Лâ Адри (لَا أَدْرِي)
516 subscribers
9 photos
2 videos
10 links
Уктап жаткандарды ойготуу үчүн гана эмес, ойгокмун деп ойлоп жүргөндөр терең уйкуда экенин билдирүү үчүн!
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Тозок- Көпчүлүккө от, ыссык, кайнак, бардык айлана күйүп жаткан абалды, нерселерди элестетет… Бирок бардык эле адамдар тозокто чыдагыс суук да бар экенин билишпейт.

«Замхарир» – тозоктогу ушундай бир аймак, анда адамдын денеси катуу сууктан айрылып, бөлүнүп кетет. Тозок ээлери жан чыдагыс ысыктан кутулууну көздөп «Замхарирге» качышат, бирок ал жакка жеткенде сууктан улам сөөктөрүнүн сынып жаткан үндөрү угулат.

“Чынында, эгерде каапырлардын колунда жер жүзүндөгү бардык байлык болуп, ага дагы ошончо кошулса да, алар Кыямат күнүндөгү азаптан кутулуу үчүн аны курмандыкка чалууну каалашат. Бирок бул алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн – оор азап бар. Алар тозоктон чыгууга аракет кылышат, бирок андан чыга алышпайт. Алар үчүн – түбөлүк азап бар» (Маида сүрөөсү, 36-37-аяттар)

@bilbeymm
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Нооруз майрамы кызуу өтүүдө!
Лâ Адри (لَا أَدْرِي)
Нооруз майрамы кызуу өтүүдө!
“Ислам дини караңгылык. Ал арабдардын дини, биз Исламсыз эле жашап келгенбиз” дегендерди көп угуп же окуп калгандырсыз. Ошону кимдер жазат деп кызыгып жатсаңыз, дал ушул видеодогулар сыяктуу адамдар жазат. “Исламчылар эмнеге ноорузду тыюу саласыңар, ушунчалык караңгысыңарбы? Арабкул болбой өздүгүңөргө кайтсаңар боло” деп төш кага беришет.
Демек, өздүгүбүзгө ээ? Нооруз тарыхый жактан зороастризм (отко сыйынган дин) жана байыркы перстердин майрамы экенин билишеби деги? Кыргыздарга эч кандай тиешеси жок! Азыр мына бул видеодогу тамак талашып, нооруз майрамдап жаткан адамдар бир аздан кийин үйгө барып “Ислам дини аябай наадандыктын дини, мусулмандар аябай адепсиз болушат” деп жазса таң калбайм. Болбосо чыныгы Исламды карманып жашаган адамдар мындай жерге барбайт. Деги эле нооруз деген түшүнүк жок аларда!!!

Кыскасы, социалдык тармактарда Исламий видеолордун комментарийине кирсеңер ушундай коомдун наадандары топтолуп алышып, Исламга сөз атып жатышкан болот. Алар менен тартышып, убактыңды текке кетирүүнүн кереги жок. Баткакта жашаган бакага океан бар экенин түшүндүрө албайсың..


@bilbeymm
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Адамдар мен жөнүндө жаман сөз айтты деп капа болбо. Адамдар керек болсо Аллах Таалага “анын баласы бар” дешкен. Пайгамбарыбызды болсо “сыйкырчы, жинди” деп атаган. Мен жана сен тууралуу сөзсүз жаман сөз сүйлөшөт. Даяр бол жана көңүл бурба..
Bulak: Адам адеби

@bilbeymm
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ата-бабаң чыныгы мусулман баатырлар болгон. Аларды өлтүрүп коюу мүмкүн, бирок жеңүү такыр мүмкүн эмес эле. Унутпа, биз ошондой адамдардын урпагыбыз!

@bilbeymm
Аль-Уаки айткан:

“Аялдардын жанында эркектин акылы өчөт.”

(«Тафсир Ибн Касир», «Тафсир Ибн Абу Хатим»)

Эркектин жүрөгү аял затына болгон мамиледе абдан алсыз. Канчалык такыба болбосун, канчалык илимдүү болбосун, эгер убагында көзүн төмөн түшүрүп, токтобосо, сөзсүз азгырылып кетет.

Аял киши кээде бир карашы менен, кээде бир жылмаюсу же жөнөкөй эле жаңсоосу менен эркекти азгыра алат. Эркек – оюнчакка алаксыган бала сыяктуу, аны жөнөкөй эле белги менен көңүлүн бурдурса болот.

Эркек согуштарга, апааттарга, эпидемияларга жана баскынчылыктарга туруштук бере алат. Бирок бир назик аялдын алдында, дүйнөдөгү эң күчтүү эркек да алсыз болуп калат!

Эгер ушундай болсо, анда аялдардын фитнасынан (азгырыгынан) алыс болгула!

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде да мындай эскертүү айтылган:

“Чоочун аялдардан сак болгула!” (Сахих Муслим)


@bilbeymm
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Дайыма таңкы намаздан кийин бул дуаны айтып жүрүңүз:

اللَّهُمَّ أَجِرْنَا مِنْ شَرِّ النِّسَاءِ


1. Оо Аллах, бизди аялдардын жамандыгынан сакта!

اللَّهُمَّ أَجِرْنَا مِنْ بَلَاءِ النِّسَاءِ

2. Оо Аллах, бизди аялдар алып келген балээден корго!

اللَّهُمَّ أَجِرْنَا مِنْ فِتْنَةِ النِّسَاءِ

3. Оо Аллах, бизди аялдардын фитнасынан (сыноосунан, азгырыгынан) куткар!

Бул дубалар аялдарга каршы эмес, тескерисинче, алардын себепчи болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктардан, сыноолордон коргоону тилеген сөздөр. Ошондуктан, контекстти туура түшүнүү маанилүү.

@bilbeymm
Акыркы жаңылыктардан:

Бишкекте СМА диагнозу коюлган үч бала үчүн акча жыйноо аяктады. Бир инъекциянын баасы 2 миллион доллардан ашат. Элден айланса болот экен. 2 жумада 6 млн доллар чогултуп салышты.

Эми бааашына кайталы. Бул ишти кимдер баштады? Акциянын демилгечилери “САКАЛЧАН” эки сөзүндө “Кудай” деп сүйлөгөн жаш жигиттер. Ыктыярчы жаш кыздардын көпчүлүгү оронгон кыздар болчу. 6 млн доллар бул чоң акча. Мындай кайрымдуулук боло элек буга чейин. Бирок, эмне үчүн бул чоң иш тууралуу эч ким унчукпайт, жаңылык баракчалары бул тууралуу үн катпайт?

Оор кылмыштуулук боюнча кармалган жигиттер сакалчан болсо, кабарлар дароо “Мына мусулмандар ушундай болушат” “Хиджапчан кыз ушундай кылды” деп жайнап кетишет.

Ал эми алар маанилүү иштер менен алектенгенде, баары жымжырт. Эмнеге? Жооп жөнөкөй эле. Биздин ММКлар кыргыздын, мусулмандардын кызыкчылыгына иштебейт! Ошолорго кайрылат элем. Баарыңар эки жүздүүсүңөр!!!

Мына сакалчандар, хиджапчандар өтө сонун кайрымдуулуктун үлгүсүн көрсөтүштү, мына дин менен жашаган карапайым мусулмандар 6 млн доллар чогултуп салышты!!!

Ии баса, “Кыргызстан Афганистан болгону калды” деген теңирчилер ошол акча чогултуу демилгесинде көрүнбөдү го

@bilbeymm
Айланабыздагы эң күнөөкөр деп ойлоп жүргөн адам балким бир нече ай/жылдан кийин тообо кылып Аллаhтын сүйүктүү кулу болуп калат. Балким азыр напсинин айынан күнөөлөрүнөн кутула албай, бирок ошонусуна катуу өкүнүп жүргөндүр. А мен ага жардам берүүнүн ордуна “Бул күнөөкөр, Жараткандын тыюуларынан тыйылбай жатат” деп ката кылып жаткандырмын. Менчи мен? Мен такыр күнөө кылбаймынбы? Бирөөнү күнөөкөр деген көз караш менен карагыдай мен киммин..?

@bilbeymm
Мен согуш башталганга эки ай калганда үйлөнгөм, анан согуш учурунда түндүктөн түштүккө чейин көп жолу көчүп жүрдүк. Акыры Дейр-эль-Балахка жеттик.

Ишемби, 10-август күнү, оор кесарево операциясынан кийин жубайым аман калып, эки балабыз жарык дүйнөгө келди — эгиздерибиз: кызым Асиль, уулум Асер. Биринчи наристелерибиздин төрөлүшү жүрөгүбүздү кубанычка толтурду, толкундануубузду сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес эле.

Шейшемби, 14-август күнү эртең менен бактылуу бойдон эки баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алганы кеттим. Кубанычым койнума батпай, күбөлүктөрдүн сүрөтүн жубайыма WhatsApp аркылуу жөнөттүм. Бирок ал жооп берген жок. Ошол маалда кошунам чалып, менин аман-эсен экенимди сурады. Мен «ооба, албетте» деп жооп берсем, ал: «Силер ижарага алган батир бомбалоого кабылды», – деди.

Жанымды коёрго жер таппай, үйгө шаштым. Жүрөгүм калыбынан тез согуп, үй-бүлөмдүн тагдыры үчүн катуу коркуп жаттым. Больницадагы кабылдаманын эшигине жеткенде эле айрым кошуналарымдын титиреп отурганын көрдүм. Алар көз жашын тыйбай: «Алар өлүк сактоочу муздаткычта», – дешти.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү колума алганымдан 10 мүнөт өтпөй, мен аларга өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алып жаттым. Жыгылдым…
(Газалык Мухаммед Абу Аль-Кусам)

Газанын 17 385 баласы силердин режимиңердин курмандыгы болду. Алардын 825и бир жашка да жеткен жок. Бүгүн 35 055 бала жетим калды.

Алардын каны силерди өмүр бою ээрчийт, ошондо да эл аралык кылмыш соту эмне үчүн силерди айыптап жатканын сурайсыңарбы?

Биньямин Нетаньяху, сенин көз карашың кандай, келечекти кандай көрөсүң? Сен 30 жылдан бери дүйнөнүн сериялық киши өлтүргүчүсү болуп келдиң” (Интернеттен которулду)

Бул сөздөр Израилдин парламентинде депутат Айман Одех тарабынан Израилдин примьер-министри Беньямин Натаньяхуга айтылган. Бул коркунучтуу сүйлөмдөр айтылып жаткан учурда камера Беньямин Натаньяху отурган тарапты көрсөтөт. Жүзүндө бир да өкүнүүнүн белгиси байкалбай “Ушундай эле болуш керек, бул нормалдуу нерсе” деп айтып тургандай абал тили.. Ал адамдарда абийир, адамдык сыпат деген нерсе калган эмес. Басып жүргөн 2 буттуу жырткыч айбан сыяктуу.

Бүгүнкү түн чоң ыктымалдуулук менен Кадыр кечеси. Бүгүн колдон келишинче адаттан тышкары ибадаттарыбызды аткарышыбыз керек. Ар бир кылынган амал 83 жыл кылынды деп жазылат. 2 рекет тахаджуттун аягында Газадагы бир туугандарыбыз үчүн да “Аллах алардын ар биринин жүрөгүнө коркпостук, баатырдык салсын” деп дуа кылалы. Себеби ал жактагы маселе биз ойгонмоюнча чечилбейт


@bilbeymm
Эй, адамдар!

Өткүнчү, кыска жана пайдасыз өмүрүңөрдү түбөлүктүү, узун, пайдалуу жана жемиштүү кылгыңар келеби? Андай болсо, чыныгы Түбөлүктүү Заттын жолуна багыттагыла. Анткени Түбөлүктүү Затка багытталган нерсе анын түбөлүктүүлүгүнө ортоктош болот.

Ар бир адам узак өмүрдү катуу каалайт, түбөлүктүүлүккө ашык. Ал эми бул кыска өмүрдү түбөлүктүү жашоого айлантуунун жолу бар жана аны руханий жактан абдан узун кылып өткөрүү мүмкүн. Демек, адамдык сапатын жоготпогон киши бул жолду издеп, аны иш жүзүндө колдонууга аракет кылат.

Мына ошол жол мына бул:
Аллах үчүн иш кылгыла, Аллах үчүн жолугушкула, Аллах үчүн аракет кылгыла.
Бардык ишиңерде Аллахтын ыраазылыгын көздөп жашагыла. Ошондо өмүрүңөрдүн ар бир көз ирмеми жылдарга тете болот.

Булак: Рисале-и Нур (Лемалар 17)


@bilbeymm
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бул жылы Айт намазы аянтта эмес, мечиттерде гана окула турган болду. Анткени, аянт деген өтө кооптуу жер да! Айрыкча, эл жыйналганда…

Бирок бир нече күн мурда ошол эле аянтта миңдеген адамдардын коштоосунда Нооруз майрамдалганда эч кандай коопсуздук маселеси болгон жок. Бирок Айт намазына келгенде, кырдаал таптакыр башкача экен! Бир маалда эле аянт намаз үчүн кооптуу аймакка айланып чыга келди.

Демек, логикага таянсак, сахна коюлуп, ыр-бий болуп, шаң-салтанат коштолсо – коопсуз, ал эми эл тынч эле жамаат болуп намаз окуса – кооптуу. Ушул ойго жетеленип, эртең мечитке бара жатканда ырдап-бийлеп барсаң, балким, коопсуздук маселеси чечилип кетет ээ ыя, ким билет?

Майрамда – коопсуз, намазда – кооптуу. “Коопсуздук” деген сөзгө жаңы түшүндүрмө киргизилеби?

Адамдар Ислам менен кандай тарзда күрөшсө да бир аз натыйжага жетишет, бирок акыр аягы жеңилүүгө учурайт.

İslâmiyet güneş gibidir, üflemekle sönmez; gündüz gibidir, göz yummakla gece olmaz. Gözünü kapayan, yalnız kendine gece yapar.

Исламият күн сыяктуу, үйлөө менен өчпөйт. Күндүз сыяктуу, көздү жумуу менен караңгы болбойт. Көзун жумган өзүнө гана караңгы кылат!
(Рисале-и Нур. Муназарат 171)

@bilbeymm
- Сиздин диниңиз менен террористтердин дини бир экенин билүү кандай сезим жаратат?

- А сиздин диниңиз менен Гитлердин дини бир экенин билүү кандай сезим жаратат?

@bilbeymm
Бир күнү “Бейиштин түсү” аттуу фильмди тартуу сапары менен жүргөндө, мага ассистентим келди. Бул токойдо болчу. Ал мага мындай деди:

-Мажит, тиги чоң жолдо жүк ташуучу унаа, ичиндеги буудай менен оодарылып кетиптир.

-Анын эмнеси бар экен, баргыла да данды топтошуп жардам берип койгула.

-Кеп анда эмес!

- Анда эмне болду?

- Айтайын дегеним, ал жерге аарылар келип алышты. Дандан алышып, токой тарапка ташып жатышат.

- Койчу тамашаңды, аарылар дан менен азыктанбашы баарына белгилүү да

- Аллахка касам ичем. Керек болсо биз фотоаппаратка тартып алдык.

Мага экрандагы дандын жанындагы аарыларды көрсөттү. Аңтарылган унаанын жанына келгенибизде дандардын айланасында 5-6 аары учуп жүргөнүн чындап эле көрдүм. Алар буудайды алып токойду көздөй жөнөштү. Бул буудайды алар эмне кылат экен деп кызыгып аарыларды күзөттүк. Алардын артынан жүрүп олтурдук. Ондогон кадам жүргөндөн кийин бизге бир үн угула баштады. Үн тарапка жакындаган сайын дагы да катуулай баштады. Акыры үн чыккан жерге жетип келдик. Ал жерде көргөнүбүз бизди ушунчалык таасирлентти, эч качан унутпайбыз. Жерде чоң эмес, жаралуу бир чымчык жатыптыр, аарылар болсо дандарды ташып анын курсагын тойгозуп жатыптыр.

СубханАллах, Улуу Аллах кичинекей бир чымчыктын ырыскысын берип тойгузуу үчүн чоң жүк ташуучу унааны оодарды. Мындай кыйын күндө эң Адилеттүү Аллах сүйгөн бир макулугун жалгыз, жардамсыз калтырат беле?

Дайыма эсиңерден чыгарбагыла, силердин ырыскыңарды Аллах гана берет. Силердики болгон нерсе сөзсүз силерге келет. Өмүрүңөргө бир күн калган болсо да!

Интернеттен которулду..

@bilbeymm
Бисмиллах.

Стамбулдун көчөлөрүнүн биринде Англиялык тыңчы менен жөөт сүйлөшүп баратышты. Тыңчы мынтип даттанды:

-Осмон империясын кулатып, максатыбызга жетүүбүз үчүн Султан Абдулхамидди тактан кулатышыбыз керек болуп жатат. Ал биздин пландарыбызды четинен жок кылып кыйратып жатат. Ошондо жөөт тыңчыга мындай дейт:

-Сен Абдулхамидди жок кылганың менен Анадолунун ичиндеги энелер миңдеген Абдулхамиддерди тарбиялап жатат. Аны тактан кулатсаң да ал такка экинчи бир Абдулхамид келип олтурат.

- Анда эмне кылууну сунуштайсың?

Жөөт олуттуу түрдө тыңчынын көзүнө карап:

- Мусулмандарда эки тирөөч бар- аялдар жана эркектер. Эркектер жанын берсе берет бирок динин, мекенин сөзсүз сактап калат. Аялдар болсо ошондой эркектерди тарбиялайт. Биз бул мусулман үммөтүнүн аялдарын жолдон чыгарышыбыз керек. Аларды кичинекей кезинен Исламдан алыс чоңоюсун камсыздашыбыз шарт. Убагы келип эне болгондо балдарын Ислам менен тарбиялай албай калышы керек.

- Кичинекей кезинен Ислам менен өсүп-жетилген кызды такыр максатыбызга колдоно албайбызбы?

- Ооба, мусулман ахлагын үйрөнүп чоңойгон кызга биздин күчүбүз жетпей калат. Ал уят-сыйды, сабырдуулукту, тазалыкты жана динге бекем ишенимди бала чагынан эле үйрөнүп чоңоёт. Мындай аялды азгыруу дээрлик мүмкүн эмес. Мындай аял намысын тебелеткенге караганда өлүмдү тандайт.

- Анда биз биринчи кезекте жаш кыздардын тарбиясын бузушубуз керек экен да?

Жөөт тыңчыны азаматсың дегендей далына таптап:

- Дал ошондой. Азыр бул үммөттүн кыздарынын негизги күчү жана өзгөчөлүгү- алардын уялуу сезиминде. Демек биринчи ишибиз жаш кыздардын уялуусун колдон алабыз!

- Кантип?

- Ишибиз алгач оор болот, кийинчерээк бул кыздар өзү бизге жардам берет. Алгач алардын жоолугун чечебиз! Оронуу бул эркиндикти чектегендик деп түшүнүп калышсын. Жоолугун чечип, өзүн эркин сезип, жашоонун жаңы ырахатын татып жатам деп ойлогон кыздар чындыгында биздин тузагыбызга түшөт. Биз жоолугун чечүү менен уятын кошо чечебиз.


Андан соң биз заманбап жашоону, “аялдын эркиндиги” “эркекке муктаж болбой акча тап” “кыздардын да каалагандай жашоого укугу бар” деген сыяктуу ойлорду таңуулап, сиңдиребиз. Мына ошондо жаш кыздардын аң сезими өзгөрө баштайт. Алардын жүрөгүндө уят, намыс, динге берилгендик деген түшүнүктөр солгундай баштайт.

Көздөрү кубанычтан жайнаган тыңчы:

- Сонун план экен. Бирок муну ишке ашыруу көп убакытты талап кылат да?

- Бир муун жетиштүү. Азыркы муун бир аз каршы чыгат, бирок аракетти токтотпосок кийинки муун толук биздин нукка түшөт. Алар өзүбүздүн саясатыбызды өздөрү коргой баштайт.

- Түшүндүм окшойт, биз ошондо аларды куралы жок эле согушсуз жеңебиз ээ?

- Ооба, эң күчтүү курал- аң сезимди башкаруу. Эстеп кал эркектердин эмес, аялдардын аң сезимин башкарабыз!

- Эркектер бизге коркунуч туудурбайбы?

Жөөт майыгынан жылмайып:

- Алар баары бир аялдын таасири астында болот дайыма!

- Түшүндүм. Макул, аялдардын аң сезимин өзгөрттүк. Бирок бул Исламды үстүнөн жеңишке жетүүбүзгө кантип салым кошот?

- Шашпа, жолубуз узун, баарын айтып берем. Жоолугун чечкенден кийин биз Мусулмандардын өтө бекем болгон үй-бүлө институтуна сокку урабыз! Мамлекетти бузуу үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлөнүн негизи, куту да аял! Ошондуктан кайра эле биздин ишибиз аял менен болот.

- Кантип, мусулман аялдар күйөөсүнө баш ийет. Алар биздин сөзүбүздү угабы?

- Мына маселе ушул жерде. Биз аялдарга “Үй кожойкеси” деген намыска тийген наам ыйгарабыз. Натыйжада үйдө отурууну уят иш катары көрүп калышат. Буга альтернатива катары аларга “өзүн-өзү таануу” идеясын сунуштайбыз. Аларга күйөөсүн угуу эски түшүнүк, үй-бүлөгө кызмат кылуу кулчулук деп түшүндүрөбүз.

-Андан кийинчи?

- Анан карьераны, акчаны, атак-даңкты үй-бүлөдөн жогору коюшун камсыздайбыз. Мусулман кыздарга “Үйдө отура бергенден көрө иштеп, өз алдынча бол!” деген ураандарды сыймык катары көрсөтөбүз. Ошондо алар акырындык менен үй-бүлөдөн алыстай баштайт

- Бирок, менин оюмча жогорку адеп-ахлакка ээ болгон мусулман аялдар бат азгырылбайт го.

- Кыжаалат болбо, биздин сонун белегибиз бар. Аларга биз мода, сулуулук, көңүл ачуу, шоу бизнести тартуулап аң-сезимине киребиз!