Дубалар 🤲
23 subscribers
26 photos
19 links
Download Telegram
Forwarded from ТИЛМЕЧ (TelepostBot)
​​🔴 ЧЫНЫГЫ ОРОЗО 6 НЕРСЕНИ АТКАРУУ МЕНЕН БОЛОТ

Имам Газали ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
 
«Өзгөчө адамдардын орозосу – бул салих адамдардын орозосу. Ал дене-мүчөлөрдү күнөөлөрдөн тыюу менен ишке ашат жана ал алты нерсени аткаруу менен толук болот:
 
✦ КӨЗДҮ арамдан сактоо, аны жаман нерселерди кароодон, жүрөктү алек кылган жана Аллахты зикир кылуудан алаксыткан бардык нерселерден тыюу.

✦ ТИЛДИ пайдасыз сөздөрдөн, жалгандан, ушактан, чагымчылыктан, душмандыктан, талашып тартышуудан тыюу жана аны унчукпай жүрүүгө, Аллахты зикир кылууга жана Куран окууга көндүрүү.
 
✦ КУЛАКТЫ бардык жаман сөздөрдөн сактоо. Кайсы бир сөздү айтуу арам болсо, анда ага кулак салуу да арам болот. 

✦ КОЛ, БУТ сыяктуу денинин башка мүчөлөрүн жаман иштерден сактоо. 

Ооз ачар маалда КУРСАКТЫ нык тойгузуудан сак болуу. Белгилүү болгондой орозонун максаты – адамдын жанын такыбалык менен кубаттоо үчүн курсакты бош кылуу жана напсини сындыруу болуп эсептелет. 

Ооз ачкандан кийин ЖҮРӨК түпкүрүндө «орозом кабыл болуп, Аллахка жакын адамдардан болдумбу же орозом кабыл болбой, каарга калгандардан болдумбу?» деген коркунуч менен үмүттүн бар болуусу.  📖 "Ихья улуум ад-Диин", 1/21

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
👍1
Forwarded from ТИЛМЕЧ (ТИΛΜΞЧ | ERLANBEK)
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from ТИЛМЕЧ (ТИΛΜΞЧ | ERLANBEK)
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from ТИЛМЕЧ (ТИΛΜΞЧ | ERLANBEK)
Forwarded from ТИЛМЕЧ (TelepostBot)
​​🔴 ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ
 
Кээде адам жакшы ой-тилектерин Аллахтан сурап көпкө чейин талыкпай дуба кылат, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын көрүп, дубам кабыл болбойт окшойт деген ойдо дуба кылууну такыр таштап коёт. Мындай кылган туура эмес! Дубаны таштап коюу өтө чоң жаңылыштык. Дуба – Аллахтын мусулманга берген эң чоң куралы. Ким ал куралды туура колдоно билген болсо, анда ал акыры көздөгөн ой-максатына сөзсүз жетет.

Билесизби, пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде эмне деп айткан:
 
«Акыйкатта Аллах – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси колун сунуп Андан бир нерсе сураса, аны куру жалак кайтаргандан уялат». (Тирмизи, 3556)

Сиз дуба кылдыңызбы? Эгер кылсаңыз, анда эч кабатыр болбоңуз. Анткени кылынган дуба эч качан текке кетпейт. Нажыйжада ушул 3 нерсенин бирөөсүнө жетесиз:

➤ Аллах ал дубаңызды бул дүйнөдө кабыл кылат.

➤ Же ал себептүү сизди кырсык-балээден сактайт.

➤ Же кыяматта ал дубаңыз үчүн көптөгөн сооп-сыйлыктарды берет.
 
Кээ бир диний булактарда ушундай деп айтылган сөздөр бар, адамдар кыяматка барганда бул дүйнөдө кабыл кылынбаган дубалары үчүн берилген соопторду көргөндө, алар дүйнөдө эч бир дубам кабыл болбой эле койсо болмок экен деп арман кылышат. Анткени Аллах адамдын кылган дубасын эч качан текке кетирбейт, Ал аны бул дүйнөдө кабыл кылбаса, анда ага акыретте эселеген соопторду берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Менин Күндөлүгүм🍎
Forwarded from Менин Күндөлүгүм🍎
ЦРХИ-Е-ТАБЛИЦА.jpg (3938×3072)
Forwarded from ТИЛМЕЧ (TelepostBot)
​​🔴 БИЛИП ТУРУП АТКАРБАДЫК

Кыяматта адамдын сурагы беш маал намаздан башталарын билип туруп намаз окубаганыбыз жана аны үйрөнүүгө аракет кылбаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Балагатка жеткен ар бир аялзаты үчүн хижаб кийүү парз экенин билип туруп хижаб кийбегенибиз жана ал анчалык деле маанилүү эмес дегендей кайдыгер мамиле кылганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Күнүгө 100 жолу «Субхааналлахи уа бихамдихи» деп айткан адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болсо да кечирилет деген хадисти билип туруп, бул зикирди айтканга күнүгө 2-3 мүнөт убакыт таппаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Күнүгө эки рекет духа намазын окуу денебиздеги 360 мүчө үчүн садака болорун билип туруп, бир да жолу духа намазын окубаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах аны тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатарын билип туруп, Рамазандан башка убакта бир да күн орозо кармабаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Эртең менен оорулуу адамга барып, аны көргөн адам үчүн жетимиш миң периште кечирим сурарын билип туруп, ага барып ал-акыбалын сурап кабар албаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Той-аштарга жүз миңдеп акча чачып, бирок кыяматтын кайнаган күндөрүндө адамга көлөкө боло турган садакага жүз сом да бербегенибиз кандай өкүнүчтүү!

Кайсы бир маркумдун жаназасына жана аны көмгөнгө катышкан адамга эки Ухуд тоосундай сооп-сыйлык берилерин билип туруп, өлгөн адамдын жаназасына катышпаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Аллах жолунда торгойдун уятсындай мечит курсаң, ал үчүн Аллах бейиште үй курарын билип туруп, мечит курулуп жатканда ага бир кыш койгонго да жарабаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

Ыйык Курандан бир тамга окусаң, ал үчүн он сооп берилерин билип туруп, Куран китебинен күнүгө жок дегенде бир аят болсо да окубаганыбыз же таптакыр эле Куран окуганды билбегенибиз кандай өкүнүчтүү!

Жетим-жесирлерге жардам берген адам Аллах жолунда казат кылгандай, эртеден кечке орозо кармап, түнү бою уктабай намаз окугандай соопко ээ болорун билип туруп, жетим-жесирлерге жардам бербегенибиз кандай өкүнүчтүү!

Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы бейиш болорун, аны аткарган адам энеден жаңы төрөлгөн баладай күнөөсүз кайтып келерин билип туруп, шартыбыз болуп турса да ажылык кылбаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

⚠️ Эми ушулардын баарын билгенден кийин да аткарбай койгонубуз акыретте биз үчүн мындан да чоң өкүнүчтөрдү алып келет!

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from ТИЛМЕЧ (ТИΛΜΞЧ | ERLANBEK)
Катталыңыз ➤https://t.me/tilmech
Forwarded from ТИЛМЕЧ (ТИΛΜΞЧ | ERLANBEK)
Катталыңыз ➤https://t.me/tilmech
Forwarded from ТИЛМЕЧ (ТИΛΜΞЧ | ERLANBEK)
Катталыңыз ➤https://t.me/tilmech
Тамырынан алыстап, өтмүшүн жоготкон эл сапарын андан нары туруктуу, чечкиндүү уланта албайт. Бир жерге туруктуу тура албаганы үчүн жолбун иттей жортуп, анда-мында бир тийип жүрө берет. Бүгүн бирөөнү ээрчисе, эртең дагы бирөөнү сагалайт. Мындай эл кудум мекен-жайын жоготуп, кайда барарын билбеген жандардай чечкинсиз болот. Учурдун шарттарына, абалына жараша кубулуп, бүгүн «туура» дегендерин эртең танып, «туура эмес» дешет. Бир күнү бир философияны, же бир идеологияны жактаса, кийинки күнү башка идеологиянын жактоочусу болот. Бүгүн бул көз карашты жактырса, эртең башканы жактырат. Себеби, убакытты саймадай сая турган туруктуу жүзаарчысы, негизги эрежелери жок. Эгер улуттук пайдубал түптөлө турган болсо, ал бир гана туруктуу эреженин үстүнө түптөлөт. Рухубуздун портретин кайрадан тарта турган болсок, аны бир гана руханий жана улуттук тамырыбыздын үстүнө, бизди биз кылган баалуулуктарыбызды калем кылып тарта алабыз.
Уландысы: https://www.dilazyk.kg/blog/72/
Бала кезимде дин десе эле өлгөндөргө Куран окуу, үйлөнгөндө нике кыюу жана анча-мынча келиме айтып коюу деген нерселерди ойлочумун. Себеби, биз динсиздик доорон сүргөн, айлында азан айткыдай мечити да болбогон совет мезгилинде туулуп өстүк. Андан кийин дин деген мечитке барып намаз окуу, орозо кармоо, садага берүү экенин билдик. Билдик да динди жакшы түшүнгөн киши болуп компоюп калдык. Бара-бара эл ичинен аалымдар чыкты, окумалдар чыкты. Натыйжада дин деген беш убак намаз менен отуз күндүк орозо эле эмес, жашоонун бардык жеринде аралаша жүргөн эрежелер экенин түшүндүк. Ооба, кишинин жаткан-турганынан тартып, сүйлөгөн сөзүнө чейин, бирөө менен саламдашканынан тартып, аласа-бересе кылып мамилелешкенине чейин дин экен. Ушунун баарында диниңди жашап, ушунун баарында Алланын ыраазылыгын таап, эки дүйнөлүк бакытка жетсең болорун билдик. Билдик да, эми динибиз толук болду, эми динди толук түшүндүк деп ойлодук. Бирок, бул жолу да жаңылыппыз. Көрсө дин деген жөн гана мамиле эмес, дин деген улуулук, дин деген баш айланткан бийиктик экен. Керт башыңдын гана камын көрүү, эки дүйнөңдүн бактысына жетип балкып жашоо эмес, мүлдө адамзаттын күйүтүн тартуу, тууган-туушканыңан тартып ата-жотоң тааныбаган бөлөк элдерге чейин, ал тургай курт-кумурска, жан-жаныбарга чейин кам көрүү, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу, жатсаң-турсаң Алланы ойлоп санаага батуу, түндөрүңдү саждада өткөрүп, көзүңдөн жашыңды кургатпай буркурап ыйлоо тура дин деген. Ар бир кадамыңды эсепке тартып, бүгүнкүң менен эртеңкиңди салыштырып, көр дүйнөнү жүрөктүн түпкүрүнөн сыйрып ыргытуу, ыйманыңды кайрап, абийириңди бүлөп отуруп олуялык даражага чыгып, андан өтүп периштелердин катарына жетүү, керек болсо алардан да алдыга умтулуп, Пайгамбарыбыздын тээ алдыда кыраңдаган караанына ашыгуу экен. Ооба, Пайгамбарыбыздын караанын алдыдан көрүү деп гана айта алабыз. Себеби, ага жете баруу башка жанга насип болгон эмес. Ага жетүү бүткүл момундун ыйманынан да өйдө турган азирети Абу Бакирге да буйруган эмес. Мына ушунун өзүн түшүнүү да, чын жүрөктөн сезип, ошол улуу инсандарга суктанып отуруп көздөн жаш кылгыртуу да дин болот тура. Дагы канчалаган сырлары бар Исламдын, дагы канчалаган тереңдиги, канчалаган бийиктиги бар. Даярдыксыз кирбесең жок кылып жиберер алоолонгон оту, ченеми менен жутпасаң тамагыңды куйкалап кетер балдай таттуу шербети бар. Жеке мен Призма-4 китебин окуганда мына ушундай улуулуктарды көргөндөй болдум. Анын мааниси, көтөргөн темалары ушунчалык бийик болгондуктан, мен көрө алышымча гана көрдүм. Балким сиз менден да жогорусун көрөрсүз. Мен бүдөмүк байкаган нерселер сизге дагы таамай көрүнөр. Ал жагын айта албайм. Бирок, не деген бийиктиктер, не деген улуулуктар бар экенине күбө болоруңуз анык. Эмесе, таанышып көрүңүз окурманым. Күйүтүнө күйүп, рахатына балкып, моокумуңузду кандырыңыз. Бийиктикке карай ак жол!!!

Китептин баасы 390 сом.

Сатып алуу түйүндөрү:

📍Бишкек ш.; Киев көчөсү, 65 (Эркиндик бульвары менен кесилишет)
☎️0559 501 509
📍Бишкек ш.; 7-кичи район 16Б/3 (Шейиттер мечити)
☎️0705 509 501
📍Ош ш.; Раимбеков көчөсү, 13 (эски Зайнабитдинов көчөсү, Тадж-Махалдын жаны)
☎️0507 501 509
📍Жалал-Абад ш.: Н. Айтматова көчөсү 8, (Бакыт Телеграф)
☎️0703 501 509
📍Баткен ш.: М. Нургазиев к. (Ор; Налоговый маңдайы)
☎️0771 501 509
📍Нарын ш.: Ленин көчөсү 214 а (Эски комфорт магазин)
☎️0706 484 932
📍Талас ш.: Сарыгулов көчөсү (Ислам багыт дүкөнү)
☎️0222 458 703
📍Каракол ш.: Гебзе көчөсү 118
☎️0777 465 281
📍Жети-Өгүз р.: Кызыл-Суу айылы Манас көчөсү 75 (Кызыл-Суу паркы)
☎️0507 212 595

📕Андроид колдонуучулары китептин электрондук (epub) форматын төмөнкү шилтеме аркылуу сатып алып окуса болот.
Google Play: https://play.google.com/store/apps/details?id=com.bookhousekg.app
👍1