Төмөнкүлөр жана буга чейинкилердин баары болгону менин ойлорум жана тажрыйбаларым. Балким мурда башкача ойлончумун, же кийин башкача ойлоном. Балким туурадыр, балким ката🤨. Эмнеси болсо да, бирөөлөргө пайдасы тийип калат деген ойдо жазып жатам. Зерикпесең окуп чык)))


Акыркы мезгилдери көп кубандырган, ошол эле убакта таң калтырган жакшы жанылыктарды угуп жатам😀 Мен тааныган эле тең туш достор, бир убактарда бирге окуган тааныштар, бирге окуп бирге жашаган байкелер ж-дө айтып жатам.

Алардын арасында Самсунг жана ошол сыяктуу Кореянын алдынкы компанияларында иштеп жаткандар бар. Бирок эң таң калтыра баштаганы менин тең туштарымдын арасында (жашы мендей 20-21) достор жана тааныш балдар Кореянын жана дүйнөнүн мыкты IT компанияларына бир канча айлык стажировкаларга өтүп жатышканы😱😇. Алардын арасында кыргыздар, казактар, түркмөндөр бар. Кореянын Google'лу болгон "Naver" компаниясында, Россиянын Google'лу болгон "Яндексте", чыныгы Google компаниясына да (чыныгы Google'дун Кореядагы филиалына) жана башка Европадагы компанияларга стажировкага өтүп иштеп келип жатышат. Жана кудайга шүгүр, алардын ийгиликтери менде бир аз да болсо көрө албастык, шүгүрсүздүк же кызганчактык сезимдерин пайда кылган жок, чын жүрөктөн алар үчүн кубанып жатам. Тескерисинче мага жакшы мотивация берди, мен да өз тармагымда мыкты болууга аракет кылуум керектигине түрткү болуп жатат. Силерге да төмөнкүлөр мотивация берет деген үмүттөмүн😊


Ойлоп көрсөң абдан жакшы жетишкендиктер. Мисалы, кээ бирөөлөрүнө стажировка кылганы үчүн эле жумасына 900 доллардай төлөйт экен, бул дегени бир айга $3,600 (~252,000 сом). Кээ бирөөлөрү айына $3,000 жакын айлык алат ( 210,000мин) болгону стажировка кылганы үчүн. Ал эми жумушка стажёр эмес жумушчу катары киргенде мындан жогору айлык алаары анык кеп. Албетте баары эле мындай жерлерге өтө алышпайт, бирок көпчүлүгү жакшы компанияларга стажировкага өтүп жатышат.


Эмне үчүн КРда мындай стажировкалар жок? Эмне үчүн КР студенттери да ушундай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес?

Менин оюмча, биринчиден КРдагы студенттердин билими бул жактагылардыкындай эмес. Алар бул жактагы студенттерге караганда өз кесиби боюнча азыраак билимге ээ. Көбүрөөк үйрөнүшсө болмокбу? Ооба, бирок алардын ЖОЖдорунда, мектептеринде анчалык үйрөтө албайт. Бирок үйрөтпөсө да өздөрү үйрөнүшсө болмок да... Оа болмок, бирок достору, курсташтары окубай жүрсө кызыгуу жок, анын үстүнө жарыш жок, конкуренция жок ж.б. Ушунун баары себеп болот деп ойлойм. Булар бизге чек эмес, КРда туруп мыкты билим алууга, мыкты тажрыйба топтоого көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм жана ошол ийгиликтерге жетишип жаткандар да көп. Бирок ага көп эмгек жана аракет керек. Албетте чет өлкөлөрдө да мындай мүмкүнчүлүктөр ашып ташып жаткан жери жок, аракет кылып окуп, өз өлкөсүнөн чет өлкөгө бекер окууга өз күчү менен өтүп, кээ бир өздөрү каалаган нерсени кылбай курмандык кылып, өзү каалаган максатына карай жол алгандар жана ошол аракеттерине жараша кудай берекетин берип жаткандар жетишип жатат.
Билим көп нерсеге жол ачат экенин көрүп жатам. Ошон үчүн кандай шарт болбосун баарын колдонуп, бир аз да болсо билимди жогорулатууга аракет кылыш керек экен. Келечекте сөзсүз алган билимдин пайдасы тиет. Анткени билимди кайра-кайра колдонсоң да түгөнбөйт, тескерисинче өнүгөт, ал эми материалдык нерсе болсо, бир же бир канча жолу колдонгондон кийин түгөнөт. Келечекте баарыбыздын башыбыздан өйдө-төмөндөр өтөт деп ишенем, акчаң барбы жокпу, билимиң барбы жокпу, аксыңбы карасыңбы баарыбыз турмуштун өйдө төмөнүнөн өтөбүз. Бирок ошолордон кийин акчаң жоголоору анык, бирок билимиң оңой менен жоголбойт, албетте чындап үйрөнгөн билим болсо, жаттап алаган нерсе эмес.
Бизге жалпы дүйнө адамдарына, алардын ичинде албетте биге, Кыргызстан жарандарына, билим, тажрыйба, профессионалдуулук жана жогорку адамдык сапаттар сөзсүз керек. Албетте булар бактылуулукту алып келбейт, бирок бактылуулукту кетирбейт дагы. "Бактылуулук акчада эмес, бирок бактылуулук кедейликте дагы эмес." Ал таптакыр башка өзүнчө бир тема сыяктуу...
Ошондуктан күнүнө билимиңди кыпыңдай бир салмакка болсо да жогорулатуу керек. Аны үчүн тил билүү, кругозорду кеңейтүү, көп китеп окуу, өз адистигиңе пайдалуу боло турган билимди алуу, адамдык сапаттарды өнүктүрүү, алдыга умтулуу керек. Эң башкысы ынтызар болуу, кызыгууну жоготпоо керек деп ойлойм.
Добавкага, төмөнкү TED Talk'ту сунуштайм🍎. https://www.youtube.com/watch?v=AAkx68Yu6Ng
💰Ишсиз калгың келбесе...

🇰🇬Кыргызстанда эң керектүү 10 адистик аныкталды

📚Жыл сайын өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет.

📊Билим берүү министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2018-2022-жылдары эң керектүү болчу 10 адистикти аныктады.

📝Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул жылдары эмгек рыногунда өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба жана медицина тармактарына адистер көбүрөөк талап кылынат. Алар:

маалыматтык коопсуздук боюнча адистер;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму;
тоо-кен иши;
геологиялык чалгындоо технологиясы;
технологиялык машиналар жана жабдуулар боюнча адистер;
медицина;
менеджмент жана маркетинг;
агрардык инженерия;
курулуш тармагындагы адистер;
билим берүү.
Офис кызматкерлери.

Үч айда чакан ишканаларга 500дөн ашуун киши ишке орношкон

🌏Ал эми дүйнөдө суроо-талап эң жогору болгон адистиктер IТ адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог экени айтылды.

📑Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, былтыркы окуу жылында ЖРТдан эң көп балл топтоп, гранттык орундарга өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү программалык инженерия, дарылоо иши, продуктулар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу, педиатрия, лингвистика, психология, маалыматтык коопсуздук, колдонмо математика жана информатика, медициналык алдын алуу иши жана малдан алынган азыктар технологиясы адистиктери боюнча окуп жатышат.

🏬Жыл сайын өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнөт.
#Адамдар#Мотивация#КесипТандоо

Студент учурунда травма алып, спортту таштоого туура келген. Кийин медициналык окуу жайда окуп медицина тармагында жумушун уланткан.

https://www.hashtap.com/p/VrRMDxL2lDeL
КРнын заманбап жана прогрессивдуу компаниялырынын бири болгон «ololohaus»жумушка алууда эмнеге конул бурат? Байкаганым боюнча «софт скилзке» коп конул бурат. (Soft skills - кыргызчага тузмо-туз которгондо «ийилчээк жондомдор»)

Hard skills тердей эле же Soft skills дагы абдан маанилуу. Мындай жондомду онуктуруу кесиптик тепкичтен которулуудо чон ролду ойнойт.

PS. Келечекте "soft skills"дердин жумушка орношууда маанилуулугу осоору анык. «Что такое софт скилз и почему это важно?»
Салам
«Кайсы болумдорго кобуроок басым жасоо керек же Билимотто жаны кандай болум же эмне жонундо маалымат болсо жакшы болот деп ойлойсуз?»

Азыркы кундору Билимоттун мындан аркы кадамдарын пландап жаткан учурубуз🌱🌱Жалпылап айтканда томонку 5️⃣ болумду кошкону жатабыз:

1️⃣ КР жана чет олколордогу ЖОЖдор ж-до озгочо маалымат.

2️⃣ Подкасттар ( ЖОЖ, кесип, адискойлук, технология жана бизнес тармактары ж-до оз талаасынын мыктылары мн интервью)

3️⃣ Блог (дуйно таанымды кенейткен посттор, окууга тексттер ж.а. ар бир посттун астында тушунууну текшерген суроолор)

4️⃣ Ой жугуртууну орчуткон оюндар (мафия, resistance, крокодил...)

5️⃣ Онлайн курстар:
А) ЖРТ матем
Б) ЖРТ тил болуму
В) ЖРТ Предметтик тесттер (химия, математика, биология, физика, тарых)
Г) Тилдер (орус , англис)

Жогорудагы саналган беш болумдун баары албетте дароо эле башталбайт. Азырынча пландарды тузуу, командага адам табуу ж.б. маселелер мн алекпиз.

Пландар такталгандан кийин кененирээк тушундургон маалымат чыгарабыз.

Ага чейин сиздердин оюнуздарга муктажбыз😊

«Кайсы болумдорго кобуроок басым жасоо керек же Билимотто жаны кандай болум же эмне жонундо маалымат болсо жакшы болот деп ойлойсуз?»

Ар кандай ой-сунуштарга ыраазычылык билдиребиз🙃🧐
Коптон куткон жыйынтыкта чыкты. Билимотту баштагандан бери ЖРТ жонундо копчулук 11-класстарга караганда кобуроок ойлондум окшойт😅😅 Бул каналдагылар кандай жазыптырбыз королучу. Канча балл болду же мурда тапшыргандардыкы канча болгон эле?🌝
Anonymous Poll
21%
>220
13%
200-219
13%
180-199
16%
160-179
15%
140-159
12%
120-139
4%
110-119
6%
110дон аз😁
Мурдакы лабораторияда иштеп жургондо, биз дары жасоого колдонгон (ракка каршы) заттардын 100 граммы бир канча жуз доллардай турчу. Кобунчо жалкоолонуп экспериментти так аткарбай, же даярдаган эритмени колдонбой эскирип бузулуп кеткен учурлар коп эле болот (мен эле эмес шериктер да, негизи ошолордон уйронгом😅). Анан бир кун сурадым: «Булардын баалары канча?» десем, « 100 граммы 100-200 доллардын айланасы» дейт. Ошондон кийин аярлап колдоно баштагам. Кечээ жаны лабораторияда иштеп баштадым. Бугун бир эксперимент жасап жатып, тиги суроттогу 3 пластинкаларды колдондук. Мурда дарылар мн иштейт элек алар кымбат, бирок бул метал арзан болсо кк деп, «булар кымбатпы?» десем «оа, ар бири 500 доллардай турат» дейт. Анан карап ушул бир пластинканын баасына мен бир ай жыргап жашамакмын деген ой келди😅
Биологиядан олимпиадага даярдануу жолдору!

Республикалык жана дуйнолук олимпиадалардын женуучулору тарабынан даярдалган.
👆 чет олкодо окуу жана олимпиадарга даярдануу жана ар турдуу кызыктуу темаларды Баямандын каналынан окууга болот.

***Баса, бугун Баяман мн Ала-Тоо Университетинде IT тармагында окуу ж-до подкаст даярдайбыз. Суроолор болсо Бишкек саат 10го чейин @ozbekov аккаунтуна жонотууго болот.

https://t.me/kyrgyzi
Бул "скучный" подкасттын баарын уккандан көрө, төмөнкү убакыттарга басып, белгиленген суроого барууга мүмкүн 👇 👇 👇
Мазмуну 🖍📋
0:45 Окуу тили кайсы тил?
1:24 Англис тилин жакшы билбегендер даярдоо курсун окуйбу?
2:00 IT тармагында кыйналбай окуу үчүн математиканы канчалык деңгээлде билүү керек? ЖРТ предметтик математика тести.
3:50 Студенттердин окууга болгон мамилеси, пара берүү/алуу?
5:00 Студенттик учурда стажировка кылуу. Бишкектеги жана чет өлкөлөрдөгү стажировкалар.
7:05 Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу.
9:17 Бюджеттик негизде окуу, олимпиада жана ЖРТ менен өтүү. 220 баллдан жогору.
10:55 Окуу контрагы? англис тили факультети, медицина факультети.
11:32 ЖРТдан 170 балл менен окуу.
12:22 Эмне үчүн Ала-Тоону таштап Түштүк Кореяга окууга кетип жатасың?
14:40 Кайсы кесипти тандамаксың? (Учурдагыдан башка)
16:00 Кайсы китепти окуп жатасың жана кайсы китепти сунуштайсың?


Жогорку подкасттагы маалыматтар кимге пайдалуу болгон болсо, лайк басып же комментарийге билдирип койсоңор сонун болот.


Кийинкисинде буюрса IT'ден башка тармак тууралуу кылганы аракет кылабыз👨‍💻👩‍💻 Кайсы тармак ж-дө өз адистигин окуган мыкты студенттердин оюн билгиңер келет?