ИСЛАМ БУЛАГЫ
4.44K subscribers
681 photos
21 videos
1 file
963 links
Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид.

Таухид- бул Исламдын булагы.

Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)
Download Telegram
СУРОО. Урматтуу шейх! Бир нече күндөн кийин ЗУЛЬ-ХИЖЖА АЙЫНЫН ОН КҮНДҮГҮ кирип келет. Сиз эл журтка кандай насаат кылаар элеңиз? Сураныч, бул күндөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана бул күндөрдө кандай амалдарды кылуу керектигин айтып берсеңиз?

ЖООП. Зуль-Хижжанын он күндүгү – Зуль-Хижжа айынын кирүүсү менен башталат, жана Курман айт күнү аяктайт.
Ал күндөрү кылынган амалдар тууралуу Пайгамбарыбыз мындай деп айткан: «Аллах үчүн Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүндө жасалган салих амалдардан өткөн сүйкүмдүүрөөк амал жок» - деп айткан кезде сахабалар сурашат: “Аллахтын жолундагы жихаддан дагыбы», - деп? Пайгамбарыбыз: «Эгер өмүрү менен мал-мүлкүн тобокелге салып, Аллах жолуна чыккан, жана булардын эч нерсесин кайтарып алып келбеген адамды санабасак, Аллахтын жолундагы жихаддан да жакшыраак», - деп жооп берди.
📚 Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757, ад-Дарими 1/357.

Ошондуктан, мен мусулман бир туугандарымды мындай чоң мүмкунчүлүктү колдонуп калууларына үндөйт элем. Бул – Зуль-Хижжанын он күнүндө – Куран окуу, такбир, тахлил, тахмид, тасбих ж.б. зикрдин түрлөрүн айтуу керек. Ошондой эле садака берип орозо кармап ушул сыяктуу сооп иштерди көбөйтүшсүн дейт элем. Баардык сооптуу амалдарды аткарууга аракет кылышсын.

Таңкалыштуусу, адамдар бул он күнгө кайдыгер болушканы.

Алар, Рамазандын акыркы он күнүндө ибадат кылууга жакшы аракет кылышат, бирок Зуль-Хижжа айынын он күнүндө, өзгөчө ибадат кылып калайын дегендердин эч кимисин көрө албайсың.

Эгер бул он күндүн ичинде адам сооп амалдарды кылса, Пайгамбарыбызкөргөзгөн амалдарды аткаруу менен бул он күндү “тирилтсе” – чоң бир
жакшылыкка жетишкен болот!


📚Шейх Усеймин, Фатвалар жыйнагы” 21-том, 37-38 беттер.
------------------------------

🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
🔊 ЗУЛЬ-ХИЖЖА АЙЫНЫН ЖАҢЫРГАН АЙЫ КӨРҮНСӨ, КУРБАНЧЫЛЫК ЧАЛАМ ДЕГЕН ИНСАН, ӨЗҮНҮН ЧАЧЫН, ТЫРМАГЫН АЛБАШ КЕРЕК ‼️

Буга далил Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан:

“إذا رَأَيْتُمْ هِلالَ ذِي الحِجَّةِ، وأَرادَ أحَدُكُمْ أنْ يُضَحِّيَ، فَلْيُمْسِكْ عن شَعْرِهِ وأَظْفارِهِ”.
صحيح مسلم: 1977.

"Эгер силер Зул
ь-Хижжа айынын жаңырган айын көрсөңөр, араңардан бирөө курмандык чалууну каалаган болсо, анда чачын жана тырмагын албасын".
📚 Сахих Муслим: 1977.

ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:

1️⃣ Бул маселе, ким курбанчылык чалам десе, ошолорго гана тиешелүү.

2️⃣ Ал эми бирөө ал үчүн курбанчылык чалса – ал анда ала берсе болот.

3️⃣ Эгер, бир киши сүннөттө келгендей, өзү жана үй-бүлөсү үчүн курбанчылык чалууну кааласа – анда үй-бүлө мүчөлөрү чач, тырмак албаш керек деген эрежеге тиешеси жок.

Себеби хадисте Пайгамбарыбыз"Эгер силер Зуль-Хижжа айынын жаңырган айын көрсөңөр, араңардан бирөө курмандык чалууну каалаган болсо, анда чачын жана тырмагын албасын" - деп айткан. Бул жерде кайрылуу курбандык чалууну каалаган адамга караштуу болуп жатат.

📚 Шейх Усеймин, Фатвалар жыйнагы 21-том, 37-38 беттер.
------------------------------

🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
БИЗ КӨП КҮНӨӨЛӨРДҮ ТИЛ АРКЫЛУУ КЫЛАБЫЗ

Фудайль Ибн Ияд (рахимахуллах) айткан:
«Ыймандуу адам аз сүйлөп, көп амал кылат, ал эми эки жүздүү адам көп сүйлөп, аз амал кылат. Ыймандуу адам сүйлөгөндө даанышмандык менен сүйлөп, унчукпай турганда тереӊ ойдо болот. Ал бир нерсе көрсө, ошондон өзүнө сабак алат, ал эми анын кылган амалы – бул шыфаа. Эгерде сен ушундай абалда болсоӊ, анда сен ар дайым Аллахка болгон ибадат абалындасыӊ».
📚 Абу Ну'айм «Хильятуль аулия» 8/98

Дагы бир илим ээси: “тилиң сени бейишке чыгарат же тозокко түшүрөт”- деп айткан.

Ошондой эле ата-бабаларыбыз: «Тилден бал да тамат, уу да тамат» — деп бизге калтырган акыл-насааттары да бар.

Пайгамбарыбыз Имам Бухари чыгарган сахих хадисте: «Чыныгы мусулман колу жана тили менен башкаларга зыян бербейт» — деп айткан.

🔊 Сөздү сүйлөөдө көп нерсеге маани берүү керек. Өзгөчө бирөөнүн көңүлүн оорутуп албоо үчүн кылдаттык менен мамиле кылуу абзел. Анткени кулактан кирген суук сөз, жүрөккө жетип муз болот❗️

Ошондой эле адамдын деңгээлин сүйлөгөн сөзүнөн байкоого болот. Ириген ооздон чириген сөз чыгат дегендей эле кеп.

Акылдуу бала бир сөзгө түшүнөт, акылман айттырбай билет демекчи, көп сүйлөбөй көп тыңшоо керек.
Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө❗️

Пайгамбарыбызﷺ: «Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе жакшы-пайдалуу сөз сүйлөсүн же болбосо унчукпасын» -деп айткан.

Кээде унчукпай койуу эң күчтүү курал болуп саналат.

Илим ээлери: “Айтпай калганым үчүн бир жолу өкүнсөм, айткандарым үчүн миң жолу өкүндүм” - деп айткан.

Аллах өз сөзү болгон Куранда мындай деп айтат:
«Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк, ыза ээрчитип келген садакадан жакшы» Куран, Бакара: 263.

«Пенделериме айт: “Жакшы гана (сөздөрдү) сүйлөсүн”. Акыйкатта, шайтан алардын ортолоруна кастык салат. Анткени шайтан инсандын анык душманы.»
Куран, Исра: 53.

«Ага жумшак сүйлөгүлө. Балким ал насаатты угаар же (тозоктон) коркоор»
Куран, Тоха: 44.

Айтоор жакшы сөздөрдү сүйлөө же жакшы мамиле жасоо боюнча көптөгөн аят, хадистерди, учкул сөз жана макал-лакаптарды табууга болот.

Тилдин сөөгү жок, бирок сөөктөрдү сыздатат.  Себеби, тил кылычтан өткүр деп айтылат. Ал эми жакшы сүйлөө садака болуп саналат.❗️
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Ураматтуу мусулман бир туугандар! Бүгүн, 2023-жылдын 18-июнь, жекшемби кечинде ай каралат. Эгер ай көрүнсө Зуль-Хижжа 19-июнь башталат, ал эми Курман айт 28-июнь болот. Ай көрүнбөй калса, анда айдын башталышы жана Курман айт бир күнгө нары жылат.

ЭСКЕРТҮҮ!
🔊 Курмандык чалууну ниет кылган адам Зуль-Хижжа айынын башталышынан баштап курмандыгын чалганга чейин тырмактарын, денедеги түктөрүн жана чачын кырып же кыскартпашы керек‼️

Буга далил Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан:

“إذا رَأَيْتُمْ هِلالَ ذِي الحِجَّةِ، وأَرادَ أحَدُكُمْ أنْ يُضَحِّيَ، فَلْيُمْسِكْ عن شَعْرِهِ وأَظْفارِهِ”.
صحيح مسلم: 1977.

"Эгер силер Зуль-Хижжа айынын жаңырган айын көрсөңөр, араңардан бирөө курмандык чалууну каалаган болсо, анда чачын жана тырмагын албасын".

📚 Сахих Муслим: 1977.
------------------------------

🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
Албетте, биз жылдын эң жакшы, улуу күндөрүн тосуп алуу алдында турабыз. Кала берсе, кээ бир аалымдар: Бул күндөр Рамазандын акыркы он күндүгүнөн да жакшыраак, талашсыз жылдын эң артык күндөрү дешкен. Аллах бул күндөрдүн түндөрү менен ант ичкен он күндүк – ушул Зуль-Хижжанын он күндүгү.

Аллах Фажир сүрөөсүнүн 2-аятында: «Он түнгө ант!»- деп айтат.

Бул аяттын мааниси тууралуу тафсир аалымдарынын имамыИбн Жарир (рахимахуллах): Мындан максат “Зуль-Хижжанын он күндүгү экениндигинде аалымдар бир пикирге келишкен”-деп айткан.

Чындыгында, “Пайгамбарыбызﷺ жана сахаба, табийиндер башында турган улуу муун өкүлдөрү “САЛАФУ САЛИХИНДЕР”
Зуль-хижжанын он күндүгүнүн артыкчылыгын жакшы билишкен. Ошондуктан, андан эң мыкты пайдаланышкан. Дааримийдин (рахимахуллах) жыйнагында келет: Он күндүк киргенде Саъид ибн Жубейр (рахимахуллах) ушунчалык катуу аракет кылчу. Кала берсе, ага күч-кубаты жетпей калгыдай абалда.

Ошол үчүн, бул күндөрдө орозо кармоо сүннөт болот. Абдурразаактын жыйнагында, Абу Хурайра (радиаллаху анху)
бул күндөрдө орозо кармоону туура көргөнү жана бул нерсе алардын мезгилинде белгилүү болгондугу тастыкталган.

Ага ылайык, бул күндөрдө парз намаздарды эң бир толук, мыктылап аткарганга, нафиль намаздарды көп окуганга, Куран окуу менен эрте мененки жана кечиндеги зикирлерди, жалпы зикирлерди калтырбай кылууга, садакага, дегеле күнүмдүк жакшылык иштердин түрлөрүн жасоого аракет кылуубуз зарыл.
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
🌙 ЖАРИЯ!
Бүгүн Саудияда ай кароо жүрүп, Зуль-Хижжанын жаңырган айы көрүндү.

Ага ылайык, Сауд Аравиясынын Жогорку соту, эртеңки дүйшөмбү күндү (19-июнь) Зуль-Хижжа айынын алгачкы күнү деп расмий түрдө жарыялады.


ДЕМЕК,
19-июнь - Зуль-Хижа айынын биринчи күнү (Зул-Хижа айынын 10 күнүнүн биринчи күнү)

27-июнь – Арафа күнү

28-июнь - Курман айт (майрам)
------------------------------

🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
” الله أكبر، الله أكبر، لا إله إلا الله، الله أكبر، الله أكبر، ولله الحمد”

“Аллааху акбар, Аллааху акбар. Лаа илааха иллалЛааху валлааху акбар. Аллааху акбар. Ва лиллаахиль-хамд”.
———————————

«Белгилүү күндөрдө Аллахты зикир кылышсын»
Куран, Хаж: 28.

Ибну Аббас (радиаллаху анху): «Белгилүү күндөр»- бул зул-хижжа айынын алгачкы он күнү”, - деген. Сахих Бухари: 1/321.

Ибн Умардан (радиаллаху анхума) Аллахтын Элчиси: “Аллах үчүн зул-хижжанын он күнүнөн улугураак күндөр жана (ошол күндөрдө жасалган) амалдардан сүйкүмдүүрөөк амалдар жок. Ошондуктан, ушу күндөрдө «субхана-Лллах», «алхамдулиллах», «ла илаха илла-Ллах» жана «Аллааху акбар» сөздөрүн айтууну көбөйткүлө!”, - деп айтканы риваят кылынат.
📚 Ахмад 7/224, Табарани “ал-Кабирде” 3/110. Хадистин сахихтигин хафиз ал-Мунзири, ал- Хайсами жана Ахмад Шакир ырасташкан.

Ошондуктан, бул он күндө Аллахты зикир кылуу сөздөрүн көбөйтүү керек!

Имам Навави мындай дейт: “Зул-хижжа айынын он күнүндө Аллахты зикир кылууну көбөйтүп, адаттагыдан аны көбүрөөк аткаруу керек экендигин бил. Ал эми Арафа күнү зикирди башка он күндөн көбүрөөк айткан абзел”.
📚“ал-Азкар” 38.

Имам Бухари (рахимахуллах) мындай деп баяндайт: “Ибн Умар менен Абу Хурайра зуль-хижжанын он күнүндө базарга чыгышып, такбир айтышчу. Адамдар да аларга кошулуп такбир айта башташчу”.
📚“Сахих Бухари” 1/321.

Ошондуктан, көп мусулмандар кош көңүлдүк кылган бул такбир айтуу сүннөтү ачыкка чыгуусу үчүн, бул он күндүктө жолдордо, үйлөрдө, барганда, келгенде үндү бийик көтөрүп такбир айтуу мустахаб.

Такбирдин айтылышы: “Аллааху акбар, Аллааху акбар. Лаа илааха иллалЛааху валлааху акбар. Аллааху акбар. Ва лиллаахиль-хамд”.

Берешен Аллах Тааладан биз анын ыраазылыгын табуубуз үчүн, баарыбызды жакшылык иштерге, таат-ибадаттарды аткарууга шашылгандардан жана катуу аракет кылгандардан кылуусун сурайм. Ал Аллах– Мээримдүү жана Боорукер!
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
ОО, МУСЛМАН БИР ТУУГАНДАР!
Канчалаган бир туугандарыбыз Рамазандын акыркы он күндүгүндө катуу аракет кылышат. Түндөрүн ибадат менен өткөрүүгө, намаз окууга, садака берүүгө бүт аракетин жумшашат. Алхамдулиллах Бул чоң жакшылык. Бирок, жылдын эң артык күндөрү, кала берсе хаафиз Ибн Ражаб (рахимахуллах) айткандай: Рамазандын акыркы он күндүгүнөн да жакшыраак болгон Зуль-Хижжанын он күндүгүндө алсыз болуп, аны текке кетирүүбүз чоң кемчилик.

Ошондуктан, баарыбыз Аллахтан коркуп, бул да өтүп кеткен жылдардагы көптөп текке кеткен он күндүктөрдөй болуп калбашы үчүн, өзүбүзгө, бала-чакабызга, тууган - уруктарга жана жубайларыбызга анын артыкчылыгы тууралуу эскертели. Мүмкүнчүлүктү мыкты пайдаланып, ага жеткидей өмүр берген Аллахка мактоо айталы.

Зуль-Хижжа айында динибиздеги өтө маанилүү ибадаттардын бири ажылык ибадаты аткарылып, негизги майрамдарыбыздын бири Курман айты белгиленет.

Бул айдын алгачкы он күнү өзгөчө артыкчылыктарга ээ болгондуктан бул күндөрү аткарылган ибадаттардын сооп-сыйлыгы да жогору болот.

Ошондуктан бул күндөрү төмөнкүдөй амалдарды аткарууга аракет кылуубуз зарыл:

1⃣ Көбүрөөк намаз окуу

Савбан (радиаллаху анху) минтип айтат: "Алланын элчисимага: "Аллахка көп-көп сажда кыл, сен Аллахка бир сажда кылсаң, Ал сенин даражаңды көтөрүп, күнөөңдү кечирет"- деп айтты".
📜 Сахих Муслим.

Пайгамбарыбыздынﷺ бул айтканы бардык учурларга тиешелүү.

2⃣ Орозо кармоо

Пайгамбарыбыздынжубайларынын бири минтип айткан: "Аллахтын Элчисиﷺ"Ашура"күнүндө, Зуль-Хижжа айынын баштапкы тогуз күнүндө, ар бир айда үч күндөн жана дүйшөмбү менен бейшемби күндөрү орозо кармоочу”.
📜 Ан-Насаи, 2/2726.

3⃣ Көп-көп такбир айтуу

Ибн Умар (радиаллаху анху) айтып жеткирген хадисте
пайгамбарыбыз: “Аллах үчүн Зул-Хижжанын он күнүнөн
өткөн даражалуу жана ошол күндөрдө аткарылган амалдардан сүйүктүүрөөк амал жок. Ошондуктан, ушул күндөрдө тахлил, такбир жана тахмид айтууну көбөйткүлө"
–деп айткан.
📜 Имам Ахмад, Ат-Табарани. Тахлил - «Лаа илаха илла-Ллах»,Такбир - «Аллааху Акбар» деп айтуу, Тахмид - «Алхамдулиллах» деп айтуу.

4⃣ Арапа күнү орозо кармоо

Бул тууралуу пайгамбарыбыз: "Арафат күнүндөгү орозо өткөн жана кийинки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болоорун Аллахтан үмүт кылам"-деп айткан.
📜 Имам Муслим:1162.

Зул-Хижжа айынын баштапкы он күнүндө мына ушундай амалдарды аткаруу менен Аллах кааласа көптөгөн соопторго ээ болобуз. Жогоруда айтылгандай бул айда ажылык ибадаты аткарылып, курмандык чалынып, башка айларда кезикпеген ибадаттар бирге аткарылат. Демек, Аллах берген мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ибадат кылып, кетирген күнөө - кемчиликтерибиз үчүн тобо кылып, Аллахдан мындан ары да жашообузду ибадат менен өткөрүүнү суранып дуба кылалы.

Оо, өзүңдөн башка сыйынууга татыктуу зат жок болгон Аллах!
Оо, дайыма Тирүү жана баарын башкарып Туруучу жана Мээримдүү Аллах!
Оо, улуулуктун жана берешендиктин Ээси болгон Аллах!
Бул он күндүктө бизге өзүңө ибадат кылууга бет алууну, ыраазылыгыңа шашылууну тартуулап жакшылык кыл. Оо, бүткүл ааламдардын Раббиси! Аллахым, сага гана сыйынабыз, сенден гана жардам сурайбыз.
Аллахым, Исламды жана мусулмандарды урматтуу кыла көр .. Аллахым, Исламды жана мусулмандарды ызаттуу кыла көр .. Аллахым, Исламды жана мусулмандарды кадыр-барктуу кыла көр.
Аллахым, каапырларды өзүңө тапшырдык. Алар сени алсыз кыла албайт.
Аллахым, мусулмандардын сөзүн таухид жана сүннөттүн үстүндө бир кыл.
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
АРАФАТ КҮНҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫН БИЛЕСИҢБИ?

Кечээ эле башталган Зуль-Хижжа айынын баштапкы улуу он күнүнүн бүтөөрүнө да аз калды. Бул күндөрү жакшылыктарды кылууга жанталашкан адам Акыретте эң улуу сооп-сыйлыктарга жетээринде эч кандай шек жок!

Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган адам пайдаланып калды, пайдаланбаганы көптөгөн жакшылыктардан жана сооп-сыйлыктардан куру калды. Дагы да болсо Аллахтын пенделерине болгон ырайымы чексиз. Пенделери көптөгөн сооп-сыйлыктарга жетүүлөрү үчүн аларга Зуль-Хижжанын он күнүн тартуулады. Муну менен эле чектелбестен, ошол он күндүн ичинде дагы бир улуу күндү белгиледи.

Ал күн – албетте, АРАФАТ күнү. Ал күндүн да келээрине саналуу гана күн калды. Санай берсек, бул улуу күндүн артыкчылыктары да өтө көп.


1⃣ Аллах Куранда Арафат күнү менен ант берген жана бул күндү башка күндөрдөн өзгөчөлөп улуктаган. Мына ушул күнү пенделеринин күнөөлөрүн кечирип, Тозоктон куткарам деп убада кылган. Жеке эле кечиримди убада кылбастан, аларга ырайым тартуулап, алардын кылган дубаларын, сураган ой-тилектерин кабыл кылам деп убада берген.

2⃣ Бул күнү ким орозо туткан болсо, ошол адамдын эки жылдык күнөөлөрү кечирилет.

3⃣ Бул күн – Тозок азабынан кутулуунун жана күнөөлөр кечирилген күн.

4⃣ Ошондой эле Аллахтын каргышына калган Иблис кирерге жер таппай кордоло турган күн.

5⃣ Мына ушул күнү Аллах Ислам динин толуктаган, пенделерине Өз нээматын толук берген жана Исламды дин катары тутунууга Өзү ыраазы болгон. Мына ушул күнү – Аллах бүткүл адамзаттан жалгыз Ага гана сыйынууга убадаларын алган.

6⃣ Бул күн – теңдиктин күнү. Анткени жер бетинин ар тарабынан Ажы кылууга чогулган адамдар, өң-түсүнө, байлык-бийлигине карабай, баарысы бирдей ихрам кийинип, Арафат өрөөнүндө Аллахка сыйынышат, Аны улукташат жана Ага гана жалбарып дуба кылышат.

Кадырлуу мусулман бир тууганым! Ушундай улуу күндөгү жакшылыктардан өзүңдү куру калтырба! Бул күнү сөзсүз орозо тут, Аллахтан дуба кылып каалаганыңды сура, Аны зикир кыл, Куран оку, колундан кандай жакшылык келсе, аны сөзсүз аткар.
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
Имам Бухари (рахимахуллах) мындай деп баяндайт: “Ибн Умар менен Абу Хурайра зуль-хижжанын он күнүндө базарга чыгышып, такбир айтышчу. Адамдар да аларга кошулуп такбир айта башташчу”.
📚Сахих Бухари” 1/321.

Ошондуктан, көп мусулмандар кош көңүлдүк кылган бул такбир айтуу сүннөтү ачыкка чыгуусу үчүн, бул он күндүктө жолдордо, үйлөрдө, барганда, келгенде үндү бийик көтөрүп такбир айтуу мустахаб.

Такбирдин айтылышы: “Аллааху акбар, Аллааху акбар. Лаа илааха иллалЛааху валлааху акбар. Аллааху акбар. Ва лиллаахиль-хамд”.
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
“ТИТАН” - суу астындагы адам кемеси эң акыркы жана эң жогорку технология менен жасалган....
Ал 3000 метр тереңдиктеги суунун басымын көтөрө албай жарылып, ичиндеги кыйындардын баары өлдү.


“КИЧИНЕКЕЙ БАЛЫК” - ал 6000 метр тереңдикте жашап, азыктанган жана көбөйгөн, узундугу 10 см дей тунук желатиндүү балык.

Анан эле Аллахты тааныбаган окумуштуулар келип, бул жашоо өзүнөн өзү жаратылган деп айтышат!!

Ал эми Аллах мындай деп айтат:
هَٰذَا خَلْقُ اللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ


"Бул Аллахтын жараткандары. Силер Андан башканын жараткандарын Мага көргөзгүлөчү...”. Куран, Лукман: 11.

«Алар сенден рух жөнүндө сурашат. Рух роббума таандык иштерден. Силерге азыраак гана илим берилген”, – деп айт.». Куран, Исра: 85.

«Роббубуз Аллах – бардык заттарга келбет-турпат берип, анан аларды туура жолго салган». Куран. То ха: 50.
------------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
قال ابن باديس رحمہ اللہ
"لا دواء للبدع الشّيطانيّة إلّا نشرُ السُّنة النّبويّة "
📚[ الآثار٢/٢٤٨ ]

«Шайтандын бидъатына пайгамбарыбыздынﷺ сүннөтүн жайылтуудан башка даба жок».
📚 Ибну Бадис, [Аль-Асар 2/248].
-------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
АРАФАТ КҮНДҮН УЛУУЛУГУ

Аллах Куранда Арафат күнү менен ант берген.

Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Аллах улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арафат күнү.

Бул тууралуу Аллах мындай деп айтат:
«Күбө болуучу жана күбөлүк кылынган менен ант!». Куран, Бурууж: 3.

Аллахтын Элчисиﷺ:
«Убадаланган күн – Кыямат Күнү, күбө кылынган күн – Арафат Күнү, ал эми күбө болуучу күн – Жума күнү...»- деп айткан.
📚Сахих Тирмизи: 3339.

Ошондой эле Арафат күнү – Куранда Аллах ант берген так күн.

«Жуп жана так менен ант!».
Куран, Фажр сүрөөсү: 3.

Ибну Аббас (радиаллаху анху) аяттын тафсиринде: «Жуп (күн) – бул Курбан Айт күнү, ал эми так (күн) – бул Арафат күнү»,– деп айткан.

Арафат күн – Аллахтын алдындагы эң улуу күндөрдүн бири. Анткени бул күн – күнөөлөр кечирилип, Тозоктон куткарыла турган күн.

Ошондой эле ушул күнү Аллах периштелерге Арафатта турган пенделерин айтып сыймыктанат.

Бул туурасында Аллахтын Элчисиﷺ мындай деп айткан:«Аллахтын алдында Арафат күнүнөн да улугураак эч бир күн жок. (Ошол күнү) Аллах дүйнө асманына түшүп, Жердеги жашоочуларды айтып асман ээлерине (периштелерге) сыймыктанат. Аллах айтат: «Менин пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскан, (тальбия айтып) кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин ырайымымды каалашат, а бирок Менин жазамды көрүшкөн эмес. Арафат күнүндөгүдөй Тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». 📚 Сахих Ибну Хиббан
-----------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
 
Урматтуу мусулман бир тууган!

Арафат күнү тутулган орозо эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.

Бул туурасында Пайгамбарыбызﷺ:"Арафат күнү орозо тутууда Аллахтан бир жылдык мурунку жана кийинки күнөөлөрдүн кечиришин үмүт кыламын"- деп айткан.
📚 Муслим 1162.

Биз жашап жаткан Зуль-Хижжа айынын тогузу Арафат күнү болот. Ошол Арафат күнү орозо кармоо - сүннөт. Кимде-ким Арафат күнү орозо кармаган болсо, анын бир жылдык мурунку жана кийинки күнөлөрү кечирилет. Арафат күнү 27-июнга туш келет.

Бул орозо ажыга барбаган мусулмандар үчүн сүннөт болуп саналат. Ал эми ажылыкты аткарып жүргөн мусулмандар бул күнү орозо кармабайт! Анткени Пайгамбарыбызﷺ ажылыкта Арафат күнү орозо туткан эмес.

Мусулман бир тууганым!
Арафа күнүнүн орозосун сөзсүз кармагын! Жеке эле өзүң тутпастан, үй-бүлөңдү да орозо тутууга буйругун. Анткени бул күн – улуу күн жана бул күндүн орозосу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон күн.
-----------------------------

🖋Нематулла Кадайев
Telegram
👉https://t.me/islambulagy


 
АРАФАТ КҮНҮ – ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛОТУРГАН КҮН

Аллахтын Элчиси:«Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнү кылынган дуба...»- деп айткан.📚 Тирмизи.

Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн. Оо, Аллахым! Бул күнү ар бир мусулманга орозо тутууну насип кыл, алардын күнөөлөрүн кечир жана алардын жакшы ой-тилектерин кабыл кыла көр.
-----------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!
 
Арафа күнү Аллах пенделерин тозоктон бошотуп, күнөөлөрүн кечире турган күн

Айша (радиаллаху анха) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчисиайткан: «Аллах пенделерин тозоктон азат кыла турган Арафа күнүндөй эч бир күн жок! Албетте, Аллах аларга жакындайт, анан алар менен (периштелерине) мактанат. (Аллах ): «( Пенделерим) эмнени каалашат?» – деп сурайт.
📚 Муслим (1348)

Эң жакшы дуба – Арафа күнүндөгү дуба:

Абдуллах ибн 'Амр (радиаллаху анху) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчисиﷺ мынтип айткан: «Эң жакшы дуба – Арафа күнүндөгү дуба. Жана мен жана менден мурунку пайгамбарлар айткан сөздөрдүн эң жакшысы:
«لا إلهَ إلّا اللهُ، وحدَهُ لا شريكَ لهُ، لهُ المُلْكُ، ولهُ الحمدُ، وهوَ على كلِّ شيءٍ قديرٌ »

Ла илааха илла-ллаху, вахдаху ла шарика лах, лахул-мулку ва лахул-хамду, ва хува ‘ала кулли шай-ин кадир

Мааниси:
«Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана анын шериги да жок. Бийлик, мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү!».

📚 Тирмизи (3585), Сахих ат-таргиб (1536).
-----------------------------
🖋Нематулла Кадайев

Telegram
👉https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!