ЖРТ тест учурундагы СТРАТЕГИЯЛАР
⦁ Тест эрежелерин тестке кирээрден мурда оку
Тест учурундагы ар бир секунда маанилүү. Алтындай убакытты бөлүмдүн эрежелерин окууга эмес суроолорду иштөөгө жумша.
⦁ Алгач биген суроолоруңа жооп бер
Билген суроолорго дароо жооп берип, чыгара албаган суроолор үчүн көп убакыт коротпой кийинчерээк кайтып кел.
⦁ Туура эмес варианнтарды кемит
Туура эмес вариантты аныктай алган болсоң дароо кемитип салып калган варианттар үстүндө ойлон. 5 варианттан 3 туура эмес жоопту тапкан болсоң калган 2 варинаттын бирөөсүн божомолдоп тап.
⦁ Жооп кагазын тыкан белгиле
Жоопторду машина текшергендиктен ашыкча сызыктар туура эмес текшерүүгө алып келиши толук ыктымал.
⦁ Алгачкы жообуң көпчүлүк учурда туура болот
Иштеп бүткөн суроону кайра келип караганда жообуңду оңойчулук менен өзгөртпө. Алгачкы белгилеген жообуң ката экенине толук ишенсең гана өзгөрт.
⦁ Бир гана туура жооп бар
Бирден көп жооп туура көрүнүп жатса, ойлонуп көрүп эң туурасын белгиле.
⦁ Бош суроо калтырба
Ката жооптор туура жоопту кемитпейт. Ошондуктан иштей албаган суроолоруң болсо да аларды бош калтырба. Бир жоопту божомолдоп белгилеп кой, балким туура чыгып калат.
⦁ Көңүл бур
Ар бир суроону өз ордуна белгиле, экзамен учурунда шашып башка суроонун жообун башка суроого белгилеп коюу же башка бөлүмгө белгилеп коюу мүмкүн.
⦁ Алгач оңой суроолорду
Тесттин башы жеңил суроолор менен башталат. Суроолорду катары менен иштөө маанилүү. Акыркы татаал суроолорду биринчи иштейм деп жеңил суроолорго убакыт жетпей калбоосу үчүн катары менен иштөө эң жакшы ыкма!
⦁ Суроону туура түшүнүү
Кээде даярданып жүргөн учурдагы суроолорго окшош суроо келип калышы мүмкүн. Бирок суроодо бир аз айырма болуусу турган кеп, ошондуктан суроодо эмнени сурап жатканын аныктап ал. Сен иштеген суроолордон айырмасы бар чыгар!
⦁ Саат
Тестке саат менен кирүү сунушталат. Канчанчы суроого жеттиң жана сенде канча мүнөткө канча суроо калды көзөмөлдөп туруу керек.
⦁ Тестте эмне келээрин бил
Математика 1: 30 суроо ( 30 мүнөт)
Математика 2: 30 суроо ( 60 мүнөт)
Окшоштуктар жана сүйлөм толуктоо: 20 окшоштук жана 10 с.толуктоо (30 мүнөт)
Окуу жана түшүнүү: 3 текст 30 суроо (60 мүнөт)
Практикалык грамматика: 30 суроо (35 мүнөт)
⦁ Толкунданба
Канчалык маанилуу болбосун, бул болгону бир тест. Коркуу жана толкунанууга кажет жок. Өзүңө ишенүү көбүрөөк упай алууга жардам берет. Тест учурунда тест жана убакыт гана маанилүү.
⦁ Сен жана тест
Айланаңдагы окуучулар жана алардын аракеттери көңүл бурууга арзыбайт. Досуңдан жардам сурасаң анын убактың аласың, сенден бирөө сураса сенин убактыңды алат. Бирөөгө жардам бергиң келсе тестке чейин үйрөтүп жардам бер, тест учурундагы жардамың жардам эмес досуңа жана башка тест тапшыруучуларга душмандык.
__________________________________________________
Anonymous Poll
90%
🤟
10%
👎
ЖРТны конулдогудой тапшырып чыктым🤨
Anonymous Poll
49%
+
12%
-
39%
+-
Биздин университеттин 10 жылдыгы болуп жатат. Бул 10 жылда аябагандай чон ийгиликтерге жетишти. Акыркы 3 жыл катары мн Leiden ranking боюнча Кореядагы No1 универ болуп келет. Илим изилдоо тармагында аябагандай чон потенциалы бар бир ЖОЖ.

Эн кызыгы бул жакка жана буга окшогон дуйнодогу мыкты окуу жайларга бакалавр жана магистратураларга 100% бекер жана баардык чыгашаларынды жаба турганчалык стипендия менен окууга болот. Болгону мектепте же универде жакшыраак окуп, тилди да уйронуп (англис тилин) жуздогон, миндеген шанстарды табууга болот.

Менин Билимотту жана ушул сыяктуу каналдарды жургузуп жатканымдын себеби, келечекте олкобуздон жарандары ушундай сонун мумкунчулукторду колдоно билсе... Бирок аны учун фундамент жакшы болуш керек жана тил билуу зарыл. Ошондуктан Bilimot.com математикадан башталды. Буюрса математиканы дагы да терен жана дагы да жонокойдон баштап уйроткон сабактарды жасайбыз. Андан кийин башка предметтерге жана тилдерге фокус болот.

Каналдагы окурмандардын кобу быйыл окууну бутуп жаткан жана чет элге окууга тапшырууга азыр даяр эмес деп ойлойм (англис тилиндеги TOEFl, IELTS сынактарын тапшыра элек деп ойлойм). Анын устуно созсуз эле чет жерде окууга кажет жок. Кыргызстанда да мыкты адис болууга шарт бар. Андыктан туура кесип (сага жаккан) жана ошого ылайык туура ЖОЖго тапшырып окууну улантып кетуу маанилуу. Буюрса ушул ай ичинде ЖОЖдор ж-до подкасттар чыгып баштайт.
Жогоруда университетибиздин 10 жылдык маарекесине арналып болуп жаткан концерттен узунду (K-pop куйормандарына). Группанын аты The Boys окшойт, K-POP укпайм😅
🔥 Долгожданное интервью с Селимжаном

Около трёх недель назад я анонсировал интервью с Селимжаном Чалышкан, учеником НИШ ФМН г.Алматы и победителем International Biology Olympiad, который поступил в Гарвардский университет.

Интервью можно прочитать по ссылке или же через внутри Telegram через Instant View.

Время прочтения: 19 минут

Буду благодарен если поделитесь этим интервью! 😉
IT тармагы ж-дө маалымат июньдун баштапкы күндөрү чыгат.
Мен алып жаткан 6 курстун бирөөсү болгон "Society and Culture" ( Коом жана Маданият) курсу ж.а. профессор Брэдли Татар ж-дө буга чейин жазгам✍️

Мунусунда "Физикалык Химия 1" жана профессор О.Квон ж-дө болмокчу📝📝📝

Бул семестр (үч жарым ай) Шейшемби жана Бейшемби күндөрү эрте мененки саат 09:00-10:15 арасы ушул сабакты окудук. Сабакта эмнелерди өткөнүбүздү төмөндөгү конспегимдин сурөтүнөн кыскача көрүүгө болот. Негизинен химиялык термодинамика жана аралашуунун термодинамикасын үйрөндүк. лекцияны абдан кызыктуу өтөт деп ойлобойм🙊, көбүнчө феноменге караганда формулага басым жасайт, бирок кызыктуу эле өтөт.🙃

Семестрдин акыркы сабактары 10-июньда бүтөөрүнө карабай, проф Квон бул акыркы сабакты 20-майда эле бутүрүп салды😄😍 (бардык студенттерге жакты албетте). Бүгүн каалоочулар үчүн эрте мененки саат 9да өзүнүн изилдөө лабораториясын тааныштыруу сессиясын кыла турган, 7 студент катыштык. Төмөндө ошол сессияда мага кызыктуу болгон жана эсимде калган пункттар жазылды:

1) Пр. Квонд Phd же PostDoc (КРдеги аспирантура же докторантурага эквиваленттүү) окуусун АКШдагы Калифорния Технологиялык Институтунда аяктаган.

- Магистратура, PhD жана PostDoc окууда предметтерди окууга эмес лабораторриялык (лаб) изилдөөгө басым жасалат. Магистратурада аз эле курс окуп, көбүнчө лабда жүрөсүң. Ал эми PhD/ PostDoc жалаң гана өз тармагыңдагы өз ишиңди (көбүнчө изилдөө, жаңы нерсе жасоо же ар кандай поекттердин үстүндө иштөө) аткарасың. Химияны ала турган болсок, канчалык жакшы лабы бар профтун окуучусу болсоң ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.

2) Пр.Квондун лаб окутуучусу - 1999-ж химия боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, "фемтохимиянын" атасы катары таанымал теги Эгипеттик профессор Ахмед Зувейл болгондугун бүгүн билдим. Бирок биздин ЖОЖдо Нобел лауреаттын окуучусу болгон профтор көп болсо керек. Мисалы, мен билгенден эле өткөн семестр ФизХимия 2 деги проф да атактуу Линус Поулингдин (Linus Pauling) окуучуларынын линиясынан болчу. Атактуу жана чоң ачылыштарды жасаган профтордун лабораторияларында иштөө албетте эбейгейсиз чоң тажрыйба жана билим алууга мүмкүндүк берет.

-Изилдөө лабораторияларында каалаган ишиңди аткара билүү үчүн көптөгөн изилдөө инструменттери керек болот. Сенде жакшы идеяң болгону менен аппаратың болбосо текшере албайсың. Мыкты университеттерде ошондой кымбат баалуу аппараттар бар. Ошондуктан жакшы универ тандоо да маанилүү.

3) Пр.Квондун изилдөө тармагы эксперименталдык физикалык химия. Анын ичинде фемтохимия, атомдордун реакциялардагы кыймылдарын изилдейт. Анын акыркы изилдөөлөрүнүн дээрлик баары илимдеги эң алдыңкы ачылыш болуш келе жатат. (Учурда илим өтө кеңейип кеткендиктен эң алдынкы ачылышты жасоо анчалык чоң иш эмес, анткени химиянын эле ичинде майда бөлүктөргө бөлсөң 200-300 майда тармак болушу мүмкүн ошолордун ичинен бир тармакта ачылыштарды жасоо Эйнштейндер жасаган ачылыштардан кыйла башкача, жана Эйнштейн сыяктуулардын ачылыштарындай чоң масштабга ээ эмес.

Уландысы бар. Кийинкиде Пр. Квондун лабкасы, лабораториясы, кантип 3 миллион долларлык аппаратты куруп чыкканы, студенттерге берген ой/сунуш/насааттары ж-дө жазам🐯
Forwarded from Way to Dream job
Fake it till you make it

Привет всем, друзья. Если вы это читаете, значит этот пост написан не зря.
Очень благодарен каждому, кто дочитал до конца (займет не более 3 минут) и поделился со своими друзьями. Возможно, в данный период жизни это как раз то, что они ищут.

В своей жизни я занимался разной работой: официант в дорогом заведении, где пузатые байкешки не считают тебя человеком; продавал новогодние шапки в Томске, потому что не оставалось денег до конца месяца; сдавал в аренду каяки на Иссык-Куле. На другую работу не брали из-за отсутствия опыта или возраста. Позже я связал свою жизнь с программированием, но и тут было не все так гладко.
Я помню это дико неприятное ощущение безысходности и бессилия, сидя на скамейке, когда меня единственного из 6 стажеров не взяли на работу в IT компанию. Но чуть позже я осознал необходимость всех этих неудач...

Мне было 18. Только поступил в ВУЗ. Мой опыт в разработке, приобретенный на летней стажировке, позволял защитить дипломную работу. Но рамки есть рамки, тебе нужно отсидеть 4 года :). Спорил с преподавателем, видя его некомпетентность. Мне было дико непонятно, зачем оканчивать ВУЗ, если по итогу IT компании не смотрят на корочку, и по-любому новички должны пройти стажировку от 1-6 месяцев. По итогу, я просто перестал ходить на пары и продолжил грызть IT-шный гранит науки самостоятельно.

Прошло 2.5 года, за это время я сильно повысил свои навыки в разработке, школа программирования CodeGeneration, развитием которой я занимаюсь - обеспечила хорошей репутацией, в результате чего частенько приходят заказы до 5000$.

Интересный парадокс: Конкурс на международника (МО) в КРСУ 10 человек на 1 место. По окончанию, бОльшая часть занимается совсем другой деятельностью. Зачем?
Сегодня в IT индустрии Кыргызстана существует огромная нехватка кадров, которую никак не могут заполнить курсы по программированию, ВУЗы и самоучки.
Есть даже организации, которые обучают вас в течении 2 месяцев, после чего вы можете претендовать на зарплату 300$. Представьте себе, профессия за столь короткое время.

Так что нас останавливает?
Страх перед новым, неуверенность в себе, стереотипы, дорогое обучение или долгий срок обучения?
За 3 года преподавательской деятельности, я понял одну очень важную вещь - программистом может стать каждый, было бы желание. Причины могут быть разными: отсутствие мотивации, непонятно с чего изучать и куда идти, как получить именно те навыки, которые помогут трудоустроиться…

На основе своего опыта в разработке и потребностей IT компаний сегодня, мы создали месячный акселератор с возможностью трудоустройства, где вас научат кодить, работать в команде, подготовиться к собеседованию и многое другое, на что обращает HR менеджер любой IT компании.
Акселерация будет полностью БЕСПЛАТНОЙ. В чем подвох, спросите вы? Никакого подвоха нет, вы платите за результат - 30% от своей первой зарплаты при успешном трудоустройстве. Не трудоустраиваетесь - не платите ничего. На первый поток, примем только 30 человек, по итогам небольшого опроса.

Нельзя научиться кунг-фу, посмотрев фильмы с Брюсом Ли или Ип Маном.
То же и с программированием:
Я хочу изучать программирование, но не знаю с чего начать.
Я хочу трудоустроиться, но все компании требуют опыт работы, которого у меня нет.
Акселератор будет вашим мощным трамплином, чтобы не войти в IT, а влететь. Просто нужно пробовать :)

Все что нужно, подать заявку по ссылке: https://forms.gle/GukAFQSbH8ehEyer8.

Большое спасибо за внимание. Очень буду благодарен за ваши репосты.
Жогоруда👆 CodeGeneration программиравание мектебинен аябагандай мыкты мүмкүнчүлүк. "Бекер окуу жана бир айда жумуш табуу! Жумуш табылбаса эч нерсе төлөбөйсүң, тапсаң биринчи айлыгыңдын 30% бересиң" - дейт менин түшүнүшүм боюнча.🙃 Чындыгында жакшы мүмкүнчүлүк экен, Бишкекте болсом жана каникулга өзгөчө планым жок болсо сөзсүз барып жаңы нерсе үйрөнүп, балким жаңы кесип аркалап кетмекмин. 😏😏 PS. Акыркы күндөрү программисттик кесиптин артыкчылыктары тууралуу көп угуп экинчи трэгимди (1st track/major and 2nd track/minor) компьтер👨🏿‍💻илими жана инженериясы тармагына өзгөрттүм. Биздин универди (UNIST) бүткөндө эки диплом аласың,1️⃣ бирөө негизги (major) жана 2️⃣экинчи диплом кошумча (Minor). Менин major'ум: 1️⃣Химия Илими (Chemistry Science) жана minor'ум: 2️⃣Компьютер Илими жана Инженериясы (Computer Science and Engineering). Эки тармакта тең аябагандай чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрдүм. Буюрса КРда химиктер жана программисттер көбөйүшүнө өз салымымды кошууга аракет кылам⤴️, мындай мүмкүнчүлүктөрдү башкалар билбей өткөрүп жиберүүсүн каалабайм. Анткени, бир адамда мүмкүнчүлүгү бар туруп аны колдонгон эмес болсо мени көп түйшөлтпөйт. Бирок бирөөдө мүмкүнчүлүгү жок же ошол мүмкүнчүлүк ж-дө билбей/укпай калган адамдар бар болсо мени түйшүккө салат. Ошондуктан билген жана башкаларга пайдалуу болот деп ойлогон нерселеримди бөлүшүүго дайыма аракет кылам.✍️ Менин ишим колдон келишинче түшүнүктүү кылып бөлүшүү, ал маалыматты алган адам канчалык пайдалуу деп ойлойт жана аткарат же аткарбайт өз чечими.💁‍♂️
Жогорудагы шилтеме боюнча Билимоттун подкасттарын аудио форматында угууга болот👆👆
Төмөндө болсо IT тармагы тууралуу даярдаган подкастыбыздын YouTube шилтемеси. Жаңы жогорку технологиялардын өнүгүүсү аларды программалап жасоочуларды, аларды түзүүчүлөрдү талап кылат. Ал эми бул жумушту негизинен компьтердик технологиялар тармагында иштегендер жасайт - программисттер, ПО разработчиктер👩‍💻👨‍💻