OSHO
21.6K subscribers
676 photos
282 videos
3 files
2.97K links
@kgoshobot суроолоруңуз болсо чат ботко кайрылыңыз
Download Telegram
ОПЕКке мүчө өлкөлөр мунай өндүрүшүн майдан баштап көбөйтүүнү макулдашышты 🛢🌍




ОПЕК+ май айында мунай өндүрүүнү суткасына 206 миң баррелге көбөйтүү чечимин кабыл алды 📈

Бул чечимге Россия, Сауд Арабиясы, Ирак, БАЭ, Кувейт, Казакстан, Алжир жана Оман катышты 🤝

📊 Максат — дүйнөлүк рыноктогу туруктуулукту сактоо
Март айындагы жыйында да өндүрүш ушундай эле көлөмдө көбөйтүлгөн

🌐 Маалыматка караганда, бул кадам дүйнөлүк рынокко өндүрүштү дагы көбөйтүүгө даяр экенин билдирет

⚠️ Ошол эле учурда:
— Ормуз кысыгынын блокадасы
— АКШ жана Израилдин Иран менен жаңжалы

энергетикалык кризисти күчөтүп жатат ⚡️

📅 ОПЕК+тын кийинки жыйыны 3-майга пландалган




@kgosho Билип жаша!
👏21👍1🔥1💯1
Биринчи класска 36 миңден ашык бала катталды




📍 Бишкекте — болжол менен 7,2 миң:
— 2,8 миңи кыргыз класстарына
— 4,4 миңи орус класстарына 🏫

№61 жана №20 мектептерде каттоо толугу менен жабылган. Бирок шаарда дагы 19 миң бош орун бар

🙌 Эгер сиз дагы деле балаңызды каттай элек болсоңуз — система кандай иштерин билип алыңыз:

💻 Быйыл каттоо онлайн гана жүргүзүлөт, мектепке келип “жеринде чечүү” мүмкүн эмес.
🏠 Бир гана микроучасток боюнча жалгыз мектеп тандалат, башкача айтканда үйүңүзгө жакыны.

Каттоо эки этап менен өтөт:
1️⃣ Биринчи этап — 1-апрелден май аягына чейин. Бул этап микроучастокка каттоо боюнча мектепке тиешелүү балдар үчүн.
2️⃣ Экинчи этап — 1-июндан башталат, калган бардык балдар катталса болот, бирок мектептерде бош орун калса гана⚡️.

Үчүнчү этап каралган эмес — демек, кеч калсаңыз өзүңүз күнөөлүсүз.

👶 Биринчи класска 2019–2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат. Аймактарда кыргыз, орус менен кошо өзбек жана тажик класстары дагы бар.

‼️ Каттоо үчүн арыз тапшыруу жолдору:
💻 mektep.edu.gov.kg же 1mektep.edu.gov.kg
📱 MegaPay тиркемеси ([https://megapay.kg/app](https://megapay.kg/app))

📲 Каттоо кадамдары MegaPay менен:

1. «Сервистер» → «Билим берүү»
2. «Электрондук каттоо мектепке» → «Улантуу»
3. ЗАГСка туташкан баланы тандаңыз
4. Микроучасток боюнча сунушталган мектепти тандаңыз
5. Окутуу тилин көрсөтүңүз
6. «Каттоо» баскычын басыңыз — статус «Катталган» болуп көрүнөт




@kgosho Билип жаша!
3👍2🔥1🤯1💯1
ЖКнын VIII чакырылышына талапкер экс депутат Чыңгыз Айдарбеков президентке кайрылды



📣 Жогорку Кеңешке №21 шайлоо округунан кандидат Чыңгыз Айдарбеков Президент Садыр Жапаровго Борбордук шайлоо комиссиясынын аракеттери боюнча кайрылуу жиберди.

📄 Кайрылууда белгиленгендей, депутат К. Конгантиевдин мөөнөтүнөн мурда мандаттан баш тартышынан кийин, 6259 добуш алган Айдарбеков депутаттык мандатка ээ болушу керек эле.

Бирок БШК мыйзамдагы үч күндүн ичинде кандидатты каттоо талабына карабастан, процедураны бир айга жакын созуп жатат.

⚖️ АНЫН айтымында, мамлекеттик органдардын кошумча текшерүүлөрү мыйзамда каралган эмес. Текшерүү соттуулугу бар учурда гана жүргүзүлүшү керек, Айдарбеков озүндө мындай статус жоктугун айтат.

🙏 Айдарбеков Конституциянын кепилдиги катары Президенттен бул маселеге аралашып, көзөмөлгө алып, шайлоочулардын укуктарын калыбына келтирип, процедуранын мыйзамдуулугун камсыздоону суранууда.



@kgosho Билип жаша!
👍2🤔2💯1🖕1😡1
🍫 Дүйнөдө какао жоголуп, шоколад өндүрүү кыйынчылыкка кептелиши ыктымал: себеби - климаттык коркунуч 🌍




GEC Жашыл экономика коалициясы климаттын өзгөрүшү какао өсүмдүктөрүнө чоң коркунуч жаратып, 2050-жылга карата какао өстүрүү дээрлик мүмкүн болбой калышы ыктымал, деп эскертти ⚠️

🌱 Негизги көйгөй:
— Какао дарактары аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө өтө сезимтал
— Батыш Африкадагы плантацияларда катуу ысык, жаан-чачындын көп же аз болушу жана өсүмдүк оорулары чоң зыян келтирүүдө
— Дүйнөдөгү какаонун 90%дан ашыгы климаттык туруктуулугу аз өлкөлөрдө өстүрүлөт

📈 Белгилери:
— Какао баасы 2025-жылы 4 эсеге өстү, шоколад да кымбаттады 💸
— Өндүрүшчүлөр чыгымды азайтуу үчүн какао майын арзан майлар менен алмаштырып, кум шекерин көбөйтүп жатышат

🌳 Чечүү жолдору:
— Агро токойчулук ыкмасы: какао дарактарын башка өсүмдүктөр менен кошо өстүрүп, көлөкө түзүү, топуракты жакшыртуу, өсүмдүктөрдү ысыкка туруктуураак кылуу 🌴☀️
— Бирок бул чоң инвестиция талап кылат 💰

⚠️ Адистер эскертет:
“Эгер климат өзгөрүүсү токтобосо, шоколад келечекте кымбат гана эмес, сейрек кездешкен азыкка айланышы мүмкүн” 🍫❗️



@kgosho Билип жаша!
😁2🤔2😨2👍1💘1
📚 «Жеңиш диктанты – 2026»: быйыл 24-апрелде өтөт 🇰🇬



2026-жылдын 24-апрелинде Кыргызстанда эл аралык тарыхый-патриоттук акция — Жеңиш диктанты сегизинчи жолу өткөрүлөт 🗓

Бул иш-чара Жеңиш күнүнө арналган эң ири агартуучулук акциялардын бири болуп саналат. Ага каалаган адам — жашына, жарандыгына жана билиминен көз карандысыз катыша алат 🤝

📖 Диктант аркылуу катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун:
— негизги окуяларын
— баатырларын
— чечүүчү салгылаштарын
— тарыхый сабактарын текшерип, билимдерин жаңырта алышат

⭐️ 2026-жыл өзгөчө мааниге ээ:
— согуштун башталганына 85 жыл
— белгилүү кол башчы, СССР маршалы Георгий Жуков туулганына 130 жыл

Ошондуктан суроолордо анын өмүрү, аскердик таланты жана Жеңишке кошкон салымы өзгөчө орун алат 🎖

🌍 2025-жылы акция дүйнөнүн 97 өлкөсүндө өткөн. Кыргызстан катышуучулардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирип, 70 аянтчада 5000ден ашуун адам катышкан 👏

📍 Быйыл дагы жаңы аянтчалар ачылат:
— мектептерде
— колледждерде жана ЖОЖдордо
— китепканаларда
— коомдук жана маданий уюмдарда

📌 Уюмдар катышуу үчүн алдын ала арыз берип, катышуучулар үчүн тапшырмаларды басып чыгаруу шартын камсыздашы керек 🖨

«Жеңиш диктанты» — бул тарыхты унутпай, келечек муунга жеткирүүнүн маанилүү жолу



@kgosho Билип жаша!
👏21👍1🔥1🤩1
🎖 1945-жылдын 7-апрели — согуштун 1386-күнү. Советтик аскерлер Борбордук Европаны фашисттерден бошоткон күн




Ал учурда эч ким узак жана оор согуштун аякташына болгону 32 күн калганын билген эмес...

Бул мезгилде Кызыл Армия Борбордук Европаны бошотууну аяктап, Берлинге акыркы чабуулга даярданып жаткан

⭐️ Ошол күнү аскерлер Кёнигсберг шаарына жана чебине чабуулду улантышкан. Катуу салгылаштардын жүрүшүндө 3-Белорус фронту түндүк-батыш тараптан коргонуу сызыгын бузуп, бир катар шаар райондорун ээлеген 🏙

Түштүктөн чабуул койгон аскерлер да алдыга жылып, Прегель дарыясын кечип өтүп, башка бөлүктөр менен бириккен 🌉. Бул күнү советтик аскерлер 15 000ден ашуун фашисттик Германиянын аскерлерин туткунга алышкан⚔️.


🔥 Башка багыттарда:
— Бреслау аймагында курчоодогу душманды жок кылуу улантылган
— 2-Украин фронту Чехословакия аймагында 60тан ашуун калктуу пунктту бошоткон 🗺
— Дунай жана Морава дарыяларынан өтүп, плацдарм түзүлгөн.

🏙 Вена багытында 3-Украин фронту ийгиликтүү чабуул жасап:
— Тулльн, Ной-Ленгбах шаарларын жана көптөгөн айыл-кыштактарды ээлеген.
— Вена шаарында көчө салгылаштары активдүү жүргөн.

📊 Бул багытта:
— 5000ден ашуун душман туткунга алынган
— көптөгөн техника жана курал-жарактар олжолонгон.

✈️ Жалпы жыйынтык:
— 60 танк жана өзү жүрүүчү курал жок кылынган.
— 38 учак абада атып түшүрүлгөн.
— дагы 50 учак аэродромдордо жок кылынган 💥


🕊 АТАЛАРГА ТААЗИМ! Эч ким, эч нерсе унутулбайт🫡!



@kgosho Билип жаша!
3👍1🔥1👏1
🇨🇳 Кытайдан кыргыздарга окшош тарыхый сүрөттөр табылды.



🔴 Тан династиясынын (VIII кылым) музейинен 6 картина табылды. Манасчы Темирбек Токтогазиев жана профессор Адыл Жуматурду изилдеп жатышат. Сүрөттөрдө Манас эпосундагы окуялар, мисалы, Четбейжин чебин алуу чагылдырылган болушу ыктымал.

🤔 Бирок суроолор бар: ок атуучу куралдар ошол доорго туура келбейт. Сүрөттөр кийинчерээк тартылган же кайра жаратылган болушу мүмкүн. Баш кийимдер кыргыз калпагына окшош , бир сүрөттө кытай императору сүрөттөлгөн.

⭐️ Бул табылга Манас эпосунун тарыхый негиздерин изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүк берет.




@kgosho Билип жаша!
👍62❤‍🔥1🤩1
🇰🇬 Жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн күчөтүү үчүн депутаттар акысыз коомдук тарнспорт күнүн жана жумуштан эрте бошотууну сунушташууда




🔴 Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды киргизди.

Анын демилгесине ылайык, шайлоого катышуу 75 пайыздан ашкан учурда жергиликтүү бийлик органдарына грант берүү сунушталууда 💰.

Мындан тышкары, шайлоо күнү коомдук транспортто жүрүү акысыз кылуу 🚍 жана жарандарды жумуштан бошотуу каралууда.

Депутаттын айтымында, акыркы парламенттик шайлоодо катышуу көрсөткүчү болгону 36 пайызды түзгөн, бул өтө төмөн көрсөткүч болуп саналат.

Ал ошондой эле президент депутаттарга шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгууну тапшырганын белгиледи.

🔴 Бирок бул сунуштарга Кыргызстандын Министрлер Кабинети каршы чыккан ❗️

Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетте добуштар тең бөлүндү: үчөө «макул», үчөө «каршы».

Натыйжада бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралмай болду.



@kgosho Билип жаша!
🤡3👍2😁2
🇰🇬 Түз инвестициялар 30% гана өстү — Өмүрбек Текебаев




📊 Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында акыркы жылдары өлкөгө түз инвестициялар болгону 30%га гана өскөнүн билдирди.

💬 Анын айтымында, экономика өсүп жатат деген менен, сандар андай жогорку динамиканы көрсөтпөйт.

📉 Акыркы жылдардагы инвестициялардын көлөмү:
— 2018-жылы — $851 млн
— 2019-жылы — $1 млрд
— 2020-жылы — $537 млн
— 2021-жылы — $1 млрд
— 2022-жылы — $1 млрд
— 2023-жылы — $844 млн
— 2024-жылы — $1 млрд
— 2025-жылы — $950 млн

📌
«Биз экономика өсүп жатат деп айтып келебиз, бирок сандар өзү сүйлөп турат. Бул багытта дагы көп иштер жасалышы керек»,

— деди элчи.

🏛 Азыркы тапта депутаттар Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин 2022–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуп жатышат.


Илбирстин секириги кайда калды 🧐?

Өмүке дагы эмненин башын кылтыйтып жатат 🤔?



@kgosho Билип жаша!
😁3🤔2🤡21💯1🖕1
🌳 Бишкекте бир жылда 4 миңден ашык дарак кыйылды




📊 Бишкек шаарында 2025-жылы 4 миң 66 дарак кыйылганы маалым болду. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 197,7%га көп.

📉 Муниципалитеттин маалыматына ылайык:
— 2023-жылы — 1 771 дарак
— 2024-жылы — 1 366 дарак
— 2025-жылы — 4 066 дарак кыйылган

🏢 Шаар бийлигинин түшүндүрмөсүндө, бул чаралар жашыл аймактардын санитардык абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо үчүн жүргүзүлгөнү айтылат.

⚠️ Жыйынтыгында авариялык учурлар 53кө чейин азайып, бул 2024-жылга караганда 73 учурга аз болгон.

🌱 Ошол эле учурда көчөт отургузуу планы ашыгы менен аткарылган:
— планда — 12 460
— иш жүзүндө — 18 835 көчөт (дарактар жана бадалдар) отургузулган

🛡 Мындан тышкары, 93,5 миң дарак илдеттерден жана зыянкечтерден коргоо үчүн иштетилген.

💬 Бирок шаар тургундары социалдык тармактарда дарактардын массалык кыйылышына жана жаңы көчөттөрдүн жакшы кармалбай жатканына нааразы болуп келишет.



@kgosho Билип жаша!
👍2😱1🤬1😢1💔1
⚖️ Депутат ЖК Кыргызстандын деңиз кодекси 90% Молдованын мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдирди





🔴 Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын Деңиз кодексинин долбоору дээрлик толугу менен Молдованын мыйзамынан көчүрүлгөнүн билдирди.

💬 Анын айтымында, документтин файлын жүктөп алып текшергенде, андан 1999-жылдагы (2024-жылдын мартындагы редакциясы менен) Молдованын соода деңиз кодексине шилтеме табылган. Ошондой эле текстте техникалык издер да сакталган.

🤖
«Мен өзүм ишенген жокмун. Атүгүл жасалма интеллектке текшерттим — тексттер 90%га чейин дал келет»

, — деди депутат.

🏛 Сын-пикирлерге карабастан, Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорун колдоду.

🌍 Документ деңиз ташууларын өнүктүрүү жана Кыргызстандын туусу астында кемелерди пайдалануу үчүн укуктук негиз түзүүнү карайт. Ошондой эле деңизге түз жолу жок өлкө катары Кыргызстандын ачык деңизге жетүү жана эркин сүзүү укугун бекемдейт.

🚢 Долбоор төмөнкү багыттарды жөнгө салат:
— жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу
— балык уулоо
— илимий изилдөөлөр
— куткаруу операциялары жана башка ишмердүүлүк

📋 Мындан тышкары, кемелердин мамлекеттик реестрин түзүү сунушталууда. Анда жергиликтүү жана чет өлкөлүк ээлер да каттала алат.

📍 Кемелерди каттоо порту катары Бишкек аныкталып, кемелердин арткы бөлүгүндө “BISHKEK” деген жазуу болушу керек.

🛡 Ошондой эле деңиз администрациясын түзүү каралган. Ал кеме жүрүшүнүн коопсуздугуна, реестрди жүргүзүүгө жана эл аралык стандарттарды сактоого жооп берет.

⛔️ Документке ылайык, аскердик кемелер жана ядролук материал ташыган кемелер Кыргызстандын туусу алдында каттала албайт.



@kgosho Билип жаша!
😁31👏1😱1🤡1
🎖 1945-жылдын 8-апрели — Улуу Ата Мекендик согуштун 1387-күнү. Советтик аскерлер Венаны толук бошотуп, Австрияны бошотууга камынган күн



Бул күндүн негизги окуясы — Кёнигсберг шаарына болгон катуу чабуул болду ⚔️

3-Белорус фронту коргонуу линиясын бузуп, портту ээлеп, шаардын түндүк-батыш бөлүгүн душмандардан тазалаган 🚢🏙.

Көп жоготууларды болтурбоо максатында фронттун командачысы, СССРдин маршалы Александр Василевский Кёнигсбергдеги душман аскерлерине багынып берүүнү сунуштаган 🤝. Бирок фашисттер каршылык көрсөтүүнү улантууну чечишкен .

Ошол эле учурда советтик аскерлер Вена багытында ийгиликтүү алдыга жылып, Австрияны толук бошотууга даярданып жатышкан 🇦🇹.

🔥 Кёнигсбергди штурмдоо:
6-апрелде башталган чабуулду уланткан 3-Белорус фронту активдүү аракеттерди жүргүзүп, 43-армия алдыга жылып, түндүк-батыш чет жактарды тазалаган 🪖.

🏙 Австриядагы салгылашуулар:
3-Украин фронту Венага жакын аймактарда салгылаш жүргүзүп, Тулльн жана Нойленгбах сыяктуу калктуу пункттарды ээлеген.


✈️ Бул күнү советтик авиация бир суткада 6 миңден ашуун учуу жасап, согуш жүрүп жаткан аймактарга сокку урган 💥. Тарыхтагы эң кандуу согуштун аякташына 31 күн калган эле...


🕊 АТАЛАРГА ТААЗИМ! Эч ким, эч нерсе унутулбайт🫡!



@kgosho Билип жаша!
3👍2🔥1👏1
🚗 Төрага ЖК: Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөлөрдө таанылып жатат




Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде да таанылганын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

📌 Анын айтымында, жаңы күбөлүктөрдүн үлгүлөрү ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
«Бир дагы мамлекеттен эч кандай сын-пикир түшкөн жок. Бул документ толугу менен Венанын конвенциясынын талаптарына жооп берет», — деди ал.

⚠️ Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр Европа өлкөлөрүндө таанылбай жатканын айтып, жарандар кыйынчылыкка туш болуп жатканын белгилешкен.



@kgosho Билип жаша!
👍32❤‍🔥1🔥1💯1
⚖️ КР Башкы прокурору калыстар сотун киргизүүгө каршы болууда



Жогорку Кеңештин жыйынында КР Башкы прокурору Максат Асаналиев калыстар сотунун (суд присяжных) институтун киргизүүгө каршы экенин билдирди.

📌 Ал бул пикирин вице-спикер Медер Алиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Суроо — бул институт сот системасына кандай таасир этери тууралуу болгон.

💬 Башкы прокурордун айтымында, Кыргызстанда калктын аздыгы жана менталитеттин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу калыстар соту өзүн актай албайт.

«Калыстар соту объективдүү чечим чыгарууга жардам берет дегенге күмөнүм бар»,

— деди Максат Асаналиев.

📖 Ал эми Медер Алиев Конституцияда калыстар сотун киргизүү тууралуу норма бар экенин эске салды.

🗣
«Азырынча мөөнөттөр жылдырылган. Бирок мен бул демилгени алдыга жылдырууну каалайм. Айрыкча айрым оор кылмыштар боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны колдонсо болот»,

— деп кошумчалады ал.



@kgosho Билип жаша!
👍2😁1😱1💯1
🕊 Мектептеги трагедия: Кендирбаеванын жүргүзүп жаткан саясатынын жыйынтыгында дагы бир окуучу өз өмүрүнө кол салды



Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Нарын районунда болгон кайгылуу окуя тууралуу маалымат берди.

📌 Анын айтымында, 1-апрелде 7-класстын окуучусу Эрбол Абиров каза болгон.

💬 Депутаттын билдиришинче, мектепте китеп ижарасы үчүн чогултулган 110 сом жоголуп кеткен. Ошого байланыштуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары окуучуну кабинетине чакырып, катуу сурак жүргүзгөн.

⚠️ Окуучу психологиялык басымга чыдай албай, кайгылуу кадамга барганы айтылды.

🗣
«Биз ар дайым мугалимдерди коргойбуз. Бирок бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылды. Азыр бул ишти “кыргызча” жаап коюуга аракет болуп жатат»,

— деди депутат жана төрагадан бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранды.

📖 Ошондой эле балдар укугун коргоочу Назгүл Турдубекова бул факт боюнча укук коргоо органдары кылмыш ишин дароо козгобогонун белгилеген.

🚔 Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда факт катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

📊 Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстанда балдар арасында 101 ушундай кайгылуу учур катталган.



@kgosho Билип жаша!
😱3🤬2😢1🕊1
🏛 Парламент БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартууну кабыл алды



Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорлорун карап, экинчи окууда кабыл алышты.

📄 Кабыл алынган документтер:
— «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр;
— «Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр.

👥 Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери — бир катар депутаттар.

📉 Жаңы өзгөртүүгө ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылат.

⚙️ Бул кадам комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында жасалып жатканы белгиленди.

🗣 Буга чейин БШК өкүлдөрү мүчөлөрдүн саны азайса да, мекеменин ишине терс таасир этпей турганын билдиришкен.



@kgosho Билип жаша!
👍2🔥1👏1💯1
Берлиндеги музейде кымыз «эң жийиркеничтүү тамактардын» катарына киргизилди 😳🐎🥛



Социалдык тармактарда Disgusting Food Museum музейиндеги өзгөчө экспозиция кызуу талкууга түштү. Колдонуучулардын бири музейден тартылган сүрөттү жарыялап, анда «жийиркеничтүү» деп эсептелген азыктардын арасында кымыз да бар экенин көрсөткөн 🤯

Маалыматка ылайык, музейде өтө өзгөчө жана кээде адамдарды үрөй учура турган экспонаттар коюлган — жаңы төрөлгөн чычкандар менен, жыландар менен даярдалган тундурмалар жана башка кызык азыктар 🐍🧪 Ушундай азыктардын жанында кымыздын да бул тизмеге киргизилиши көпчүлүк элдерге таң калычтуу болгон.

Экспонаттын жанындагы маалымат тактайчасында кымыз — бээнин сүтүнөн жасалган ферменттелген суусундук экени, анын келип чыгышы Борбор Азияга таандык экени жазылган 📜 Анда кымыз көчмөн элдер — кыргыздар, казактар жана монголдор арасында кеңири тараганы, кийинчерээк Советтер Союзунда да популярдуу болгону белгиленген.

Ошондой эле анын даамы бир аз кычкыл болуп, йогурт менен сыранын аралашмасына же шампан менен каймакка окшош деп сүрөттөлгөн 🥂

Бул публикация интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты 💬


Миңдеген жылдар тарыхы бар көчмөн элинин улуттук суусундугунун алгач пайдалуу жактарын изилдеп көргөнгө "арийлердин" акылы жетпегенби же ... ?

Кызыгы бул көрүнүшкө "30 жылдан бери ЖК төрагалары Бендестагга бара элек" деп опурулуп жаткан Өмүке улут кызыкчыгы үчүн реакция кылабы?


"Мага мамлекеттик тилде сүйлө" деген жарма патриотторчу?



@kgosho Билип жаша!
🤬4👎2😱1🤡1
🏗 Садыр Жапаров КРСУнун жаңы кампусун куруу боюнча мыйзамга кол койду




Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Россия Славян университетинин жаңы кампусун куруу тууралуу мыйзамга кол койду.

📄 Мыйзам — Кыргызстан Министрлер Кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо жөнүндө. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

🏫 Макулдашууга ылайык, Кыргызско-Россия Славян университети үчүн заманбап билим берүү, илимий жана социалдык инфраструктура түзүлөт.

👨‍🎓 Жаңы кампус 15 миң студентке чейин кабыл алууга ылайыкталат.

⚙️ Документте долбоорлоо, каржылоо, курулуш, техникалык көзөмөл жана объекттерди пайдаланууга берүү маселелери да камтылган.

🤝 Белгиленгендей, бул долбоор жогорку билимдин сапатын жогорулатууга, илимди өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Россиянын гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого багытталган.




@kgosho Билип жаша!
👍41🔥1👏1