ЖОЖдорго сырттан окууга (заочно) убактылуу тыюу салуу сунушталууда
Мамлекеттик системаны бюрократизациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган жана иштелип чыккан реформалардын экинчи пакетин жарыялады.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, талкууга коюлган чечимдер негизгиси бир катар багыттар/адистиктер боюнча сырттан окууга убактылуу мораторий киргизүү сунушу болду.
Атап айтканда, төмөнкү багыттар боюнча сырттан окууга кабыл алууну токтотуу сунушталууда.
юриспруденция;
экономика;
менеджмент;
эл аралык мамилелер.
Демилге бул багыттар боюнча адистерди даярдоодо билим сапатын жогорулатуу жана академиялык стандарттарды кыскартуу менен байланышкан тобокелдиктерди жоюу үчүн көтөрүлүүдө. Аталган бөлүмдөрдө сырттан окугандардын саны көп экени аныкталган.
Сунушталып жаткан мораторий убактылуу болуп саналат жана окуу процессинин сапатына, бүтүрүүчүлөрдүн даярдоо деңгээлине комплекстүү баа берүү аяктаганга чейин чейин күчүндө болот.
@kgosho Билип жаша!

Telegram
OSHO
ОШО...БИЛИП ЖАША!
2025-2026-окуу жылында 6800 мугалим жетишпейт. Россиядан орус тилдүү мектептерге мугалимдер келиши күтүлүүдө
Жаңы окуу жылында республика боюнча 6800 мугалим жетишпейт. Министрлик учурда "Наристе" программасы боюнча 3000 мугалим сабак берерин айтты.
Ал эми ЖОЖдордун 2100 бүтүрүүчүсү жана орто кесиптик окуу жайлардын 6061 бүтүрүүчүсүнүн жумушка алынышы күтүлүүдө.
Мындан сырткары орус тилдүү мектептерде мугалимдердин таңсыктыгын жоюу үчүн Россиядан мугалимдер келет.
Учурда 105 мугалим бул программа менен келип иштеп жатышат, деп айтылат маалыматта.

Быйыл акыркы коңгуроо салтанаты качан болору айтылды
Быйыл балдар 23-майда кадимкидей сабак окуп, мектеп менен коштошуу салтанатын 26-май, дүйшөмбүдө белгилешет. Мындай маалыматты министрлик таратты.
Маалыматта райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушары айтылган. Ошондой эле салтанат өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынат.
Муну менен катар тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбой турганы эскертилди.

Мектептин кабинетин менчиктештирип... УКМК иш козгоду
Бишкектеги № 67 мектептин 11 кабинети мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук прокуратурасы билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын текшерип, жыйынтыгында №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды.
Бул факт боюнча 2025-жылдын 10-апрелинде райондук прокуратура тарабынан менчик укугун жараксыз деп табуу тууралуу доо арыз Свердлов райондук сотуна келтирилип, учурда иш кароо стадиясында.
Белгилей кетсек, аталган факты боюнча УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Аталган иштин жагдайы Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынды.

12 жылдык окуу! Эми окуучулар кайрадан "секирик" жасап окубай турган болушту.
Ата-энелер, быйылкы окуу жылы биз үчүн "өзгөчө" болгону калды. Чечимин ай сайын өзгөрткөн Билим берүү министрлиги эми окуучулардын класстан, класска секирбей окуй турганын жарыялады.
"Алдыдагы окуу жылында 12 жылдык билим берүүнүн алкагында бир класстан экинчисине "секирик" жасалбайт. Быйыл сентябрда биринчи класска бара турган 6 жаштагы балдар 12 жыл окуйт. Экинчи класска бара турган 7 жаштагы балдар 11 жыл окушат. Калган класстар быйыл мурунку эле режимде окуйт, бирок окутуунун стандарттары өзгөрөт"-, деген министрликтин өкүлү.
Эске салсак, буга чейин министрлик "3"-класстын жана "5"-класстын балдарынын секирик жасарын жарыялаган болчу. Андан кийин 6 жаштан окуган балдар секирик жасаса, 7 жаштан мектепке барган окуучулар секирик жасабай турганын айтып, жыйынтыгында параллель класстар түзүлөрүн, жыйынтыгында балдар жаңы дагы. эски дагы система менен окушарын билдирген болчу.
Эми министрлик башталгыч класска барчу 7 жаштагы балдар дароо 2-класска отурарын, ал эми 6 жаштагы балдар 1-класс деп аталарын айтып, башка класстардын секирик жасабай турганын жарыялап жатат.
Канткен күндө да 2025-2026-окуу жылына ата-энелер балдардын мектептик жабдууларынан мурда тынчандыруучу дарылардан көп-көп алып даярданат окшойбуз.

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Токмокто Жеңиш күнүнө арналган параддын репетициясы өттү
⠀
Социалдык тармактарга тараган видеодо Кыргызстанда мурда катталбаган абадан коргонуу системалары көрсөтүлгөн:
– S-300 – мүмкүн убактылуу жайгаштырылган россиялык техника болушу ыктымал;
– S-125-2BM “Halberda” – белорустук технология.
⠀
Комплекстердин пайда болушу Кыргызстан 2024-жылы ратификациялаган КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен абадан коргонуу системасы боюнча келишимге байланыштуу экени айтылды.

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы Россиядан басылып чыкты
Москвада Маргарита Рудомино атындагы Чет элдик адабияттар мамлекеттик китепканасында көрүнүктүү акын, драматург, котормочу жана кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында анын кайра басылып чыккан “Менин үйүм” ырлар жыйнагынын бет ачары болду.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Алыкул Осмоновдун кыргыз адабиятын, поэзиясын жана элинин маданий мурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баса белгиледи. Ал акындын чыгармачылыгы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кыргыз-орус союздаштык мамилелерин чыңдоого өбөлгө түзгөн чыныгы достук жана руханий жакындык сезимдери менен сугарылганын белгиледи.
Китепкананын башкы директорунун орун басары Владимир Марков жыйнактын жаңы басылышы орус окурмандарына кыргыз лирикасынын жана эпикалык поэзиясынын бай дүйнөсүн ачып, элдердин ортосундагы маданий диалогду мындан ары да чыңдайт деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле конокторго акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Кыргызстандан барган Михаил Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайдын жана Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенттери ырларды окушса, «Керемет» фольклордук тобу акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткарышты.

Эки кыргызстандыктын Украина согушуна адамдарды азгырган деп кармалышындагы “табышмактуу” жагдайлар
Кыргызстанда “Орус үйүнүн” кызматкери жана Ош шаардык мэриянын кызматкери жалданма аскерлерди тартуу боюнча кармалды, деген маалыматты кечээ, 22-апрелде “Азаттык” жазып чыкты.
Жалпысынан күч органдары Украинадагы согушка катышууга адамдарды тартуу боюнча айыпталып, төрт кишини камакка алган. Айыпталып жаткандардын арасында Оштогу Орус үйүнүн кызматкери Наталья Секерина жана шаардык мэриянын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин бар.
19-апрелде кармалган төртөө тең 17-июнга чейин камакта; Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгү – “жалдоо, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, аларды чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларда пайдалануу максатында даярдоо” боюнча айып тагылууда.
Эми ушул жерде “табышмактуу” төрт жагдай болууда.
1) Эмнеге маалыматты жашыруун түрдө алгач “Азаттыкка” беришти?
2) Эмнеге расмий булактар бул төрт адам кимди, кантип жалдаган фактылары менен кошо маалымат бербей жатат? ( демейде мындай иштерде окуя кенен сүрөттөлгөн маалымат таратылат)
3) Кармалгандардын экөөнү эмнеге ачыктабай жатышат?
4) “Орус үйүнүн” кызматкери же улуту орус болгону менен булар КР жарандары экен. Эгер мунун баары анык болсо, өзүбүздү, өзүбүз кайсы максатта уят кылуудабыз?

1-сентябрдан тарта эреже бузган айдоочуну токтотуп, экзамен аларын эске алсак, бул инструкция жалпыбызга керектей.
@kgosho Билип жаша!
@kgosho Билип жаша!
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун ротасы Канттагы авиабаза аркылуу Москва жана Минск шаарларына жөнөп кетти.
КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышат.
"Бул Кыргызстандын сыртында кароолдор катышкан биринчи парад эмес. Улуттук гвардиянын Ардактуу кароол ротасы Пекин, Москва жана Минск шаарларында өткөн аскердик параддарга катышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратура "Апрель" телеканалын жабууну көздөп сотко кайрылды. Мындай кадамдар коомдук коопсуздука кам көрүү максатында жасалып жатканы айтылат
Октябрь райондук прокуратурасы "Апрель" телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
«"УКМКдан келип түшкөн материалдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын эксперттик корутундуларынын негизинде Октябрь райондук көзөмөл органы "Апрель" телеканалынын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.
Прокуратура бул коомдук коопсуздукту коргоо, мыйзамсыз маалыматтарды таратууга жол бербөө жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында жасалганын кошумчалады.
Телеканалдын башкы редактору Дмитрий Ложников кырдаал боюнча 24.kgге комментарий берип, мыйзамды сыйларын айтып бирок өз позициясын коргоого даяр экендигин баса белгилеген.
"Кандай болгон күндө да биз мыйзамды сыйлаган жарандарбыз, соттун чечимин аткарабыз. Бирок бул Жогорку соттун чечими болгондо гана", - деген ал.
Ложников телеканал акыркы өкүм чыкканга чейин ишин уланта турганын кошумчалады.

Түркияда кыргызстандык мугалимди "гүленчи" деген негизде кармап кетишти. Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.
Кыргызстандагы "Маариф" мектебинде (мурдагы "Сапат" ) иштеген кыргызстандык мугалим балдарды Стамбул шаарына математика боюнча олимпиадага алып барганда кармашкан.
Күч органдары окуучуларды кароодон өткөрүп, мугалимди алып калышкан.
Мугалимди азыркы Түркия бийлигинин саясатына көз карашы дал келбеген уюмга мүчө болгон, деп айыптап жатышканы айтылат. Жакындары анын "Сапаттан" билим алып, кийин Караколдогу К.Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими болуп иштеп калганын билдиришти. Мугалимдин аты-жөнү Азамат Нурматов. Ошону менен катар эле анын мугалимдиктен башка саясий же коомдук иштерге аралашпаганын кошумчалашты.
Эл аралык олимпиаданы " Zeen Education" компаниясы уюштурганын билдирген Билим берүү министрлиги ведомствонун тиешеси жок экенин айтат. Ошону менен катар эле балдарды Азамат Нурматовдон сырткары ата-энелер жана 3 мугалим коштоп барганы кабарланган.
Балдар учурда олимпиадага катышып жатышат, ал эми Нурматов боюнча Тышкы иштер министрлиги тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы кошумчаланды.

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө эсеп-фактураларды берүү тартибинде боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайт.
Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы токтомуна ылайык, электрондук эсеп-фактураны берүүнүн жаңы мөөнөтү 1-майдан тарта киргизилет. Эми ал товарлар же кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө жеткирилген күндөн кийинки беш жумушчу күндөн кечиктирбестен бүтүшү керек.
Мисал катары Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү жагдайды келтирет: эгерде салык төлөөчү 12-майда товарларды же кызматтарды жеткирсе, анда электрондук эсеп-фактура 16-майдан кечиктирбестен берилиши керек. Бул учурда, эсеп-дүмүрчөк иш жүзүндө жеткирүү датасы көрсөтүлүшү керек - 12-май.
Бул эрежеде өзгөчөлүктөр бар:
Салык кодексине ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен калкка товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу болгон учурда электрондук эсеп-фактура отчеттук айдан кийинки айдын 10 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен берилет.
Тармактык уюмдар тарабынан жеке адамдарга коммуналдык жана турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү (канализацияны, лифттерди пайдалануу, катуу жана суюк таштандыларды чыгаруу, Интернетке кирүү), ошондой эле ысык жана муздак суу, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, газ жана байланыш кызматтары.
Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта эсеп-фактураларды берүүнүн жаңы тартибин так сактоо зарылдыгына салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн бурат.