ДИНИБИЗ_ИСЛАМ 🕋
76 subscribers
123 photos
91 videos
3 links
Биздин каналга кош келиңиз урматтуу окурман!
°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°
Каналга эмнелер камтылган:

Тандалган хадистер🕊️
Баяндар🕊️🕊️🕊️
Түрлүү ойлор🕊️
Мотиватция🕊️
Нашидалар🕊️
°°°°°°°°°°°°°°°°°
@maksat_media
Download Telegram
Пайгамбарыбыз (С.А.В)да канча уулу, канча кызы болгон.
Anonymous Quiz
48%
Үч уул,төрт кыз
32%
Эки уул, төрт кыз
20%
Эки уул, үч кыз
ОКУЯ:"ОО ЖАРАТКАН АЛЛАХЫМ! БИЗГЕ ЖАМГЫР ЖААДЫРА КӨР..." Азирети Умардын (р.а.) мезгилинде мусулмандар кургактыктын айынан ачарчылыкка дуушар болушат. Эл бул маселе боюнча Халифа Умарга кайрылышат.Ал Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) абасы Аббастын (р.а.) жанына чакыртат. Анын амалы менен Аллахтан жамгыр сурап, Жаратканга алакан жая:"Оо, Жараткан Аллахым! Биз мурун Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) амалы менен сага жалбарганыбызда, сен бизге жамгыр бере тургансың. Азыр болсо анын абасынын жакшылык иштеринин урматы үчүн сенден суранабыз, бизге жамгыр жаадыра көр...!" деп дуба кылат. Ошол замат Азирети Умардын (р.а.) дубасы кабыл болуп жамгыр жаай баштайт.
Мухаммед (С.А.В.)канчанчы жылы төрөлгөн?
Anonymous Quiz
84%
571
9%
671
4%
470
3%
765
"...Кимде - ким кыпындай жакшы иш кылган болсо,
Ал аны көрөт,
Кимде - ким кыпындай жаман иш кылган болсо, аны да көрөт"
("Зилзала"сүрөсү, 7-8 аяттар)
6⃣ СЫФАТ
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Динибизде көптөгөн жакшы сыпаттар бар,бирок баардык сыфаттарды жашообузга алып келүү кыйын болгондуктан Аалымдар ушул 6 сыфатты негиздеген,жана ушул сыфаттар жашообузга келсе, калган сыфаттар келүүсү жеңил болот инша Аллах.🌿
1-СЫФАТ🌸
Лаа илааха иллаллох Мухаммадур расулуллах
Алладан башка сыйынууга татыктуу Илах жок, жана Мухаммад анын элчиси.🌿
2-СЫФАТ🌸
Намаз -бул, Аллах менен болгон байланыш,күнөө иштердин тоскучу, муктаждыктар Алладан намаз аркылуу суралат, жаннаттын ачкычы.
Даарат намаздын ачкычы.
3-СЫФАТ🌸
Илим-зикир.Илим алуу бешиктен кабырга чейин фарз.Илими бар менен илими жоктун айырмасы, караңгыда чырагы бар менен чырагы жоктой.Зикир бул Аллахты Эстөө.
4-СЫФАТ🌸
Икром муслим - бул мусулман бир туугандардын бир бирине урмат сый кылуусу жана ар бир макылуктун акысын берүү.
5-СЫФАТ🌸
Ниет ихлас - бул кандай иш кылбайлык ниетти Аллага түздөө жана Алланын ыраазычылыгын табуу.
6-СЫФАТ🌸
Даават - бул жакшылыка чакыруу, жамандыктан кайтаруу.
Биз 6-сыфат менен жашасак эки дүйнө бактылуу болобуз инша Аллах 🥰
Койлорунун саны канчага жетсе зекет бериш парз?
Anonymous Quiz
9%
70
68%
40
12%
30
12%
100
~Ийгиликтүү адам ким ?
~Намазын таштабаган адам.
КИМДЕ–КИМ ТӨМӨНКҮ САЛАВАТТАРДЫ (ТАКАЙ)АЙТЫП ЖҮРСӨ, АЛ ПАЙГАМБАРДЫН ШАПАХАТЫНА ЭЭ БОЛОТ,
ИНША АЛЛАХ


Аллохумма солли 'алаа саййидинаа Мухаммадин ва анзилхул мунзалал мукорроби 'индака йавмил Кийаамати.
Мааниси: О, Аллахым! Биздин жол башчыбыз Мухаммадга (кут–берекелүү) салаваттарыңды жаадыр жана Кыямат күнү ага Өзүңө жакын жайдан орун бер.
~Куранда канча сүрө бар?
Anonymous Quiz
84%
114
7%
112
4%
124
5%
128
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

УБАКЫТ
АЯТ:"(Ак–караны ажыратуучу күн чындыгында белгиленген убакыт эле". ("Набаа"сүрөсү;17)

ХАДИС: "Адамдардын көбү барктабаган эки жакшылык бар. Алар–ден–соолук жана бош убакыт". (Бухари, Рика, 3)

ОКУЯ: "УБАКЫТ КЕЛДИ!"
Жунайд Багдади олуя элге илим үйрөтүү максатында дилмаек –сукбат куруп турууга бел байлайт. Анын сукбатына кыска убакыттын ичинде адамдар агылып келе баштайт.

Күндөрдүн биринде христиан, бирок сыртынан христиандарга окшобогон жаш улан Жунайд Багдадинин сукбатына келип:

— Эй, устат! Азирети Пайгамбарыбыз (С.А.В) "Момун– мусулмандын парасатынан (назарынан) корккула!Анткени ал Аллахтын нуру менен карайт" деп айткан. Мунун кандай түшүнсөк болот? – деп сурайт.

Жунайд Багдади бир саамга унчукпай туруп калат. Андан соң башын көтөрүп :

–Мусулман бол! Мусулман боло турган убактың келди, – дейт.

Жаш улан Багдадинин өзүнүн мусулман эместигин баамдаганын билип, дене–боюн калтырак басып, ошол замат мойнундагы крестин жулуп жерге таштайт да, ошол жерден мусулман болот.

Ошентип, Жунайд Багдади олуя Жараткандын уруксаты менен жаш уландын христиан болгондугун жана анын ыйман келтирүүгө убактысы келгендигин билип, эки кереметти бирдей көрсөтөт.
~Аялыңыздарга жакшы мамиледе болуңуздар, ал Аллахтын аманаты.