ДИНИБИЗ_ИСЛАМ 🕋
75 subscribers
123 photos
91 videos
3 links
Биздин каналга кош келиңиз урматтуу окурман!
°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°
Каналга эмнелер камтылган:

Тандалган хадистер🕊️
Баяндар🕊️🕊️🕊️
Түрлүү ойлор🕊️
Мотиватция🕊️
Нашидалар🕊️
°°°°°°°°°°°°°°°°°
@maksat_media
Download Telegram
Аллах Таала периштени жаратты. Ага акыл берди бирок напси бербеди.
Аллах Таала малды жаратты. Ага напси берди бирок акыл бербеди.
Аллах Таала адамды жаратты. Ага акыл да берди, напси да берди.
Демек, сен акылыңды жогору койсоң периштеден да жогорусуң.
А напсиңди жогору койсоң малдан да төмөнсүң дегендик...
Абу Хурейра (рази Аллоху анху)нун айтымында: Алланын Элчиси айтты:
"Кудуреттүү Аллага жана Кыямат Күнүнө ишенген ар бир адам айтса чындыкты айтсын, болбосо унчукпасын. Ким Кудайга жана кыямат күнүнө ишенсе ал коңшусун урматтасын. Ким Кудайга жана кыямат күнүнө ишенсе коногун сыйласын".(Бухари жана Муслимден
Окуган намазыңыздар кабыл болсун мусулман бир туугандарым🍃
Абу Хурайра (розияллоху ъанху) дан риваят: Пайгамбарыбыз (саллолоху ъалайхи ва саллам) Алла Тааланын сөзүн мындай деп айтты:"Мени багымдат намазынан жана дигер намазынан кийин бир аз убакыт эсте, Мен сага экөөнүн ортосунда жетиштүү болом."(Башка бир хадисте: "Алланын зикирин кыл, Алла сенин муктаждыктарыңды аткарууда жардамчы болот", - деп айтылган).
Хикая
Иса (а.с) бир тоодон өтүп бара жатып бир кишини көрдү ал киши ачык жерде күндүн ысыгына да суугуна да карабай ибадат менен алек эле, Иса (а.с) ага карап айтты: Бир камыштан болсо да өзүңө үй жасап алсаң жакшы болот эле, күндүн ысыгынан көлөкө,суугуна шамалдан тосуп турат эле-деди. Ал киши айтты: Оо, Рухуллох! Сизден мурдагы пайгамбарлар айткан: Мен 700 жылдан көп жашабай экенмин, ал эми мен ушул кыска өмүрдү үй куруу менен өткөрбөй, ибадат менен өткөрүүнү чечтим. Иса (а.с) айтты: Аттиң акыр замандын үммөтөрү өмүрлөрү 100 жаштан өтпөйт, бирок өлбөй тургандай болуп бийик-бийик тамдарды курушат.
Бири бирибизди кечирип турайлы, бир күн болбосо бир күн сен да ката кетиресин.
Хакимдин айтуусу боюнча Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):"Эч себепсиз эки намазды бир убакытка чогултуп салган киши чоң күнөөгө батат" деген.
Намазды оор жүк сыяктуу көрбөгүлө, Аллах "Намазды" оор жүктөрдөн куткаруу үчүн берген.
Зайд ибну Аркам (розияллоху ъанху) Пайгамбарыбыз (саллолоху ъалайхи ва саллам)дан риваят кылат: "Кимде ким чын ихласы менен "Лаа илааха иллаллох",-деп айтса анда ал бейишке кирет".Бир сахаба:"Чын ихластын белгиси эмне?"-деп сурады. "Эгер келме аны тыюу салынган иштерден токтотсо",- деп жооп берди.
Ассалому Алейкум ! Маанайыңыз ачык болсун.Периштелер ашык болсун. Жаратканым тагдырыңызга Бейиш торун жайып койсун.Бейиштеги кошунаңыз Пайгамбарыбыз (С.А.В) өзү болсун! Маарек Бүгүнкү жумаңыз болсун!
Жаннаттын канча эшиги бар?
Anonymous Quiz
9%
6
70%
8
12%
4
8%
10
Абу Саид Худри (розияллоху ъанху) мындай дейт:"Мен Пайгамбарыбыз (саллолоху ъалайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккан элем: "Ким тыюу салынган нерсенин болуп жаткандыгын көргөн болсо, ал аны колу менен токтотсун. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо анда тили менен токтотсун. Эгер аны да кыла албаса анда жүрөктөн аны жаман деп түшүнсүн. Бул болсо ыймандын ең төмөнкү даражасы болуп эсептелет.