🇨🇳 Кытайдан кыргыздарга окшош тарыхый сүрөттөр табылды.
🔴 Тан династиясынын (VIII кылым) музейинен 6 картина табылды. Манасчы Темирбек Токтогазиев жана профессор Адыл Жуматурду изилдеп жатышат. Сүрөттөрдө Манас эпосундагы окуялар, мисалы, Четбейжин чебин алуу чагылдырылган болушу ыктымал.
🤔 Бирок суроолор бар: ок атуучу куралдар ошол доорго туура келбейт. Сүрөттөр кийинчерээк тартылган же кайра жаратылган болушу мүмкүн. Баш кийимдер кыргыз калпагына окшош , бир сүрөттө кытай императору сүрөттөлгөн.
⭐️ Бул табылга Манас эпосунун тарыхый негиздерин изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүк берет.
@kgosho Билип жаша!

👍6❤2❤🔥1🤩1
🇰🇬 Жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн күчөтүү үчүн депутаттар акысыз коомдук тарнспорт күнүн жана жумуштан эрте бошотууну сунушташууда
🔴 Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды киргизди.
Анын демилгесине ылайык, шайлоого катышуу 75 пайыздан ашкан учурда жергиликтүү бийлик органдарына грант берүү сунушталууда 💰.
Мындан тышкары, шайлоо күнү коомдук транспортто жүрүү акысыз кылуу 🚍 жана жарандарды жумуштан бошотуу каралууда.
Депутаттын айтымында, акыркы парламенттик шайлоодо катышуу көрсөткүчү болгону 36 пайызды түзгөн, бул өтө төмөн көрсөткүч болуп саналат.
Ал ошондой эле президент депутаттарга шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгууну тапшырганын белгиледи.
🔴 Бирок бул сунуштарга Кыргызстандын Министрлер Кабинети каршы чыккан ❗️
Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетте добуштар тең бөлүндү: үчөө «макул», үчөө «каршы».
Натыйжада бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмай болду.

Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
🤡3👍2😁2
🇰🇬 Түз инвестициялар 30% гана өстү — Өмүрбек Текебаев
📊 Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында акыркы жылдары өлкөгө түз инвестициялар болгону 30%га гана өскөнүн билдирди.
💬 Анын айтымында, экономика өсүп жатат деген менен, сандар андай жогорку динамиканы көрсөтпөйт.
📉 Акыркы жылдардагы инвестициялардын көлөмү:
— 2018-жылы — $851 млн
— 2019-жылы — $1 млрд
— 2020-жылы — $537 млн
— 2021-жылы — $1 млрд
— 2022-жылы — $1 млрд
— 2023-жылы — $844 млн
— 2024-жылы — $1 млрд
— 2025-жылы — $950 млн
📌
— деди элчи.
🏛 Азыркы тапта депутаттар Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 2022–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуп жатышат.
Илбирстин секириги кайда калды 🧐?
Өмүке дагы эмненин башын кылтыйтып жатат 🤔?

«Биз экономика өсүп жатат деп айтып келебиз, бирок сандар өзү сүйлөп турат. Бул багытта дагы көп иштер жасалышы керек»,
— деди элчи.
🏛 Азыркы тапта депутаттар Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 2022–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуп жатышат.
Илбирстин секириги кайда калды 🧐?
Өмүке дагы эмненин башын кылтыйтып жатат 🤔?
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
😁3🤔2🤡2❤1💯1🖕1
🌳 Бишкекте бир жылда 4 миңден ашык дарак кыйылды
📊 Бишкек шаарында 2025-жылы 4 миң 66 дарак кыйылганы маалым болду. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 197,7%га көп.
📉 Муниципалитеттин маалыматына ылайык:
— 2023-жылы — 1 771 дарак
— 2024-жылы — 1 366 дарак
— 2025-жылы — 4 066 дарак кыйылган
🏢 Шаар бийлигинин түшүндүрмөсүндө, бул чаралар жашыл аймактардын санитардык абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн жүргүзүлгөнү айтылат.
⚠️ Жыйынтыгында авариялык учурлар 53кө чейин азайып, бул 2024-жылга караганда 73 учурга аз болгон.
🌱 Ошол эле учурда көчөт отургузуу планы ашыгы менен аткарылган:
— планда — 12 460
— иш жүзүндө — 18 835 көчөт (дарактар жана бадалдар) отургузулган
🛡 Мындан тышкары, 93,5 миң дарак илдеттерден жана зыянкечтерден коргоо үчүн иштетилген.
💬 Бирок шаар тургундары социалдык тармактарда дарактардын массалык кыйылышына жана жаңы көчөттөрдүн жакшы кармалбай жатканына нааразы болуп келишет.

👍2😱1🤬1😢1💔1
⚖️ Депутат ЖК Кыргызстандын деңиз кодекси 90% Молдованын мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдирди
🔴 Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын Деңиз кодексинин долбоору дээрлик толугу менен Молдованын мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдирди.
💬 Анын айтымында, документтин файлын жүктөп алып текшергенде, андан 1999-жылдагы (2024-жылдын мартындагы редакциясы менен) Молдованын соода деңиз кодексине шилтеме табылган. Ошондой эле текстте техникалык издер да сакталган.
🤖
, — деди депутат.
🏛 Сын-пикирлерге карабастан, Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун колдоду.
🌍 Документ деңиз ташууларын өнүктүрүү жана Кыргызстандын туусу астында кемелерди пайдалануу үчүн укуктук негиз түзүүнү карайт. Ошондой эле деңизге түз жолу жок өлкө катары Кыргызстандын ачык деңизге жетүү жана эркин сүзүү укугун бекемдейт.
🚢 Долбоор төмөнкү багыттарды жөнгө салат:
— жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу
— балык уулоо
— илимий изилдөөлөр
— куткаруу операциялары жана башка ишмердүүлүк
📋 Мындан тышкары, кемелердин мамлекеттик реестрин түзүү сунушталууда. Анда жергиликтүү жана чет өлкөлүк ээлер да каттала алат.
📍 Кемелерди каттоо порту катары Бишкек аныкталып, кемелердин арткы бөлүгүндө “BISHKEK” деген жазуу болушу керек.
🛡 Ошондой эле деңиз администрациясын түзүү каралган. Ал кеме жүрүшүнүн коопсуздугуна, реестрди жүргүзүүгө жана эл аралык стандарттарды сактоого жооп берет.
⛔️ Документке ылайык, аскердик кемелер жана ядролук материал ташыган кемелер Кыргызстандын туусу алдында каттала албайт.

«Мен өзүм ишенген жокмун. Атүгүл жасалма интеллектке текшерттим — тексттер 90%га чейин дал келет»

😁3❤1👏1😱1🤡1
🎖 1945-жылдын 8-апрели — Улуу Ата Мекендик согуштун 1387-күнү. Советтик аскерлер Венаны толук бошотуп, Австрияны бошотууга камынган күн
Бул күндүн негизги окуясы — Кёнигсберг шаарына болгон катуу чабуул болду ⚔️
3-Белорус фронту коргонуу линиясын бузуп, портту ээлеп, шаардын түндүк-батыш бөлүгүн душмандардан тазалаган 🚢🏙.
Көп жоготууларды болтурбоо максатында фронттун командачысы, СССРдин маршалы Александр Василевский Кёнигсбергдеги душман аскерлерине багынып берүүнү сунуштаган 🤝. Бирок фашисттер каршылык көрсөтүүнү улантууну чечишкен ❌.
Ошол эле учурда советтик аскерлер Вена багытында ийгиликтүү алдыга жылып, Австрияны толук бошотууга даярданып жатышкан 🇦🇹.
🔥 Кёнигсбергди штурмдоо:
6-апрелде башталган чабуулду уланткан 3-Белорус фронту активдүү аракеттерди жүргүзүп, 43-армия алдыга жылып, түндүк-батыш чет жактарды тазалаган 🪖.
🏙 Австриядагы салгылашуулар:
3-Украин фронту Венага жакын аймактарда салгылаш жүргүзүп, Тулльн жана Нойленгбах сыяктуу калктуу пункттарды ээлеген.
✈️ Бул күнү советтик авиация бир суткада 6 миңден ашуун учуу жасап, согуш жүрүп жаткан аймактарга сокку урган 💥. Тарыхтагы эң кандуу согуштун аякташына 31 күн калган эле...
🕊 АТАЛАРГА ТААЗИМ! Эч ким, эч нерсе унутулбайт🫡!

❤3👍2🔥1👏1
🚗 Төрага ЖК: Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөлөрдө таанылып жатат
Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде да таанылганын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
📌 Анын айтымында, жаңы күбөлүктөрдүн үлгүлөрү ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
«Бир дагы мамлекеттен эч кандай сын-пикир түшкөн жок. Бул документ толугу менен Венанын конвенциясынын талаптарына жооп берет», — деди ал.
⚠️ Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Европа өлкөлөрүндө таанылбай жатканын айтып, жарандар кыйынчылыкка туш болуп жатканын белгилешкен.
@kgosho Билип жаша!
Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде да таанылганын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
📌 Анын айтымында, жаңы күбөлүктөрдүн үлгүлөрү ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
«Бир дагы мамлекеттен эч кандай сын-пикир түшкөн жок. Бул документ толугу менен Венанын конвенциясынын талаптарына жооп берет», — деди ал.
⚠️ Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Европа өлкөлөрүндө таанылбай жатканын айтып, жарандар кыйынчылыкка туш болуп жатканын белгилешкен.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
👍3❤2❤🔥1🔥1💯1
⚖️ КР Башкы прокурору калыстар сотун киргизүүгө каршы болууда
Жогорку Кеңештин жыйынында КР Башкы прокурору Максат Асаналиев калыстар сотунун (суд присяжных) институтун киргизүүгө каршы экенин билдирди.
📌 Ал бул пикирин вице-спикер Медер Алиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Суроо — бул институт сот системасына кандай таасир этери тууралуу болгон.
💬 Башкы прокурордун айтымында, Кыргызстанда калктын аздыгы жана менталитеттин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу калыстар соту өзүн актай албайт.
— деди Максат Асаналиев.
📖 Ал эми Медер Алиев Конституцияда калыстар сотун киргизүү тууралуу норма бар экенин эске салды.
🗣
— деп кошумчалады ал.

«Калыстар соту объективдүү чечим чыгарууга жардам берет дегенге күмөнүм бар»,
— деди Максат Асаналиев.
📖 Ал эми Медер Алиев Конституцияда калыстар сотун киргизүү тууралуу норма бар экенин эске салды.
🗣
«Азырынча мөөнөттөр жылдырылган. Бирок мен бул демилгени алдыга жылдырууну каалайм. Айрыкча айрым оор кылмыштар боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны колдонсо болот»,
— деп кошумчалады ал.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
👍2😁1😱1💯1
🕊 Мектептеги трагедия: Кендирбаеванын жүргүзүп жаткан саясатынын жыйынтыгында дагы бир окуучу өз өмүрүнө кол салды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Нарын районунда болгон кайгылуу окуя тууралуу маалымат берди.
📌 Анын айтымында, 1-апрелде 7-класстын окуучусу Эрбол Абиров каза болгон.
💬 Депутаттын билдиришинче, мектепте китеп ижарасы үчүн чогултулган 110 сом жоголуп кеткен. Ошого байланыштуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары окуучуну кабинетине чакырып, катуу сурак жүргүзгөн.
⚠️ Окуучу психологиялык басымга чыдай албай, кайгылуу кадамга барганы айтылды.
🗣
— деди депутат жана төрагадан бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранды.
📖 Ошондой эле балдар укугун коргоочу Назгүл Турдубекова бул факт боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин дароо козгобогонун белгилеген.
🚔 Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда факт катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
📊 Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстанда балдар арасында 101 ушундай кайгылуу учур катталган.

«Биз ар дайым мугалимдерди коргойбуз. Бирок бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылды. Азыр бул ишти “кыргызча” жаап коюуга аракет болуп жатат»,
— деди депутат жана төрагадан бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранды.
📖 Ошондой эле балдар укугун коргоочу Назгүл Турдубекова бул факт боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин дароо козгобогонун белгилеген.
🚔 Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда факт катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
📊 Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстанда балдар арасында 101 ушундай кайгылуу учур катталган.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
😱3🤬2😢1🕊1
🏛 Парламент БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартууну кабыл алды
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорлорун карап, экинчи окууда кабыл алышты.
📄 Кабыл алынган документтер:
— «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр;
— «Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр.
👥 Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери — бир катар депутаттар.
📉 Жаңы өзгөртүүгө ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылат.
⚙️ Бул кадам комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында жасалып жатканы белгиленди.
🗣 Буга чейин БШК өкүлдөрү мүчөлөрдүн саны азайса да, мекеменин ишине терс таасир этпей турганын билдиришкен.

👍2🔥1👏1💯1
Берлиндеги музейде кымыз «эң жийиркеничтүү тамактардын» катарына киргизилди 😳🐎🥛
Социалдык тармактарда Disgusting Food Museum музейиндеги өзгөчө экспозиция кызуу талкууга түштү. Колдонуучулардын бири музейден тартылган сүрөттү жарыялап, анда «жийиркеничтүү» деп эсептелген азыктардын арасында кымыз да бар экенин көрсөткөн 🤯
Маалыматка ылайык, музейде өтө өзгөчө жана кээде адамдарды үрөй учура турган экспонаттар коюлган — жаңы төрөлгөн чычкандар менен, жыландар менен даярдалган тундурмалар жана башка кызык азыктар 🐍🧪 Ушундай азыктардын жанында кымыздын да бул тизмеге киргизилиши көпчүлүк элдерге таң калычтуу болгон.
Экспонаттын жанындагы маалымат тактайчасында кымыз — бээнин сүтүнөн жасалган ферменттелген суусундук экени, анын келип чыгышы Борбор Азияга таандык экени жазылган 📜 Анда кымыз көчмөн элдер — кыргыздар, казактар жана монголдор арасында кеңири тараганы, кийинчерээк Советтер Союзунда да популярдуу болгону белгиленген.
Ошондой эле анын даамы бир аз кычкыл болуп, йогурт менен сыранын аралашмасына же шампан менен каймакка окшош деп сүрөттөлгөн 🥂
Бул публикация интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты 💬
Миңдеген жылдар тарыхы бар көчмөн элинин улуттук суусундугунун алгач пайдалуу жактарын изилдеп көргөнгө "арийлердин" акылы жетпегенби же ... ?
Кызыгы бул көрүнүшкө "30 жылдан бери ЖК төрагалары Бендестагга бара элек" деп опурулуп жаткан Өмүке улут кызыкчыгы үчүн реакция кылабы?
"Мага мамлекеттик тилде сүйлө" деген жарма патриотторчу?

🤬4👎2😱1🤡1
🏗 Садыр Жапаров КРСУнун жаңы кампусун куруу боюнча мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Россия Славян университетинин жаңы кампусун куруу тууралуу мыйзамга кол койду.
📄 Мыйзам — Кыргызстан Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо жөнүндө. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 18-мартында кабыл алынган.
🏫 Макулдашууга ылайык, Кыргызско-Россия Славян университети үчүн заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктура түзүлөт.
👨🎓 Жаңы кампус 15 миң студентке чейин кабыл алууга ылайыкталат.
⚙️ Документте долбоорлоо, каржылоо, курулуш, техникалык көзөмөл жана объекттерди пайдаланууга берүү маселелери да камтылган.
🤝 Белгиленгендей, бул долбоор жогорку билимдин сапатын жогорулатууга, илимди өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Россиянын гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

👍4❤1🔥1👏1
🏛️ Жогорку Кеңеш ызы-чууга көзөмөлдү күчөттү
Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамга жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Жаңы нормалар ызы-чууга каршы көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган 🔊
📌 Документке ылайык, эми кварталдык комитеттер тынчтыкты бузуу фактылары боюнча акт түзө алышат. Бул материалдар милицияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүп, кийин айып пул салуу маселеси каралат.
📸 Далил катары фото, видео жана башка техникалык жазууларды колдонууга уруксат берилет.
🌙 Өзгөртүүлөр жарандардын арыз-даттанууларына, өзгөчө кечки жана түнкү убакта, ыкчам жооп берүүгө шарт түзөт.
🎉 Ал эми Жаңы жыл түнүндө тынчтыкты сактоо талаптары колдонулбайт — 31-декабрда саат 22:00дөн 1-январда саат 03:00гө чейин.

👍2😱1💯1
🎖 1945-жылдын 9-апрели — Улуу Ата Мекендик согуштун 1388-күнү. Советтик армия бул күнү Кёнигсбергди алган .
Бул күнү 3-Белорус фронту душмандын Кёнигсбергдеги тобун толук талкалап, мурда «алынгыс» деп эсептелген калааны штурм менен алышкан. Сан жагынан чоң артыкчылык болбосо да, операция жогорку деңгээлде пландалып, шаар-чеп болгону 3 күндө кыйраган.
Муну менен Кёнигсберг чабуул операциясы ийгиликтүү аяктаган✅
🎆 Жеңиштин урматына Москвада 324 куралдан 24 артиллериялык залп атылып салют берилген.
🏅 Бул жеңиштин урматына СССР Жогорку Советинин Президиуму «Кёнигсбергди алгандыгы үчүн» медалын негиздеген. Бул — борбор шаар болбогон шаар үчүн берилген жалгыз медаль болуп саналат. Аны 760 миң советтик жоокер алган.
🏙 Ошол эле учурда 3-Украин фронту Вена шаарынын борбору үчүн болгон салгылаштарда парламент имаратын, шаардык ратушаны, борбордук телеграфты, полиция башкармалыгын жана опера театрын ээлешкен 🎭.
📜 Советтик аскерлердин гумандуулугун караңыз, Австриянын тарыхый эстеликтерин сактоо тууралуу буйрукка ылайык, артиллерия болушунча аз колдонулган. Бул чабуул 21-апрелде немис фронтунун кыйрашына алып келген.
📊 9-апрелдеги жыйынтык:
— 54 немис танкы жана өзү жүрүүчү курал жок кылынды.
— 28 душмандын учагы атып түшүрүлгөн ✈️💥.
Эң кандуу согуштун аякташына толук бир ай калган эле...

❤3❤🔥1🔥1🏆1
🇮🇷🔥🇺🇸🇮🇱 АКШ менен Иран ортосундагы эки жумалык убактылуу тынчтык күчүнө кирди
🇺🇸 Дональд Трамп «эки тараптуу ок атышууну токтотуу» жарыялап, шарт катары Ормуз кысыгын ачууну талап кылды 🚢. Вашингтон чабуул аракеттерин убактылуу токтотуп, Исламабадда сүйлөшүүлөргө даярданууда 🤝. Тегеран сүйлөшүүгө катышарын ырастап, кемелердин коопсуз өтүшүнө кепилдик берерин билдирди, бирок бул согуштун аягы эмес, убактылуу тыныгуу экенин баса белгиледи ⏸️
🔴 Ошол эле учурда тараптар катуу билдирүүлөрдү улантууда 💬. Трамп санкцияларды жана тарифтерди жеңилдетүүнү талкуулоого даяр экенин айтып, бирок уранды байытууну токтотуу керектигин талап кылды ☢️. Ошондой эле Иранга курал жеткирген өлкөлөргө 50% чейин бажы төлөмдөрүн киргизүү коркунучун эскертти 📊
🔴 Иш жүзүндө тынчтык келишими кыйынчылыктарга туш болууда ⚡️. Израиль келишим Ливанга тиешелүү эмес деп билдирип, өлкөнүн түштүк аймактарына, анын ичинде Сидон жана Бейрут айланасына соккуларды улантты 💥. «Хезболла» мындай шартта келишим бузулушу мүмкүн экенин эскертти ⚠️
🇮🇷 Тегеран Ливанга соккулар уланса, тынчтык режиминен чыгышы мүмкүн экенин билдирди ❗️. Ошол эле маалда аймактагы объекттерге, анын ичинде Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары аймактарына соккулар тууралуу маалыматтар чыгууда 💣. Перс булуңундагы ирандык аралдарда жарылуулар катталганы да кабарланууда 🌊
🚢 Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүшү убактылуу токтотулганы айтылууда, бул жаңы чыңалуунун белгиси катары бааланууда ⚠️
🇮🇷 Иран кысык үстүнөн көзөмөлдү сактап жатканын билдирип, өз шарттары өзгөрүүсүз каларын белгиледи 🛑. Өлкө ичинде бийликти колдогон акциялар менен катар тынчтык келишимине каршы нааразылык акциялары да өтүүдө 📢
🇺🇸 АКШ болсо аскердик күчтөрүн көбөйтүүнү улантууда 🪖. Маалыматтарга ылайык, аймакта 50 миңден ашуун америкалык аскер топтолуп, күчтөрдү жайгаштыруу уланууда ⚔️
🔴 Жыйынтыгында, келишим формалдуу түрдө гана калууда.

❤2👍2🔥1🙏1🏆1
🎓 Кыргызстанда 2026/27-окуу жылына 10 миң грант бөлүү пландалууда
📚 Өкмөт коомдук талкууга чыгарган долбоорго ылайык:
— ЖОЖдорго 10 миң грант
— Орто билим окуу жайларына (ОБОЖ) 4,1 миң грант каралууда
🏫 Анын ичинде:
— 8 миңге жакыны Билим берүү министрлигине караштуу ЖОЖдорго
— 510 грант Саламаттык сактоо министрлигине
📊 Эң көп гранттар төмөнкү багыттарга берилет:
👩🏫 Педагогика — 2,1 миң (ЖОЖ), 800 (ОБОЖ)
💻 IT жана компьютердик технологиялар — 1,7 миң (ЖОЖ), 300 (ОБОЖ)
🏥 Медициналык адистиктер — 1,3 миң (ОБОЖ)
🚀 Жаңы багыттар да кошулат:
— Жасалма интеллект 🤖
— Блокчейн 🔗
— Санарип укук 📱
— Биомедициналык инженерия 🧬
— Жаңылануучу энергия 🌱 ж.б.
⚙️ Жалпысынан гранттардын 50%дан көбү техникалык адистиктерге багытталат
📈 2023–2027-жылдары Кыргызстанга 125 миңден ашуун адис керек болот
🏗 Эң чоң суроо-талап:
өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт, медицина жана билим берүү тармактарында 📌

👍3❤1🔥1👏1
🎥💀 Бишкектеги көрүстөндөргө видеокөзөмөл орнотуу пландалууда
📍 Бишкек шаарындагы көрүстөндөргө видеобайкоо камераларын орнотуу сунушталууда. Бул тууралуу жыйын учурунда «Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги» ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Кубат Курамаев билдирди.
🗣 Анын айтымында, камераларды орнотуу иштерин быйыл баштоо пландалууда. Бул үчүн атайын техника сатып алууга тендер жарыяланат.
Мекеме видеокамераларды орнотуу максатын ачыктаган жок.
📄 Мындан тышкары көрүстөндөр үчүн жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерди алуу маселеси да каралууда.
@kgosho Билип жаша!
📍 Бишкек шаарындагы көрүстөндөргө видеобайкоо камераларын орнотуу сунушталууда. Бул тууралуу жыйын учурунда «Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги» ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Кубат Курамаев билдирди.
🗣 Анын айтымында, камераларды орнотуу иштерин быйыл баштоо пландалууда. Бул үчүн атайын техника сатып алууга тендер жарыяланат.
Мекеме видеокамераларды орнотуу максатын ачыктаган жок.
📄 Мындан тышкары көрүстөндөр үчүн жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерди алуу маселеси да каралууда.
@kgosho Билип жаша!
Telegram
OSHO
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
🤔2👎1😁1😱1
🇰🇬🤝🇷🇺 Кыргызстан–Санкт-Петербург бизнес-форумун өткөрүү маселеси талкууланды
📍 Министрлер кабинетинде төраганын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра менен жолукту.
🗣 Жолугушууда тараптар эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча Россиянын маанилүү маданий борбору болгон Санкт-Петербург менен практикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
📊 Ошондой эле буга чейин түзүлгөн Кыргыз–Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы келишимдерди ишке ашыруу улантылып жатканы белгиленди.
💼 Тараптар бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстан–Санкт-Петербург бизнес-форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн өзүнчө карап чыгуу зарылдыгын айтышты.
📈 Мындан тышкары төмөнкү багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды:
— инвестициялар 💰
— экономика 📊
— билим берүү 🎓
— саламаттык сактоо 🏥
— соода 🛍
— маданий-гуманитардык байланыштар 🎭

❤2👍2🔥1👏1
10-апрель — Эл аралык Каршылык кыймылынын күнү 🌍✊
Жыл сайын 10-апрелде Эл аралык Каршылык кыймылынын күнү белгиленип, фашисттик оккупанттарга каршы күрөшкөн адамдар эскерилет 🕊
Бул кыймылга жумушчулар, дыйкандар, интеллигенция, шаардык калк жана айрым диний өкүлдөр катышкан🌏.
⚔️ Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Үчүнчү рейх басып алган өлкөлөрдө «жаңы тартип» орнотуп, элдерди эзүүгө аракет кылган
📍 Айрым фактылар:
— Австрия Германияга кошулган
— Польшанын батыш аймактары немис фермерлерине берилген
— Югославия, Чехословакия, Греция бөлүштүрүлгөн
— Франциянын көп бөлүгү оккупацияланган, ал эми Виши өкмөтү немистер менен кызматташкан
⚠️ Оккупация саясаты улуттук, экономикалык жана социалдык кысымга, расизмге жана антисемитизмге алып келген
🕯 Еврей эли үчүн бул согуш чоң трагедия болуп — 6 миллион адам каза тапкан
✊ Каршылык кыймылынын негизги максаты — фашизмди жеңүү жана басып алынган өлкөлөрдү бошотуу болгон
📌 Каршылык эки түрдө жүргүзүлгөн:
— активдүү (партизандык күрөш, диверсия, чалгын)
— пассивдүү (бойкот, жашыруун маалымат угуу, тыюу салынган адабияттарды окуу)
💥 Эң күчтүү каршылык СССРде болгон.

ЖАҢЫ РУБРИКА 🤩 …
👍2❤1❤🔥1🔥1👏1
📍 Садыр Жапаров Ош шаарына барат: курулуштарды текшерип, социалдык объектилерди ачат
Бүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
🪖 Сапардын жүрүшүндө президент бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши менен таанышат. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын текшерет.
🏗 Анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин курулушу, жол тармагын өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат.
🎉 Мындан тышкары, Садыр Жапаров социалдык мааниге ээ объектилерди ачуу аземдерине катышып, жаңы курулуш долбоорлорунун башталышына старт берет.
📊 Бул иштер аймактагы элдин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

👍3👏2❤1🔥1