ИСЛАМ БУЛАГЫ
4.16K subscribers
752 photos
100 videos
1 file
1.16K links
Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид.

Таухид- бул Исламдын булагы.

Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ОРОЗО АЙТТЫН ТАКБИРЛЕРИ

🕌 Кантип айтылат?

«Аллааху Акбар, Аллааху Акбар,
Лаа илааха илла Аллааху,
Аллааху Акбар, Аллааху Акбар,
ва лиЛлаахиль-хамд!»


📖 «…Аллах силерди туура жолго салганы үчүн Аны улуктагыла! Балким, шүгүр кылуучу болорсуңар» (Бакара: 185).



Качан айтылат?

🌙 Рамазан аяктап, Шаввал айы башталган түндөн
🕌 Айт намазы окулганга чейин



👤 Кимдер жана кантип айтышат?

▪️ Ар бир мусулман өзүнчө айтат
▪️ Эркектер — үн чыгарып
▪️ Аялдар — жай, үн чыгарбай



📍 Кайсы жерлерде?

🕌 Мечиттерде
🏠 Үйлөрдө
🛍 Базарларда
Жолдо — бардык жерде айтса болот



⚖️ Өкүмү:

Бул — көпчүлүк аалымдардын пикири боюнча мустахаб амал



💭 Айтты Аллахты улуктоо менен тосолу!


Нематулла Кадайев
🌐
@islambulagy
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📌 ЖУМА НАМАЗ АЙТ КҮНҮНӨ ТУУРА КЕЛСЕ – ӨКҮМҮ КАНДАЙ?

Суроо:
Айт күнү Жумага туш келсе, жума намазын окуунун өкүмү кандай? Бардык мусулмандарга жума окуу парз бойдон калабы же айрымдарына ганабы? Себеби кээ бир адамдар: «Айт жумага туура келсе, жума окулбайт» деп ойлошот.



Жооп:

🕌 Имам үчүн:
Жума намазын окуу — парз. Ал мечитке келген адамдар менен жума намазын өткөрүшү керек.

📖 Буга далил — сахих хадисте Нуман ибн Башир (رضي الله عنه) риваят кылгандай:
«Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ айт намазын да, жума намазын да окуган».



👤 Ал эми жамаат үчүн:
Кимде-ким айт намазын окуса, ага жума намазына барбоого уруксат бар. Ал адам жуманын ордуна:

➡️ Бешим (зухр) намазын өзү же үй-бүлөсү менен окуйт.



Кайсынысы жакшы?
Жума намазын окуу — жакшыраак жана толук.



⚖️ Өкүм:
✔️ Айт намазын окуп, жумага барбай калса — күнөө жок
Бирок бешим намазын окуу милдеттүү

📚 Булак: Абдул Азиз ибн Баз (рахимахуллах)


Нематулла Кадайев
🌐
@islambulagy
АЙТ НАМАЗЫНА БАРУУДАГЫ СҮННӨТТӨР

1⃣ Гусул алуу
Мусулман адам айт намазына чыгуудан мурда жума намазына алгандай гусул алуу сүннөт. Себеби Абдуллах ибн Умар (радиаллаху анхума) айт намазына чыгаарда гусул алчу.

Нафиъ (радиаллаху анху) айтат:
“Абдуллах ибн Умар орозо айт майрамына чыгуудан мурда гусул алып чыгчу эле.”
📚 «Муатта» (2/248) — Имам Нававий сахих деген.



2⃣ Так санда курма жеп чыгуу
Орозо айт намазына чыгаардан мурда оозду так санда курма менен ачуу сүннөт. Эгер курма табылбаса, башка нерсе менен ачса да болот. Себеби айт күнү орозо кармоого тыюу салынган.

Анас ибн Малик (радиаллаху анху) риваят кылат:
“Аллахтын Элчиси ﷺ орозо айтка чыгаардан мурда так санда (бир же үч) курма жемейинче чыкчу эмес.”
📚 «Бухари» (953)



3⃣ Такбир айтуу
Айт күнү Аллахты улуктап такбир айтуу сүннөт. Алгачкы салих мусулмандар айт түнүнөн баштап, имам намазга чыкканга чейин такбир айтышкан.

Малик ибн Анас (рахимахуллах) риваят кылат:
“Абдуллах ибн Умар орозо айт күнү имам чыкканга чейин такбир айта берчү.”
📚 «Ахкамул-айдайн» (1/111)



4⃣ Бири-бирин куттуктоо
Айт күнү мусулмандар бири-бири менен жолукканда:
“Такаббалаллаху минна уа минкум”
(Аллах бизден жана силерден амалдарды кабыл кылсын) — деп куттуктоо сүннөт.

Жабир ибн Абдуллах (радиаллаху анху) айтат:
“Пайгамбардын ﷺ сахабалары айт күнү жолукканда ушундай деп айтышчу.”
📚 «Тамамул-минна» (354) — Имам Албани сахих деген.



5⃣ Эң жакшы кийим кийүү
Айт намазына таза жана эң жакшы кийимди кийип баруу сүннөт.

Жабир ибн Абдуллах (радиаллаху анху) айтат:
“Аллахтын Элчисинин ﷺ атайын чепкени бар эле, аны айт жана жума намаздарына кийчү.”
📚 «Сахих Ибн Хузайма» (1765)

Ошондой эле Абдуллах ибн Умар айт намазына эң жакшы кийимин кийип чыкчу.

📚 «Сунан ал-Байхакий» (3/281)

Аялдар болсо ауратын толук жапкан, тар эмес, денени көрсөтпөгөн жана көңүл бурдурбаган кийим кийүүсү важип.



6⃣ Башка жол менен кайтуу
Айт намазына барган жол менен кайтпай, башка жол менен кайтуу сүннөт.

Жабир ибн Абдуллах (радиаллаху анху) айтат:
“Аллахтын Элчиси ﷺ айт намазына бир жол менен барып, башка жол менен кайтып келчү.”
📚 «Бухари» (986)

Нематулла Кадайев
🌐
@islambulagy

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз, бир туугандар!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Күн баткандан тартып Айт намазына чейин такбир айтуу сүннөт

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Лаа илааха иллаллаху, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил хамд.

Такбирди ачык айтып, үн чыгарып айткыла.
Мечиттерде, базарларда жана үйлөрдө такбир айткыла.

Орозо жана түнкү ибадаттарды толук аткарууга жеткиргени үчүн Аллахка шүгүр кылып, араңарда такбирди жайылткыла.

Имам аз-Зухрий айткан:
«Орозо айт күнү такбирди ачык айткыла, анткени бул — такбир күнү».

Ибн Кудама айткан:
«Үн чыгарып айтуу мустахаб, анткени анда диндин белгилерин ачык көрсөтүү жана башкаларга эскертүү бар».

Ал эми Орозо айт күнүндөгү такбир айтуу Курман айттагы такбирден да күчтүүрөөк (маанилүүрөөк) болуп эсептелет.

🎙Нематулла Кадайев
🌐
https://t.me/islambulagy
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
السلام عليكم ورحمة الله وبركاته

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди ыйык Орозо Айт майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Аллах Таала орозо, намаз жана бардык кылган салих амалдарыңыздарды кабыл кылсын! Жүрөктөрүбүздү ыйман менен толтуруп, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, береке жана кубаныч тартууласын!

Айт майрамыңыздар берекелүү, куттуу болсун!

🎙Нематулла Кадайев
🌐
https://t.me/islambulagy
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
📌 ШАВВАЛЬ АЙЫНДА АЛТЫ КҮН ОРОЗО ТУТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

📖 Аллахтын Элчиси ﷺ:
“Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин Шавваль айында алты күн орозо кармаса — бир жыл орозо кармагандай болот.” 📚 (Муслим, 1164)



📌 ӨКҮМҮ КАНДАЙ?
Бул орозо — сүннөт.
Ким кармаса — чоң сооп алат,
ким кармабаса — күнөөкөр болбойт.



📌 КАЧАН КАРМОО КЕРЕК?
Айт күнү орозо кармоого болбойт.
Ошондуктан — Айттын эртеси баштап кармалат.



📌 БӨЛҮП КАРМОГО БОЛОБУ?
Ооба, болот.
Шавваль айынын ичинде каалаган убакта:
башында, ортосунда же аягында бөлүп кармасаңыз болот.

Бирок Айттан кийин дароо, катарынан кармоо — жакшыраак.



📌 РАМАЗАНДАН КАРЫЗЫ БАРЛАРЧЫ?
Эгер моюнуңузда Рамазан орозосунун казасы болсо:
➡️ Адегенде казаны өтөө керек
➡️ Андан кийин гана Шаввальдын алты күнүн кармоо керек



📌 НИЕТТИ КОШУП КАРМОГО БОЛОБУ?
(Каза + Шавваль)
Жок, болбойт.

Анткени:
Парз (карыз) орозо өзүнчө,
Сүннөт орозо өзүнчө кармалат.



📌 СООБУ КАНДАЙ?
Бир жыл толук орозо кармагандай сооп жазылат!



✍️ Нематулла Кадайев
🌙 Рамазандан кийинки абал

Биз улуу, берекелүү Рамазан айы менен коштоштук. Бул айда жүрөктөр жумшарып, ибадатка болгон каалоо күчөдү. Кимдир бирөө Куранды хатм кылды, кимдир бирөө садака берди, дагы бири түндөрүн намаз менен өткөрдү.

Момундар Аллахка умтулуп, жакшылыктарда жарышкан улуу мезгил өттү. Алардын сооп-олжосу кандай гана улуу!

Бирок билип коюу керек:
Рамазан бүтсө да — жакшылык эшиктери жабылган жок. Алар дайыма ачык.

Эгер адам Рамазандан кийин ибадатты таштап, кайра күнөөгө кайтып барса — бул жакшы белги эмес. Аалымдар мындай дешкен:

بِئْسَ الْقَوْمُ لَا يَعْرِفُونَ اللَّهَ إِلَّا فِي رَمَضَانَ
«Рамазанда гана Аллахты тааныган коом кандай жаман коом!»

Аллах — Рамазандын гана эмес, бардык айлардын Раббиси.
Ошондуктан: Рамазанчы эмес, Раббаний бол!

Аллах Таала айтат:

وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ
«Сага өлүм келгенге чейин Раббиңе ибадат кыл» (Хижр, 99)

Жана эскертет:

وَلَا تَكُونُوا كَالَّتِي نَقَضَتْ غَزْلَهَا مِن بَعْدِ قُوَّةٍ أَنكَاثًا
«Жибин бекем ийригенден кийин аны кайра бузган аял сыяктуу болбогула» (Нахл, 92)

Элестетип көр: бир аял бир ай бою бекем, кооз кездеме токуп, анан аны өз колу менен кайра бузуп салса — бул акылсыздык эмеспи? Ошол сыяктуу эле, Рамазанда ибадатка көнгөн напсини кайра күнөөгө салып, эмгекти жок кылуу — чоң жоготуу.


Рамазанда кылган жакшылыктарыңды өзүң жок кылып алба!

Бүгүн — амал бар
📖 Эртең — сурак бар



Рамазан бүттү — бирок ибадат бүтпөдү
Убакыт өттү — бирок мүмкүнчүлүк бүтпөдү
Өмүр кыскарууда — тообо эшиги ачык

🤲 Аллах бизди акыркы демге чейин ибадатта туруктуу кылсын!

Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🌙 Рамазан айы бүтсө да, Аллахтын акысы бүткөн жок

Рамазан өттү…
Мечиттер толуп турган күндөр өттү…
Көз жаш менен окулган дубалар, түнкү намаздар — артта калды…

Бирок ойлонуп көр:
Рамазан кеттиби — же сенин жүрөгүң өзгөрдүбү?

Аллах — Рамазандын гана Раббиси эмес.
Ал — бүгүн да, эртең да, өмүрүңдүн акыркы күнүнө чейин сенин Раббиң.

Аллах Таала айтат:
وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ
«Сага өлүм келгенге чейин Раббиңе ибадат кыл»

Демек, ибадат — бир айлык эмес…
Бул — өмүрлүк милдет.

Кээ бир адамдар Рамазанда намаз окуп, анан таштап коёт…
Куранды окуп, анан жаап коёт…
Күнөөлөрдөн тыйылып, анан кайра кайтып барат…

Мындай болбо!

Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ЭМНЕ ҮЧҮН ОРОЗО АЙЫНДА ЖАН ДҮЙНӨБҮЗ ЭС АЛДЫ?

  Анткени биз кандай максатта жаралган болсок, ошол максат менен алек болдук.

Кулдун жүрөгү Кожоюндун өкүмүн аткарганда гана тынчтык табат!


الَّذِينَ آمَنُوا وَتَطْمَئِنُّ قُلُوبُهُمْ بِذِكْرِ اللَّهِ ۗ أَلَا بِذِكْرِ اللَّهِ تَطْمَئِنُّ الْقُلُوبُ

"Ыймандуулар – Аллахты эстөө менен жүрөгү тынчтык табат. Көңүл бургула: Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтык табат".
Куран, Раад: 28.
--------------
Салаф-солихиндер бири-бирине дайыма эскертип турган, терең маанини камтыган улуу насаат бар.

Бул насаат үч сүйлөмдөн турат:


1️⃣ Ким ички дүйнөсүн оңдосо, Аллах анын сырткы дүйнөсүн оңдоп берет.

2️⃣ Ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, Аллах анын адамдар менен болгон мамилесин оңдоп берет.

3️⃣ Ким Акырет үчүн амал кылса, Аллах бул дүйнөсүн жетиштүү кылып берет.
📚 Ибнуль Каййим "Рисаля Табукия: 92.

Орозо бүтсө да, Раббибизге болгон кулчулук бүтпөйт. Ким бул жолду улантса — анын жүрөгү дайыма тынчтык табат.

Нематулла Кадайев
🌐
https://t.me/islambulagy
🌙 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ АЛТЫ КҮНДҮК ОРОЗО — РАМАЗАНДЫН УЛАНДЫСЫ.

Рамазан айы — жүрөктөрдү тазалаган ыйык мезгил эле…
Сен күткөн ай эле…
Сен өзгөргөн ай эле…
Сен Аллахка эң жакын болгон күндөр эле…

Ал өттү.

Парз орозо бүттү.
Бирок кулчулук бүтпөйт.
Анткени Аллах — Рамазандын гана Раббиси эмес.
Ал — бүгүн да, эртең да, өмүрүңдүн акыркы күнүнө чейин сенин Раббиң.

Аллах Таала айтат:

وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ

«Сага өлүм келгенге чейин Раббиңе ибадат кыл».


Демек, ибадат — бир айлык эмес…
Бул — өмүрлүк милдет.

Аллахка жакындатуучу жол эч качан бүтпөйт.

Чыныгы момун Рамазан менен кошо ибадатты таштабайт.
Тескерисинче, Рамазан анын жүрөгүнө жаңы дем, ибадатка болгон бекемдикти, туруктуулукту калтырат.
Ошол бекемдик
, туруктуулук менен ал нафил орозолорду улантат…

🌙 Шавваль айындагы алты күндүк орозо — Рамазандын уландысы.

Бул тууралуу Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:

«مَنْ صَامَ رَمَضَانَ ثُمَّ أَتْبَعَهُ سِتًّا مِنْ شَوَّالٍ كَانَ كَصِيَامِ الدَّهْرِ»

«Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин Шавваль айында алты күн орозо кармаса — бир жыл орозо кармагандай болот».
📚 Муслим, 1164.

Бул — бир жыл орозо кармагандай сооп.
Бул — Рамазандын кабыл болуусуна үмүт.

Оо, бир тууган…
Рамазанда сен түндө туруп ыйладың эле…
Рамазанда сен Куран кармадың эле…
Рамазанда сен күнөөдөн качтың эле…



Эгер сен Рамазандан кийин да Аллахты эстесең — сен тирүүсүң.
Эгер сен дагы да саждага баш койсоң — сен ибадатта туруктуусуң.

Бул тууралуу Аллах Куранда мындай дейт:

﴿إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ الْمَلَائِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَبْشِرُوا بِالْجَنَّةِ الَّتِي كُنتُمْ تُوعَدُونَ﴾

«Чындыгында, “Раббибиз — Аллах” деп, андан кийин түз жолдо бекем турушкан, туруктуу адамдарга периштелер түшүп:
“Коркпогула жана кайгырбагыла! Силерге убада кылынган Жаннат менен сүйүнгүлө.
Биз силердин бул дүйнөдөгү да, акыреттеги да досторуңарбыз.
Ал жерде силерге көңүлүңөр каалаган нерселердин баары бар жана сураганыңардын баары берилет.
Бул — Кечиримдүү, Ырайымдуу Аллахтан болгон сыйлык”, — дешет».
(Куран, Фуссилат: 30)

Дал ушул — истикама, башкача айтканда, түз жолдо бекем болгон туруктуулук.
Баштоо гана эмес… акырына чейин туруу.

Аллах Таала бизди Өз жолунан тайбаган, аз болсо да туруктуу амал кылган пенделеринен кылсын.
Жүрөктөрүбүздү жумшартып, ыйманыбызды бекемдесин.

Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
АЛЛАХ ТААЛА МЕНЕН БОЛГОН АДЕП

Аллах Таала менен болгон адеп — бул Ага болгон байланыштын сырткы да, ички да жактан туура, кооз жана кемчиликсиз болушу. Бул — Аллахты улуктоо, Аны урматтоо жана даңктоо, Анын динин бекем кармануу, ошондой эле жүрөктү жана сырткы мүчөлөрдү Аллах көрсөткөн жол менен тарбиялоо дегенди билдирет.
📚 Булак: Ибн Каййим аль-Жаузия, Мадариж ас-Саликин, 2/357, 365.

Мусулман адам бул адептерди канчалык бекем карманып жашаса, анын даражасы ошончолук көтөрүлөт, орду бийик болот. Натыйжада ал Аллахтын ырайымына жакын болуп, улуу нээматтарга жетет. Бул — момундун эң улуу максаты жана эңсеген тилеги.

Абу Аббас ибн Атадан: «Адеп деген эмне?» – деп суралганда, ал: «Жакшы жана көркөм нерселерди кармануу» – деп жооп берген. Андан: «Бул эмнени билдирет?» – деп сурашканда, ал: «Аллах Таалага жашыруун да, ачык да эң жакшы адеп менен мамиле кылуу» – деп айткан.
📚 «Лума’» — ас-Сирраж (195-бет), жана «Лубаб ал-адаб» — Усама ибн Мункиз (227-бет).

Ибн Сиринден (рахимахуллах) «Аллахка жакындаткан эң жакшы адеп кайсы?» – деп сурашканда, ал мындай деп жооп берген: «Аллахтын Рабб экенин таануу, Ага моюн сунуп амал кылуу, жакшылыкта шүгүр кылуу жана кыйынчылыкта сабыр кылуу».
📚 «Лубаб ал-адаб» — Усама ибн Мункиз (228-бет).

Аллах менен болгон адеп — момундун жүрөгүн тирилткен эң улуу тарбия. Ким Аллахка чын жүрөктөн, туура адеп менен мамиле кылса, анын ичиндеги тынчсыздык жоголуп, жүрөгү бейпилдик табат. Амалына береке түшүп, жашоосу нурга толот. Андай адам Аллахка жакындаган сайын, жүрөгү да тазара түшүп, акыреттеги улуу бакытка карай багыт алат.

Бул тууралуу Ибн Каййим аль-Жаузия (рахимахуллах) мындай деп айткан:

«Аллах менен болгон адеп үч түрдүү болот:

1️⃣ Адам Аллах менен болгон амалдарын кемчиликсиз жана таза сакташы керек. (Башкача айтканда, ибадатында ширк, бид‘ат, шек же кемчилик болбошу керек.)

2️⃣ Жүрөгүн Аллахтан башка нерсеге бурулуп кетүүдөн сакташы керек. (Жүрөк Аллахка байланган болушу керек, башка нерсеге байланып калбоо керек.)

3️⃣ Каалоосун Аллах жек көргөн нерселерге байлануудан сакташы керек.»


📚 Булак: Ибн Каййим аль-Жаузия, Мадариж ас-Саликин, 2/356.

Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Audio
Аллах менен болгон адеп боюнча 1-сабак.
Бул сабакта адам баласынын Жаратуучусу Аллахка болгон мамилеси, жүрөктөгү терең сезимдери жана чыныгы кулчулуктун улуу мааниси баяндалат. Бул — жөн гана сөз эмес, бул — жүрөктө жашаган ишеним, амал менен бекемделген ыйман, жана пенденин Раббисине болгон эң таза, эң ыйык байланышы.

Бул сабак ар бир адамга өзүнүн ички дүйнөсүнө назар салууга, Аллах менен болгон байланышын бекемдөөгө жана чыныгы кулчулуктун маңызын терең түшүнүүгө жол ачат.

Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy
АЛЛАХ МЕНЕН БОЛГОН АДЕПТИН БИРИНЧИСИ — АЛЛАХТЫ ТААНЫП-БИЛҮҮ.

Аллах менен болгон адеп — ар бир мусулман үчүн эң маанилүү негиздердин бири. Адеп дегенде биз жөн гана сырткы жүрүм-турумду эмес, жүрөктөгү абалды, ниетти жана Жаратуучу Аллахка болгон мамилени түшүнөбүз. Чыныгы адеп — бул Аллахты таанып-билүү, Ага гана сыйынуу, Аны сүйүү, улуктоо, коркуу жана толук баш ийүү менен жашоо.

Ар бир пенденин эң биринчи милдеттеринин бири — өзүнүн Раббиси болгон Аллах Тааланы таануу. Бул таануу жөн гана билүү эмес, Аллахтын улуулугун, кудуретин, ысым-сапаттарын түшүнүү жана Ага чыныгы ыйман келтирүү жана Аллахтын өзүнө гана сыйынып, ибадат кылуу дегенди билдирет.

1. Курандан далил

Аллах Таала мындай деп айткан:

«Аллах — асмандарды жети кабат кылып, жерди да ошондой кылып жараткан. Булардын арасына (Аллахтын) буйругу түшүп турат. Бул силер Аллахтын ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Анын илими бардык нерсени камтып турганын билүүңөр үчүн»
(Куран, Талак сүрөсү, 12-аят).

Бул аяттан түшүнүлөт: Аллах Таала бул ааламды жөн эле жараткан эмес, адамдар Анын улуулугун, кудуретин жана илиминин чексиз экенин таанып билиши үчүн жараткан.

Дагы бир аятта Аллах Таала айтат:

«Мен жиндерди жана адамдарды Мага гана ибадат кылып, сыйынуулары үчүн жараттым»
(Куран, Зарият сүрөсү, 56-аят).

Бул аяттагы максат — пенделерден талап кылынган негизги максат. Ал — Аллах Тааланы таанып-билүү, Анын кемчиликсиз сыпаттарын түшүнүү, Ага эч нерсени шерик кылбастан жалгыз Өзүнө гана ибадат кылуу. Ошондо Ал алардын жалгыз сыйынган Заты, баш ийген Раббиси жана сүйгөнү болот.

2. Сүннөттөн далил

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ ага мындай деген:

«Оо, балам, мен сага бир нече сөз үйрөтөйүнбү? Аллахты сакта — Ал сени сактайт. Аллахты сакта — Аны алдыңдан табасың.
Жакшылык учурда Аллахты таанып жүр — кыйын учурда Ал сени тааныйт…»


Бул хадистен эң маанилүү түшүнүк чыгат:
ким Аллахты тынчтыкта, жеңил учурда таанып, Ага ибадат кылып жашаса — Аллах да аны кыйын учурда таштабайт.

Ибн Ражаб (рахимахуллах) мындай деп түшүндүргөн:
Пенде Аллахтан коркуп, Анын буйруктарын сактап, чектерин бузбай жашаса, Аллах ага өзгөчө камкордук кылат. Кыйынчылык келгенде аны сактап, дубасын кабыл кылат. Бул — Аллах менен пенденин ортосундагы өзгөчө байланыш.
📚 Жамиъул-улум вал-хикам» китеби, 1-том, 472–473-беттер.

3. Мааниси жана сабагы

Аллахты таануу деген:

Анын жалгыз Жаратуучу экенин билүү
Анын ысым-сапаттарын түшүнүү
Анын жалгыз өзүнө гана ибадат кылуу жана ибдатта ширк аралаштырбоо
Жашоонун ар бир абалында Аны эстеп жүрүү

Ким Аллахты туура таанып жашаса, анын жүрөгү тынчтык табат, жашоосу берекелүү болот жана кыйынчылыктарда Аллахтын жардамы ага жакын болот.

Жыйынтык

Аллах Тааланы таануу — ыймандын башаты жана жашоонун негизги максаты. Пенде Аллахты канчалык жакшы тааныса, ошончолук Ага жакындайт. Ал эми Аллахка жакындаган адам — чыныгы бакытка жеткен адам.

Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
👉
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share