Лâ Адри (لَا أَدْرِي)
441 subscribers
11 photos
4 videos
11 links
Уктап жаткандарды ойготуу үчүн гана эмес, ойгокмун деп ойлоп жүргөндөр терең уйкуда экенин билдирүү үчүн!
Download Telegram
Сыгылуудан таппай жатса көңүл тыным,
Сактап берем эгер айтсаң жүрөк сырын,
Көңүл деген угуучуну издейт тура,
Пайда бербес ичкилигиң, муңдуу ырың.

Чыгарууну эңсеп жүрсөң көңүл бугун,
Чының айтып кабарың бер,
Сохбеттерге ар дайым түндөр узун,

Сары оорулар көңүлүңө баткан болсо,
Чайың демдеп, таттуу алып мага келсең,
Чын ниеттен…
Чын жүрөктөн…
Унчукпастан угуп берем арыз-муңуң.
👏1572👍2🕊2
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
“Колуңдан адамдарга зыян бергенден башка эч нерсе келбейт, зыянкечсиң”


5-класста окуган тентек, шок мезгилим. Дене тарбия сабагынан агай волейболдун тобун таштап, “бул топту теппегиле, футболдун тобу эмес бул, тепсеңер жарылат” деп айтып кетти. Аны мен угамынбы? Бир кулагымдан кирип, аркы кулагымдан чыгып кетти. Агай кетери менен тээп кирдим, футбол ойнодук, топ жарылды.

-Агай, волейбол ойноп жатсак топ жарылып калды-деп апырттым көздөрүмдү күнөөсүздүн көзүнө айланта

-Алдайт, сиз кетериңиз менен футбол ойношту. Аны Алиф баштады- деди М аттуу классташ кыз. Ачуум келип класска кирерде жогорудагы ачуу сөздөрүмдү айттым. Дагы бир эки көңүл жаралаган сөздөр да бар эле эсте жок.

Түштө балдар менен үйгө тарап жатканда турник жакта баштыгым калып кеткенин эстеп ал жерге келсем өрүктүн түбүндө классташым жүзүн жаап алып ыйлап жатыптыр. Көпкө карап турдум. Көпкө ыйлады. Көпкө ойлондум. Ал кетти. Мен калдым. Көпкө ойлондум…

11-класска чейин бири-бирибизге сүйлөбөй жүрдүк. Бүтүрүү күнү аны чакырып белегимди берип, кечирим сурадым. Дагы ыйлады. Кечирди…

Аллах Таала жасаган жүрөктөрдү абайлайлычы. Ал аябай назик жаратылган. Бир эле ачуу сөз күнөөсүз жүрөктү жаралашы мүмкүн. Катуу сөз айтсаң сенин жаныңда эч нерсе болбогондой тик турганы менен, үйүндө кечинде жалгыз калып ыйлап жаткандыр. Бирөө менен араздашып, уруша кеткен учурда көп көңүл сындырган сөздөрдү айтып алабыз. Көңүл жарасы айыгат, бирок так өмүр боюга калат. Бири-бирибизге так калтырбай жашайлычы. Ансыз деле баарында көйгөй бар. Баары жашоо менен күрөшүп жүрөт. Мамиледе этият бололу. 5 күндүк бул дүйнөдө жаныңда жүргөн адам эртең барбы жокпу бир Кудайга маалым.
🤗107💔5👍4🕊1
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Адам дайым бул жашоодон бакыт издейт,
Бирок адам нанкөр тура, аны билбейт.
Анда канча сезимдер бар баасы кымбат,
Бакыт үчүн себептер көп, бирок сезбейт.
Мисалы:
Инсанда сезими бар кыял деген,
Аалам деген чоң шаарды кезем десең,
Өз айлыңда туруп деле кыялдансаң,
Көрө аласың канчалык деңиз терең,
Асманга бар, айды кыдыр, кандай кенен,
Жадагалса күздүн суугун, сулуулугун,
Жылуу үйдө болуп деле,
Баарын көрүп, туюп, сезсең болот, билет белең?
22👏6🕊2
👳‍♂️ Ар бир такыбанын өкүндүргөн өтмүшү бар,
🧎‍♂️ Ар бир күнөөкөрдүн тообалуу келечеги бар.
🔥198🕊2
Месопотамия. Түн. Бир сырдуу түн. Бул түн адаттагыдан башкача. Убакыт да өз нугунан чыгып, жок болуп кеткенсип туюлат. Бүгүн бул аймакта уйку жок. Түн болсо да күндүз сыяктуу айлана алоолоп жанган оттун таасири менен жарык. Элдин баары ошол түнкү тарыхтагы эң маанилүү окуяга күбө болуу үчүн жалындап күйгөн от тарапка келишти. Бүгүн доордун заалым падышасы Намруддун буйругу менен Ибрахим пайгамбар бул отко ташталат. Күнөөсү- акыйкатты айтуусу. Күнөөсү жалгыз Аллахка ыйман келтирүүсү. Адам акылы элестете албаган коркунучтуу жалындаган отту көздөй Ибрахимди а.с ыргытышты. Намруд максатына жетип, аны оттун ичине карай кулаганын өз көзү менен көрүп моокуму кана ырсайды…

Азыр…

Эшикте замандын дагы бир түнү. Намруддун неберелери чоң атасынын бузукулугун дагы бир жолу кайталашты. Бул ирет отту Месопотамияда эмес, Газада жагышты. Намруддун оту бир мусулман үчүн болгон болсо, азыр миллион мусулман үчүн жалындаган от жагылды. Окшош окуялар..

1.5 миллиард мусулман “от качан өчөт болду экен” деп кызуу тамашага киришкен. Колдорунда болсо отту жаккандардын азыгы, наны, суусу…

Ибрахим пайгамбарды (а.с) отко ыргытышканда, бардык жаныбарлар тымпыйып, өз жайында кала берген дешет. Жандын бардыгы чоочуп, үн чыгарганга да жараган эмес. Бирок бир кичинекей кумурска кичинекей оозуна суу тамчысын көтөрүп, жалындаган от тарапты көздөй чуркай баштаган. Кызык. Бир тамчы суу отту өчүрө алабы?

— Сенин бул аракетиңден эмне пайда? — дешет ага.
— Балким, от өчпөйт. Бирок мен кай тарапта экенимди билдирдим. Мен зулумдукка эмес, акыйкатка жардам берип жатам, тарабымды көргөздүм— дейт кумурска

Дал ошол учурда каршы тарапта бир кескелдирик да чуркап келип, отко дем салып, анын жалындап күйүшүнө жардам берип турган. Ал өзүнүн кумарынан эмес, каапырдын ишине ыраазы болуп, зулумду колдоп жаткандыгын көрсөтүп жаткан.

Газада жагылган оттун айланасында да ошол кумурска менен кескелдириктер чуркап жүрүшөт.

Бүгүн кумурсканын ролун бойкот кылам деген мусулман аткарып жатат.
- Ал кока-коладан баш тартат
- Sturbucks’тан кофе ичпейт
- Netflix көрбөйт
- Палестина боюнча бир макаланы же жаңылыкты бөлүшөт.

— Хехе, эмне сен бойкот кылсаң эле Изралдин экономикасы алсырап, кулап калабы? Старбакстан кофе ичип койсоң эмне болмок эле? Сен ичпей койсоң Старбакс банкрот болуп кетчүдөй. Мусулмандар апендисиңер ээ?

— Менин бойкотум менен Израиль кулабайт. Старбакс да банкрот болбойт. Бирок мен отту өчүргөнгө аракет кылган кумурскамын. Мен ким тарапта экенимди көрсөтүп жатам. Азык калбай өлүм коркунучу болсо да силерди эч качан колдобойм, арам тамагыңар өзүңөрдүн жана силерди колдогондордун арам ашказаны үчүн!!!

Кескелдириктин ролун ойногон мусулмандар жүрөт эч нерседен кабары жок. “Эми анчалык аша чабыштын кереги жок, кола бул кола да. Эч нерсе болбойт жеп койсо. Согуштун бизге эмне тиешеси бар” деп Газада күйүп жаткан отко дем берип жатышат. Отту жаккандарга “мына менин акчамды алып сапаттуураак бензин алып отко чачкыла, жакшыраак күйсүн” деп айткандай эле бир абал. Булар да тарабын билдиришти.

Ибрахим а.с оттон кутулду. Газа да кутулат ИнШааАллах. Тараптар да белгилүү болот. Бирок бул от өчпөйт. Орун алмашат. Бир күн Сирияда, бир күн Иракта, бир күн Афганистанда… Аларга от келсе мага эмне дебе. Сен алар менен бир кемедесиң. От аларды жагып бүтүп, сага келишет..

Эгер билсеңер Газада дагы эле геноцид уланып жатат. Күндө өлүмдү уга берип эки жүздүү эл да көнүп бүттү. “Ии кокуй, бүгүн 27 адам өлүптүр бечаралар” деп лентаны ылдыйга жылдырса күлкүлүү риилс чыгат, коладан уурттап коюп хахалап жата берет. Катуу жооп беребиз акыретте баарыбыз!

Кайдыгер болбо, тарабыңды билдир, бойкот кыл. Бойкот эле кылбастан аларга окшобогонго аракет кыл. Эгер жакшылап жашооңду анализ кылсаң алардын жашоо образы сеникинден эч айырмаланбайт. Экөөң тең ырахат издеп жашайсыңар. Кийингениңер окшош. Мүнөзүңөр да окшоп баратат. Көздү чоң ачкыла. Көздү ачуу жетишсиз, көөдөндү ачкыла! Ойлонгула!

Дайыма бир Ибрахим, бир от, бир кумурска жана бир кескелдирик болот.

Негизи кыяматка чейин эки эле тараптын биринде болосуң:
1 🐜
2 🦎
31👍8🔥8❤‍🔥7
Эгер Аллах Таала менен түздөн-түз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүм болгондо мен мынтип сурамакмын:

-Аллахым, Сен жараткан бул дүйнөдө бактылуу болуу үчүн эмне кылайын? Бир эле нерсе айтчы, ошону өмүр бою аткарып жүрөйүн.

Анан ойлонсом Аллах Таала бул суроомо Кур’анда эчак эле жооп берип коюптур:

“Билип алгыла, жүрөктөр Аллахты зикир кылуу менен тынчтанат.” (Ра'д сүрөсү, 28-аят)

Жүрөк тынч болбосо бактылуу болбойсуң. Демек, көңүл чөккөндө, кайгырганда эң негизги курал — Аллахты эстөө, дуба кылуу, Куран окуу. Анткени рухубуздун да азыгы бар, ал — зикр жана таухид.
35🔥4👍2🕊2
- Бүт нерсени сен үчүн жараттым - деди Аллах Таала

-Бүт нерседен сен үчүн баш тарттым!- деп жооп берди Роббисине Пайгамбарыбыз (С.А.В)
21🕊5🔥2
Ал мага албууттанып жана берди
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди.
(Байдылда Сарногоев)

Жүрөгү жабык, акылы таштай катып калган наадан адамга бир маселени түшүндүрүү эң кыйын иштердин бири. Канчалык баалуу нерсе айтпа, акылы кабыл ала алганын гана түшүнөт. Эгер сен айткан маселени түшүнбөй калса көйгөй анын акылында эмес, көйгөй сенде деп ойлойт. Зээнди кейиткени ушул, өзүн көптү билгендердин катарына кошуп алган адам башка бирөөнүн сөзүн этибарга албай коёт.

Адам менен бир аз баарлашып, айткан кебинен анын туруш-турпатын, жашоодо кандай адам экенин, жана кайсы даражага чейин жете аларын окуп койсоң болот. Унчукпаган адамды окуй албайм, бирок кебин баштаганда окуп баштайм. Акылдуулар менен баарлашууда окуганга аракет кылсаң биринчи абзацта эле такалып каласың. Кемчонтойлор сүйлөп баштаганда “китептин кызыгы кетип” дароо жапкың келет.

Жахилдин (наадан) 2 түрү бар:
Биринчиси- өзүнүн билбегенин билип, моюнга алып, үйрөнүүгө даяр болгон адам. Мындай киши албетте жахил, бирок бул жахилдик аны илимге алып барат.
Экинчиси- (Жехл-и Мутлак) толук жахил. Мындай адам өзүнүн билбегенин да билбейт. Өзүнүн караңгылыгын жарык деп түшүнөт. Илимге муктаж экенин сезбейт. Өзүнүкү гана туура, калганы жаңылыш деп эсептейт. Бул толук жахилдик- өтө кооптуу.

Тилекке каршы азыр биздин коомдо дал ушул толук жахилдер көбөйдү. Эч нерсе билбейт. Бирок көптү билем деп ойлойт. Илими, ирфаны, тажрыйбасы болбогон бир иште аалым сыяктуу өкүм берип салат, фатва берип салат. Эгер адам чындап өзүнүн жахил экенин, көптү билбешин кабыл кылса, ал илимден алдыга жылат. Жок, тескерисинче “меники гана туура” деп көк беттене берсе ал илимдин босогосун аттай албай калышы мүмкүн.

А биз жахил экенибизди кабыл албай жатабыз. Жок эле куру намысыбызды жоготуп албайлы деп жүрөбүз. Эч нерсе билбеген бул уят эмес. Эч ким Имам Аъзам болуп төрөлбөйт. Башында баары эч нерсе билбей, анан акырындык менен үйрөнөт.

Бадиуззаман Саид Нурси “Рисале-и Нур чыгармаларында тартышууда 3 шарт сакталышы керектигин айтат:
1- тартышып жаткан темада эки тараптын тең мыкты илими болушу керек.
2- экөө тең ынсап менен акыйкатты табуу ниетинде тартышуусу керек.
3- өжөрлүк, кежирдик кылбаган бир көрүнүштө болушу керек. Бир тарап 2+2=4 болот десе экинчи тарап аны кабыл кылышы керек. Жок 2+2=76 болот деп көк беттенсе болбойт.

Эми бизде ушул 3 шарттын жок дегенде бирөөсү сакталабы? Менин оюмча жок!

Тартышып жатканда өзүнүн катасын, туура эмес пикир айтып алганын сезип калса да куру намыс үчүн катасын моюнуна албай кежирденеп тура беришет. Факттарды далил катары айтса аны да кабыл кылбайт.

Интернеттен медицина тууралуу бир макала окуп алып, медициналык окуу жайда 10 жыл окуган бирөө менен медицина тууралуу тартыша аласыңбы? Жок. А интернеттен бир аалымдын 20 мүнөттүк сабагын көрүп алып, медреседе 20 жыл окуган бирөө менен кадимкидей тартышып жаткандар бар. Бирөө өмүр бою изденген нерсени сен он мүнөттө интернеттен окуп алып аны менен тартышып өтө “акылдуулугуңду” көргөзөйүн дейсиңби? Өмүрүңдө бир китеп бүтүргөн эмессиң, а бирок сүйлөсөң Исламдын аябай терең маселелеринен сүйлөйсүң. Эмнеге билбейм деп айткандан коркосуң? Чын эле билбейсиң го. Чын эле жахилсиң го. Анан эмнеге билбейм деп айтпайсың? Бизге кайдан келди бул куру намыс?

Эркекче билбейм деп кабыл кыл. Анан билбеген нерсеңди эркекче окуп үйрөн. Куру намысты жыйыштыр. Көөдөндөгү боштукту толтур. Китеп оку. Түшүн. Ой жүгүрт. Акыл калча. Сура. Үйрөн. Куру намыс менен эмес, акыл менен жаша. Эч нерсе билбеген лох экениң сүйлөгөн сөзүңдөн эле билинип турат. Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт. Сүйлөгөндү тилибиз чыккандан тартып үйрөнүп келдик, эми унчукпаганды да үйрөнөлү. Билбеген нерсебизде унчукпайлы.

Биз өз ата-бабаларыбыздын даңазасы менен эле жашап калдык. Биз улуу элбиз деп айта берип көккө көкөлөп кеттик. Жерге түшкүлө. Сенин ата-бабаларың улуу болгон, сен эмес. Сен улуу эмессиң. Сен тоого эс алганы барганда таштандыны калтырып коюп жатпайсыңбы.
🔥98👍7👏4
Сен багымдатка ойгоно албай жатпайсыңбы. Сен китептин бетин ача албай жатпайсыңбы. Сен аял/кыздарга арам ой менен карап жатпайсыңбы. Сен кекиртегиңди арамдан тыя албай жатпайсыңбы. Мас кылуучу ичимдиктен тыйыла албай жатасың сен. Анан кайдагы улуулук? Кайдагы улуу эл? Улуу эл болсоң кел технологияга бир нерсе ойлоп таап салым кош. Кел, медицина тармагында бир ачылыш жаса. Кел, спорт дүйнөсүндө ийгилик жарат. Кел, дин жаатында элиңдин сабатсыздыгын жой.

“Улуу элбиз, тарых жаратканбыз, кылым карытканбыз, каганат курганбыз” деп айтпай эле койгула эч кимиңер. Буларды жасаган ата-бабаларыбыз азыр бул заманга келип калса, “биздин эмгегибиздин натыйжасы силерсиңерби” деп бетибизге түкүрмөк!
26🔥16😢4👏2👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
8
Коштошуу жагымдуу нерсе эмес. Бирок жашоодо коштошуулар көп болот экен. Ар кимдин жолу, багыты бар, кээде ошол багыттар эки башка нукка түшүп кетет. Бул да ошол учурлардын бири болсо керек..

Мага катталып, санаама шерик болуп, жүрөктөн окуп, бирге болгонуңар үчүн баарыңарга ыраазымын. Кичине болсо пайдам тийди деп ойлойм.

Эми болсо коштошуу учуру келди. Жолубуз ушул жерге чейин экен. Мен илимимди тереңдетүүгө камынып жатам. Телефон колдонбойм. 1 жыл жок болом. Балким 2 жыл…

Баарыңарды жүрөктөн жакшы көрөм. Ар бириңерге ак жол, таза тилек. Жакшы калгыла 🫂

Ал эми канал боюнча чечим кыйын болуп жатат. Жабайын десем жүрөк тартпайт. Өчүрөйүнбү же кала берсинби?
😢16💔165
Дүйшөмбүдөн өзгөрүүнү баштайм деп жүрүп 20 жылдык дүйшөмбүлөр өтүп кеттиби? Ал дүйшөмбүлөр эч качан келбөөсүн аңдап жете алдыңбы, же дагы эле күтүп жүрөсүңбү? Буюрса эртеңки күн ийгиликтүү болот, эртең багыбызга күн ачылат, эртең сонун адам болом. Баары эртең. Бүгүн кечегинин эртеңи эмес беле? А эртең качан келет? Эч качан!

Азирети Алинин 1 эле сүйлөмдөн турган, а бирок маанисин том-том китеп кылып жазсаң боло турган сөзү бар. Бул акыр заманда кенен ойноп-күлүп басып жүргөн бизге айтылган сөздөр. Сопсоо жүргөн мас абалыбызга айтылган сөздөр:

“Инсандар уйкуда, өлгөндө ойгонушат”

Айланаңда болгон бардык процесс, окуялар, шатыра шатман чайыттай анык болуп жаткандай көрүнгөн мүнөттөрдүн баары иллюзия. Бир канча жылдан кийин жаныңдагы адамдардын көбү менен карым катнаш токтойт. Баары түп тамырынан өзгөрөт. Анан акырында жалгыз каласың. Жалгыз Аллах менен каласың. Бирок ал Зат сени эч качан таштабайт!


Дүйнөнүн агымы менен агып баратасыңар, башың айланып бирде тумчугуп, бирде башыңды көтөрүп кере дем алып, кайра тумчугуп..

Өзүңөрдүн оюңар жок. Бирөө түзүп берген системаны бул өзүмдүн жеке пикирим деп абийириңерди алдап коюп жүрөсүңөр. А бирок абийириңерди алдай албайсыңар. Абийир алданбайт, абийир кечирбейт. Жүрөгүңө куюлуп, андан соң катып, ташка айланып бараткан бул кайдыгерлик кайдан пайда болуп жатат? Ишенип жаткан сулуулугуң, таянган күчүң, ишенген бийлигиң 15-20 жылдан соң жоголорун билген абалда эмнеге мынча кайдыгерсиң, эй инсан? Утурумдук ырахаттар менен “бул нерсе түбөлүк уланат” деп шыбыраган алдамчы сезимиңе алданып магдырап жасалма бактылуулук менен жашоо кечирип жүрөсүң. Утурумдук ырахаттар алдамчы болот. Сага келечекти ойлонто койбой напсиңди эки алаканында ойнотот.

Коркунучтуу заманда жашап жатканыбызды ыйман көз карашы менен гана көрө аласың. Көздү чооң ачкыла. Дүйнөнүн кооздугуна алданба. Баары өтүүчү. Фанилик дамгасыны коро бил. Кооздуктун артындагы түбөлүктүү жашооңду жок кылып ала турган кара түстү көрө бил. Адал менен арам аралашып, жуурулушуп бир дарыядан агып келе жаткандай бир элес. Ал дарыядан арамын бөлүп, адалын гана алуу үчүн ыйманыңды көз ирмем сайын жаңыртып турууң керек. Бирок андай болбой жатат. Кечеги сен менен бүгүнкү сен эки башка адам сыяктуу бир жагдай… Кечээ үммөттүн камын ойлогон бирөө азыр көр тирилик менен убара…

Дүйнөңөрдө баалуу болгон дээрлик эч нерсе калган жок. Баарын чириттиңер. Мал-мүлк, атак-даңк, дүйнөлүк ырахаттар баары куруп кетсин. Аллах менен мамилеңди оңдомоюнча дүйнө-акыретиңе пайдасы тийбеген көйгөйдүн артынан мас сыяктуу басып жүрө бересиң. Дүйнө баткак, таштандыга эле айланды. Адам ата жаза катары түшүрүлгөн жерден бакыт издеп убарасың..

Ойгокмун деп ойлоп жүрөсүң, ойгок эмессиң. Кайдыгерликтин 3 кабат төшөгүн жамынып алып уктап жатасың. Эртерээк Аллахка кайтпасаң азирети Алинин сөзүндөй өлгөндө гана ойгонуп өзүңө келе түшөсүң, бирок баары бүткөн болот. Намаз окуп деле, орозо кармап деле, Ислам менен жашап жүрүп деле Аллахтан алыс болушуң мүмкүн. Телефонду өчүрүп, караңгы тынч бөлмөгө кирип терең дем алып, олуттуу түрдө жашооңду көздөн кечир.
💔176😢5🔥3
А мага эми дүйшөмбү чындап келди. Жакында 1 жылдык телефонсуз жашоо башталат. Бир күндө 24 саат болсо, 25 саатын илим алууга жумшайын деп жатам. Бир жерден чыкпай, дүйнө менен байланышты үзүп, кандай ырахат болсо толук чектелем. Аз жеп, аз укташ, китеп убактысын көбөйтүш, напсинин каалоолорунун тескерисин кылыш- бул шайтанга жакпаган иштер. А шайтанга жакпаган иштерди аткарууда өнүгүү болот. Көп жылдан бери напсимди балким семиртип алгандырмын, ал эми алдыдагы 1 жылдык жашоо напсим үчүн 4 дубалдын ичине камалган бир зынданга айланат! Напси бул өзүң. Өзүңдүн ичиндеги жамандыкка түртүп, ырахатты гана самаган тарабың! Күлүк болгуң келсе өзүңдү камчыла дешет. Буга чейинки илимим өзүмдүн кемчиликтеримди так көрө билүүгө гана жетти. Диагноз так коюлса дарыланууну дароо баштасаң болот. Андыктан дүйнөнү дүйнөнү сүйгөндөргө таштадым.

Мен кайтып келем. Интернет майданын динсиз бузукуларга, адеп, уят-сыйытты жыйыштырып койгондорго эч качан таштабайм. Мен кайтып келем. Жаңы нерсе менен, жаңы жагым менен…

Суранычыңарды эске алып каналды жаппайм.Кээде кирип жазылган бардык тексттердин акысын берип окуп тургула. Эмики жылы июнь айында көрүшкөнчө… 🫶🤝
30👏17🔥7🕊6👍4
Лâ Адри (لَا أَدْرِي) pinned «Бисмиллах. Стамбулдун көчөлөрүнүн биринде Англиялык тыңчы менен жөөт сүйлөшүп баратышты. Тыңчы мынтип даттанды: -Осмон империясын кулатып, максатыбызга жетүүбүз үчүн Султан Абдулхамидди тактан кулатышыбыз керек болуп жатат. Ал биздин пландарыбызды четинен…»
Лâ Адри (لَا أَدْرِي) pinned «Жигиттер, кыздар! Баарыбыз Кыргызстандын жаштарыбыз. Келечек чын эле жаштардын колундабы? Ооба, келечек биздин колдо. Буга чындап ишенгиле, ар бирибиз коомго таасир эте ала турган адам боло алабыз. Улуу муундан үмүттү үзгүлө болду. Мындан бул жагына ар…»