Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Жат жазуу" акциясы өттү
Кыргызстанда VII эл аралык "Жеңиш диктанты" акциясы өттү. ал Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгынын урматына карата уюштурулган. Акция жалпысынан бир убакта 70 жерде өткөрүлдү.
Негизги имараты Чыңгыз Айтматов таындагы орус драм театры болгон.
Ошону менен катар эле бул жерде экинчи акция орун алды. Ал "жеңиш терезелери" деп аталат. Анда каалоочулар үй, ишкана жана башка имараттардын терезесине 9-майды чагылдырган сүрөт тартып илсе болот.
@kgosho Билип жаша!

Telegram
OSHO
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Эми мамлекеттик органдар 3 гезитти милдеттүү түрдө катталып, сатып алышат
“Эркин-Тоо” расмий мамлекеттик бюллетени;
“Кыргыз Туусу” гезити;
“Слова Кыргызстана” гезити.
Эми бул 3 гезитти мамлекеттик органдар милдеттүү түрдө сатып алып турушу керек болот.
Мындай буйрука минкаб башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кол топтоо өнөктүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө президенттик аппараттын кызматкерлерине, министрлерге, ведомстволордун жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине, ошондой эле мэрлерге, акимдерге, айыл өкмөт башчыларына, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жетекчилерине тапшырылды.
“Демилгенин максаты бирдиктүү маалыматтык саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо”, — деп белгиленет документте.

Кыргызстандыктар МГИМОго тапшыра алышат. Документтер 19-майга чейин кабыл алынат
Кыргыз Республикасынын жарандары 2025/26-окуу жылына Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) кабыл алуу үчүн сынактык тандоого катыша алышат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка таянсак, бакалавриат, магистратура жана аспирантурага документтер 2025-жылдын 19-майына чейин кабыл алынат.
Талапкерлер сунуш кылынгандардын ичинен бир гана тандалган окуу тармагына документтерди тапшыра алышат.
МГИМОго кабыл алуу бюджеттик негизде жүргүзүлөт. Сегиз абитуриент бакалаврдын күндүзгү программасына, бешөө магистратурага жана бирөө аспирантурага сунушталат.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан МГИМОнун сынактык иш-чараларына андан ары катышуу үчүн сунушталган талапкерлер аралыктан орус жана чет тилдер боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.
Абитуриенттерди сынактык тандоо эрежелери менен Тышкы иштер министрлигинин жана министрликтин Дипломатиялык академиясынын сайттарынан таанышууга болот. Сынакка катышуу үчүн документтерди каттоо онлайн режиминде, ал эми документтерди берүү оффлайн режиминде жүргүзүлөт.
Байланыш телефондору: 0312661351, 0312660185.

Бишкектеги зоопаркта карышкыр баланын бармагын тиштеп алды. Окуя сүрүштүрүлүүдө
Бишкектеги зоопаркта карышкыр баланын бармагын тиштеп алды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы бул боюнча кабар 22-апрелде 102 номерине келип түшкөнүн айтат.
Аталган факт Октябрь РИИБнин турак жай инспекциясына катталып, алдын ала тергөө иштери башталды.
Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, жабырлануучу 2021-жылы туулган бала экенин тактап, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң ооруканага, микрохирургия бөлүмүнө жеткирилген. Учурда баланын абалы туруктуу.
Алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бардык күбөлөр жана зоопарктын кызматкерлери суралган.
Тергөө иш-чаралары уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүү тараптардын аракетине (же аракетсиздигине) юридикалык баа берилет.
Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, карышкыр баланын манжасын тиштеп алган. Коомдук көзөмөл сакчылары ата-энелерди балдарын зоопарк жана башка жайларга алып барганда бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен балдарына көңүл бурууга чакырат.

Кулагыңызга күмүш сырга! 1-июлдан тарта ОСАГО жок болсо айып төлөйсүз
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке жактарга автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси (ОСАГО) жок болгондугу үчүн айып пул салынат. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруучулар ассоциациясы эскертет.
Мекеме ОСАГО мыйзамдагы гана талап эмес, маанилүү коргоо чарасы экенин белгилейт. Кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы айдоочуну олуттуу каржылык чыгымдардан сактап, үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурат.
Жеке жактарга айып 30 эсептелген көрсөткүчтү, же 3 миң сомду түзөт.
Ассоциация элди камсыздандыруу полисин алууну акыркы мүнөткө чейин калтырбоого чакырат.
Автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча суроолор боюнча 1292 телефонуна кайрылыңыз.
Эске сала кетсек, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирип, жеке жактарга айып пул төлөө 2025-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылганына карабастан, ишин улантууда.
2023-жылдын 1-апрелинен тарта айып пулдар башка өлкөлөрдө катталган транспорт каражаттарынын ээлерине же айдоочуларына, ошондой эле юридикалык жактарга, анын ичинде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата колдонула баштаган.
Юридикалык жактар үчүн ОСАГО алынбаган учурда айып пулдун көлөмү 130 эсептелген көрсөткүчтү түзөт, бул 13 миң сомго барабар.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
КРдин Улуттук Банкы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата тыйынды сатыкка чыгарды
Күмүш тыйын 5200 сом турат. Каалоочулар жумуш күндөрү саат 9:00-14:00гө чейин банктын кассасынан же расмий сайты аркылуу сатып алса болот.
@kgosho Билип жаша!
Күмүш тыйын 5200 сом турат. Каалоочулар жумуш күндөрү саат 9:00-14:00гө чейин банктын кассасынан же расмий сайты аркылуу сатып алса болот.
@kgosho Билип жаша!
Кайрымдуулук бүтүп эми бизнеспи? Минкаб башчысынын АКШга сапары кандай өттү?
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев АКШга болгон жумушчу сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Касымалиев кимдер менен жана эмне үчүн жолуккан?
📌Боингдин аймактык директору Павел Чичко менен жолугушууда Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын модернизациялоо жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү камтыган авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалган.
📌IBM компаниясынын мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу боюнча вице-президенти Майк Харни менен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, процесстерди оптималдаштыруу жана экономиканы санариптештирүүнү тездетүү үчүн алдыңкы IT чечимдерин жана IBM технологияларын ишке ашыруу кадамдары талкууланган. Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, деп айтылат маалыматта.
📌Starlink компаниясынын директору Ребекка Хантер менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, анын ичинде тоолуу жана алыскы аймактарда Starlink спутниктеринин алдыңкы технологияларын колдонуу менен жогорку ылдамдыктагы интернетке кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоонун практикалык аспектилери талкууланган.
📌White & Case LLP юридикалык фирмасынын өнөктөшү Мэттью Дроссос менен инвестициялык долбоорлорду укуктук колдоо, инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерин талкууланган.
📌Ошондой эле SinoPowell компаниясынын аткаруучу директору жана негиздөөчүсү Стивен Пауэлл менен баарлашып, пайдалуу кендерди казып алуу тармагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө, атап айтканда, маанилүү пайдалуу кендерди иштетүү боюнча сүйлөшүшкөн.
📌Cove Capital башкаруучу өнөктөшү Пини Алтаус менен жолугушууда энергетика тармагына, ошондой эле маанилүү кендерди казып алуу жана кайра иштетүүгө байланышкан долбоорлорго инвестиция тартуунун келечеги талкууланган.
Жолугушууларда саясий фигуралардын жоктугу Американын жаңы администрациясы Борбор Азиядагы өз багытын чече электигинен кабар берсе, ишкерлери аркылуу кыргыз өкмөтүнө кирүүгө аракет кылышы мурда түрдүү гуманитардык программалары аркылуу агылган тыңчылары эми бизнес тармагында пайда болчудай.

Элчилик АКШда билим алып жаткан кыргызстандык студенттерге виза статусунун эскертти
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги америкалык университеттерде билим алып жаткан студенттерге виза берүү боюнча эскертүү берди.
"Эгер сиз окууну таштап, сабактарды калтырсаңыз же окуу жайыңызга эскертпестен окуу программаңыздан чыгып кетсеңиз, сиздин студенттик визаңыз жокко чыгарылып, келечекте АКШ визасын алуу мүмкүнчүлүктөрүңүзгө зыян келтириши мүмкүн. Ар дайым визаңыздын шарттарын сактаңыз жана ар кандай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн студенттик статусуңузду сактаңыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Андыктан АКШдагы Кыргызстандан келген студенттер окуудагы жетишкендиктери жана сабакка катышуусу үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек.

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалимдин кармалышына телефонуна жүктөп алган тиркеме себеп болгон
Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары Түркияда окуп, жатаканада жашаган. Ал ошол кезде FETO уюмунун (Түркияда террордук уюм деп таанылган) мүчөлөрү колдонгон тиркемени көчүрүп алган деп күнөөлөнүүдө.
Түрк тарап мунун негизинде издөө жарыялап, Нурматов Түркиянын чек арасына кирери менен кармап кеткен.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча аталган министрлик Нурматовдун жактоочусу менен тыгыз байланышта болууда.

Кыргызстан Россиядан С-300 абадан коргонуу системаларынын партиясын алды. Алар 8-майда парадда элге көрсөтүлөт.
"Бизде бирдиктүү абадан коргонуу системасы иштеп жатат. Эми ошол биргелешкен системанын С-300 деген элементтерин алдык. Алар өлкө аймагына алып келинди", — деген ал.
Иманкулов мындай системадан өлкөгө канчасы берилгенин так айткан эмес, деп жазат Sputnik Кыргызстан сайты. Аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектеги парадда көрсөтүшөт.
@kgosho Билип жаша!
"Бизде бирдиктүү абадан коргонуу системасы иштеп жатат. Эми ошол биргелешкен системанын С-300 деген элементтерин алдык. Алар өлкө аймагына алып келинди", — деген ал.
Иманкулов мындай системадан өлкөгө канчасы берилгенин так айткан эмес, деп жазат Sputnik Кыргызстан сайты. Аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектеги парадда көрсөтүшөт.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Россияда Борбор Азия мамлекеттеринде эгемендүүлүк алгандан кийин Россия Федерациясынын ролу кандай окутулуп жатканына саресеп салган изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөчүлөр кызыктуу фактыларды таап чыгышкан
"Аксон" маалымат-консалтинг борбору Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарых окуу китептеринде Россиянын ролу" деп аталган изилдөө жүргүзгөн. Эксперттер Россиянын образы тарых окуу китептеринде көбүнчө объективдүү эмес жазыларына күбө болушкан. Окумуштуулар бул жерде жөн гана өтмүш бурмаланып жатканына эмес, келечек муун Борбор Азиянын стратегиялык өнөктөшү болгон мамлекет тууралуу туура эмес маалыматтарды алып жатканына тынчсызданышат.
Изилдөө методологиясы
“Аксон” маалымат-коммуникациялык борборунун адистери Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан келген 5–11-класстар үчүн 27 тарых китебин талдоого алышкан. Россия жөнүндө 800гө жакын материалдарды табышкан, алардын 60%ы терс мааниде болгон. Өзгөчө өкүнүчтүү болгон 475 ушундай материалдын 280и колониялык дискурска байланыштуу болгон. Окуу китептеринин авторлору Россияны жергиликтүү элдерди эксплуатациялоодо, Борбор Азия аймактарын ресурстук база катары пайдаланып жатат деп айыптап, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди “колониялык” же “оккупациялык” режим катары көрсөтүшкөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгы “Россия КМШ өлкөлөрүнүн тарых окуу китептеринде: союздашпы же колонизаторбу?” тегерек столунда айтылды. Жолугушуунун катышуучулары көйгөйдү талкуулап гана тим болбостон, аны чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун да сунушташты.
Идеологиялык манипуляциянын мисалдары
Тенденциялык мамиленин жаркыраган мисалдарынын бирин Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканынын орун басары Дмитрий Андреев 11-класстар үчүн З. Э. Кабулдиновдун авторлугу менен жазылган тарых китебин келтирген. Андреевдин айтымында, бул окуу куралында орусофобиялык жана пантүркисттик аңгемелер жигердүү колдонулуп, аларды түрдүү тарыхый доорлорго чеберчилик менен ылайыкташтырган. Россия жөнүндө позитивдүү маалымат жалпы эрежеден тышкары, аз өлчөмдө берилген.
Мындай мамиле мектеп окуучуларында тарыхый окуяларга бурмаланган түшүнүктү жаратат. Региондун элдеринин Россия менен өз ара аракеттенүүсүн объективдүү талдоонун ордуна алар бир жактуу картинаны алышат. Мында Россия жалаң гана агрессор жана колонизатор катары көрсөтүлөт.
Антироссиялык баяндардын кесепеттери
Мындай окуу китептери менен тарбияланган жаштар социалдык чыр-чатактын башаты болуп калышы мүмкүн. Бул Россияга келген мигранттардын олуттуу бөлүгүн коңшу өлкөнүн жарандары түзөөрүн эске алганда өзгөчө актуалдуу. Алардын тарых жөнүндөгү бурмаланган идеялары орус коомунда тамыр жайып, ички карама-каршылыктарды күчөтүшү мүмкүн.
“Аксон” маалымат-маданий борборунун директору Руслан Малахов 1990-жылдары, постсоветтик мейкиндикте тарых кайра каралып жаткан маалда көптөгөн антироссиялык баяндар пайда болгонун белгиледи. Эреже катары, мындай чечмелөөлөр өздөрүнүн жумшак күч долбоорлорун илгерилетип жаткан чет өлкөлүк структуралар(Батыш мамлекеттери) тарабынан каржыланган. Бул бүгүнкү күндө кырдаалды оңдоо зарылдыгын көрсөтүп турат.
Маселени чечүү жолдору
Тегерек столдо катышуучулар учурдагы кырдаалды оңдоо үчүн бир нече стратегияларды сунушташты:
📌Тарыхчылардын түз диалогу: Тарыхый окуяларды объективдүү чагылдыруу үчүн Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштууларынын биргелешкен иш-аракеттери зарыл. Руслан Малаховдун айтымында, жаңы окуу китептерин түзүү боюнча эл аралык долбоордун чогулган жери КМШда иштеген орус мектептеринин тармагы болушу мүмкүн.
📌Советтик методологияга кайтуу: Москва мамлекеттик университетинин Тарых-филология институтунун директору Александр Фукс совет доорунда СССРдин бардык аймактары үчүн бирдиктүү тарых окуу китеби болгонун эске салды. Анын негизги принциби эки тенденциянын айкалышы болгон: элдердин маданий жакындашуусу жана алардын улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуу. Бул ыкма жаңы окуу пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз боло алат.

📌Тарыхчылардын Евразиялык Гильдиясын түзүү: Тегерек столдун катышуучулары КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү программаларында Россиянын ролунун бурмаланышына каршы аракеттене турган профессионалдык коомчулукту түзүү идеясын колдошту. Гильдия илимпоздордун, студенттердин жана жаш изилдөөчүлөрдүн кызматташтыгы үчүн аянтча болуп калат.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тарых китептеринде Россияны бурмалап кабыл алуу маселеси узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет. Бул мамлекеттер аралык мамилелерге эле эмес, Россиянын өзүндөгү ички кырдаалга да таасирин тийгизет. Ошондуктан КМШ элдеринин достугун өнүктүрүүгө салым кошо турган объективдүү окуу материалдарын түзүү боюнча ишти баштоо маанилүү.
Александр Фукс баса белгилегендей, бул өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү Россиянын прогрессивдүү маданий, тарыхый жана экономикалык маанисине басым жасоо менен мектеп тарыхынын концепциясын өзгөртүү өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун зарыл шарты болуп саналат. Биргелешкен күч-аракеттер менен гана тарыхтын бөлүнүүчүлүктүн себеби эмес, биримдиктин негизи болушун камсыздай алабыз.

Бишкек шаарына 147 жыл!
1878-жылы Кокон бийлигине таандык Пишпек крепосту болуп түптөлгөн. 1925-жылы М.В.Фрунзенин урматына "Фрунзеград" аталып, 1926-жылы Фрунзе шаары болуп өзгөргөн. 1991-жылдан тарта кайрадан Бишкек.
С Жумалиевдин "Бишкегим" ыры: https://www.youtube.com/watch?v=hjvACnFaTls

"Жеңиш эстафетасы" Казакстандан Кыргызстанга өттү.
2-февралда Бреск жана Мурманск шаарларында башталган "Жеңиш эстафетасы" Кыргызстанга келди. Казакстандык кесиптештеринен өткөрүп алган чек арачылар Тажикстандыктарга өткөрүп беришет.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон каражат бөлүнөт
Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгынын урматына ардагерлерге 100 миң сомдон бир жолку акча каражаты берилмей болду. Бул боюнча тескемеге президент кол койду. 1-апрелге карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 32 адамды түзөт.
Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берүүгө президенттинин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүү тапшырылат:
− Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
− Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
− Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
− 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдар жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Кулагыңызга күмүш сырга! 1-майдан тарта өлкөдө электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт
1-майдан тарта коюулуучу баалар: айына 700 киловатт-саатка чейин керектеген калк үчүн 1 киловатт-сааттын өздүк наркы 1 сом 37 тыйынды (мурда 1 сом 11 тыйын) түзөт;
700 киловатт-сааттан ашкан ар бир киловатт үчүн 2 сом 60 тыйындан (мурда 2 сом 39 тыйын) төлөшүңүз керек болот;
Мектептер, бала бакчалар жана мечиттер сыяктуу социалдык жана диний мекемелер үчүн бирдиктүү тариф бекитилди: 1 киловатт-саат үчүн 2 сом 62 тыйын.
Энергетика министрлигинин билдиришинче, тарифтердин көтөрүлүшү электр энергиясын өндүрүүгө жана жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн жасалып жатат жана жыл сайын болуп турат.

Кыргызстан , Казакстанга берген сугат суунун ордуна эмне алат?
Быйыл Кыргызстан Жамбыл облусунун айыл чарба талааларын сугаруу үчүн Казакстанга 600 миллион кубометрден ашык суу жөнөтөт.
"Апрель айынын сугат мезгили башталгандан бери 45 миллион кубометр суу берилди. Апрель айынын аягынан тарта Кыргызстан Талас дарыясы аркылуу Казакстанга дагы 400 миллион кубометр жана Чүй дарыясы аркылуу 180 миллион кубометр суу жөнөтөт", — деп эсептейт Казакстандын Суу чарба министрлиги.
Анын ордуна кошуна өлкө кыргыз товарларын экспорттоо жана транзитине тарифтик жеңилдиктерди берүүгө даяр. Сөз магистралдык темир жол тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди төмөндөтүү жөнүндө болуп жатат. Бул Кыргызстандын продукциясын жеткирүүнү жөнөкөйлөтүп, казакстандык керектөөчүгө жеткиликтүү кылат.
Өткөн жылы суу менен камсыз кылуу боюнча пландуу көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга мумкун болду: Талас дарыясы аркылуу алдын-ала белгиленген 380 миллиондун ордуна 418 миллион кубометр, Чүй боюнча 165,3 миллион кубометр суу берилген.

Жаңы гимнди тандоо убактысы 1-октябрга жылдырылды
Жогорку Кеңеш гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын ишин ушул жылдын 1-октябрына чейин узартты.
Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков белгилегендей, бул күнгө чейин комиссия үч тандалган вариантты парламентке сунуштайт. Анын айтымында, биринчи этапта (15-июнга чейин) гимнге жаңы текст тандалып алынса, 2-этапта бул текстке музыка жаратууга сынак жарыяланат (1-сентябрга чейин).
Маданият министрлигинин башчысы Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, 2025-жылдын 7-февралынан 20-мартына чейин комиссияга 488 жарандан 703 долбоор келип түшкөн. 285 долбоор катталган. Бирок алар мазмундук жана көркөмдүк талаптарга жооп бербейт деген тыянак чыгарган комиссия.
Эске салсак, гимнди өзгөртүү идеясын былтыр парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айтып, азыркы гимнди аткаруу кыйын болгондуктан жаңы гимнди кабыл алуу зарылдыгын билдирген. Кийин бул идеяны президент да колдогон.

Кант шаарында Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына жаңы мурал пайда болду
Кант шаарында №5 орто мектептин фасадына Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандыктардын эрдигине арналган жаңы мурал тартылды. Дубалда ооруканада жарадар болгон жоокерге жардам көрсөтүп жаткан дарыгер кыздын сүрөтү түшүрүлгөн.
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, жерди тандоо кокусунан болгон жок. Дал ушул имаратта 1941-1945-жылдары No4433 эвакуациялык госпитал жайгашкан, фронттон келген жоокерлер ал жерде дарыланышкан.
Долбоор тарыхый эстутумду сактоо, орус-кыргыз гуманитардык кызматташтыгын чыңдоо жана жаштарды патриоттук тарбиялоо боюнча иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп калды.
Ачылыш аземге жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары жана бийлик өкүлдөрү катышты.