Баян Акматов
624 subscribers
391 photos
92 videos
46 files
175 links
Чыгармачылыгым тууралуу сиздер менен бөлүшкүм келет. Себеби мен силерди жакшы көрөм.
Download Telegram
👍3🤩1
Кай сүрөткө көзүңүз түштү? Жообун төмөндөн окуңуз...
Тесттин жообу

1. Ийилген тал.
Чыдамыңыз жок,сабырсыз адамсыз. Чыдамсыз болуу-адамдар менен қарым-катнаш жасоодо кедергисин тийгизет

2. Жылаңач тал Сиз өтө жұмшак байоо адамсыз. Жумшактыгыңыздын айынан, айланаңыздан көп зыян тартасыз

3. Зебра
Таланттуусуз бирок аракетиңиз жок. Маселени убагында чечпей кечиктиресиз. Убакыт чечет деп каталашканыңызды сезбейсиз.

4. Куш
Эркин эмессиз. Баштаган ишти аягына чыгарбайсыз.

5. Талап
Сизге жалгыздык жарашпайт. Адамдар менен кеңешүүдө, пикир алмашууда жалгызсыз. Жакындарыңыздын колдоосуна муктаж адамсыз.
👍81
Channel photo updated
30 дан кийинки жашоо өтө кызык бирок тез эле өтүп бараткан сыяктуу. Ага чейин адамдардын турган турпаты менен сүйлөшүп, акты ак, караны кара деп ак боз атты камчылай бериптирмин.

Көрсө биз билген ак түс балким ак эмес, кара түс дагы кара эмес...
Адамдардын турпаты эмес, алган билими, акыл казаны, дүйнө таанымы маанилүү экен го.

Миң адамга тете бир адамды көрдүм...

Бир иттен арзан жандарды да көрдүм...

Андай болбош керек деп да айта албайсың. Жашоо ушунусу менен жашоо экен да.

Алтымыш жашка келсе да, дагы деле бала бойунча жүргөн аталарды дагы көп көрөм. Алар сонун адамдар, барпалаңдайт...

Жыйырмага чыга элек, бирок алтымыштагы атага акыл айта турган бөбөктөрдү да көрдүк.

Отуздан кийинки менин олжом ушул!
- таарынбаганды үйрөндүм!

Таарына берген жан элем...
Бул жаман адат тура көрсө.

Зыяндары:
1-оорукчан болосуң
2- маанайың пас болот
3-ийгилик жарата албайсың
4-жакындарың жат болот
5-өмүрүң кыскарат
6-Ата энеңдин баркына жетпейсиң
7- эч кимге үлгү боло албайсың.
8- адамдар арасында кадырың кетет
9- үй бүлөңө терс таасири тийет ( бузулушу деле мүмкүн)
10- Тагдырыңа нааразысың, демек кудайга шүгүрлүктөн безген адамсың. Андайлар Кудайга жакпайт.

Ушул он апаатты каалаган адам, каалашынча таарынсын...

Шүгүр деген шүмшүйбөйт, тообо деген томсорбойт.

А бул дүйнө ажайып бир керемет,
Убакыттын калбырына эленет.
Биз тирүүлөр чекарасы болобуз,
Сансыз элдин, өткөн жана келе элек!
👍166