JRT📌📈📚
436 subscribers
131 photos
17 videos
34 files
105 links
Download Telegram
Сунуштайм
4👍1
JRT📌📈📚
https://youtu.be/GQTp28-1QsU?si=3_Fm37BpnFGebfdx
Чындыгында өтө таасирдүү болду ,көрүп,угуп пайда алып ,амал кылып калгыла!
25 жашка чейин
(Учкул сөз ) Силердеги жаштык сөзсүз түрдө кетет. Эгер силер адал чөйрөдө болбосоңор, жаштыгыңар текке кетет. Башыңарга дүйнөдө да, кабырда да, акыретте да таттырган ырахаттарынан көбүрөөк балээлер менен кайгы-муңдарды алып келет. Эгер ислам тарбиясы аркылуу ошол жаштык нээматына карата бир шүкүр катары ар-намыстуу жашап, дин буйруктарын аткарууга сарптасаңар, жаштыгыңар руханий жактан түбөлүктөшөт. Түбөлүктүү бир жаштыкты утуп алууга себеп болот.
*ЖУМА МААРЕК БОЛСУН*.
Дуба кылабыз жана дуба күтөбүз, дубаңызга мени кошуңуз 🤲😉
14
Ишти баштаганда 2 нерсе керек;
1) аракет
2) дуба
Акыры журок менен чечим чыгаруу керек дейт бир байке
16
Эреже:

18-25 жашта: Акча топтобо.
Кесип топто.

25тен кийин кесип сага акча топтойт.
👍14🔥65
Forwarded from Subanov
Саламатсыңарбы?Мен 2026 жылы (ЖРТ) ОРТ тапшырып химия-134 балл , биология-131 балл алдым .
##Химиядан болсо мен 10-класска чейин эле 1400дой НЦТ тесттерин иштеп чыккам ,ал эми 11 класста болсо бир убакта эле темаларды кайталап жана тесттер менен иштеп жаттым , анда мен ОРТга чейин 50 дой пробный жаздым же 2000дей суроо иштедим
##Ал эми биологиядан болсо мектептин алды эле болчум бирок ошол билимим менен жакшы балл алууга жетпейт болчу .Ошол үчүн мен октябрдан баштап ОРТ күнү болгонго чейин биологияга көп басым жасадым .Дээрлик бардым темаларды кайталап чыктым .ОРТ тесттер менде жок болгондуктан көп тест менен иштебегем ,жалпы 10-15 гана пробный тест жазгам.
Химиядан пробный тесттен эң көп алган баллым 135 балл , биология болсо 125 балл болгон.

Бир жыл бою химия , биологиядан ушул эжейлерден билим алгам ,ошонун натыйжасында ушундай баллды алууга жетиштим.
Химия 0500 446 513
Биология 0555 114 551
Окуйм десеңиздер ,силерге да сунуштайм .Байланышып көрсөңүздөр болот.
👍62
Мурун эле...
Манасга тапшыргандар...👇
Только НЦТ барго ошолор

Мектеп база кучтуу болсо жакшы ,болбосо жатташ керек ...
География,история, биология, адабият, тил жаттасан болот
Математика , физика, химия чыгарыш керек да...🙌

Эгер Манасга тапшырам десен , ЖРТ 110 откоз да ,так Максат коюп кесипке ошого жараша гум же так даярданыш керек, ЖРТ ойнобой калат ,200+ алсан да😇

Бир ай калат дегенде даярдансам дебе!
Себеби конкуренция ото кучтуу ,жыл сайын 15000+ абитуриент анын ичинен 1000 чукул ,ашуун алат...

Мен кордум ОРТлары 200+ да далайы отпой калды🥲

Ошого внутренний экзаменге эле даярдан ,себеби ОРТ менен минустары ото эле коп , ещё озун каалаган кесипке аз эле квота же берилбей да калат , конкуренция кучтуу🙌🙃
3👍3
Акматова Сезимай Султанбековна
239 упай
Баткен областтык жалпы билим берүү жатак-мектеби
АУЦА университети, Бизнес-администрация факультети.
1) ЖРТге кантип даярдануу керек?
ЖРТге даярдыкты «бүгүн, эртең» деп отурбай, азыр башташ керек. Баштагандан кийин туруктуулукту сактоо маанилүү, күнүнө жок дегенде бир сааттан кем эмес убакыт бөлүү керек.

2) Сиз ЖРТге кантип даярдандыңыз эле?
Мен күн сайын аз болсо да даярданууга аракет кылдым. Алсыз болгон темаларымды аныктап, ошолорго көбүрөөк убакыт бөлдүм. Теорияны бүтүп анан практикага кириштим. Көп сынамык тест иштеп, кетирген ар бир катамды талдап аттым.

3) Сиздин кайсы сапатыңыз алтын сертификат алууңузга түрткү болду?
Менимче, эң чоң жардам берген сапатым — аракетчилдик. Кыйын болуп кеткен учурларда да даярдыкты токтоткон жокмун, Бошобой калган күндөрүмдө да жок дегенде 10-20 тест иштеп коёюн деп даярдыкты үзгөн жокмун.
4) Эң негизги кеңештер?
-Өзүңүздү башкалар менен эмес, кечээги өзүң менен салыштыр. Алган баллдарыңдын өсүүсүн көзөмөлдөп тур.
-Ката кетирүүдөн коркпо, анткени ар бир ката аркылуу жаңы нерсе үйрөнөсүң, жана андай тапшырмалардан башка адашпайсың.
-Убакытты туура бөлүштүр, тест иштегенде убакытка коюп, ченелген мүнөттө бүтүүгө аракет кыл.
-Ден соолугуңа көңүл бур жана өзүңө ишен.

5) Сиз өзүңүзгө кесипти кантип тандадыңыз эле жана кесип тандоодо бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш бере аласыз?
Мен кесипти өзүмдүн кызыгуумду, жөндөмүмдү жана келечектеги максаттарымды эске алып тандадым. Бүтүрүүчүлөргө кеңешим — “мода” үчүн эмес, өзүңөрдүн кызыгууңарга жана күчтүү жактарыңарга ылайык кесип тандагыла, анткени ошол тармакта көп жыл эмгектенесиңер.

6) ЖРТ жөнүндө билүүгө зарыл болгон эң маанилүү нерсе?
ЖРТ — бир күндө эле даярданып жогорку упай алып ала турган сынак эмес. Ал сенин көп айлык, кээде жылдык эмгегиңдин жыйынтыгы. Ошондуктан үзгүлтүксүз даярдык, сабырдуулук жана ишеним эң маанилүү.

7) ЖРТ жөнүндө көп окуучуларга маалым болбогон нерсе барбы?
ЖРТга даярдыкты эми эле баштаганымда, бул тест аябай татаал болуп көрүнгөн, бирок чыныгы тестке киргенде негизинде жеңил эле экен. Сынак учурунда толкунданбай, ишенимдүү болуу үчүн даярдык учурунда тесттин форматына көнүү жана өзүңдү психологиялык жактан даярдоо да маанилүү экен.
9
Амина Уразбаева 231 балл Алтын сертификат
Мектеп: Бишкек баары ,✓111 мектеп
Университет:КГМА
кыргызча тапшырган



1. эгерде фундамент жакшы болсо ,сынамык тесттерди кобуроок жазып аларды талдоо керек деп ойлойм
2. курстарга барып ,Оз алдынча да окуп жургом
3. аракетчилдик мумкун
4. жрт деп жашоону унутуп койбоо😂
4. кунт коюп окуу, ар Бир маселени талдап ,каталардын устунон иштоо
5.кесипти тандоо учурунда кээ бир талаптарга жооп бериш керек
сен окуп буткончо бул тармак актуалдуулугун жоготпойбу ?
сен бул ишти алып кете аласынбы?
сага бул кызыктуубу ?
ну и деньги
ошол айлык акыга жашап кете аласынбы
6. жрт кыйын деле эмес, башкысы суроолордун логикасын тушунуу Жана туура жоопту белгилоо


Ушундай эми...😁
5
10-класстар быйыл 11-класска өтуп , жашоонордогу эң маанилүү кадамдар турат алдыңарда , окуу башталына так 1 ай калыптыр ,сентябрдан кийин убакыт барго ушундай бат өтөт кантип май болгонун билбей каласыңар..!😁


Силер эми мектептин чоңу болуп ,11-жыл окуган мектепти да аяктайсынар, 11-жылды эмне үчүн окудум ,эмнелерге жетиштим деп ,эмне үйрөндүм дегиле ,жыйынтык барбы деееп....


Ата-эненер ,мугалимдер,дос-туугандар силерден өтө чоң үмүт кылып жатат... Алдыда силерди :университет тандоо ,кесип тандоо,ЖРТ даярдануу ,бүтүрүү кече 25-май,ГОС-НЦТ экзамендери,олимпиада ,классташтар менен коштошуу,жаңы жашоо ,студенттик жашоо , анан жубай/жолдош тандоо,үй бүлө куруу ж.б толгон токой кадамдар,чечимдер турааат...

Баса Сезимай 239 балл алган ,10-класста эле 200+алып жүргөн экееен...

Ошондуктан азыртан,жакшы ниет кылып, так максат коюп ,АЛЛАГА тобокел кылып ,дуба кылып,ата-энердин дубасын алып ,аракетти кылсаңар натыйжа АЛЛАДАН болот ,буюрса !

Баса жашоонорду ЖРТ менен байлап албагыла ,андан да башка нерселер ЧЫНЫГЫ жашоодо маанилүү экенин унутпагыла... Т.а тандоо,чечимдер

Балким, ЖРТ тапшырып алып,ээ жашоо көрсө башкача турбайбы ,мен эмне эле кыйналып жүрүпмүн ,байлап алып дейсиңер да... Көрсө ЖРТ оңой эле экен ...😁

Узак жолдо ,жолду карап кетип жатып,жолду кыскарта, ,силерге жакшы ойлор менен бөлүшөюн деген ой...


Баары жакшылыкка🤗
👍84
JRT📌📈📚
https://t.me/dayardan_jrt
Колдоп ,коштоп койгула!
3
Досум