ЖАРКЫН ЖАШОО
1.4K subscribers
262 photos
15 videos
51 links
❤️жан дуйноно азык,
📚оз алдынча инсандык онугуу,
💃 аялдык бакыт жана
👨‍👩‍👧‍👦уй-булолук мамилелерди жонго салуу боюнча баалуу маалыматтарды бекер алыныздар.

🎯Жаркын жашоого биз менен жет!

Суроолор боюнча @Cholponomurbaikyzy кайрылыныз
Download Telegram
Мына ушинтип 2021-жыл аяктаганы турат. Жаңы жылга туура 20 күн калды. Так ушул убакытта эски жылга анализ жүргүзүп, жыйынтык чыгаруу маанилүү. Себеп дегенде эски жылды жыйынтыктабай туруп жаңы жылга пландарды коюу мүмкүн эмес. Көпчүлүк адамдар буга маани бербейт, ошондуктан жакыр жашашат. Аялдык бакыт группасындагы айымдарга жылды
туура жыйынтыктоого бир нече көнүгүүлөрдү сунуштайм. 31-декабрга чейин бир топ иштейбиз, блокнот, ручка даярдаңыздар.
Көнүгүүлөр Аялдык бакыттын инстаграммдагы баракчасында берилет.
https://www.instagram.com/ayaldyk_bakyt?r=nametag

Көнүгүүлөрдү аткарып, сөзсүз пикир калтырып туруңуз. Пикир жазып жатканда ичиңиздеги эски ойлор өзгөрүп, жаңы ой жүгүртүү (трансформация) калыптана баштаарын унутпаңыз.
Жылды туура жыйынтыктоого дагы бир жакшы көнүгүү "Жашоо айлампасы" жардам берет. Орусча аталыштары колесо жизни, колесо баланса.
Жаңы жылга максаттарды белгилөөдөн мурун, азыркы абалыбызды, фундаментибизди так билип алуу зарыл. Так ушул фундаментке жаңы максаттарыбызды дубал кылып тургузабыз.

Бул көнүгүүнүн толук түшүндүрмөсү Аялдык бакыттын инстаграммдагы баракчасында берилди.

https://www.instagram.com/ayaldyk_bakyt?r=nametag

Көнүгүүлөрдү аткарып, сөзсүз пикир калтырып туруңуз. Пикир жазып жатканда ичиңиздеги эски ойлор өзгөрүп, жаңы ой жүгүртүү (трансформация) калыптана баштаарын унутпаңыз.
"Мен бактылуумун - мен... каалайм"

Эски жылды жыйынтыктап, жаңысын тосуп алууга дагы бир көнүгүүнү сунуштайм.

2021-жылда эмнени жаңы үйрөнүп, жаңы колдонуп баштасаңар, аларды төмөндөгүдөй жазып чыгыңыздар.

Мен бактылуумун, аткени быйыл туура тамактанып баштадым, ден соолугума кам көрдүм, чуркап баштадым же гимнастиканы жасадым, киреше - чыгашаларды контролдогонду үйрөндүм, чет тилди өздөштүрдүм ж.б.у.с

Мен эмнени каалайм?
Жумушумду алмаштырганды, башка шаарга көчкөндү, жолдошум менен мамилени оңдогонду, балдарыма жакыныраак болууну, жаңы кесипти өздөштүрүүнү ж.б.у.с каалайм.

Мен бактылуумун деген пункттарга ыраазычылык айтыңыз, ал эми каалайм деген пункттарды кийинки жылга максаттарга айландырыңыз.

1. 2022-жылдын 1-кварталында жаңы жумушка орноштум.
2. 2022-жылдын март айында Бишкек шаарына көчтүм.
3. 2022-жылдын 1-январынан тартып жолдошума ыраазычылык билдирип, күнүгө мактап баштадым.
4. 2022-жылдын апрель айында нутрицолог окуусуна жазылдым, май айында ийгиликтүү аяктадым ж.б.у.с

Көнүгүүлөрдү ушул эле чатта жазсаңыз да болот.

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы

https://www.instagram.com/ayaldyk_bakyt?r=nametag
👆инстаграмм баракчага жазылыңыздар, жакында түз эфирде баалуу маалымат берилет
Ар бир адамда ойу жетсе да колу жетпес кызыктуу, терең мааниге, эркиндикке толгон кыялдары болот эмеспи. Өзгөчө жаңы жыл алдында адамдар жашоосун өзгөрткүсү келип, кыялдарына жетүү жолдорун издеп баштайт.

Сизде да ойуңуз жетип, бирок колуңуз жетпеген кыялдарыңыз болсо керек, аларды мени менен чындыкка айланта аласыз.

Жашооңузду 20-30-50 жылга алдын ала так, даана көрө билгенди үйрөтөм. Ошондо сиз кыялдарыңыздын артынан эмес, кыялдарыңыз сизди көздөй умтула баштаганын сезесиз.

2022-жылдын 1-январынан тартып жашооңузду туура пландап, аны мааниге толтурам, 7 муунга акыл насаатымды калтырам десеңиздер,
мени менен Жашоо китебин жазып баштаңыздар.

Курс боюнча кененирээк маалымат бул баракчада

https://www.instagram.com/ayaldyk_bakyt?r=nametag

21-декабрда саат 21.00 берилет.
Адамдын жашоосунда 12 маанилүү багыт бар:
үй-бүлө, ден соолук, мамилелер, карьера, жашоо вазыйпасы (миссия), руханий байлык, социалдык байланыштар, эс алуу, финансы, эмоциялар, интеллект, адамдын мүнөзү.

Көпчүлүк тренерлер кээ бир багыттарды гана өнүктүрүп берет. Карьераңды өнүктүрсөң, үй-бүлө калат, финансыга басым кылсаң, ден соолук начарлайт дегендей.

"Жашоо китеби" курсу менен бардык 12 багытты бирдей өнүктүрүүгө жетишесиз. Финансы жетишпесе, карьера же бизнес кылыш керек деп ойлойсуз, бирок себептери жашооңуздун мааниси эмнеде, коомго кандай салым кошо аласыз, атаңыз менен мамиле кандай, ушул суроолорго байланыштуу болот. Же ден соолукту алалы. Түрлүү дары дармек ичпей эле, эмоциялардын, ата-энеге болгон мамилелердин үстүнөн иштеп, руханий байлыкты топтосо, ден соолук даарысыз жакшырат.

Жогорудагы 12 сектор дейбизби, 12 багыт дейбизби, баары бири бирине байланыштуу, баары тең бирдей баланста өнүкпөсө, адамдын жашоосунда гармония болбойт.

Өнүккөн аялдын билими 7 муунга өтөт деп айтып келем. Азыркы сиздин билимдериңиз, жашоо боюнча түшүнүктөрүңүз 7 муундан бери келе жаткан апаларыңыз аркылуу өткөн. Сиздин балдарга, неберелериңизге жаңы билим калтырууга убакыт келди. Сиз жазган жашоо китеби аларга баалуу белек болсун.

Курстун баасын түз эфирде 21-декабрда саат 21.00 айтып берем
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аллах бизге өмүрдүн узундугун ченеп берет, бирок жашоонун тереңдигин өз тандообузга калтырган.
Жашоону жаңы барактан баштаса болот, тагдырды өзгөртсө болот.
Жашооңду колуңа алып, атыңды 7 муун урпагыңа калтыргың келсе,

https://www.instagram.com/ayaldyk_bakyt?r=nametag

бүгүн саат 21.00 түз эфирден "Жашоо китеби" курсу боюнча кенен маалымат алыңыз.
Түз эфирге киргендерге скидка берилет.

Мен сиздерди күтөм 🤗
ЖАШОО КИТЕБИ 1-январда башталат
Жашоо калем, жазган сайын жазгың келет. Чиймеленген ар бир сөзүң дем, күч берет. Калемибиз түгөнбөсүн тилек кылам, Дагы арбын сөздөрүм бар жаза турган. Жашоо куш күүлөп турган канаттарын, Мына эми учат конот дүйнө шаарын.
Оо жараткан,талытпачы канаттарым, А мен өзүм, эч чарчабай баратамын.
Жашоо асман, чексиздигине айраң берем. Сени тиктеп ылайык сөз таппай келем. Сен бүркөлсөң аалам тегиз бүркөлүп, Сен ачылсаң дүйнөм түгөл көрк берип.
Жашоом атам! Жашоом энем! Тууганым! Жашоом туум, тилим , дилим, урпагым. Жашоом баары, жашоом менин айланам, Бирөөң жоксуз жалган ушул кең Аалам!

автору Сыдыева Кундуз, кайын сиңдим, врач болуп иштейт.

"Жашоо китеби" курсуна тездик менен жазылышты кыздар. Ийгиликтүү адамдар тез чечим кабыл алат. Туура чечимиңер менен куттуктайм!

Бүгүн төлөгөндөрдөн 2 чектин ээси чыкпай жатат. Төлөп, бирок мага чекти кетирбей калды 2 айым. Текшерип, мага байланышып коюңуздар, WhatsApp номерим 0701080276
22-декабрь, саат 19.16 терминалдан 1000 сом которулган
22-декабрь, саат 20.44 терминалдан 2500 сом которулган
Биздин группадагы ар бир айымга ЫРААЗЫМЫН!
Ыраазычылык айтуу - эң күчтүү көнүгүү. Күнүгө ыраазычылык айтуу адамдын ичиндеги вибрацияны жогору көтөрөт. Вибрация жогору болсо, жашоо оң нукта өтүп турат.
Жаңы жыл алдында эски жылда болгон жакшы окуяларга, сиз ойлогондой болбой калган окуяларга да ыраазычылык айтууну сунуштайм. Көпчүлүк адам жакшы нерселерге гана ыраазы болуш керек деп ойлойт, жагымсыз окуяларга нааразы болуп кала берет.
Аткарылбай калган максаттарга, жагымсыз окуяларга (мисалы машина бузулуп калса, телефон жоголсо, жумуштан бошоп калса, ооруп калса), капа кылган адамдарга да ыраазычылык айтса болоорун өзүм жакында эле билдим😁.

Келгиле баарыбыз бул жылды ыраазычылык менен узаталы.
1. Жыл ичинде болгон жакшы нерселерге, окуяларга, эч болбоду дегенде алты саныбыз аман-эсен, балдарыбыз, туугандарыбыз, жакындарыбыз аман - эсен экенине, кийген кийимибизге, жеген ашыбызга, жылуу үйүбүзгө, канча сом тапсак ошого Жаратканга ыраазычылык билдирели. Жазуу түрүндө ☝️Менден алган билимдерге ыраазы болсоңуз, кошуп кетиңиз.

2. Биз ойлогондой болбой калган жагдайларга, мисалы мен ЖК депутат болбой калганыма ыраазычылык айттым. Сиздерде кандай пландар ишке ашпай калды? Ошолорго ыраазымын десеңиздер, Кудай андан да жакшысын берет.

3. 2022-жылга пландаган максаттарыңарга эрте эле ыраазычылык айта бериңиздер. Алдын ала ыраазы болгонду үйрөнөлү. Ким "Жашоо китеби" курсуна жазылса, ошого ыраазы боло бериңиздер.

Ааламда кечөө, бүгүн, эртең, эмдиги жылы, 5 жылдан кийин деген түшүнүк жок.
Здесь и сейчас деген гана түшүнүк бар. Жогорудагыдай кылып айткан бардык ыраазычылыктарды Кудай азыр мага ыраазы болуп жатат деп кабыл алат. Ыраазы болгондордукун көбөйтүп, нааразы болгондордукун алып турат.
Ушуну билчү белеңиз?
Сиз эмнеге ыраазысыз?
Бул группага ыраазычылыктарды калтыра кетиңиз.

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
Адам баласы жашоодо көп нерсени каалайт, бирок көбү аткарылбайт. Себебин жолум жок, акчам жок, таанышым жок, мүмкүнчүлүгүм жок деп ойлойт.
Бирок чыныгы себеби адамдын подсознание менен сознание деген түшүнүктөрдүн келишпестигинде. Өнүкпөгөн адамдарда алар дайым конфликт үстүндө болот. Улам билим алып, өзүн өнүктүргөн инсандарда подсознание сознаниеге баш ийип баштайт, конфликт, мушташ жоголот.

Качан гана подсознание баш ийгенде адамдын ойлогон кыялдары, койгон максаттары аткарылып баштайт.

Жаңы жыл алдында адамга эң маанилүү болгон подсознание менен сознание жөнүндө баалуу маалыматты түз эфирде айтып берем.

Кыялдарыңар 2022-жылы орундалсын!
Подсознание жана сознание

Адамда эки акыл бар: бири сознание, экинчиси подсознание.
Биздин сознание жакшы машинаны, чоң үйдү, чоң кызматты, норка шубаны, миллион сомду каалайт. Башка адамдарга атаандашат, элден калбайлы дейт.

Подсознание болсо башкалар менен иши жок, ал өзүңөн башка эч кимди тааныбайт. Ага үй , машина, шуба, акчанын такыр кереги жок. Анын каалоолору таптакыр башка. Бирок так ушул каалоолор адамга ырахаттануу алып келет.

Сознаниеге караганда подсознание абдан күчтүү. Адам анын тилин таап, дос кылып алса, сознание экөө биригип адамга болуп көрбөгөндөй эриш-аркак кызмат кылат. Экөө бирикмейинче чоң максаттар аткарылбайт.

Подсознаниени кантип дос кылыш керек, кантип тилин тапса болот, анын каалоолору кандай, сознание менен подсознание канткенде бир иштеп баштайт деген суроолорго бүгүн саат 21.00 түз эфирде айтып берем.

👉https://www.instagram.com/ayaldyk_bakyt?r=nametag

Өткөрүп жибербеңиз!
25-декабрь, саат 21.00 көрүшөбүз😘
🌸Эң сонун ыраазычылык!🌸

Ыраазычылыктын дагы бир мыкты варианты менен бөлүшүп кетейин.
Башкаларда бар нерсе, сизде жок болсо, сиз капа болосуз, ичиңиз күйөт. Билгизбегенге аракет кыласыз албетте, бирок ичиңизде жагымсыз сезимдер ураган сыяктуу сапырылат. Бирөөнүн күйөөсү мыкты, экинчинин уул-кызы тартиптүү, үчүнчү айым жапжаш, супсулуу, төртүнчү айым дайым жарашыктуу кийинет, бешинчиси сонун үйдө жашайт, үй эмеректери, идиштери заманбап, алтынчы айым акчасы көп кызматта иштейт, машинасы бар. Дагы бирөөнүн келиндери ынтымактуу. Ушинтип башкалардын жашоосу сиздикинен жакшыраак көрүнө берет. Көпчүлүк айымдын чоң катасы - ич күйдүүлүк. Бул негативдүү сезим тартылуу мыйзамы боюнча (закон притяжения) негативдүү адамдарды, жагымсыз окуяларды кайра өзүңүзгө тартып келе берет. Анын ордуна менин сунушумду пайдаланыңыз. Кудайга ошолор үчүн ыраазычылык айта бериңиз. Мисалы:
Жараткан, кошунам бактылуу жашап жатканына ыраазымын! Коллегам мыкты кызматта иштеп, акчаны көп тапканына ыраазымын! Досумдун үйү жаңы, оокаттары заманбап, бай жашаганына ыраазымын!
Айнура (мисалы) аябай сулуу, жаш көрүнөт, жарашыктуу кийинет, мен ошого ыраазымын! Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиондору болду, ошого аябай ыраазымын!
Япония, Швеция өнүгүп жатат, мен ошолорго ыраазымын! Германия өлкө башчысын Ангела Меркельди жогорку деңгээлде сый көрсөтүп узатты, ошолорго ыраазымын!
Тартылуу мыйзамы боюнча ыраазычылык сизге жакшы адамдарды, жагымдуу окуяларды тартып келет, сизди башкалар ЫРААЗЫ кылат. Ич күйдүүлүк кылганда сизди башкалар НААРАЗЫ кылат.
Менин кеңешимди кабыл аласызбы?

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы