БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
3.61K subscribers
715 photos
645 videos
18 files
1.13K links
Formula.KG - Бактыңыздын багыты!
Download Telegram
📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ар Рошид - Туура жолду көрсөтүүчү " Эгем менин . Көр болгон көөдөнүбүздүн көзүн ачып, жакыр болгон жан дүйнөбүздүн жаракасын Өз ырайымың менен бүтөп, кечиримиңе муктаж болгон алсыз кулдарыңды Өзүң кечир. Бизди туура жолуңдан адаштырба! Амиин...

🧕Насиба Абдуллаева...
🤲🏻ИШЕНИМ ДУБАСЫ

Иса пайгамбар айткан экен: "Жүрөгүңөрдө буудайдай ишенич болсо, тоону ары жылдырсаңар болот."...

Бир тамчы ишеним, тоодой көйгөйлөрдүн ачкычы болуп берсе. А,  бир тамчы жалган, деңиздей ишенимди жок кылат.

Ишеним шам болсо,  анын күйүп турган чырагы үмүт болот.

Йа, Раббым! Пайгамбарларга берген шек - күмөнү жок деңиздей ишенимдин тамчысын жүрөгүмө толтургун, Сага болгон ишенимим  ушундай терең болсун, көзүм Сенин акыйкатыңдан башка нерселерди көрбөсүн. Кулагым Сенин сөздөрүңдөн башка сөздөрдү укпасын. Тилим Сени улуктап, ушактан алыс болсун. Денем Сага толук моюн сунуп, амалдарыма бекем болуп, Өзүң сүйүп, сүйүнткөн кулуң болоюн. Оо, караңгыдан таңды сууруп чыккан Раббым, мен Сага ишенемин! Менин жүрөгүмдө, ойлорумда, ниетимде эмнелер бар, эмнеге муктажмын баарын Өзүң көрүп, сезип, билип турасың. Менин көйгөйлөрүмдү бир гана Өзүң чечип, Сен гана жардам бересиң.  Ушундай ыймандын күчү менен жашап, терең  ишенимдин тамчысы менен суугарып, Өзүң ыраазы болгон абалда жолугууну насип кыл Раббым!

🧕Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
"Заалымдык менен сен каалаган нерсеңе жетишиң мүмкүн. Бирок зулум чеккен адамдын бир эле дубасы менен бар тапканыңдын баарын жоготосуң."
.
Аягында заалымдар жеңет деп ким ишенсе, ал чындап эле Кудайды чанган болот. Анткени Анын эскертүүсү аяттарында келет:

«Чынында, жеңишке ээ боло тургандар – биздин аскерлер, – дешкен».
(Ас Сафат сүрөсү : 173-аят)
.
Заалымдыктын доору кызыл мата сыяктуу.

Кыска, ошол эле учурда өтө кызыл болот. Күндүн жарыгына ого бетер көрктүү көрүнөт, бирок көз ирмемге гана. Өңү бат оңот. Коюу түн киргени таң атышына аз убакыт калганынан кабар бергендей.
.
🔺️Фараон убагында кандай гана күчтүү болсо да, ал азыр музейде мумия болуп сакталууда.
.
🔺️ Намруд канчалык күчтүү болсо да аягында чиркейдин колунан ажал тапты.
.
🔺️ Абраха Каабага кол салып жатканда кандай гана текебер эле? Ал эми азыр анын ысымы «Филь» сүрөсүндө кор болгон абалда эскерилип турат.

✏️ Адилет Сыдыков
"Сен балаңды маңдайыңа отургузуп алып, "андай бол, мындай бол" деп талап коюп жатканда гана тарбиялап жатам деп ойлобо. Сен бирөөлөр менен маектешип жатсаң деле, ал тургай үйүңдөн алыс бир жакка кетип калганыңда деле, тамактанып жатканыңда деле, өзүнчө иш кылып жатканыңда деле, гезит же китеп окуп жатканда деле, алтургай уктап жатканда деле балаңды тарбиялап жаткан болоруңду унутпа"

А.С.Макаренко
🌹Бул дубаны күзгүгө жазып кой

Көчкөн агайдын китебинен бир шингил икаяны окуп калдым. Бир киши пайгамбарлардын биринен акыр замандын адамдары тууралуу сураптыр. Пайгамбар ага дарактын бутагында мукамдуу сайрап отурган булбулду көрсөтүп: "Тиги булбул учуп кеткенде артынан барып карачы, эмне кылар экен", - дейт. Артынан барып караса, булбул бир жерде бок чокуп жатыптыр. Тиги көргөнүн айтып келгенде пайгамбар: "Акыр замандын акылманы мына ушул булбулдай болот: сайраганы башка, кылганы башка..." - деген экен.

Бул окуя менен эмнени айткым келди. Азыр биз, адамдар ушундай болуп калдык. Жоолугуна жоругу, сакалына сөзү дал келбей, топусунан текеберлик жыттанып, мусулман мусулманга же күзгү болбой, же үлгү болбой, мусулманчылык сапатыбыз жоголуп барат. Жакшы сөздөр кулактын сыртынан кетип, жүрөккө жетпей тепселип жерде калгандай.

Ошол үчүн бир китеп окусаңыз да, андагы бир сөз болсо да жүрөктөн жай бериңиз. Ошол сөз жүрөктөн өнүп чыгып, көгөрүп, гүлдөп жашооңузга пайдасын тийгизсин. Биз адамдар адашуучу, унутчаак, алсызбыз. Биз адамдарды эмес, ааламдын асылзаты, адашпаган, жүрөгү таза, багыты туура пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) карап түздөнүп, үлгү алып жашашыбыз керек.

Адамдын пейили бузулса ою бузулат. Ою бузулса жүрөгү бузулат. Жүрөгү бузулса мүнөзү бузулат. Мүнөзү бузулса адеби бузулат. Адеби бузулган адам адамдык сыпатын жоготот. Бир күн болсо да адамдардын арасында адам болуп жашаганга аракет кылышыбыз керек.

Сөзүмдүн акырында пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мобуреки дубасын ак кагазга жазып, күндө каранган күзгүңүздүн бетине чаптап коюңуз деп суранам.

"О, Аллахым! Менин келбетимди кооз кылып жаратканыңдай, кулк-мүнөзүмдү да кооз кыл".

Күзгүгө каранган сайын, бети-башыңызды сыланып, көйнөк жоолугуңузду оңдогон сайын, кулк-мүнөз, адеп ахлагыңыздан да бир кабар алып коюуңуз...

О, Жараткан Аллах, менин кулк-мүнөзүмдү оңдо!

Адеп-ахлагымды элге жагымдуу кыл!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕"Эртең дебе" китебинен.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
Америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Ооганстанда героин өндүрүшү дээрлик токтоп, буудай өндүрүү эки эсеге өстү.
Жөөттөрдүн жүрөк үшүн алган хадис...

Израиль искусстволук мамлекет болгондуктан, мүмкүн болушунча эмгекчил, күжүрмөн, жоочу болууга мажбур. Бул жолу алардын карапайым палестиндиктерди, аялдарды жана балдарды эң акыркы үлгүдөгү согуштук техникалары менен кырып жатканын айткым келбей эле. 2-3 млндук Газа шаарынын тургундарын чоң дубалга камап алып, каалаганча зомбулук жасап, каалагандай кордук көрсөтүп, алардын бир алсыз реакциясын (ХАМАСтын контр-чабуулун) шылтоо кылып, геноцид кылып жатканын да айтпайм. Аны акыл-эси жайында, ыйманын сатпаган, адамгерчилигин али жоготпогон ар бир калыс жан сезип туру. Калыс адамдар үч самавий диндин ыйык жери болгон Кудуска жасалган адамзаттык кыянатчылыкты да билет...
Бул жолу жөөттөрдүн эмгекчилдиги жана чарбачылдыгы жөнүндө сөз учугун уламакчымын. Иудейлер ушунчалык эмгекчил болгондуктан какыраган талааны гүлгө айланта алышты. Алардын ири шаарлары тим эле чөлдөгү оазис сыяктуу жашылданды. Жөөттөрдүн суусуз жерде укмуш жашылдандырганы кезегинде биздин Табылды авабызды катуу ойлонтуп, өндүрүшкө зор мотивация алып келгенин Султан палван эскерген жайы бар.

Жөөттөрдүн ошол жашылдаруу проектисин байкасак, алар сууну аз талап кылган дарактарды өстүрүп жатканын байкоого болот. Ошол дарактардын сап башында гаркад аттуу дарак турат. Жөөттөр ушул даракты отургузууга катуу маани беришери маалым. Бул боюнча интернетти аңтарып көрсөңүздөр да болот.

Жөөттөр эмнеге гаркад дарагын отургузууга маани берет болду экен. Мунун бир нече себептери бар.

1) Гаркад дарагы ошол чөлкөмдө көп кездешип, сууну аз талап кылган өсүмдүк
2) Гаркад дарагы иудейликте ыйык дарак болгону үчүн
3) Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бир хадиси

Албетте, жөөттөр пайгамбарыбызды (с.а.в.) кабыл албайт, исламга ишенбейт. Кезегинде Мекке жана Мединага жакын жашаган жөөттөр(дүн өтө көпчүлүгү) да исламды кабылдаган эмес. Алар ошол чөлкөмдө пайгамбар келерин абдан жакшы билген. Бирок соңку пайгамбар өздөрүнүн арасынан чыкпаганы үчүн текеберлик кылып, Азирети Мухаммедди (с.а.в.) кабыл алуудан баш тартышкан.
Ага себеп «жөөттөр улуу эл, жөөттөр гана кудайдын сүйгөн пенделери, башка улуттар жөөттөргө кул» деген бузулган диний ишеними болгон. Азыркы тапта теңирчилик-шаманчылыкты жанданткысы келген псевдо-теңирчилердин идеясы да дал ушундай. «Биз улуу элбиз, теңирдин сүйүктүү балдарыбыз» деп какшанып жатышпайбы? Алардын бир тамыры жөөттүк идеологиядан сугарылганын ушундайча боолголосок болот. Арийне бардык адамдар бир түр, бирдей, тең, тең укуктуу. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай, «арабдын араб эместен, араб эместин арабдан үстөмдүгү/артыкчылыгы жок».

Темабызга кайталы. Израилде көп эгилген гаркад жөнүндө сөз кылып, анын бирден-бир себеби хадис болушу мүмкүн дегенбиз. Алар пайгамбарыбызга (с.а.в.) ишенбегендей эле, хадиске деле ишенбеси анык. Бирок не бар, не жок деп чара көрүп жаткандай. Бул өз кезегинде чоң аалымдардын, профессорлордун да көңүлүн бурдурган. Ошол хадистин мааниси момындай:

«Мусулмандар менен жөөттөр согушмайын кыямат болбойт. Ошол согушта мусулмандар жөөттөрдү (жеңип,) өлтүрөт. Жөөттөр таштын, дарактын аркасына жан сакташ үчүн жашынат. Ошондо таш, дарак «Эй мусулман, эй Алланын кулу, артымда жөөт бекинип турат, дароо келип өлтүр аны» деп кабар берет. Бир гана гаркад дарагы кабар бербейт. Анткени ал жөөттөрдүн дарагы».

(Хадис булагы: Муслим, Фитан 82)

Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу