Eldik.media
252 subscribers
21.7K photos
33 videos
22.4K links
Download Telegram
Eldik.media
Photo
Казакстандын алты районунда суу тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу ысыкка жана сугат суунун тартыштыгына байланыштуу Казакстандын Байзак, Жамбыл, Кордой, Мерке, Т.Рыскулов жана Талас райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун акимчилиги кабарлады. Мекеменин сайтындагы билдирүүдө жабыр тарткан фермерлерге казак өкмөтүнүн резервинен каражат бөлүү каралып жатканы айтылат. Сугат суунун тартыштыгынан жана өтө ысык аба ырайынан улам Казакстанда бул жылы түшүм 25-30% аз болору…

https://eldik.media/2023/08/23/казакстандын-алты-районунда-суу-тарт/
Eldik.media
Photo
Тайланддын мурдагы премьер-министри мекенине кайтары менен камалды

15 жыл чет жакта качып жүргөн Тайланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинават 22-августта мекенине кайтып келери менен камалды. 74 жаштагы миллиардерди жүздөгөн тарапташы аэропортто тосуп алышты. Таксин 2001-жылы өкмөт башчылыкка келген. 2006-жылы ал аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кулатылып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал коррупцияга, кызматынан кыянат пайдаланууга айыпталып, 2008-жылы сыртынан сегиз жылга кесилген. Кийин өкмөт башына анын…

https://eldik.media/2023/08/23/тайланддын-мурдагы-премьер-министри/
Eldik.media
Photo
Легендарлуу ырчы Тото Кутуньо каза болду

Легендарлуу италиялык ырчы жана композитор Тото Кутуньо узакка созулган оорудан улам Сан-Рафаэле ооруканасында каза болду. Бул тууралуу анын менеджери Данило Манкузо ANSA агенттигине билдирген. Ал 80 жашта болгон. Он жылдан ашык убакыт мурун дарыгерлер ырчыга рак диагнозун коюшкан. Ал татаал операцияны башынан өткөрдү, андан кийин узак, оор химиотерапия курсун өткөрдү. Анын чыныгы аты Сальваторе. Ал…

https://eldik.media/2023/08/23/легендарлуу-ырчы-тото-кутуньо-каза-бо/
Eldik.media
Photo
Бишкек мэриясы 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирди

Бишкек шаарынын мэриясы борбордо коомдук-муниципалдык транспорттор электрондук төлөмгө өткөн үч күндүн ичинде 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирди. Жүргүнчүлөр карта жок калып жатканын айтып арызданышууда. Мэрия коомдук транспортторго карталарды жеткирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады. Бишкекте 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспорттордо накталай акча кабыл алынбай жатат. Мындан ары жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен – “Тулпар”,…

https://eldik.media/2023/08/23/бишкек-мэриясы-80-миңден-ашык-тулпар/
Eldik.media
Photo
Баткендин Жаңы-Жер айылында 500 орунга эсептелген мектеп курулат

Баткендин Жаңы-Жер айылында 500 орунга эсептелген мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Маалыматка караганда, мектепти курууга 181 млн 965,1 миң сом каралган. Сынак боюнча арыздар 6-сентябрга чейин кабыл алынат .

https://eldik.media/2023/08/23/баткендин-жаңы-жер-айылында-500-орунга-э/
Eldik.media
Photo
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Мокинтош аттуу мүчөсү кармалды

Кримавторитет Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ал алдамчылыкка шектелүүдө. Белгилүү болгондой, коопсуздук комитети тарабынан 209-берененин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 22-августта криминалдык чөйрөдө Мокинтош каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылынын “смотрящийи” аталган Майрамбек…

https://eldik.media/2023/08/23/көлбаевдин-уюшкан-кылмыштуу-тобунун/
Eldik.media
Photo
Шылуун аял 3 айда 3 эркекке турмушка чыгып, аларды тоноп кеткен

Индияда шылуун аял 3 айда үч адамга турмушка чыгып, аларды тоноп качып кеткен. Бул тууралуу News9Live басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, аял Ниша же Соня деген ысымдар менен өзүн тааныштырып, үлпөт тойдон кийин акча жана ага белек катары берилген зер буюмдар менен качып кеткен. Ага үйлөнгөндөрдүн бири 14-июнда үлпөт той болгонун жана көп өтпөй ал туугандарына…

https://eldik.media/2023/08/23/шылуун-аял-3-айда-3-эркекке-турмушка-чыг/
Eldik.media
Photo
Тоголок алтын кенин “Кумтөр Голд Компани” иштетет

Ысык-Көлдөгү Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Кумтөр Голд Компани” ишканасына берилди. Бул тууралуу компаниянын президенти Алмаз Барыктабасов 22-августта “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Ал лицензия өткөн аптада алынганын жана чалгындоо иштери улантыларын билдирди. “Кенде СССР убагында – 1979-1980-жылдары чалгындоо иштери болуптур. С1, С2 категориясы боюнча 17-18 тоннадай алтын бар”, – деди Барыктабасов. Ал лицензия кандай…

https://eldik.media/2023/08/23/тоголок-алтын-кенин-кумтөр-голд-компа/
Eldik.media
Photo
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо уланууда, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы. Билдирүүгө ылайык, Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Киргизия-1 конушунун Улан көчөсүндөгү 3 даректин ээси өз ыктыяры менен 40 тонналык контейнерин жана темир тосмосун алды. Бошотулган муниципалдык аймак 50 чарчы метрди түзөт. Мэриядан буга чейин башкармалык тарабынан…

https://eldik.media/2023/08/23/бишкекте-мыйзамсыз-курулуштарды-дем/
Eldik.media
Photo
Кримтөбөл Улан Токтосунов Нарындан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулат

Кылмыш дүйнөсүндө “Сакал” каймана аты менен таанымал Улан Токтосунов Нарындагы №24 мекемеден (№4 тергөө абагы) Бишкектеги №1 тергөө абагына которулууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди. Жумашев билдиргендей, ага бүгүн чалышып, Улан Токтосуновдун камерасына атайын багыттагы куралчан кызматкерлер, абактын кызматкерлери келип, ал Бишкектеги тергөө абагына которуларын айтышкан. “Мага чалган адам Улан Токтосуновду 2022-жылдын июль…

https://eldik.media/2023/08/23/кримтөбөл-улан-токтосунов-нарындан-б/