ЖАРКЫН ЖАШОО
1.42K subscribers
262 photos
15 videos
51 links
❤️жан дуйноно азык,
📚оз алдынча инсандык онугуу,
💃 аялдык бакыт жана
👨‍👩‍👧‍👦уй-булолук мамилелерди жонго салуу боюнча баалуу маалыматтарды бекер алыныздар.

🎯Жаркын жашоого биз менен жет!

Суроолор боюнча @Cholponomurbaikyzy кайрылыныз
Download Telegram
Ырыскынын булагы бол!

Бардык үйгө свет, жылуулук, суу, таштандыга төлөө эсеби чыгып келет. Эстеп көрсөңуздөр аларды төлөөрдө кандай сезимдер сизди коштойт? Сүйүнүч менен төлөгөн айымдар барбы? Менимче айымдар эсептерди көргөндө кыжырданат, жини келет. Эмнеге мынча акча болуп кетти? Кантип төлөйм эми? Бирин төксөм, бирине жетпейт. Эмкиде төлөйм да ж.б.у.с

Же болбосо банктан акча котордуңуз, банк чыгымдарына кошумча 20 сомдон өйдө алат. Таксиге түштүңүз, ага акча кетет. Балаңыз бала бакчага барат, ага төлөйсүз, иштеп тапкан кирешеден, айлыктан мамлекетке салык кармап калат. Ушундай чыгымдарды төлөп жатканда сезимдериңизди байкап көрсөңуздөр, көбүнчө негатив сезимдер.

Эми мен сиздерге бир секрет айтайын. Ырыскыны көбөйтүү үчүн ошол чыгымдарга сүйүнүп баштаңыздар. Мен бул чыгымдарды төлөгөнгө чамам жетет, банктын чыгымдарып төлөп, мен банкты багып жатам, таксистке жол кире төлөп, мен анын үй бүлөсүн багып жатам, айлыктан салык төгүп, мамлекетти багып жатам деп өзүңүздү бай адам сезиңиз. Эмнеге чыгымдарга сүйүнүшүңүз керек? Жылуулук болгону үчүн сиз жана жакындарыңыз үшүбөй, оорубай кыштан аман чыгат. Суу болгону үчүн чай, тамак даяр болот, кир жуулат, дене мүчөлөр таза болот. Банк болгону үчүн акчаңыз тез жетет, сиз төлөгөн салыктарга жол, мектептер, бала бакча салынат. Чыгымдардын артында ушундай пайдалуу нерселер турат. Сиз пайда алып келип жатасыз, ошого сүйүнсө болот. Канчалык адам баласы чыгымдарды сүйүнүп төлөсө, ырыскысы көбөйүп турат. Чыгым болбосо киреше болбойт дейбиз, демек чыгымдарга ич оорутпаш керек.

Эмкиде жаркылдап эле чыгымдарды төлөп, ырыскынын булагына айланыңыздар менин сүйүктүү эже-сиңдилерим жана курбуларым🤗

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы

АЯЛДЫК БАКЫТ ГРУППАСЫ https://t.me/womenkg

ЖАРКЫН ЖАШОО КАНАЛЫ
https://t.me/jarkyn_jashoo
⭐️24 жылдыз⭐️ марафонубуз бүгүн старт алды. Жаңы айдын, жаңы жуманын башы менен жаңы жашоого багыт алдык. Көпчүлүк адамдар жакшы жашоону каалашат, бирок өздөрүнө татыктуу жашаганга уруксат бере алышпайт. Мен да ушундай болгом.
Кедей үй-бүлөдө төрөлгөндөр өмүр бою кедей болуп жашап, жакшы кызматтарда иштей албайт, колдорунан эч нерсе келбейт деп ойлочумун. Атам бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткендиктен, көп мүмкүнчүлүктөргө жетпей чоңойгом. Мен эч нерсеге жетпейт турбайымбы, мен жакшы жашоого татыктуу эмесмин деп чоңойгом. Ошентип ойлонгонумдун кесепетинен көп нерсеге 41 жашыма чейин жеткен жокмун.
Азыр ал ойлорумдан кайтпаганымда балдарыма да кедейлик программа орноп калмак. Балдарыма татыктуу, жетиштүү жашоону көргөзүш үчүн тынбай окуп, өзгөрүп, өнүгүп баштадым. Балдарды бактылуу бол деп айтсаң эле бактылуу болуп кетпейт. Аны биз өзүбүз көрсөтүшүбүз абзел. Курсактын кана камын көрүп жашоо - бул кедейлик. Элдин камын көрүү - бул ийгилик, бул бакыт. Акчасын убагында которо албай калгандар үчүн 2-поток ачылды.
Ар бир адам жашоосун кызыктуу, маңыздуу, бактылуу окуяларга толтура алат. Көпчүлүк айымдар маңдайыма ушуну жазып коюптур деп, начар жашоосун Кудайга шылтоолоп жүрө беришет. Эң начар шартта жашаган адамдар жашоосун укмуштуудай өзгөртүп жатышат. Бактылуу, ийгиликтүү болуш үчүн атайын билимдер керек.
500 сомго алган билимдер сиздерди баалуу, нарктуу кылат. Качан гана адам өзүнүн баалуулугун сезгенде, миллиондогон акчалар менен ийгиликтер өзү тартылып келет.

⭐️24 жылдыз⭐️ марафону ушул эле айда болот, кайра кайталанбайт. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып, 2-потокко катталып калыңыз. Мүмкүнчүлүктү көрө билүү, пайдаланып калуу - бул дагы ийгилик.

Эмне үчүн баасы арзан, болгону 500 сом? Куликовский торттон дагы арзан. Тортту саткандар өзүнө байлык топтойт. Мен болсо улутумду ойлойм, улутумдун тагдыры аялдарга көз каранды. Аял оңолсо Аалам оңолот. Эркек уулду тарбиялайт, аял улутту тарбиялайт. Аял - үйдүн куту, улуттун жүзү. Улуу элдин кыздарыбыз, кийинки муунду улуу эл кылып татыктуу тарбиялайлы.

Ким мени менен?
Урматтуу айымдар! ⭐️24 жылдыз⭐️ марафонун 2-потогу 10-ноябрда башталат. Ага катталуу төмөндөгүдөй:
1. Инстаграм аккаунтка кирип, издөө деген жерге 24jyldyz_2potok деп жазасыздар дагы баракчага киресиздер
2. Жогору жагындагы 3точканы басып, отправить сообщение дегенди басасыздар
3. Скрин кылынган чекти сообщение аркылуу жөнөтөсүздөр. Аты жөнүңүздү, телефон номеринизди кошо жазасыздар
4. Артка барып подписаться деген кнопканы басып коесуздар
5. Чектер текшерилип, кабыл алынат.

Баарыныздарга ийгилик💐💐💐!!!
Суроолор болсо бул номерге кайрылыңыздар
+996 555 420 019 Айзада
Forwarded from Cholpon Omurbaeva
4446732000220881

Получатель Өмүрбай кызы Чолпон
Cholpon Omurbai kyzy
Forwarded from Cholpon Omurbaeva
Аялды аял колдобосо, анда биздин тагдырды эркектер оңдоп бербейт. Аялдын көйгөйлөрүн аял гана түшүнөт, чечүү жолдорун аял гана табат.
Улут энелери кыргыз улуту үчүн биригели!
Буга чейин ойлошуңуз мүмкүн эркектер ийгиликтерди өзү жаратып, байлыкты өзү топтоп, атак даңкка өзү жетишет деп. Бирок эркектердин ийгилиги, коомдо ордун табышы, максаттарына жетиши жашоосундагы 3 аялга көз каранды. Алар канчалык жаман ойлосо, каргаса, ошончолук эркектин акыбалы начарлайт. Эгерде ал үчөө колдоп, кубаттап, ишенип турса, эркектин күчү тоону омкоргонго жетет.

Ал кайсы 3 аял, билгиңиз келеби? Жолдошуңузду же уулуңузду ийгиликке жеткирүүнү каалайсызбы?

Анда 19.11.2021
саат 19.00
"Эркектин ийгилиги аялдын колунда" аттуу түз эфириме сөзсүз келиңиз.

👉https://www.instagram.com/cholponomurbaevna?r=nametag
Менин жашоом азыр кандай? Бир жарым жыл мурдагы өзүмдүн жашоомду элестетип, ушунча таарынычты, уруш талашты, түшүнбөстүк жагдайларды кантип көтөрүп жүрдүм экен деп өзүмө бир жылмайып коём😊. Эгерде жашооңду жакшы жакка өзгөрүүнү кааласаң, Алла Таала себепчи кылып бир адамды жиберет, же бир китепти колуңа карматат экен. Мени Алла Таалам Чолпон Омурбаевнага жолуктурду. Чексиз шүгүр айтам🙏🙏🙏!!!
Азыр менин жашоом сонун. Жүрөгүм сүйүүгө толо. Жакындарымды кучактагым эле келет❤️. Мен өзүмдү бактылуу сезсем, айланамдагы адамдар өздөрү бактылуу сезээрин билдим. Бул өзгөрүүлөр Чолпон Омурбаевнанын берген билимдеринен болду. Ар бир сабагы өтө таасирдүү. Терең ыраазымын сизге менин насаатчым🙏❤️❤️❤️! Мени сизге жолуктурган жаратканыма чексиз ыраазы болом!
Канчалаган айымдар жашоолорунан кыйналып, кысталып жашап жүрүшөт. Биздин коомдо көйгөйлөр өтө көп.
Ушундай маселелерди, көйгөйлөрдү мамлекеттик деңгээлде чечүү үчүн аялзатынын атынан өкүл болуп Чолпон Омурбаевна ЖКке бара жатат. Жолуңуз ачык болсун, жашооңузду ийгиликтер коштосун менин тандоом сизсиз ❤️❤️❤️!!! Баарыбыз энебиз. Энелер энелерди колдойлу💥💥💥!!!!!
Forwarded from Erke Asanbekova
Чолпондун коп сабактарын угуп коруп ,жашоого озгоруу алып келди,бир эле аялдар учун эмес уй булобузго да жакшы нерселерге себепкер болду демекчимин.Чолпон ЖКке барса мамлекеттин онугуусуно салым кошот деп ойлойм.Баарыбыз колдойлу, бактылуу айымдар!!
Суусаганга булак болдуң,Жолунан адашканга чырак болдуң, Алсыздарга дем күч берген,
Аллахтан келген жакшылыктын,
Себепкери өзүн болдун
Өсөм деген айымдарга,
Өзгөчө сен ынык болдуң 👍👍👍
Жаратканыбыз жар болуп,ак жолуң ачылсын,тилектеринизди кабыл кылсын🤲🤲🤲
Фото от Cholpon Omurbaevna
Аффирмациялар жөнүндө көп эле угуп жүрөсүздөр. Бул адамдын аң сезимин башкаруунун бир ыкмасы болуп эсептелинет.
"Мен бактылуумун!", "Мен ийгиликтүүмүн!",
"Менин кирешем өсүп жатат", "Менин ден соолугум күндөн күнгө жакшырып жатат" ж.б.у.с. ишенимдерди айткыла деп үйрөтүп келем.
Кээ бир айымдарга бул аффирмациялар иштейт, кээ бирине иштебейт. Мээ каршылык көрсөтөт, себеби калпка ишенбейт. Аффирмациялар мага таптакыр таасир бербей жатат деп мага жакында бир айым жазды. Ошол айымга берген кеңешимди сиздерге да сунуштап кетейин.

Аффирмациялар жакшы натыйжа бериш үчүн ага суроо кошуп койсо болот. Мисалы:
1. Өзүмдү бактылуу сезиш үчүн менде эмнелер бар? же Мени эмне бактылуу кылып жатат?
2. Кирешемди кантип эле оңой өстүрүп жатам?
3. Ден соолугумдун жакшы болушуна мага эмне жардам берип жатат?
4. Жолдошум мени кадырлагандай өзүмдү кандай алып жүрөм?

Ушундай учурда мээ каршылык көрсөтпөйт, себеби суроолуу сүйлөмдөргө мээ жооп издеп баштайт. Өзүңөргө ушундай суроолорду көп бере берсеңиздер, мээ сөзсүз керектүү жооп табат жана аткарылышына шарттарды камсыздап берип баштайт.

Баса, суроолуу аффирмациялардан эмнени байкадыңыздар?

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
https://t.me/jarkyn_jashoo