат 📊

👍2❤1🔥1👏1
🌍🕊 Жеңиштин 81 жылдыгы: быйыл иш-чаралар 14 мамлекетте өтөт
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чаралар 14 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда да өткөрүлөт 🇰🇬✨
Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов “Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы” аттуу форумда билдирди. Маалыматты Sputnik Кыргызстан жазды 📰
Анын айтымында, “Жеңиш 9/45” эл аралык кыймылы 9-майда Кыргызстанда да атайын иш-чараларды уюштурат 🎖
Парламентарий мындай демилгелер элдик дипломатиянын маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, тарыхый эстутумду сактоо элдерди жакындатарын айтты 🤝
Акыркы жылдары Жеңиш күнүн белгилөө жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон ата-бабаларды эскерүү иштери эл аралык деңгээлде кеңири жайылып келет 🌐
Белгилүү долбоорлордун катарында:
🔹 “Өлбөс полк” жүрүшү — баатырлардын элесин даңазалаган акция
🔹 “Эскерүү багы” — согушта каза болгондордун элесине арналып 27 миллион дарак отургузууну көздөгөн ири долбоор 🌳
Бул демилгелердин баары бир максатты көздөйт — тарыхты унутпай, баатырлардын эрдигин кийинки муундарга жеткирүү ❤️🕯

👍2❤1❤🔥1👏1
9-майды утурлай: Римде "Өлбөс полк" эл аралык акциясы өтөт
Италиянын Рим шаарында быйыл да "Өлбөс полк" эл аралык акциясы өтөт. Аны мурдагы Советтер Союзунун жашоочулары уюштурууда. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактардын бирине жарыяланды. Анда "Өлбөс полк - Рим 2026" деген атайын баракча ачылып, тиешелүү бардык маалыматтар жазылган.
- деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле маалыматта акция боло турган жери, күнү, убактысы белгиленип, эгер аталарга арнап ыр окуп, ырдап же башка өнөрүн көрсөтүүнү каалагандарды эртерек байланышып коюуга чакырышкан.
📍 Жолугушуу:
10-май, 2026-жыл (жекшемби), саат 11:00дө
piazza Porta S. Giovanni, Рим
(S. Francesco эстелиги жагы)
Байланыш почтасы: [reggimentoimmortale.roma@gmail.com](mailto:reggimentoimmortale.roma@gmail.com)
@kgosho Билип жаша

"Кымбаттуу достор! 🇰🇬✨
Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында бирдиктүү Советтик Ата Мекенибиз үчүн салгылашкан баатырларды эскерүү үчүн элдик «Өлбөс полк» жүрүшүнө чакырабыз 🎖🕊
Бул күнү биз чоң аталарыбыздын жана бабаларыбыздын — жоокерлердин, офицерлердин, ооруктагы эмгекчилердин — сүрөттөрүн сыймык менен көтөрүп чыгабыз. Алардын эрдиги жана кайраты бүгүнкү тынч жашообуздун бекем пайдубалы болуп калды 💪🌟 Алардын эрдиги — биздин тирүү тарыхыбыздын бир бөлүгү, чыныгы мекенчилдиктин үлгүсү ❤️"
- деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле маалыматта акция боло турган жери, күнү, убактысы белгиленип, эгер аталарга арнап ыр окуп, ырдап же башка өнөрүн көрсөтүүнү каалагандарды эртерек байланышып коюуга чакырышкан.
📍 Жолугушуу:
10-май, 2026-жыл (жекшемби), саат 11:00дө
piazza Porta S. Giovanni, Рим
(S. Francesco эстелиги жагы)
Байланыш почтасы: [reggimentoimmortale.roma@gmail.com](mailto:reggimentoimmortale.roma@gmail.com)
@kgosho Билип жаша
❤🔥1❤1👍1🔥1👏1
🕯 1945-жылдын 24-апрели, Берлин толук курчоого алынган күн!
Берлинге чабуул операциясынын жүрүшүндө 24-апрелде 1-Беларусь жана 1-Украина фронтторунун бөлүктөрү Берлинди түндүк жана түштүк тарабынан айланып өтүп, шаарды толук курчоого алышкан 🔥
Маалыматка караганда, 1-Беларусь фронтунун аскерлери Берлиндин түштүк-чыгыш тарабында Даме дарыясын кечип өтүп, шаардын бир катар чет жакаларын ээлешкен жана түштүктөн чабуул койгон 1-Украина фронтунун күчтөрү менен бириккен 🤝
Ошондой эле советтик танкалык бөлүктөр менен жөө аскерлер Гогенцоллерн каналынан өтүп, салгылашуу менен 20 чакырым алдыга жылып, маанилүү транспорттук түйүн болгон Науен шаарын ээлешкен 🚩
Мунун натыйжасында Берлин – Гамбург темир жолу талкаланып, ал эми Берлин – Ганновер багыты советтик артиллериянын аткылоосуна алынган 🚆💥
1-Украина фронтунун аскерлери болсо Берлиндин түштүк бөлүгүндө катаал көчө салгылашууларын жүргүзүшкөн⚔️
Немис күчтөрү үйлөрдүн чатырларына пулемётторду жайгаштырып, жер төлөлөрдү артиллериялык позицияларга айландырган.
Советтик бөлүктөр гитлерчилерди танк куруучу жана авиациялык заводдордун аймагынан сүрүп чыгарып, Мариендорфду ээлеп, Тельтов каналынын өтмөктөрү үчүн салгылашышкан 🏭
Ал эми Дрезден багытында советтик аскерлер Шварце-Эльстер каналын кечип өтүп, 20 чакырымга чейин алдыга жылып, төрт темир жол кесилишкен маанилүү түйүн — Гроссенхайн шаарын ээлешкен 📍
Бул күн Берлинди алуу операциясындагы чечүүчү бурулуштардын бири катары тарыхта калды 🕊

❤2👍1🔥1👏1
📰 Кыргызстанда 2026-жылы 1 киловатт электр энергиясынын өздүк наркы 3,03 сом болот
Кыргызстанда 2026-жылы 1 киловатт электр энергиясынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.
⚡️ Анын айтымында, учурда калк ар бир киловатт үчүн 1,37 сомдон төлөп жатат.
📌 Бул сумма электр энергиясынын өздүк наркынын болгону 45,6 пайызын гана түзөт. Калган бөлүгү болсо мамлекеттин мойнуна жүк болуп түшүүдө.
🗣 Тимур Орозалиевдин айтымында:
электр энергиясынын тарифи жыл сайын орто эсеп менен 20-30 тыйынга жогорулап жатат. Ал эми калк үчүн каралган социалдык лимит 700 киловаттты түзөт.
🔧 Ошондой эле ал энергетика тармагында модернизация жүргүзүүгө жана жабдууларды сатып алууга каражат жетишсиз болуп жатканын белгиледи.
📈 Ушундан улам, орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, электр энергиясынын баасын жыл сайын көтөрүү каралып жатат.
👥 Жыйындын жүрүшүндө депутат Суюнбек Өмүрзаков электр энергиясын керектөө көбөйгөнүнө байланыштуу калк үчүн белгиленген социалдык лимитти жогорулатууга чакырды.

🤡2
📰 Кыргызстанда дээрлик 3 миң ветеринар жетишпейт
Кыргызстанда учурда 1 миң 192 ветеринар иштейт. Бирок алардын 60 пайызы пенсия курагындагы адистер экени белгилүү болду. Өлкөдөгү малдын жалпы санын эске алганда, дагы 2 миң 765 ветеринар керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында айтылды.
🐄 Маалыматка ылайык, 2018-жылдан тарта Кыргызстанда ветеринарлар жеке адис катары кызмат көрсөтө баштаган. Депутаттар болсо бул тармактагы жоопкерчиликти мамлекет өзүнө алып, ар эки айылга жок дегенде бирден адис бекитүүнү сунушташты.
🏥 Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын директорунун орун басары Ишенбек Алмамбетов билдиргендей, учурда ар бир айылда ветеринардык клиника ачуу боюнча долбоор иштелип чыгууда.
📌 Анын айтымында, азыр бул боюнча:
— тиешелүү ченемдик-укуктук актылар даярдалып жатат;
— типтүү чакан клиникалардын эскиздери иштелүүдө.
🎓 Жыйын учурунда депутаттар ветеринардык адистиктер үчүн канча бюджеттик орун бөлүнөрүнө да кызыгышты. Бирок тиешелүү өкүлдөр бул суроого так жооп бере алышкан жок.
👨⚕️ Эл өкүлдөрү белгилегендей, бул тармакка жаш адистерди тартуу үчүн айлык акыны көтөрүү жана социалдык колдоо көрсөтүү зарыл.
📋 Бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү — Ата Журт» депутаттык тобу өлкөдөгү ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн азыркы абалын карап жатат.

👍1
📰 Садыр Жапаров: Владимир Путинди Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитинде күтөбүз
Кыргызстан менен Россия мурда да, азыр да союздаш жана стратегиялык өнөктөш*бойдон кала берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-апрелде Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдө билдирди.
🤝 Мамлекет башчысынын айтымында, эки өлкөнү тарыхый достук байланыштары бириктирип турат.
🗣 Садыр Жапаров белгилегендей:
«Бизди тарыхый достук байланыштары бириктирет. Биз мурда да, азыр да стратегиялык өнөктөшпүз, Россия Федерациясынын негизги союздашы бойдон калуудабыз», — деди ал.
📌 Президент ошондой эле бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүп жатканын айтты.
🌍 Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2026-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөрүн эске салып, Владимир Путинди бул иш-чарага катышууга чакырды.
✈️ «Ушуга байланыштуу сиздин сапарыңызды, ШКУ саммитине катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз», — деди Кыргызстандын президенти.
📈 Өз кезегинде Владимир Путин эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү аткарылып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, мындай оң динамика Кыргызстандын экономикасынын өсүш темпине да жакшы таасир тийгизүүдө.
🤝 Россия лидери азыркы жумушчу сапар да Москва менен Бишкектин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

❤2