OSHO
2.02K subscribers
510 photos
220 videos
1 file
1.08K links
ОШО...БИЛИП ЖАША!
Download Telegram
Кыргызстандын паспорту дүйнөдө 79-орунга чыкты



Visa Index 2025 өлкө паспортунун рейтингине ылайык, Кыргызстан 107 өлкөнүн ичинен 79-орунду ээледи.

Анда Кыргыз Республикасынын жарандары 27 мамлекетке визасыз бара алышары, 35 мамлекетке кирип виза ала алышары, бир мамлекетке кирүүгө электрондук уруксат ала алышары, 40 мамлекетте eVisa ала алышары жана 126 мамлекетте виза алуу үчүн алдын ала кайрыла алышары айтылган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан 63-орунду ээлеп Казакстандан кийинки орунда алган. Казакстан Республикасынын жарандары 44 мамлекетке визасыз бара алышат жана 36 мамлекетке келгенде виза ала алышат.

Ошого карабастан, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн озуп кетти:

Өзбекстан — 80-орун (визасы жок 28 өлкө, 33 — келүү боюнча);

Тажикстан — 84-орун (визасы жок 23 өлкө, 33 өлкөгө келгенде);

Түркмөнстан — 92-орун (визасы жок 14 өлкө, 33 өлкөгө киргенде).






@kgosho Билип жаша!
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт.




Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитет “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Демилгечи мамлекет башчысы.

Мыйзам долбоору мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун Конституцияга ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөтүн тактоо максатында иштелип чыккан.

Өзгөртүүлөргө ылайык, кезектеги президенттик шайлоо ал шайланган президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнүнө төрт ай калгандан кечиктирилбестен дайындалат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-январында алты жылга (эски Конституция боюнча) Кыргызстандын президенти болуп шайланган.







@kgosho Билип жаша!
Россия куруп бере турган 9 мектептин курулуучу жерлери аныкталды



Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги астында өткөн республикалык штабдын жыйынында Россия Кыргызстанга мектептерди куруп бере турган келишимдин аткарылышынын жүрүшү кеңири талкууланган.

Буга чейин 2025-жылга республикалык бюджеттен тышкы инженердик тармактарды курууга жана жер тилкелерин даярдоого каражат бөлүнгөн.

Данияр Амангелдиев долбоорду ишке ашыруу президент менен министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүндө экенин, андыктан бардык иштер өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керектигин эскертти.



Эске сала кетсек, 2024-жылдын октябрында Жогорку Кеңеш орус тилдүү 9 мектепти курууга грант берүү боюнча Россия менен келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.

Алар типтүү долбоор боюнча 1224 балага ылайыкташып курулат. Долбоор Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылат.





@kgosho Билип жаша!
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары Санкт-Петербургга учуп кетишти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышат.

Ал ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган КМШ ПААнын салтанаттуу жыйынында сөз сүйлөйт.

Спикер баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактияр Калпаев жана Карим Ханжеза бар.




@kgosho Билип жаша!
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт

Кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тынчтык Шайназаровдон Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн дагы мыйзамда президенттик шайлоонун күнүндөй так көрсөтүүнү суранды.

Белгилей кетсек, кыргыз парламенти 90 депутаттан турат жана беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, 7-чакырылышы 29-декабрда ишин баштаган.





@kgosho Билип жаша!
Калкты тейлөө борборлору (ЦОН) 1-майдан 12-майга чейин иштебейт



12-майдан тартып ишин кадимки тартипте улантышат. Тагыраагы, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иш, түштөнүү тыныгуусу 12:30дан 13:30га чейин болот. Андыктан окурмандарыбызды Калкты тейлөө жайларында ишиңиздер болсо апрель ичи бүтүрүп алууга чакырабыз.


@kgosho Билип жаша!
"Москвада кыргызстандыктардын кармалышы боюнча болгон окуя мыйзам чегинде чечилип, кырдаал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы бекем достукка доо кетирбейт". Мамлекеттик Думанын депутаты окуя боюнча пикирин билдирди


РФнын Мамдумасынын депутаты Алена Аршинова Москва шаарындагы мончодо болгон окуя боюнча жеке пикирин билдирди. Эл өкүлү кээ бир жагдайлар Россия менен Кыргызстан элинин мамилесин эч качан бузбашы керек, деп эсептейт.

Ал Евразия өкмөттүк эмес уюмунун "Салттуу баалуулуктардын аймагы" аттуу флагманы долбооруна Кыргызстан биринчилерден болуп кошулганын эске алып, биргелешип жаштарды тарбиялоого, мектептерге жардам берүүгө жана тарыхый чындыкты сактоого багытталган чоң масштабдуу билим берүүчү, патриоттук долбоорлорду ишке ашыруудабыз, деп жазган.

Ал жогорудагы окуя мыйзам чегинде чечилип, эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизбейт деген ишеничин айткан.






@kgosho Билип жаша!
"Мамлекеттик тилди билбегендер айып төлөйт". Депутат Дастан Бекешов мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча айтты


Анын айтымында, өзгөртүүлөр колдонуудагы мыйзамдарды "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган. Сунуштарда адистердин кеңири чөйрөсү үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүү камтылган:

жергиликтуу Кеңештин депутаттары;
нотариустар;
юристтер;
судьялар;
прокурорлор;
тергөөчүлөр жана башкалар.
Тилди билүү деңгээлин министрлер кабинети аныктап, контролдук курал катары Кыргызтестти колдонуу сунушталууда. Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорунда мамлекеттик тил мыйзамдарын сактабагандык үчүн айып пул салуу боюнча норма бар. Бирок айып пулду колдонуунун конкреттүү механизми иштелип чыга элек.

"Мен тилди билүүнү айып пул аркылуу сиңирүүнү таптакыр каалабайт элем. Бул маанисиз жана кыжырды келтирет. "Адамдар тилди мотивация жана сүйүү менен үйрөнсө жакшы болмок", - деди депутат.
Бекешев чечимдерди кабыл алууда маселенин курчтугун эске алып, кыргыз тилин өнүктүрүүнүн натыйжалуу жана гумандуу жолдорун издөөгө чакырды.






@kgosho Билип жаша!
Эми кыргызстандыктар Россия-Беларусь чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат



Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер – Армения, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынын Россия-Беларусь чек арасынан өтүүсүнө коюлган чектөөгө байланыштуу тоскоолдуктар жоюлду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Бул 2025-жылдын 11-январында Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы визаларды өз ара таануу жана чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ЕАЭБ аймагына кирүүсүнө байланышкан башка маселелер боюнча макулдашуунун күчүнө киришинен улам мүмкүн болгону белгиленген.

"Россия жана Беларусь комиссияга Армениянын, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары учурда Россия менен Белоруссияга колдонулган эл аралык темир жол жана аба каттамдары, ошондой эле аталган макулдашуунун тиркемесинде саналып өткөн автомобиль каттамдары аркылуу кирүүгө жана чыгууга практикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин маалымдашты", - деп белгиледи ЕЭК.




@kgosho Билип жаша!
Быйыл январь-февраль айларында Россиядан Кыргызстанга келген бензин көбөйгөн

2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга 73 миллион 300 миң долларга 170,2 миң тоннадан ашык автобензин импорттолду, деп жазат 24kg сайты.

Маалым болгондой, күйүүчү майдын негизги көлөмү Россиядан ташылып келинген — 168,7 миң тонна. Ошондой эле аз өлчөмдөгү бензин Казакстандан (776,4 тонна) жана Беларустан (745 тонна) жеткирилген.

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата күйүүчү майдын импортунун көлөмү 118,3 миң тоннаны түзүп, Россиядан гана ташылып келген.





@kgosho Билип жаша!
Россия, кыргызстандагы 1-2-5- жана 7-класстын окуучуларын орус тили китептери менен камсыздайт


Россия Федерациясы КРдин Билим берүү министрлигин 1, 2, 5- жана 7-класстын окуучулары үчүн чыгарылган орус тили китептери менен камсыздайт. Мындай маалыматты министрлик таратты.

Мындан сырткары министрлик 740 миллион сомго 2,5 миллион даана окуу китептерин сатып алат.

Анын айтымында, 3-9-класстар үчүн англис тили, 1, 2, 5, 7, 8-класстар үчүн табият таануу китептери, 1, 2, 5, 7, 8-класстар үчүн математика китептери сатылып алынат.




@kgosho Билип жаша!
" 12 жылдыктын алкагында башталгыч класстын жаңы мугалимдерине төлөнчү айлык бюджеттен каралган эмес". Министрлик жаңы келчү педагогдорго эмгек акы берүү булагын издөөдө



ЖКтин жыйынында депутат Исхак Масалиев 12 жылдык окуу системасына өтүү үчүн башталгыч класстарды окутууга алына турган 3000 мугалимге айлык акы кайсыл жактан төлөнүп берерине кызыкты.



"Мен депутат катары айтып коеюн, биз бюджетти бекиткенде бул багытта каражат каралган эмес.
Демек силер жаңы алынып жаткан мугалимдерге башка булактан акча табасыңар да?", -деди ал.

Министр Догдургүл Кендирбаева ички булактардан алынарын айтты. Депутат суроосуна так жооп алууну каалап, кайталап сураганда министр айым өлкөнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө оптимизациялоо жүрүп, андан түшкөн каражат жаңы келчү мугалимдерге эмгек акы болуп төлөнөрүн билдирди.

Жөнөкөй тил менен айтканда бул башка предмет мугалимдеринин айлыктары кыскарып, жаңы келчү башталгыч класстын мугалимдерине которулат деген сөз.

Кендибраеванын айтымында азыр мугалимдердин орточо айлык акысы 25 490 сом.

Бирок бул сумма кагаз жүзүндөгүсүбү же мугалимдин колуна алган айлыгыбы буга жоопту биз коментарийлерде сиздерден күтөбүз.

Эске салсак, быйыл 12 жылдык окуу системасынын алкагында 6800 башталгыч класс болот. Демек ушунча мугалим керектелет. Алардын 3900у жаңы алынчу мугалимдер. Алардын айлыгына бир жылга 1,3 млрд сом керектелет.







@kgosho Билип жаша!
Терезеге сүрөт тартып, акциянын катышуучусу бол! "Русский дом" кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган конкурскакцияга чакырат



Акциянын эрежеси боюнча Жеңиштин 80 жылдыгын чагылдырган сүрөттү терезеге тартуу керек. Тартылган сүрөттү фотого түшүрүп, #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештектери менен социалдык тармактардагы баракчаңызга жүктөңүз.


Сүрөттөрдү үйдүн, дүкөндүн, окуу жайлардын же башка мекемелердин терезесине тартса болот. Уюштуруучулар гуаш, аквврель сыяктуу коопсуз боекторду колдонууга чакырат.

Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот. Акцияга жаш курагына же башка өзгөчөлүктөрүнө карап чектөө кюолбайт.

Аталган иш чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына өткөрүлүп, эл аралык макамга ээ.





@kgosho Билип жаша!
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди





Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы “Мекен – эне”монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйыны өтөт.

Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.





@kgosho Билип жаша!
Адам аттарын кыргызчалап жазуу мыйзамын президент артка кайтарды. Депутаттарга кайра иштеп чыгуу сунушталды.



ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Мирлан Самыйкожо жана башка депутаттар тобу авторлук кылып, адам аты-жөнүн документтерге “кыргызчалап” жазуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал 3 окуудан өтүп, президентке жөнөтүлгөн болчу.

Бирок Садыр Жапаров кол коюудан баш тартып, мыйзамды кайрап иштеп чыгууга артка кайтарды.

Өлкө башчысына мисалы: Бактыбектеги Үсөн деген вариант жаккан эмес.

Мыйзам долбоору тууралуу кененирээк бул жерден окусаңыз болот.



@kgosho Билип жаша!
УКМК активист Тилекмат Курөңов кармалганын жарыялады


“2025-жылдын 19-апрелинде КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2025-жылдын 19-апрелинде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден кармалып, КРге жеткирилди”,- деп айтылат маалыматта.



@kgosho Билип жаша!
Беларусь Республикасында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер эскерилди




Беларусь Республикасынын Витебск облусунун Бешенковичи районунда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги Беларусь Республикасынын Токой чарба министрлиги, Беларусь Республикасынын Коргоо министрлиги жана Бешенковичи райондук аткаруу комитети менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Белоруссияда курман болгон кыргызстандыктардын элесине арналган иш-чара өткөрдү.

Кыргызстандын Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин сөөгү коюлган массалык көрүстөндүн жериндеги мемориалдык комплексте Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаевдин, Токой чарба министринин биринчи орун басары Александров Галенкочунин, Беларусь округунун Токой чарба министринин биринчи орун басары Галенко Драгуншинин, Беларусь райондук комитетинин төрагасынын катышуусунда жыйын-реквием болуп өттү. Иш-чарага Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаттары, ЕАЭБ сотунун судьялары жана кызматкерлери, Бешенковичи районунун активисттери жана жашоочулары катышты.

Элчи Эрбол Султанбаев өз сөзүндө Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда 30 миңдей кыргызстандык өз өмүрүн кыйганын белгилеп, кыргыз жоокерлеринин элесин сактап калган беларус элине ыраазычылык билдирди.

Митингдин катышуучулары бейитке гүл коюп, мемориалдык комплекстин жанына Жеңиштин 80 жылдыгына жана Белоруссияны бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арнап бак отургузушту, ошондой эле мемориалдык такта орнотулду.





@kgosho Билип жаша!